Сулайман пайгамбардын кайгы-капасыз жашоого үйрөткөн акылман ойлору

  • 11.12.2020
  • 5174

КОТОРМОЧУДАН

Канча кылымдар өтсө дагы жашообуз өзгөрүүсүз келатканы тууралуу көп ойлоном. Азыркы заманда ар бирибиздин колубузда жашообузду жеңилдеткен чөнтөк телефон, үйлөрүбүздө интернет, кайда барсак компьютер, бирок адамдардын ой жүгүртүүсүү ошол эле бойдон өзгөрүлбөй келет.

Мындан 100 же 200 жыл илгери деле адамдар атак-даңкты, акчаны кандай каалашса, бүгүн деле кээ бир адамдар бул нерсеге жетиш үчүн тууган энесин сатканга чейин барса, ошол эле учурда айрымдар болбогон бир майда-барат иш үчүн өз абийиринин алдында кыйналып-кысталып күн өткөзөт.

Башкаларга көйгөй жаратпай, абийириң таза, жүрөгүңдү болбогон иштерге өйүтпөй жашоо үчүн эмне кылуу керек?

Албетте, илгерки акылмандардын кеңештерине кайрылабыз. Эмесе Сулайман пайгамбардын бир нече акылман ойлорун сунуш кылайын:

  • Жакын адамыңа жамандык каалаба, ошондо ал сени менен эч чочулабай жашайт.
  • Эң эле жийиркеничтүү нерсе – бул сага ишенип, сени караан тутутуп, сенден эч бир жаманчылыкты күтпөгөн адамды сатып кетүү. Андай ишке барба...
  • Өз досуна кошомат айткан адам, анын бутуна тузак салып жаткан адам.
  • Дос – бул кандай жагымсыз болсо да чындыкты бетке айкан адам. Кандай гана шарттарда болбосун.
  • Колуңдан келип турганда муктаж адамга жардам кылуудан качпа. Эгерде ойлоп көрсөк, бир аз эле көмөгү менен кимдир-бирөөнү бактылуу кылууга кудурети жеткен адамдар өтө эле көп, бирок андай адамдар өтө эле аз.
  • Жүрөгүңдөгү жаман ойлорду кууп чык да, оорунун келишине жол бербе, анткени жаштык менен ден-соолук түбөлүктүү эмес. Жаман нерселерди ойлоп башың менен жүрөгүңдү булгап не кереги бар? Жашоодо ансыз деле жагымсыз нерселер жетиштүү...
  • “Өтүп кеткен күндөр эмне үчүн азыркыдан жакшы? – деп сураба, анткени сен акылмандыгыңдан ушул суроону берип жатканың жок.” Ойлонуп олтура бербей, аракет кыл – кетирген кемчиликтерден жыйынтык чыгарып, абалыңды оңдо. Мурда кандай болгонунун сага эмне айырмасы бар? Учур менен жашап, келечегиңдин өткөн күндөн жакшы болушуна кам көр.
  • Жакыр болгуң келбесе, аз укта.
  • Өз оозуң эмес, башкалардын оозу – сени мактасын. Азыркы көпчүлүк адам өзүмдү өзүм мактабасам, мени ким билмек эле деп эсептейт. Бирок ушул туурабы?
  • Кемпай ачуусун тыя албайт, акылдуу адам кордоону да билбирбей, чыдап көтөрөт.
  • Өзүнүн сезимдерин башкара билүү – бул оор иш, бирок ал кийинчерээк эбегейсиз пайдасын берет.
  • Жакшы аял күйөөсүнүн жанында – жарык берет биликтей, жаман аял эринин жандүйнөсүн сыздаткан – жиликтеги чириктей.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз