Дилазык: Сулайман пайгамбардын бактылуу жашоо жөнүндө насыйкаты

  • 24.12.2020
  • 4134

Сулайман пайгамбар тоодон таңды тосуп, ылдый түшкөн соң, тоо этегинде аны тосуп турган адамдар ага мындай деп кайрылышты:

– Сен биздин эргүүбүздүн башатысың. Сенин сөздөрүң жүрөгүбүздү жибитет. Акылмандуулугуң акыл-эсибизди жарык кылат. Сени уккандан эгерим тажабайбыз. Бизге айтчы:

– Биз кимбиз? – Ал жылмайып мындай деди: – Силер бул жашоонун нурусуңар. Силер – жылдызсыңар. Силер чындыктын – храмысыңар. Силер ар бириңер өзүңөрчө Ааламсыңар. Акылыңарды жүрөгүңөрдөн өткөзгүлө, жүрөгүңөр менен кеңешкиле, сүйүп уккула. Кудайдын тилин билгендер бактылуу.

– Жашоонун мааниси эмнеде?

– Жашоо – бул сапар, максат жана сыйлык. Жашоо – бул Сүйүүнүн бийи. Силердин бешенеңерге – гүлдөө жазылган. Сенин жашооң – бул дүйнөгө арналган улуу тартуу. Силердин жашоо – Ааламдын тарыхы. Ошондуктан жашоо бардык теориялардан өйдө. Жашоого майрам сыяктуу мамиле кылгыла, анткени өмүрдөн өткөн байлык жок. Жашоо чыныгы нерселерден турат. А чыныгы нерсенин мааниси – чыныгы нерсе боло алууда.

– Эмне үчүн бизди бактысыздыктар тооруп жүрүшөт?

— Эмнени эксең, ошону оросуң. Бактысыздык – бул силердин тандооңор. Жакырчылык – адамдар жараткан нерсе. А кайгы – түркөйлүктүн мөмөсү. Бирөөнү күнөөлөө менен күчүңөрдү жоготосуңар, ич күйдүлүк, кызганыч аркылуу бакытыңарды чачасыңар. Көзүңөрдү ачкыла, анткени өзүн тааныбаган адам жакыр адам. Жан-дүйнөсүндө Кудай жок адам – үйсүз адам. Убакытты текке кетирген адам жакыр болот. Жашооңорду супсак нерсеге айлантпагыла. Топтошкон адамдарга жан-дүйнөңөрдү талкалашка жол бербегиле. Байлыгыңар бактыңарды байлабасын.

—Бактысыздыкты кантип жеңсе болот?

— Өзүңөрдү күнөөлөй бербегиле. Анткени силер керемет жаралгансыңар. Салыштырбагыла жана бөлбөгүлө. Бардыгына ыраазы болгула. Кубангыла, кубаныч укмуштарды жаратат. Өзүңөрдү сүйгүлө, өзүн сүйгөн башкаларды да сүйө алат. Коркунучтардан качпагыла, анткени эр жүрөк адамдар андан ыракат табат. Сыйынуудан  кубаныч алгыла – ошондо бактысыздык силерди айланып өтөт. Сыйынгыла, бирок Кудай менен соодалашпагыла. Билип койгула, мактоо – эң мыкты дуба, а бакыт – жан-дүйнөнүн мыкты азыгы.

— Бакытка алып баруучу жол кайсы?

— СҮЙГӨНДӨР бактылуу, ыраазы болгондор бактылуу. Бейпил жашагандар бактылуу. Өзүнөн бейиш тапкан адам бактылуу. Кубанып белек бергендер бактылуу, кубанып белек алгандар бактылуу. Изденгендер бактылуу. Ойгонгондор бактылуу. Кудайдын айтканын уга билгендер бактылуу. Өзүнө тагылган милдетин аткаргандар бактылуу. Биримдикти тааныгандар бактылуу. Кудай таануунун даамын таткандар бактылуу. Эриш-аркакта жашагандар бактылуу. Дүйнөнүн сулуулугун сезе билгендер бактылуу. Күндүн көзүн көргөндөр бактылуу. Деңиз сыяктуу агылып жашагандар бактылуу. Бакытты кабыл алууга даярлар бактылуу. Акылмандар бактылуу. Өзүн тааныгандар бактылуу. Өзүн сүйгөндөр бактылуу. Жашоону сүйгөндөр бактылуу. Жаратмандар бактылуу. Эркин адамдар бактылуу. Кечиримдүү адамдар бактылуу.

— Кененчиликтин сыры эмнеде?

—Биздин жашообуз — Кудайдын казынасындагы эң кымбат асыл зат. А Кудай — адамзаттын жүрөгүндөгү асыл зат. Биздин ички байлыгыбыз түгөнгүс, а айланабыздагы кененчиликтин чеги жок. Дүйнөдөгү байлык, бардык адамдар бай жашаганга жетиштүү. Канчалык берсеңер, ошончолук аласыңар. Бакыт босогоңордо турат. Кенен болгула. Бардык нерсени жашоонун байлыгына айланткыла. Жан-дүйнөсүнөн байлык таба алгандар бактылуу.

– Бул жарыкчылыкта кандай жашашыбыз керек?

— Жашоонун  ширесин ар бир тамчысына чейин калтырбай ичкиле, жакшы өткөзө албай калган өмүр өкүнүч алып келет. Билип койгула, ичинде эмне болсо, сыртында да ошол болот. Дүйнөнүн караңгылыгы – жүрөктөрдүн карайышынан. Бакыт – бул Күндүн чыгышы. Кудайды таануу – жарыкка киринүү. Агаруу – бул миң күндүн жаркырап тийиши. Жарыкка умтулгандар бактылуу.

— Эриш-аркак жашоого кантип жетишебиз?

— Жөнөкөй жашагыла. Эч кимге залака кылбагыла. Ичи тар болбогула. Күмөн саноо алсыздыкка эмес, тазаланууга алып келсин. Жашооңорду жакшы иштерге арнагыла. Жаратуу үчүн изденгиле, бирөөгө көрүнүш үчүн жасабагыла. Жакыныңарга жакшы мамиле кылгыла. Өткөндүн жакшысын алып, жаманын унуткула. Дүйнөгө жаңылык алып келгиле. Жүрөгүңөрдү сүйүүгө толтургула. Сүйүүнүн кубаты болгула, анткени сүйүү адамга канат байлайт. Сүйүү кайда болсо – Кудай ошол жерде.

— Жашоону канткенде кемчиликсиз деңгээлге жеткизе өнүктүрөбүз?

— Бактылуу адамдын колунан көп нерсе келет. Бактысыздык адамды кулга айлантат, себеби бакыт эркиндикти сүйөт. Чындыгында, Эркиндик кайда болсо, кубаныч ошол жерде. Бакытка жетүүнүн искусствосун үйрөнгүлө. Дүйнөгө ачылсаңар, дүйнө силерге ачылат. Тирешкенди койсоңор, бийлик ээси болосуңар.

Анан тургандарды сүйкүмдүү карап кошумчалап койду:

– Бирок да көп нерсени силерге Жымжырттык берет... Өз адынча болгула!

Гармонияда жашагыла! Өз алдынча болгула!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз