Кыска, нуска икая: Тандоо жөнүндө

  • 05.12.2020
  • 3652

Келесоо жөнүндө

Келесоо келе жатса, ага жолдон жети акылман жолугуп калат.

Алардан келесоо минтип сурайт:

– Кандайча акылман адамсыздар! Мендей келесоого түшүндүрүп койгулачы, жашоонун мааниси эмнеде?

Бир акылман токтоп ага жашоонун маани-маңызын түшүндүрө баштады.

Алты акылман андан ары жолун улантты.

Жолдо эки келесоо калды...

Өз мүмкүнчүлүктөрүңүздү Сиздин билимиңизди баалабаган адамдарга корото бербеңиз, а келесоолор менен анын деңгээлине түшүп, бир нерсени талашуунун да кереги жок. Сөздү угар жерге айт, сууну сиңер жерге төк.

Тандоо тууралуу

Кожоюну кызматчысына жүз сом берип базардан балык алып келип кууруп беришин буйрук кылат.

Кызматчы кожоюндун айтканын аткарат, бирок байкабай бузулуп кеткен балык сатып алган экен. Сасып кеткен балыкты кууруп келип кожоюндун алдына койгондо, ал ачууланып кызматчысын жазаламакчы болот.

Ал кызматчысына мындай дейт:

– Бул балыкты азыр өзүң жейсиң, болбосо камчы менен жүз жолу балак алам, таяк жегиң келбесе жүз сомду ордуна коёсуң. Кана эмесе, үчөөнүн бирин тандап ал.

– Мен балыкты жейм, – дейт кызматчы.

Ал жей баштайт, бирок бир аз жеген соң жүрөгү айланып, окшуй баштайт.

– Жей албайт экенмин, балак эле алыңыз, – дейт.

Элүүгө жакын камчы жегенде жону канталап, ооруга чыдабай калганда жалынат.

– Токтотуңуз, бай болгур! Акчаңызды төлөп берейин.

Бир иш кыларда жакшылап ойлонуп, жети өлчөп бир кес. Ойлонбой жасап алып, орто жолдон артка кайтпа. Ойлобой жасап, онтолоп ооруба.

Өнүгүп-өс, келесоолор менен сөз талашпа да, туура жолду тандоого үйрөн!

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз