Нуралы Капаров: Жаш келин кетип жатат карган чалдан

  • 27.10.2023
  • 5979

Он беш жыл жылуу коюн күздү көрдү,
он беш жыл күжүлдөгөн күчтү көрдү.
Ай-жылдызы толук чыкпай асманына
отуз жаш кичүү эле ойронуңан,
көз салып койгон эмес жаштарыңа,
бой салып койгон эмес бойдогуңа.

Эрим деп жаман чалга туш келгени
кол шилтеп койгон эле эченине,
капилет күз аяктап кыш келгени
тоң түшүп калган кези төшөгүнө.

Шаарым деп жалынаарда шаңы бүткөн,
кыйналып араң айтат кыштагым деп,
тизеси тийишкенде титиреткен,
колдору кармашканда калтыраткан,
айталбай чогу өчкөн аптабым деп,
айталбай көк муштумум, муздагым деп,
айталбай ызылдаган ызгаарым деп,
айталбай ойронум деп, орошон деп,
айталбай көз ачырбас борошом деп...

Жонунан тону түшпөй жаткан чалдан,
койнунан тоңу кетпей каткан чалдан
кетип жатат жаш келин, жапжаш келин,
аппак келин, ак келин, аптап келин,
назик келин, наз келин, көктөм келин,
жаш өмүрдөн жалын-от төккөн келин,
муздак көздөн “мөлт!” этип чыккан жаштай,
ызгаар кыштан “булт!” этип качкан жаздай,
бошонуп кыш тоңунан, муз деминен,
бошонуп колдо шакек – кишенинен...

Он беш жыл от болгонун кечип салып,
билерик, шакегин бүт чечип салып,
кетип жатат жаш келин жылууну эңсеп,
асманыңды, айыңды, күнүңдү эңсеп,
жалбырттаган жаш курак сүйүүңдү эңсеп,
жаркыраган жазыңды, жайыңды эңсеп,
күркүрөгөн күрдөөлдүү күзүңдү эңсеп,
күнү-түнү күйүкпөс күчүңдү эңсеп,
кетип жатат жаш келин кыштан качып,
көңүл тоңгон, көз тоңгон муздан качып,
бек кармаган колунан колун үзүп,
чачтарынан чачышкан чачын бөлүп,
чапталышкан кашынан кашын бөлүп,
кетип жатат жаш келин бүтүм кылып,
сайгылаган сакалдан жүзүн буруп,
чырмалышкан денинен денин бөлүп,
өзөктөшкөн жанынан жанын бөлүп,
өөдөнү да, төмөндү көрүп жатып
оонап алды жаш келин, онтоп алды
өмүрүнөн өмүрүн бөлүп жатып,
жапсар чөптөй кулады жапжаш келин
жашаң чөптөй жаздагы тура калбай,
буркурады жаш келин жашын төгүп,
чырмалышкан тамырын чыгара албай...

... Кеч табышып кайран чал кошулду эле,
кеч күзүңдү бөктөргөн курак эле,
он беш жылын от болуп кечирди эле,
келээр кышың оо анда ыраак эле.

Кайран чалым карк болуп кыш каарына,
бурганакка, бороонго, ызгаарыңа,
калган кези жылдызы жаркырабай...
... “Кайыр кош!” – деп жаш келин кетип жатат
кыштан качкан күздөгү каркырадай!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз