Насыйкат: Топтолгон эл тууралуу учкул кептер

  • 21.12.2023
  • 4203

Жалгыз калуу – күчтүүнү четке сүрүп чыгаруу. Алсыздар дайыма топтолгон элдин арасына жүткүнүшөт.
Жан Поль

Ким азыр топтолгон элдин мурутунда болсо, кийин ал ошол элдин тилине чырмалып, андан соң тишине чайналат.
Станицлав Ежи Лец (1909-1966), поляк жазуучусу

Диктаторду бийликке жаалданган эл алып келет, кийин топтолгон эл бийликтен алып түшөт.
Аркадий Давидович (1930-жылы туулган), жазуучу

- Ар дайым топтолгон эл тарабында бол.

- А эгер эки тараптуу топтолгон эл болсочу?

- Анда кимиси көп болсо, ошол жакка өтө кач да, болушунча кыйкыр.
Чарлз Диккенс (1812-1870), англис жазуучусу

Топтолгон элде баш көп болот да, мээ аз болот.
Томас Фаулер

Эгер жүз адам топтолсо, демек баштын саны жүзгө көбөйдү, ал эми акыл жүз эсеге азайды деген эле кеп.
Антонио Поркья

Бир адамды алдагандан көрө, топтолгон миң адамды малдай кылып, алдыга салып айдап алган алда канча оңой.
Кароль Бунш

Топтолгон элдин бардык кылык-жоруктары кокустук деп бааланат да, кийин күнөө деп табылып, бир адамдын башына жүктөлөт.
Тацит

Топтолгон эл эрежесиз эр уруштун адамдары сыяктуу: түштө ким курсагымды тойгузса, кечинде анын каршылаштары менен эчтекеге карабай мушташам.
Сенека

Жүрөгүңдү тыңшап жашагың келбесе, топтолгон элдин кол чабуусуна маашырланып жаша.
Е. Лец

Топтолгон эл сени колдогонун да, жектегенин да бирдей кабыл ал: экөө тең убактынча. Ошон үчүн буга сүйүнүштүн да, кайгыруунун да кереги жок.
Публилий Сир

Эл топтолгондо селдей каптап, кийин убагында токтотпосо, малга айланып кетиши мүмкүн.
Франц Грильпарцер

Топтолгон элдин санына карап, чыныгы эл башчылардын азайганын билсе болот.
Френк Херберт

Жашоо – кубанычтын булагы. Бирок топтошкон эл менен чогуу ичкен булак ылайланган, кир суу экенин унутпа. Ошого таза булактан суу ичем десең, өз акылыңды өзүң башкара бил.
Фридрих Ницше

Топтолгон элди акыл менен, күч менен басуу өтө кыйын. Ага караганда куру убадалар менен ээрчитип алуу алда канча жеңил.
Бернард Вербер

Элди топтосоң жалаң фанаттардан, анан билимсиздерден топто. Кийин артындан ээрчитип же алдыга салып айдап алганга жеңил болот.
Адольф Гитлер

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз