Калык Ибраимов: «Ковид» кошогу

  • 19.08.2020
  • 3718

Күлдү адамзат эч капарсыз күтүнбөй
турган кезде Жердин жүзүн бүтүндөй
“Ковид” деген тумоо каптап, канчалар –
тумчугушту не болгонун түшүнбөй.

*     *     *

Адамзаттан жадаганда Жараткан –
жазыгына туш кылдыбы бу күндү?
Айтор апаат жоо чапкандай кыйратты,
аяган жок алсызды да, “кыйынды”.

*     *     *

Карайлашып канчалаган калайык,
тагдырлары “Ковид” менен байланды.
Таажы вирус тажаал менен алышуу –
Адамзаттык алааматка айланды.

*     *     *

Ким биле алат, оо боорлош туугандар!
Эртеӊ тагдыр кандай болуп каланат?
Азырынча ар бирибиз шон үчүн –
бирибизге бирибизбиз аманат...

ОӉОЛБОС АДАМЗАТ

Ийигип жылуу сөзгө жылаандар да,
чыгаары чын болсо эгер ийининен –
жем үчүн Жерден учкан кыраандар да,
түшөөрү чын болсо эгер бийигинен...

*     *     *

Чыдабай чындык деген чымчыгыбыз,
чырылдап чыркыраса жаны калбай.
Оо анда не жүрөбүз ызылдашып,
жашоонун башка дагы заӊы бардай.

*     *     *

Ошол да! Баары каалайт ырахатты,
ооматты, оӊой оокат, атак-даӊкты.
Жараткан тээ башынан жазып койгон –
бу жолдон ким бура алат адамзатты?..

ИЕРУСАЛИМ-ИУДЕЯ

Байыртан кудайларды, ыйыктарды –
боюӊда байырлаткан уюк жерсиӊ.
Адамзат туулганы – сенден чыккан –
осуят акылдарды угуп келди.

*     *     *

Иудаизм, христиан, ислам дини –
кулатты көп кудайды – идолдорду.
Алардын ордун ээлеп жалгыз кудай –
Яхве, Аллах, Христ – идол болду.

*     *     *

Ошондон ордо болуп үч кудайга,
тыйылбайт анда кандуу кагылыштар.
Арадан өтсө дагы көп кылымдар,
от алып күйө берет жаӊы уруштар.

*     *     *

Эмне үчүн Иерусалим ит талашын –
Иисус, Аллах, Яхве – чече алышпайт?
Анткени, чын-чынында, алар деле –
адамдык насилинен кете алышпайт.

*     *     *

Шон үчүн, оо адамзат, сени күтөт –
алдыда акыр заман – Армагеддон.
Ишембей ибилиске, жооп берчи –
ишеӊген кудайларыӊ кайда кеткен?...

AVE MARIA

Кызганып кыздыгыӊды Иосиф ынтыгыӊдан,
Жараткан кыз боюӊа болтурганы – машаягын,
Эгенин куткаруучу уулу туулуп, дүӊ болгону –
андан бери эки миӊ жыл мезгил өттү баш-аягы.

*     *     *

Христке чокунгандар кудайдын энеси деп -
сыйынат чиркөөлөрдө, монастыр, Нотр Дамда.
Сыздаса орган, скрипка - хорлордун коштоосунда,
чыдабай көздөрүнө жаш алышат олтургандар.

*     *     *

Сага арналды сандаган живопись-иконалар.
Сүйүштү көптөр сени ашыгыӊдай көздөнүшүп.
Ал арада Кудайдын колуктусу – монашкалар –
эрсирешет монастырда – рыцарлар көздөн учуп...

*     *     *

Оо Мадонна, Матрона, Аве Мария – Умай эне!
Чиркөөлөрдө – жашыӊ агып, үн-сөзсүз эчкиресиӊ.
А бирок шордуулардын ый-арманын, кыйналганын –
Иисус кулунуӊа качан эми кан какшап жеткиресиӊ?!...

АЙЯ СОФИЯ

Ааламдык акыл-нарктын ыйыгысыӊ,
Сени алам деп канчалар жанталашты.
Византия империяӊды, баш калааӊды -
Османлы огуз-түрктөр талкалашты.

*     *     *

Чиркөөӊө – көк мелжиген крестиӊе –
чиркешти зор мечитти ай мунарлуу.
Ошондон ооматы артып ого бетер –
Айя София - ажайып бир жай кумарлуу.

*     *     *

Койнуӊа кирип-чыгат көп адамдар...
Көркүӊө көз тайгылткан  көптөр ашык.
Сен үчүн босогосун кеӊири ачып,
келберсип боюн керген Босфор ачык.

*     *     *

Азыр сен гөзөлүсүӊ Түркиянын.
Витраж-визиткасыӊ Стамбулга.
Аларга кереги жок шуркуянын,
Стамбул муктаж эмес ыштан пулга.

*     *     *

Андыктан оо асыл-нарк Айя София,
шүгүр деп тагдыр башка салганына.
Тура бер түбөлүккө Стамбулда,
кейибей мечит болуп калганыӊа.

КҮЗ-ӨМҮР

Күтүрөп күз да келди,
тартылды өзөн-суулар.
Коштошуп кетти куштар –
турналар, өрдөк-куулар.

*     *     *

Калдым мен сарсанаада,
саргардым күз сыяктуу.
Көктөм кез – өткөн мезгил –
сезилет түш сыяктуу.

*     *     *

Кум болуп күндөр чуурат,
Мезгилдин салаасынан.
Менин да жаш-курагым,
улгайып барат улам.

*     *     *

Үлбүрөп жалбырактар,
үзүлсө сабагынан:
үзүлчү күнүмдү ойлоп,
ичимден дува кылам.

*     *     *

Күүгүмдөп күз-өмүрүм,
күйүттүү күү чыгарат.
Күүлдөп күз жамгыры,
жүрөктүн үшүн алат...

МЕЗГИЛ

Түн түшкөн оо ободо жылт-жулт этип,
жылдыздар жымыӊдашып өчүп-жанат.
Огунда оор онтоп, күндү айланып –
Жер шары томолонуп кетип барат.

*     *     *

Алмашып күн-түндөрдү, ай-жылдарды,
арадан Мезгил деген мерес агат.
Оп тартып баарын жуткан ал агымды –
кандай күч, кандай арга токтото алат?..

*     *     *

Эгерде жоголсо бүт ай-ааламдар,
ошондо Мезгил деген кайда калат?
Нени өлчөп, нени санайт ал түгөӊгүр –
Ким аны саат сыӊар пайдаланат?..

*     *     *

Ошондо бош дүйнөдө, жок дүйнөдө –
А дагы түгөнөбү, жок болобу?
Оп тартып баарын жуткан зор агымы -
түбөлүк, балким, шондо токтолобу...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз