Ыйды да Жараткан берерине берет

  • 16.01.2024
  • 3941

Самсак Станалиевдин “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” китебиндеги “Буюккан күндөр” бөлүмүнөн алынган асыл сөздөр

*     *     *

Дүйнөнүн өзү, жашоо өзгөрүү менен жаңылануудан, жок болуу менен бар болуудан турат.

*     *     *

Жашоо деген жарык менен караңгылыктан, бар менен жоктун ортосунан жаралат деген чын.

*     *     *

Жалгыз өмүр далилдеп бере алгыс чындык болот, аны мезгил гана, тарых гана айкындап берет, анткени анын эл тагдыры менен байланышы башкача.

*     *     *

Мээ энергиясы – аң-сезим эч убакта, эч качан өлбөйт, адам баласы көз жумгандан кийин да өз алдынча ишин уланта берет.

*     *     *

Өлүм деген өмүрдүн экинчи бөлүгү.

*     *     *

Адам баласынын эрк-кайратын бир гана нерсе - өлүм гана майтарат.

*     *     *

Туйгун куштун канатына ок тийсе да, текөөрү сынып калса да кайгы-ызага алдырбайт.

*     *     *

Бакыт сени унутса да, сен бакытты, жакшылык менен оомат күндү унутпашың керек.

*     *     *

Акыл-эс, билим, сабырдуулук менен калыстык адамдын жан дүйнөсүндөгү ак жарык гана эмес, адамдын өзөгүндөгү Кудайы.

*     *     *

Боорукердик боорукердикти гана жаратат, сага бирөө жамандык кылса, колуңдан келсе ага жакшылык жаса, адам адамды ушинтип сактайт.

*     *     *

Тоо тоого бирикпейт, эл элге кошулбайт.

*     *     *

Кайраттан таюу кабыландын тагдырында жок нерсе.

*     *     *

Жакшылыгы өткөндөн жаныңды дагы аяба.

*     *     *

Өмүрдөн кымбат актык ишке акылың менен жетерсиң.

*     *     *

Мезгил мерездердики болуп турганда чындыктын үнү угулбай, акыйкат күнү чыкпай калат.

*     *     *

Өмүр келет, өмүр кетет, сүйүүсү келе калып алдагы кетет, а тагдыр дегениң ошо өмүр менен сүйүүдөн жаралып, анан ошо бойдон жүрөктүн акыркы согушуна чейин, андан кийин да келген бойдон кетпейт экен.

*     *     *

Учкан менен басалбаса бүркүт кор.

*     *     *

Мезгил деген өмүр-жашоого билинбеген жалгыз таман жол экен, ар бир шилтеген кадамыңды санай отуруп, акыры сени тагдыр деген айылга алып барат тура.

*     *     *

Дүйнөнүн өзү, тагдырдын өзү армандан турат, төрөлүү менен өлүмдүн ортосун жалгыз гана арман бириктирип турат.

*     *     *

Колуңдан келген жакшылыкты душманыңа да жасаган жакшы.

*     *     *

Сөз адамдын акылын, анын ким экенин ачат.

*     *     *

Адамдын адамдыгы адамдыкты сактап калышында тура. Ооба, адам болуп жаралыш оңой экен да, адам болуп жашоо, адам боюнча дүйнө салуу кыйын иш окшобойбу.

*     *     *

Сөз күткөн менен кабар күткөн өзүнчө тозок иш.

*     *     *

Үйдө отурган адамдын кирпиги катат, анан барып санаа оорусуна чалдыгат.

*     *     *

Адамды үмүт, үмүттү адам жетелеп жүрө берет турбайбы. Ошол үчүн үмүт кургур адам тирүүлүгүндө, адам дүйнөсүндө эң акыркы жарыгы менен жакшылыгы болуп жан берет экен.

*     *     *

Ыйды да Жараткан берерине берет. Ый адам дилин тазартат, кайышкан кайратына кайрат кошот, көңүлүн сергитет, адамды кайра жаратат.

*     *     *

Эмнеси болсо да жакшы күндүн, жакшы адамдардын бар экенин унутпаш керек, алар сени эстебей калса сен аларды эстеп жүрүшүң милдет.

*     *     *

Баланы ойлонуу өстүрөт, акылдуу кылат.

*     *     *

Көп ойлонгон адам бат картаят, чачына ак кирет, бетине бырыш түшөт.

*     *     *

Жакшы адамдар кандайынан болсо да адамды кайра жаратып коюшат.

*     *     *

Бул жашоодо күн сайын адамга жолугуп, адам менен сүйлөшүп турган адамдын бактысындай бакыт жок. Ал эми адамдын адамдыгын билген, аны ача алган адам акылман.

*     *     *

Энедей өжөр, энедей баатыр, энедей кайраттуу, энедей калыс адилет эл болбойт. Эне Кудайдын жүрөгүнөн, боор этинен жаралган адамдар экен.

*     *     *

Согуш – бул арман менен азаптан бүткөн, кайгы менен жоготуудан жаралган жашоо менен турмуштун кыяматын жеңүү. Ушул кыяматтан кийин гана жеңиш келет. Жеңишти энелер жаратат, жакшы күн менен жеңишти энелер гана төрөшөт экен.

*     *     *

Төрөлдүңбү, тагдырың бар, жашап жатасыңбы, ошол тагдыр. Демек тагдыр дегениң трагедия, трагедия сен төрөлгөндө жаралат.

*     *     *

Жаман нерсенин да жакшы жагы болот.

*     *     *

Тактала элек сөздөр айтыла берет.

*     *     *

Алтын чирибейт, ой-санаа карыбайт, ошол үчүн ал убайым жеген адамдын ичкенин ичегисинен сыдырып, жылмайганын көзүнөн муңайтат тура. Анткени ал адамдын тагдыры, балалыктын тагдыры.

*     *     *

Жалгыздыктын улуулугу менен бирге калуу махабат менен бакытты жаратуу, бакыт менен махабатты бактылуу кылуу дегендик.

*     *     *

Жерде махабаттан улуу эч нерсе жок, ал жер үстү дүйнөнүн Кудайы.

*     *     *

Жалгыздык деген жалгыз калуу эмес экен, жалгыздык деген өзүңдөн өзүңдү, өз дүйнөңдү жоготуу тура.

*     *     *

Ар бир адам өз күнүн, өз жарыгын, өз тагдырын жаратат.

*     *     *

Элин эңсеп, жерин дегдеп сагынбаган жан болбос.

*     *     *

Сүйүү деген көз караштын сөзү менен сезимдин бирин бири аяган туйгусунан жаралат экен го.

*     *     *

Бирин бири жакшы көргөндөр биринен бири алыс жүрүшсө, бирин бири алыстан сагынышса гана чыныгы сүйүү жаратышат. Бирин бири чындап сүйүшүп жүрүп, кийин баш кошпой калышса да бактылуу болушат.

*     *     *

Жакшы кабар адамды кайра жаратат.

*     *     *

Жүрөк бардыгын билет, көз адамдын дилиндегисин көрөт.

*     *     *

Жакшы кишилердин жарыгы тиет, таалим аласың.

*     *     *

Адамдын колунан келбеген эч нерсе жок, бир гана өлүмдөн кутула албайт. Калганын адам өзү жасап, башкаларга да үйрөтөт тура.

*     *     *

Жакшы ырда адамдын муң-арманы болгон сымал, журт сыйлаган кишиде сөзсүз элдин тагдыры болот.

*     *     *

Адам баласы ушундай жаралган тура, ал төрөлгөндөн көз жумганга чейин жарыгы өчпөс жашоонун күрөшүндө жүрүп, өмүр менен сүйүүгө анан бакытка тойбойт экен.

*     *     *

Бу жаралганы жалганы жалган болгон баш-аягын өзү билбес дүйнөдө өмүр ченелүү экен, а сүйүү менен бакыт чексиз болот көрүнөт. Ошол чексиздиктин чегине адам байкуш ана жетем, мына жетем деп жүрүп, анан эле бир күнү капылеттен өмүр бою күтпөгөн, келери кет-кет, келбеси кел-кел  болуп турсун деп тилеген өлүмгө жолугат экен.

*     *     *

Балалык доорду балдардын өздөрү жасашат, анын эстен чыккыс окуялары да ошолордун өзүндө. Ошол үчүн бала чак ар бир адамдын ой-сезиминде өмүр бою жашап, арадан кылым өтсө да кылт эткен сайын эске түшүп эңсете берет турбайбы.

*     *     *

Күтүү да, санаа да адамды тарбиялайт, кайраттуулукка, боорукерликке үйрөтөт.

*     *     *

Кайгы менен кубаныч да, арман менен сүйүнүч да бири-бирине эгиздердей окшош, эгиздердей жакын болот экен. 

*     *     *

Жамандык жок болсо, кайгы жок болсо жакшылык деген эмне экенин, кубаныч деген кандай болорун, балким адамдар билбейт беле, барктай албайт беле?..

*     *     *

Чер токой бир талдан, кылым бир күндөн жаралган сымал ар адамдын арманы куш көңүлдү сындырган жалгыз сөздөн башталат тура.

*     *     *

Эл бактылуу деген адамдын арманы аккан суудан аз болбойт.

*     *     *

Өксүүсү жок өмүрдүн артында эстеп айтыла турган сөз болбойт.

*     *     *

Кээри кеткен турмуштун керегеси сынганда уугунун учу  түндүгүнөн чыгат.

*     *     *

Теңир канчалык айкөл, ченеми жок, чеги жок кең пейил болгону менен баланы бир гана, жалгыз гана, эне гана жаратат экен. Ошол үчүн энени эч  бир аял алмаштыра албайт экен, эненин ордун атаң да толтура албайт экен.  Ошол үчүн бардык аял эне болуу бактысына ээ эмес. Аялдын аял болуу бактысы сүйүүдөн да, асыл жар болуудан да башталбайт, эне болуудан, күйөөсүн ата кылуудан башталат экен.

*     *     *

Кусалык менен үмүт өлбөйт экен го, адамдын акыркы деми менен кошо чыкчу жашоого тынбай чакырып турчу адам жанынын касиети окшобойбу.

*     *     *

Сараңдын ашын жегенче, какшыган сайдын ташын же.

*     *     *

Сабырдуу адам санааны жеңет.

*     *     *

Жакшы тилегиң болсо, эртеби-кечпи, анын сааты чыгар кези келет.

*     *     *

Кыз баланын барган жеринен бакыт тапканы – ата-эненин тилегинин ишке ашканы го.

*     *     *

Бакыт деген сүйүү арманы менен махабат азабынан жаралат.

*     *     *

Сүйгөн жар деген, асыл жар деген ападай кымбат, апаңдан кийин ападай болгон адам болот. Ошол үчүн эр жигит төрөлгөндө анын сүйүүсү кошо төрөлөт.  Жигит өзүн бактылуу кылыш үчүн ошол сүйүүнү, ошол сүйүүнү тагдыры кылган адамды табышы керек. Эркек адам ошондо гана бактылуу боло алат.

*     *     *

Эл сөзүндө жашап калган өлбөстүккө айлануу дегендик да. Күлүк ат, сулуу кыз, анан өнөрлүү талант өлбөйт тура. Оомат оошуп келе берет.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз