Калык Ибраимов: Тополоӊ-тоз дүнүйө

Баардыгын тоношту, сатышты.
Туурадык туура деп Батышты.
Адаштык-чаташтык кан жолдон,
канчалар кан какшап жатышты.

Ишенип пир туттук жөөттү,
ийненинин көзүнөн төө өттү.
Абийирди, адатты унутуп,
коргобой кор кылдык бөбөктү.

Жашообуз тополоӊ-тоз болду,
жандалбас сезимдер козголду.
Айбанга айланып көп адам,
Адамдык асыл нарк жок болду.

АК ШООКУМ

Кудайга да, шайтанга да ишенбес,
Эс оодарган эчен кыйын күн болду.
Бизди куурал бу турмушка туш кылган,
Жаратканбы, азезилби,– ким болду?..

Бирок, кандай каатчылык болсо да,
Мен ишенем бул жашоодо бир гана –
Өз өлкөмө, өз калкыма, Мекенге,
Андан башка болбойт мага – Нирвана.

Эли-журтум адилдик деп азап жеп,
Канча шорду өз башынан кечирди.
Ошолорду көргөн сайын негедир –
Көрөм мен да автопортретимди...

ЖАРАТЫЛЫШ

Биз жашаган койну кенен береги –
Жаратылыш жараткандын белеги.
Алдыбызга дасторконун жайнатып,
Баарыбызга тиет дайым кереги.

Азыр бирок кыйын анын абалы –
Баштагыдай сулуу эмес жамалы.
Тыта берип, буза берип адамзат,
Жүдөп бүткөн баш-аягы, таманы...

Алсыраган аялзаттай - ал азыр,
Каны азайып, азап чегип баратыр.
Адамзаттын аны менен иши жок,
Андан башка ким бар ага жан ачыр?..

КОРОЗУМ

Короодо койкоӊдогон корозумдун
Таажысы хандыкындай алтын түстүү.
Теминсе текөөрлөрү темирдей курч,
А өзү мүнөзү шок, алдуу-күчтүү.

Мекиян тоокторду, келгендерди –
Короодон короздонуп тосуп алат.
Көөнүнө кокус жакпай калгандарды –
Каккылап канаттарын, чокуп алат.

Санаалаш досторума таанышындай –
Талпынып, таазим этип башын урат.
Ичи арам, көзү жаман ойрондорго,
Ок болуп, таран болуп атырылат.

Айтору, меникиндей шок корозду,
Эч кимдин эшигинен көргөнүм жок.
Кантсе да итке бергис короочум бар,
Ошого бардаш кылып, көӊүлүм ток.

СҮЙҮҮ КЕРЕК

Жер айланып өзүнүн бийигинде,
Жашоо жиби ийрилет ийигинде.
Өтөт анда өмүрлөр өйдө-төмөн,
Кудай жазган өз нугу-чийиминде.

Ошентсе да, дүйнөдө сүйүү деген -
Жүрөктөрдү жылыткан нуру менен,
Эӊ башкысы: жан-дилге азык берген,
Тирүүлүктүн бирден-бир күнү белем.

Ал анткени, ак пейил, ичи кенен –
Бирөө сени сүйсө эгер дили менен.
Андан ашкан жашоодо бакыт барбы,
Бакыт ошол адамга билинбеген.

Ошон үчүн беш күндүк гүл-өмүрдү,
Сүрүү керек бапестеп жүрөгүӊдү.
Сүйүү керек сүйгөндү – адамдарды,
Сүйүү керек бир келген бул өмүрдү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз