Икая: Эң негизги маселе

  • 16.10.2020
  • 3542

Ал күнү сүйлөшүп алышкансып Устатына окуучулары бир эле суроо берип жатышты: “Айтыңызчы, биз өлгөндөн кийин эмне болот?”

Устат жылмайып койду, бирок жооп берген жок.

Окуучуларынын бири андан бир аз убакыттан кийин аны менен жалгыз калганда ал эмне үчүн окуучулардын суроосуна жооп бербей койгонуна кызыкты.

– Сен байкадыңбы, аркы дүйнөдөгү жашоо тууралуу бул дүйнөдө эмне кылышты билбей жүргөндөр кызыгышат. Аларга түбөлүккө созулган дагы бир өмүр керек.

– А негизи өлгөндөн кийин жашоо барбы же жокпу?

– Өлүмгө чейин жашоо болгонбу, маселе мына ошондо, – дептир устат...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Комментарий калтырыңыз