Касым Каимов: Бутылкадагы киши

АҢГЕМЕ

Окуя Дербиштин түшүндө башталат да, өңүндө улантылат.

...Ал өмүрү өткөнчө соруп жатса да, бөксөрбөй тургандай берекелүү шишеге туш болот. Дербиш өңүндө да, түшүндө да мынчалык жыргаган эмес жана мындай бактыга туш болору оюна да келбеген. Ушундай сонун шишени кокусунан колдон чыгарып жибербөө үчүн аны бооруна бек кысат, оозунан бошоткусу келбей бүлкүлдөтө сорот.

«Жаман айтпай, жакшы жок» дегендей, балким күндөрдүн биринде бутылка какшып калар. Дербиш өз кадигин иш жүзүндө ылгоо үчүн, бутылканы бет алдына кармап, көзү талыганча карайт. Идиш минута сайын кеңейип баратат, андан да жакшы жери — ширеси кайнар булакча оргуп чыгып, мелт-калт толот. Мына рахаттын түгөнбөс кенчи!

Идиш чоңойгон сайын оозу да, кеңейип отуруп, бир маалда жомоктогу ажыдаарча Дербиштин башын оп тартты. Дербиш башын шишеге кыпчытып, элге шылдың болбос үчүн бутылканы эки колу менен чап эткизе моюндан алып, эки буту менен капталын чирене тээп, мойну созулганча тартынды. Бирок берекелүү бутылкасы коё бербегенден кийин, «куткаргыла» деп бакырып жиберип, өз үнүкөн чочуп ойгонду.

Көзүн ачса, өзү түшүндө көргөн бутылкасынын ичинде жатат. Дербиш түшү кайсы, өңү кайсы экенин ажырата албай, эсинен тана жаздап барып, кайра акылына келип, «ушунун баары түшүм болгой эле» деп көзүн жумду.

Дербиш — бала эмес, кабыргасы катыгып, капкачан турмуштун кең жолуна чыккан адам. Аны өзү да билет, азыр да ошол жолдо баратам деп ойлойт. Дербиштин дагы бир артыкчылыгы: өз кемчилигин түшүнөт, аны көпчүлүктүн көзүнчө мойнуна алууну да намыс көрбөйт. Бирок ошол кемчиликтерин мыктылыктан чыккан каргаша деп эсептеп, башкалардын пикирин четке кагат. «Ооба Дербиш, сеники туура. Айтканынан кайтпаган — жигиттиктин белгиси»— деп ойлойт өзүнчө. Анын башкалар менен болгон чатагы эле — бутылка...

Дербиш көзүн жумар менен ошол чатакты эстеп, бутылканын коркунучтуулугу жөнүндө башкалардын айтканы келбегей эле — деп чочуду. Бирок ал тубаса коён жүрөктөрдөн эмес болучу. Кыялында өзүн эркин сезип, ой жүгүртө баштады. «Мага коркунучтуу түштүн элеси келип жаткандыр. Болбосо куркулдайдын уясынан тар шишеге кантип батайын?»— деген кадик менен колунун учун кыбыратса, манжалары ачылып-жумулуп, шейшепке урунгансыйт. Бутунун башын кыймылдатса, баш бармагы шишеге сүрүлбөй, шайы жуурканды шуудураткансыйт. «Бул эмнеси— деп ойлойт Дербиш,— бутума эмне үчүн жууркан урунат, шейшеби каякка качкан? Болууга мүмкүн. Жуурканды тетири жамынып же шейшептин тигишинин бир жагы сөгүлүп, кроваттан ылдый чубалып турган учуру болучу эмес беле».

Божомолуна караганда шишеде эмей эле, төшөгүндө жатат. Ошондо да анча ишене албай көзүн кичине гана жылтыратып ачты. О, укмуш! Ырас эле шишенин ичинде жатат. Ал жөн эле шише эмес, кадимки өзүнө тааныш бутылкасына туш болгонун карасаң! Эгерде керосин куюлган же насыбай салынган бутылканын кулкунунда болгондо кантет эле? Анын бетин ары кылсын!

— Бутылканын тааныштыгында талаш жок. Кеп анда эмес. Өзүм өз болгону бутылканы мен жутчу элем го. А, бул желмогуз мени кантип жутту? Ага деле макулмун. Менде өчү бар дейлик. Бирок анын ичине кантип баттым экен?— деген суроолор менен Дербиш бутылкага жутулганына али ишене албады. — Андан көрө бул жиндиликтин кээри болуу керек. Жинди киши фантазия менен чындыктын, өң менен түштүн айырмасын билбөөгө тийиш.

Дербиш өзүнүн соо же жинди болгонун билүү үчүн акыл-эсин сынай баштады. Стенадагы темгил-темгил тактар, тушуна тартылган көөнөргөн чоң килем, терезенин сыныктары, кыскасы, жаткан үйдүн көрүнүшү өзүнө качандан берки тааныштай. А, тигил китептери чачылып жаткан шкаф, столдун үстүндө туруучу жыгач саат, бутылка, стаканчы? Ошолорду көрүп, өз акылы ордунда экенин билди. Саат эмне үчүн жүрбөй калган? Стаканы турат, бутылкасы каякка жоголгон? Бөлмө эмне үчүн ээн калгандай аңгырайт? Достору, коңшусу, өмүр шерик жары кайда? Кайда баары?

— Мен кайдагы унутулган достукту, кошуналыкты эстедим? Менде аялымдан башка жакыным калбаган болуу керек эле, — деп ойлоду оор үшкүрүп,— балким аялымдан да ажырагандырмын.

Урушууга жана табышууга эсеби жетпей калган Дербиш аялы менен бирге жашап жүргөнүн же ажырашканын түшүнө албады.

Жалгыздык кыйынчылыкта билинет. Ушунтип, бутылкада тумчугуп жатып, байкуш Дербиш керээзин эч кимге айта албай арманда өтөр бекен? Аны коркунуч, өкүнүч, кайгы, муң, кыскасы, адамзаттын башына келүүчү азаптын баары чогуусу менен басты...

Тагдырдын азабы менен жекеме-жеке алышып жатып күндүн жарымын өткөздү.

Сопсоо кишинин бир орунда былк этпей жатышынан ашкан кордук барбы? Дербиш абдан зерикти.

- Өх!— деп чиренди эле, бутылкадан бошонгонсуп, жууркан көтөрүлө түштү. Колдору, буттары да эркин. Дербиш кубанганынан жуурканды жонуна илгенин билбей, эшикти көздөй чуркады. Бул учурда аялы Жыпар күйөөсүнүн кууп жибергенине карабастан, көңүлү чыдабай анын жайын билүү үчүн келе жаткан болучу. Дербиш аялына дал босогодон урунуп кала жаздады.

- Жаным, мен соомун! Соо... — Ал кубанганынан кыйкырып жиберди.

Ачуу кыйкырыктан кулагы дүңгүрөгөн Жыпар күйөөсүнүн мастыгы үч күндөн бери тарай элек экен деп ойлоп, кабагын чытыды.

- Жыпаш, мен соомун! Кечиргин, жаным! Бутылка мени бошотту. Ал мурдагы ордунда — столдун үстүндө эле турат. Биз эми бактылуу жашайбыз. Сени мындан ары капалантпайм.— Дербиш аялынын иреңинен кайдигерликти байкап, чын пейилин түшүндүрүүгө ашыкты.— Сен ишенбей турасың. Айтканымдан кайтсам, бутылкага тумчугуп өлөйүн! Мен бутылканын зомбулугунан кутулгамын. Ишенбесең, столдун үстүн карачы, бутылка ордунда...

- Мага бутылканын эмнеси таңсык?

- Ушул сөздү кантип айттың? Мен сага, Жыпаш, бутылканы көрүп кел деп какшап жатам. Барчы, Жыпаш, барчы! Ордунда эле турат,— деп айтып келчи.

- Ой, тобой, сенин өнөрүң күндөн күнгө күчөдү го. Мына барайынчы.

Жыпар төркү комнатага кирип, стаканды колуна кармай чыкты да.

- Бутылка жок, — деди.

- Эмне?—Дербиш сендиректеп барып туруп калганда, жонундагы жууркан жылбышып жерге түштү.

Жыпар күйөөсүнүн көөдөнүнө капталган бутылканы көргөндө өзү да чочуп кетти:

- Ушундай беле? Бул эмне деген шумдук?

Дербиш сөз кайтарууга жарабай, термелип барып кулап түшөрдө, безгектей калтыраган аялы сүйөп калууга араң үлгүрдү...

- Жыпаш! Жыпаш...— Дербиш узакка чейин көгөрүп жатып, эсине келер менен, өзүнө эң жакын адамды атынан атап, кайра-кайра чакырды. Жыпар мурда эле анын кроватынын жанында чөгөлөп ыйлап турган болучу.

- Мен мындамын, Дербиш. Көзүңдү аччы?

Дербиш аялынын үнүн укканына ишенбей, көзүн ачып, бутылканын ичинен кылчайып карады. Жыпардын дал өзү! Ак жүзүнүн оту албырып, сурмалуу көзү көп ыйлоодон шишимектене түшкөн.

— Коркпо, Жыпаш! Менден коркпо! Мага капталган баягы кургурдун эле өзү.

Жыпардын иреңинде коркукучтун же күйөөсүнүн сөзүнө сооронуунун белгиси жок. Терең күйүткө туталанып бараткандай бети чоктой кызарып, кайратынын күчү менен гана чыдагандай тиштенип турат.

Дербиш эсине келгенден кийин Жыпар улутунуп коюп, өйдө болуп столго отурду. Жүрөгү тынчып, иреңи мурдагы сустайыңкы калыбына келе баштады.

Жыпар 30 жаштан жаңы гана ашса да, мезгилсиз карылык анын ажарлуу бетине, бажырайган көздөрүнүн алдына өзүнүн жыйылбас торлорун жая баштаган. Узун кара чачынын арасына уурданып киргенсиген бирин-серин боз кылдар убакыт өткөн сайын көбөйүп бараткансыйт. Сулуу Жыпардын суктандыруучу ажары солгун тартып, көздөрүнүн жебедей курч учкундары да мезгилсиз майтарылууда. Ошондо да анын келишимдүү шыңга мүчөсү, оор басырыктуу жана назик мүнөзү сымбатын сактап турат. Эгерде Дербиштин азабы бүтпөсө, ал аз гана жылдардан кийин сымбатынын акыркы белгилеринен ажырамак.

- Сенин татыксыз өмүрүңө мен күнөөлүмүн. Мен...— Дербиш башын чулгуп, буркурап жиберди.

Жыпар кабагын чытып койгону болбосо, кейиген жок жана көзүнө жаш албады.

- Мунуңа да тобо! Эсиңе келгениң чын болсо, али кеч эмес, — деди ал суроолуу көз карашы менен.

- Чын! Мындан артык убада болууга мүмкүн эмес. Мага жетишет ушул... Өзүм үчүн болбосо да сен үчүн! Мага сенден башка күйүшөр ким бар? Ошону билип, мен шордууну кыйбай, кайрылып келгениңе ыраазымын. Мындан ары сени эч качан ыйлатпайм!

*  *  *

Дербиш өткөн өмүрүн ойлогондо үч нерсени гана эсине түшүрөт: биринчиси — бутылка менен калыс курагы, экинчиси — бутылканы өзү жутуп жүргөн мезгил, кийинкиси — өзү бутылкага жутулган мезгил. Эгерде биринчи мезгилинде эле ага калыс болбой каршы болсо, экинчисинде ага кумарланбай, демек, өзү да жутулбайт эле. Өкүнүчсүз турмуш болчу беле! — деп ал өзүн өзү сооротот.— Андан көрө айыгуу керек.

Жыпар толуп жаткан врачтардын арасынан бутылка оорусунун адисин зорго тапты. Табылганы да бул адистикти практикада жакшы өздөштүрө элек жаш врач экен.

- Мен бутылканын ичине кантип кирдим? — деп сурады Дербиш анын мыктылыгын сыноо үчүн.

- Кантип киргениңизди эң мурун өзүңүз айтыңызчы. — Врач кыз күлүмсүрөп, анын өзүнө кайрылды. Дербиш аны эч нерсе билбеген неме болсо керек деп, ирээнжий түшүп, кайра анын моймолжуган көздөрүнө жибигендей, көргөн — түшүнөн берки окуяларды антып берди.

- Бул илепис оорусу,— деди врач— сиздин илеписиңиз бутылкага өтүп кетип, өзүңүздү жутуп койгон.

— Туура айтасыз.— Дербиш врачтын мыктылыгына толук ишенди. — Эгерде бутылкадан кутулсам, илеписим жайында экен го.

- Дал ошондой.

Алар дарылоо жөнүндөгү аңгемеге көчүштү.

Капталган бутылканы талкалоого же күч менен чыгарууга болбойт. Эгерде аны катуу нерсе менен тыкылдатса, Дербиш терисине шиш тийгендей бакырат. Шишеге тийген ысык да, суук да денесине сезилет. Шишенин дагы бир өзгөчөлүгү: жатса денесин бүт каптайт, турса колдорунан, буттарынан жогорулап, башынан төмөндөп, көөдөнүнө келет. Кыскасы, бутылка эмес эле — балаа.

Бул балаадан кутулуу үчүн Дербиш башына келген кыйынчылыктын бардыгын көтөрүүгө макул болду. Анын көкөйүнө тийген жалгыз гана нерсе: дарылоо мөөнөтүнүн узактыгы. Дербиш врачтан суранып жатып, жарык дүйнөнү бир саат аралоо үчүн руксат алды. Ларёк, столовой жакка кылчайбас үчүн касам ичип, көчөгө чыкты.

Дербиш башынан убадага бек адам. Ичпейм десе ичпейт, жебейм десе жебейт. Ал өзүнө тааныш бактын ичинде серүүндөп келе жатты. Бирок үйүнөн узагандан кийин көнгөн буттары эски изине түшүп, ларёкко кандайча кирип келгенин билбей калды. «Куттуу үйдөн кур чыкпа» дегендей, сагынышкан бутылкасы менен эзилишип көрүштү.

Ларёктон чыгарда бутылка пиджагынын сыртына чыкты. Анын көрүнүшү жанында тургандар үчүн таңгаларлык окуя болду. Кысымтал Дербиш өзүнүн боюна көңүл бурбай серүүнүн уланта берди. Экинчи, үчүнчү ларёктогулар жана бакта жүргөн кишилер аны кызыгуу жана урмат менен тосушат да, ага жол берип, өздөрү четке чыга беришет. «Демек, менин кадырым күчөгөн экен, — деп ойлойт Дербиш, — болууга мүмкүн. Менде кандайдыр бир артыкчылык болууга тийиш эле. Демек, менин элге таанылып, атагым таш жарар мезгил келген экен го».

Дербиш ыргалып араң турса да, ушунча көп кишилердин ызатына өзүнүн чексиз ыраазылыгын билдирүү үчүн ыржайып күлүп, кайра-кайра ийилип койду. Эл да аны жылуу тосушту. Баягы, Дербишти жактырбай жүргөндөр кайда? Алар ушундайда жолугуп, менин ким экенимди көрүшпөйбү деп өкүнөт Дербиш. — Мүмкүн алар бүгүнкү сонун жолугушууну эртең эле калп деп танып кетишер. Ошондуктан калың элди азыртан күбөгө тартуу керек.

- Менин урматтууларым!— Дербиш доошун бийик чыгара албай, сөзүн бөлүп-бөлүп, күч менен сүйлөй баштады. — Мен... мени көрө албагандар бар. Алар менин эч кимге зыяным жок экендигин, ак ниеттүүлүгүмдү түшүнүшпөйт. Бирок силер түшүнөсүңөр. Ыраспы? Эртең танбайсыңарбы?

- Танбайбыз! — деп балдар чуулдап дуу күлүштү. Чоң кишилер анын сөзүнөн мурда, бутылканы кандай амал менен каптап алганын билүүгө кызыгышты.

- Эгерде алар зыянкечтерди белгилетилери келишсе, — деди Дербиш — зыянкечтер: согуш отун тутандыруучулар. Согушту эңсөөчүлөр бомба менен ойношсо, мен бутылка менен ойнойм. Мен аларды...

Дербиш колун жаңсап сүйлөйм деп, муштумун кезеген жакка өзү кулап кете жаздап, темтеңдеп барып араң оңолду.

Балдардын каткырыгы жана кобураган үндөр Дербишти сөзүнөн жаңылдырды. Ал сөзүн кайрадан уламак болуп, бирок эмнеге токтолгонун эсине түшүрө албай оозуна келгенин айта берди.

Бул жерде керели-кечке түрса да жадабас эле. Анда аны башка кишилер күтүп калбайбы. Дербиш жөнөй бергенде аны урматтоочулардын көбү артынан калбай ээрчип алышты.

Урматтуу Дербиштин салтанаттуу жолугушуулары бешимге чейин созулду. Бешимден кийин ал көздөн кайым болду.

Дербиш жоголду. Бирок кишилер анын Дербиш экенин билишкен жок. Бутылкадагы кишини көрдүңөрбү деп, бардыгы издөөгө чыгышты. Ушул убакта Жыпар да анын бир балаага туш болгонун сезип, үйүнөн чыккан болучу. Врач «табылар менен жеткириңиз» деп клиникасына кайткан.

Жанында жүргөн балдардын айтымына караганда «бутылкадагы киши» бактын четиндеги ларёктон имериле бериште жер жуткандай жок болуп калган. Ошондон кийин аны шаар боюнча бир да киши көрбөптүр. Бул кабарды Жыпар угуп, ларёкко келди.

Ларёкто иштеген аял ящиктеги шишелерди машинага жүктөгөнү жаткан экен. Ал шаша келген Жыпарга «колум бош эмес» дегендей, жактырбагандай карады.

- Курбум, бир аз коё туруңузчу?

Аял ящиктен колун алып, жактырбаган көз караш менен жооп берди:

- Азыр соода жок. Көрүп турбайсызбы: мен шишелерди жөнөтүп жатам.

— Сизден сураганым: 5 минутка сабыр кылыңыз?

- Аяш, мени башка магазиндер күтүп турат, — деди шофер Жыпарга,— сөзүңөр болсо, мени узаткандан кийин сүйлөшсөңөр экен.

Сатуучу да шофердин сөзүн эп көргөндөй ящикке эңкейди.

— Айланайындар, менин кара көзүмдү оё көрбөгүлө! Бир азга чыдап койгула...

Кептин тамыры терең экенин сезишип, шофер менен сатуучу жумшара түштү.

- Кана, айтаарыңызды тезирээк айтыңызчы?

- Ящиктеги бутылкаңарды карап чыгайын. Дароо эле...

- Кызык экенсиз! Мында эмне бар? Мен сизди иш менен экен десем...

Сатуучу чыртылдай баштады.

- Мүмкүн бала-чака бул кишинин кымбат баалуу бутылкасын билбестик менен өткөрүшкөндүр, — деп шофер күлүп койду.

- Өтө кымбат баа... Мен азыр эле карап чыгам.

Жыпардын чаалыккан жүзүндөгү сабырсыздыкты, аянычты сезип, сатуучу кейип-кепчип жатып ящигинин оозун бузду. Шишелердин баарын которуштуруп карашты.

- Мында сиз кызыгарлык эч нерсе жоктугун бая эле айтпадым беле?

- Курбум, кечиргин! — Жыпардын кабагы чытылып, иреңи ого бетер кумсарды.— Балким, сиз будкаңыздын тегерегинен тоголонуп жаткан бутылканы көргөн чыгарсыз?

- Токтоңузчу?— Аял бир аз ойлонду,— ооба, көргөм.

- Кайдан?

- Мындан бир саат мурда ушул арыктын боюнда бир мас киши бутылка кармап турган болучу. Сиз издеген бутылка балким ошол чыгар.

- Мүмкүн. Ал каякка кетти? Бутылканы ала кеттиби?

- Ооба. Те-тиги магазинди көздөй баскан эле.

*  *  *

Ырас эле мындан бир саат мурда бутылка арыктын боюнда жаткан болучу. Дербиш көзүн ачса, ларёктун артындагы майда жыгачтарга кыпчылып жатат. Бир-эки оодарылса эле ордунан тура калмак. Бирок чырпыкка кептелген шише козголбойт. Ушунтип, жата берсе ачкалыктан да майып боло турган. Жан жагына көз жиберсе, бир азамат төмөн жагында тумшугу менен жер сүзүп,. жөөлүп жатат.

- Дагы жүз... болсо. Аттиң...

Дербиш мас болуп жаткан киши өзүнүн ашынасы экенин үнүнөн таанып, кыйкыра баштады:

- Жабай! Жабаке, бери кел!

- Каяктасың, Дербишим? — Жабай калтыраган башын көтөрүп, эки жагын карады.

- Мындамын! Жыгачтардын түбүндө.

Жабай жыгачтын түбүнө чейин темтеңдеп басып келип, кыпчылып турган бутылканы көрө коюп кубанып кетти.

- Ии, Дербиш досум, мага сактап койгон турбайбы. — Шишени жерден алып, шымынын чөнтөгүнө салды.

- Жабаке, мени чөнтөгүңөн алып, жерге кой.

Жабай Дербишти жанына келип сүйлөп турган экен деп, кылчайып караса эч ким жок. Бирок үн кулагынан кетпейт. Абайласа Дербиш шымынын чөнтөгүнөн сүйлөп жаткансыйт. Ал бутылканы чөнтөгүнөн сууруп алып, кээрдей баштады:

- Колго тийдиңби? Мени ушунчалык зарлантканың да жетишет. Эгерде Дербиш болбосо, сен мага кайдан табылат элең.

- Мен Дербиштин өзү эмесминби, — дейт бутылка.

- Аха-ха-ха!— Жабай арсалактап күлөт, — сен мени алдай албайсың. Дербиш бутылка эмес экенин сенден жакшы билем. Эгерде жаагыңды баспасаң ичиңдегини жутуп туруп, өзүңдү ташка чабам.

Дербиш коркконунан үн чыгарбай калды.

Жабай бутылканын тыгынын чыгарайын десе, оозу ачык. Бош шише ичкиликти эңсеп турган азаматты ыза кылды.

- Мени алдаганың үчүн сени ташка чабам.

- Кой досум. Чымындай жанымды кыйба.

- Мага жаныңдын кереги жок.

- Эч болбосо магазинге өткөрсөң да, сага олжо эмеспи.

Акыркы сөз анын көңүлүнө уюп калды.

Жабай магазинге келсе, сатуучу шишени «булганыч экен» деп кабыл албай койду. Жабайдын ачуусу келип, шишени магазинчини көздөй ыргытты. Дербиштин бактысына жараша бутылка жыйылып турган кроваттын темиринен өтүп барып, диванга тийди. Ошондо да байкуш Дербиштин өпкө-жүрөгү куушурулуп, деми буулуга түштү.

- Сиз кандай түшүнбөгөн немесиз? — деди Жабай сатуучуга сөөмөйүн кезеп,— мен бутылканы сизге өзүнүн суроосу боюнча алып келдим. А, сиз мени көчөдө жаткан булганыч шишелерди чогултуп жүргөн бечара деп ойлогон окшойсуз. Жаңылышасыз. Мага төлөөр акчаңыздын кереги жок.

Ал сатуучунун «токтоңуз» деген өтүнүчүнө карабай эшикке чыкты. Дербиш бул арада эсин жыйнап, нары-бери оодарылып, ордунан тура калды.

Сатуучу дивандагы бутылканы алып коёюн деп артына кайрылса, буюмдардын арасынан бир киши туруп келе жатат.

- Ай, сиз кайдан?

Дербиш жооп кайтаруудан айбыгып, эшикти көздөй жөнөй бергенде сатуучу.

- Токто! Ууру, ууру!— деп бакыра баштады.

Сатуучунун үнүн угуп, кишилер жыйналып калышты жана милиционер да чуркап келди. Далбалактап качып бараткан Дербишти ууру экен деп ойлоп, милиционер ышкырыгын безелентип, соңунан түштү.

Дербиш куугундун колуна түшпөс үчүн далдаа издеп, бет алдын көздөй кача берди. Милиционер ага улам жакындоодо. Дербиштин шаштысы кетип, жол боюндагы коргонго секирип түшүп, бакты аралай чуркады. Милиционерди адаштыруу үчүн кайра сол жагына чукул бурулуп, базардагы кишилерге аралашып кетүүнү көздөп баратканда, ошол короонун кожоюнунун дөбөтү арсылдап үрүп качырып калды. Аптыккан Дербиш дүмүргө чалынып жыгылып, адатынча бутылканын ичинде калды. Иттин үргөнүн улап, короого милиционер да келди. Бирок уурунун дайынын таппай калды.

Милиционер кетти. Бирок ит дүмүрдүн жанында эмне үчүндүр тирмийип тура берди. Дербиш иттен коркуп, былк этпей жатууга аргасыз болду. Эгерде ушул кесепеттүү ит болбосо үйүнө капкачан жетип алмак. Бир маалда:

- Балтек! Балтек! — деген үн чыкты.

Итти ээси чакырып алгай эле, — деп Дербиш абдан кубанды. Кашайган Балтек ээсинин чакырыгына көнбөй койсо болорбу. Мындай куяңкы ит корккондо гана эпке келет. Дербиш итке түсүн үйрүдү:

- Кет! Оо, түксүйгөн сапалак!

- Балтек кежиге жүнүн үрпөйтүп, тиштерин ырсайтып, ыркыроо менен жооп берди. Дербиш шаардын ушунча көп короосунан келесоо ити бар үйгө туш болгонуна өкүнүп жатканда жөө кишинин дүбүртү угулду.

Үй ээси жанына келгенде Дербиш анын баягы жаш врач экендигин тааныды. Бирок врач бутылка менен иттен башка нерсени байкаган жок.

- Сага эмне болду, Балтек? Жүр үйгө.

- Балтек ээсинен кечирим сурагандай куйругун бултактатып, анан бутылка жакка бурулуп, удаа-удаа үрүп жиберди.

- Кечиресиз, врач карындаш?— деди Дербиш айыптуу кишидей.— Мен акмак болуп... Сизге жетпей...

Врач Бекбаева бутылканын тегин эместигин жана өзү издеген Дербиштин дал өзү экендигин дароо билди.

- Эч нерсе эмес. Мага жеткениңиз ушул.

Бекбаева бутылканы алып, клиникасына баратканда жолдон Жыпар кезикти. Эки аял бутылканын дартын козгоп баратышканда, Дербиш дагы кандай окуяга туш болор экенмин деген ой менен алек болду.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз