Күчтүүлөр жана таасирдүүлөр менен байланышуу эмнеге алып келет?

  • 13.02.2021
  • 3237

Күчтүү жана таасирдүү адамдар менен бир нерсени талашуу өтө оор. Алар менен кармашуу канчалык кыйын болсо, ал кармаштан аман-эсен чыгуу андан да кыйын.

Авторитаризмдин көп кемчиликтери бар, ошентсе да бул ыкманы көп колдонушат. Темирдей бекем тартип орнотулуп, бийлик бир колго топтолот, оңго-солго бир кадам да таштамай жок. Тартип бузгандарга – “бул жашоодо орун жок”. Мындай көз караш өнүгүп-өсүүгө тосмо коёт, бирок жетекчинин жеке бийлигин жана көзөмөлдү күчөтөт.

Биз коммуникациянын сапаты жөнүндө, ийкемдүүлүк, дипломатия жана эл менен болгон байланыштар тууралуу көп нерселерди айтышыбыз мүмкүн. Бирок тилекке жараша, турмушта жөн гана күчтүү кол же артында күчтүү колдоочулары бар адамдар жеңип кеткен учурлар арбын жолугат.

Бүгүн сиздер үчүн айбанаттардын турмушунан алынган кызыктуу икаяны тартуулайын деп турам. Мага бул аңгеме көп ишканалардагы, өлкөлөрдөгү абалды эске салып тургансыйт.

ИКАЯ

Токойдо Жолборс, Карышкыр жана Түлкү кошуна болуп жашаптыр. Алар өз-өзүнчө аңчылык кылышчу. Бирок башка жаныбарлар алардын аңчылык ыкмаларын жакшы билип алып, өз убагында жашынып, качып, алардан аман кутулчу экен. Аларга барган сайын кыйын боло баштады.

Ошондо бул үчөө кеңешип, чогуу аңчылык кылууну чечишти.

 – А олжону кантип бөлүштүрөбүз? – деп сурады Карышкыр.

– Тең эле бөлгөнүбүз туура болот ко, – деди Түлкү.

– Кеңешип туруп адилет чечебиз, – деп ишендирди Жолборс.

Түн кирип, жырткычтар аңчылыкка чыгышты. Куулук менен буктурма коюшту, аңдышты, анан байкоосуздан чабуулга өтүштү.

Жыйынтыгы жаман болгон жок, эртең менен алардын алдында элик, кочкор жана чычкан жатты.

Алар олжону бөлүштүрө башташты.

– Кана, карышкыр сен айтчы, жана тынчсызданып жатпадың беле,  кандай кылып бөлүшсөк калыс чечим болот?

– Менин оюмча чычканды Түлкүгө бериш керек, кочкорду сен ал, а эликти өзүм алам, анткени менин эмгегим көп, баарынан көп мен чуркадым, Түлкү экөөңөр кыйналбай буктурмада отурдуңар. Алдыңарга кубалап салып бергенди гана тиштеп жыктыңар.

Жолборстун жини келип, Карышкырды баса калып өлтүрүп салды.

– Эми сен айт Түлкү, сенин оюң кандай?

– Менин оюмча мындай кылыш керек. Кочкорду жолборс эртең мененки тамагына жесин, эликти түштө жесин, ал эми чычканды кечки тамагына калтырсын.

– Азаматсың Түлкү, мен сени менен макулмун, – деди Жолборс. – Сен айтчы, мындай акылды сага ким үйрөттү?

– Аны мына бул өлүп жаткан карышкыр, – деген экен Түлкү.

Кандай досторум, икая жактыбы?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз