Чжуан-цзы: Өлүм жазасына тартылган адамга кайгырган Бо Гу

  • 13.10.2020
  • 4096

Лао Дандын колунда окуган Бо Гу бир күнү саякаттап келүү үчүн устатынан уруксат сурайт.

– Мунуңду кой, – деди Лао Дан. – Төгөрөктүн төрт бурчунда баары эле бир.

Бирок Бо Гу өзүнүкүн бербеди, ошондо Лао Дан сурады андан:

– Саякатыңды төгөрөктүн кайсы бурчунан баштагың бар?

– Ци падышачылыгынан, – дейт Бо Гу.

Бо Гу Циге келип, жазага тартылган адамдын жасатын көрөт да, аны жаткырып, үстүнө кепин жабат. Жоктоп ыйлап, көк теңирге даттанат:

«О, бечарам-ой! Бечарам! Жер бетин эбегейсиз күйүт басты. Сен анын биринчи курмандыгысың. «Каракчы болбо, киши өлтүрбө» дешет. Бирок атак-даңк менен шерменделик орногон күндөн бери жаманчылык басты. Буюм-тайым, көроокат соодасы чыккандан бери соттошуулар бүтпөс болду. Азыркылар токуган мыйзамдар жамандыктын артынан жамандык алып келген соттошууларга айланды. Адамдарды жетер жерине жеткиришти, алардын бир сааттык да тынымы жок тытынган күн келди. Мындай шордон арылтар күнүң барбы бизге?

Илгерки өлкө башчылар бардык жакшылык үчүн элди алкап, бардык жамандык үчүн өздөрүн каргачу экен. Алар адашууну элден көрбөй, өздөрүнөн издеп, өздөрүн айыпташчу экен. Агер кокус, бир адам өлүмгө кабылса, кызматын таштап, күнөөнү өз мойнуна алчу экен.

Азыр кайдан. Азыркы башчылар өз айыбын ачабы? Жок! Айыпты баамдабастарды аңкоо деп санашат. Алар аткарылбас буйруктарды берип, ким аны аткара албаса, жазасын беришет. Алар эң оор милдеттерди тагып, ким аны аткара албаса, көргүлүктү гана көрсөтүшөт. Ким-бирөөнү жер түбүнө жумшашат да, анысы кечигип келсе, жемелеп жеп коюшат. Адамдар буйрукту аткаруу колунан келбесин билген үчүн; жок шылтоону тапкан анткорго айланышат.

Агер эл башчысы күндөн күнгө эки жүздүүгө айланса, анын кол алдындагылар кантип анан эки жүздүүгө айланбайт? Күчү жетпеген адам – анткорго; билими жетпегени – калпычыга; дарамети жетпегени – жакалашууга жеткени ошол. Анан ууру-кескиликти күнөөлөбөй коёт белек?» – деп сыздаган экен.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз