Калык Ибраимов: Жаш бала жана карыя

  • 29.09.2020
  • 3720

(Балдарды коргоо жылына жана 1-октябрь - Карылар күнүнө карата)

Бала күлсө бажырайып дүнүйө,
байчечекей гүл ачкандай туюлат.
Бала ыйласа, бала турса кыйналып,
каканактап көзүмөн жаш куюлат.

Жаш баладай жалдырашып кар болгон,
кароосу жок карыларды көргөндө –
каным какшап, жаным сыздап мен анда,
кайыл болуп кетем кээде өлгөнгө.

Бул жашоонун башталышы – балалар.
Оо адамдар, балаларды караӊар.
Агер турмуш бүтүн турсун десеӊер,
карыларды жаш баладай санаӊар.

КИШИЛЕР

Жалбырактар үзүлүп сабагынан,
Күбүлүшөт күзүндө дарагынан.
Киши деле ошондой, күнү бүтсө,
Өчүрүлөт өмүрдүн барагынан.

Кубаттанып Куяштын чубагынан,
Азык алат жашоонун булагынан.
Аз өмүрдүн акырын ойлогондо,
Жаны кейийт кечигип убагынан.

Башын ийип карылык курагына,
Камданышат акырет сурагына.
Ал аӊгыча аӊдыган ажал жетип,
Алып кетет түбөлүк турагына.

Ага адамзат көнүккөн, жүрө берет.
Бирөө өлсө бири ыйлап, күлө берет.
Аба, күнү, жер-суусу болсо, болду:
Кудай берген жашоосун сүрө берет.

ЧАРЧООНУН БИРИНЧИ ЫРЫ

Жададым жалкоолуктан чарчагандан,
Чарчадым чындык издеп какшагандан.
Атак-даӊк, даража деп ак урбадым,
Адамдык айырмам шол башкалардан.

Жададым жабыктырган карылыктан,
Таарынуу, көӊүл калуу, сагынычтан.
Чарчадым таттуу кыял-ойлорумдан,
Чаргытып алыстарга алып-учкан.

Жададым жанды асырап жашынгандан,
Чарчадым ашынгандан, басынгандан.
Мен эми баш оорутпайм бары-жокко,
Ансыз да азыноолак жашым калган.

ЖЫЛДЫЗ КУРТТАР

Жыбырайт оо ободо жылдыз курттар...
Кыбырайт арасында куяш-күн да.
Тыбырайт жашоо үчүн жанталашып,
Адамзат жер бетинде, күн астында.

Жер өзү - планета, жылдыз эмес.
Койнунда күн кечирет адам-курттар.
Кемирип жей беришип чет-четинен,
Түбүнө жетмей болду жалаӊгычтар.

Тоголок топ сыяктуу күндү айланып,
Көрүнбөй жылдыз курттар тозоӊунан.
Жер-Эне оор жүктөн кайышкандай,
Калтылдайт калч-калч этип өз огунан...

А көктө жыбырашат жылдыз курттар...
Шоораттап сансыз аалам Сансарасын.
Ал чексиз айлампада биз да барбыз,
Артынып бүт дүйнөнүн сарсанаасын.

КӨР ПЕНДЕЛЕР

“Адам” аттуу макулуктар жумур баш,
Кош аяктап Жерди тээп турушкан.
Анын көбү оокат үчүн тырмышат,
А көптөрү куру калат куруттан.

Айбанча эмес, жашаш үчүн адамча,
Азыктанып аш кылгандар аз гана.
Көптөрү үчүн бу дүнүйөӊ дүрдүйнө –
Дүкөнүндөй, а болбосо – ашкана.

Анан ушул эки аяктуу эмелер,
Ач көздүгүн, арамдыгын койбогон.
Көзү тойбой көр дүйнөгө, жыргалга –
Бул жашоону тойкана деп ойлогон.

Анан ушул жумуру баш пенделер,
Качан, кантип адам болсун, оӊолсун.
Алар үчүн башкалардын баары бир:
Эмне болсо, ошо болсун – жоголсун!..

НЕГРИТЯНКА-АФРИКАНКА

Кара аялды караӊгыда,
Карайлайсыӊ көрө албай.
Кайда эле деп өпчү жери,
Кайсалайсыӊ өбө албай.

Дама карга – негр катын,
Көздөрүндө от ойнойт.
Бою бойго бир жабышса,
Оӊой  менен бошонбойт.

Көкүрөгү, балтыр-саны,
Кумарыӊды кандырат.
Сүйгөн сайын, ого бетер
Сүйгүӊ келет калтырап.

Коштошордо колун берип,
Билериги жалтырайт.
Кой көздөрү каканактап,
Кетпечи деп жалдырайт.

Айтор, аял карабы-акпы,
Ал эмес го башкысы.
Эӊ кыйыны баарынан да –
Жүрөгүнүн ачкычы...

СҮЙҮҮ

Жашоо-турмуш жаралгандан ушундай:
Эч ким сен деп туулбайт да, өлө албайт.
Азап тартып, көрбөгөндү көрсөӊ да,
Сен көргөндү сени менен бөлө албайт.

Сүйүү гана башкалардан башкача:
Сенин баардык азабыӊды бөлө алат.
Сүйүү, эгер керек болсо, сен үчүн –
Туула алат, керек болсо, өлө алат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз