Көркөм туюнтмадагы кенедей чекиттин оор жүгү

Кубатбек Жусубалиевдин (Кердегейдин) каламынан чыккан эмгектер сейрек, бирок алар сөзсүз түрдө унутулгус ойлорго чакырат. Жазуучунун “Гимн” деген аңгемеси да коммунизм доорундагы тентек желаргыга окшойт.

Аты эле айтып тургандай “Гимн” шаңдуу ыр, салтанаттарда жаңырчу музыкалык чыгарма. Жетимиш жылдан ашуун СССР деген эңгезер өлкөнүн мектептеги чакан иш-чараларынан тарта бардык жерде кылым турса кыйшайгыс коммунисттик империянын гимни жаңырып турчу.

А бирок маалы келсе Карфаген деле урайт дегендей, убакты-сааты жеткен экен мындан отуз жыл илгери коммунисттик империя “күп” этип кулап түштү, чаңдын арасынан мурдагы он беш союздук республика өз алдынча эгемен өлкөлөр болуп чыга келишти. Ар биринин өзүнчө гимни, туусу, борбору, тили, дагы башка жөрөлгө-шааниси менен күн көрүп келатышат.

Кубатбек Жусубалиевдин аңгемеси гимн тууралуу саясий максатты көздөгөн чыгарма деле эмес. А бирок ыраматылык социалисттик реализм эрежесине караманча каршы келген чыгарма кайыбынан болуп 1980-жылы “Мугалимдер газетасына” чыгып кеткен. Гезит редактору Жунай Мавляновдун коомдук кадыр-баркынан чочулаган адабият идеологдору ал кезде чыгармага катылышкан эмес. Болбосо авторуна идеялык айып тагып, советтик турмушту бузуп жатат деп айгай салып чыгышмак.

Бороондуу күндо буюккан кемпирдин тагдырын жазган автор советтик турмушту бурмалаган, кантип эле советтик адам буюгуп калсын, совет элинин барар жолу белгилүү – коммунизм деп ала бакан көк союлун көтөрүп чыккандар болбодубу.

Аман Саспаевдин “Сарала ит” аңгемеси да ошондой тагдырга туш келген. Андай мисалдар кыргыз совет адабиятынын бир кылымга жетпеген тарыхында толтура болду. Иши кылып, К. Жусубалиевдин аңгемеси идеялык айыпка жыгылбады. А бирок жазуучунун “Муздак дубалдар” романы чыга элек жатып идеялык айыпка жыгылып, эчен жыл катылып жатты. “Гимндин” тагдырын бул жагынан алганда бактылуу деп койсо болот.

Тоонун бооруна коммунисттик ураан жазышмак болуп, анын илеп белгисине коюлчу чоң акташты бийик боорго жеткириш мектеп окуучулары үчүн тозок жумушка айланат. Кыйналып-кысталып көптөп ташты жеткирчү жерине жеткирип, даярдап койгон чуңкуруна коёлу дешкенде таш дөңгөлөнүп ылдый качат. Окуучулардын бири айткандай, “ушул аппак томолок таш бизге Үч-Коргондон көрсөттү”. Андай тойду айылдын балдары канча күндөн бери көрүп жатышат. Ураандын болгон тамгалары ордунда тизилип, жайгашылган, аларды гезит менен жаап, майда таштар менен бастырып коюшкан, ураан гимн ырдалып, мектеп алдындагы салтанаттуу жыйындан кийин ачылыш керек.

Алыстан “Коммунизмге карай алга баралы!” бажырайып көрүнүп турушу керек. Сүйүү, эркиндик, эмгек, КПССке даңк, Жолуңар шыдыр болсун!

Адыр бети өзүнчө эле саясий ураандардын бурчу. Жалаң эле адыр эмес айылдагы үйлөрдүн сарайлардын дубалдарына да ураандар жазылган. Бул жерден жакшы көрүнбөй жатпайбы.

Ошол ураан жазылчу дубалды жакшылап актап, анан көбүнесе кызыл боёк менен келиштире жазылган ураандар ар бир айылда, атүгүл кишилер батпаган шаарларда жайнап турчу. Балдарга баш-көз болчу агайы түндө кичине “пырпырап” алган экен, азыр уктап жатат.

“Мейлиңиз” дедик. Эмне дейли? “Пырпырабаңыз” дейлиби? “Мейлиңиз” дейбиз. Ушу киши райондон келген кишилерден уялабы же мектептен көчүрүп тынышат деп коркобу, көркоо чыккан жак дубалды (Көркоо дегеним күн). Мындан быякка дагы ушинтип айтсам, айып этпегиле, коркпогула. Биздин Чоң энебиз күндү ушинтип атайт) бизге бир нече жолу шыбатты. Ойноп, үй куруп эшикте жүрүшкөндө бир шыбатты. Баары бир, тешип чыгышат же көзөп киришет. Анан жөн койду. А бизге кайра жакшы. Алар болбосо эмдигиче эриккенден өлүп калат элек. Чын да! Эригип өлүп калабыз. Биз окуган класс ошол дубал жакта".

Окуучулардын эрмеги дубалдын кычыктарынан өтүп кеткен күндүн нурлары. Бир чети жакшы, муздак дубалды жылытып, балдардын суз дүйнөсүнө жарык киргизип көңүлүн ачып иет.

Кечээ чырайлуу болсун деп томолок аппак ташты сайдын жанынан тоо башына томолотуп чыгышкан. Кудум Сизифтин зыл ташындай, анысы токто деген жерде токтосо гана. Баарысы бир тең, ушу чырайлуу таштын азабы бир тең болду.

“Баарынан чоң, баарынан чырайлуу (чырайын чылап ичесиңби десеңер), баарынан ачык, даана кылып жазабыз деген урааныбыз ошол. Азырынча үстүн гезиттер менен жаап, таш менен бастырып койгонбуз. Болбосо шамал учуруп кетет. Бүткөндө ачабыз. Жок! Азырынча ачпайбыз! Жазып бүткөнүн бүткөнбүз. Бирок, дагы бар... Ушуну алпарсак эле бүтөт. Кечээ кызмат кылар жерине жеткирип (кызматы чекит болуш), эми бышыктап коюп жатканыбызда жаны бар немедей түзгө кулап кирип кеткен, мурдагы күнү болсо, жакын калганыбызда бир нерседен бир нерсе болуп эле колубуздан кантип качырып жибергенибизди өзүбүз билбей калдык! Мурдагы күндүн аркы күнү болсо, чокунун жарымына алып барганыбызда түн жетип келип, калтырдык да үйлөргө кеттик. Кайра эртеси келсек, баягы караңгы кирип кеткен жердеги ордунда жок! Карасак, дагы түздө жатат! Түздөн таптык. Мурдагы күндүн аркы күнүнүн аркы күнү болсо, чокуга жеткенде качырып жиберип, аз жерден ошол тапта үстү ачык машинанын ичи менен жык, маңдай-тескей тизилише отуруп алышып, ырдап жолдо өтүп баратышкан аялдарды аш-айран кыла жаздадык (аппак томолок таш машинанын үстүнөн так түйүлүп секирип өткөндө аялдардын ыры суу куйгандай лып басыла түштү). Аялдардын оозунан ак ит кирип, сары ит чыгып атат дейсиң, а биз болсо, шопурдун рулга жата калып качып өткөнүн көрүп өлүп калдык. Өлөсүң да....

Жаамы совет элин коммунизмге үндөгөн ураандын чекитин тоого алып чыгыш тозоктун тозок жумушуна айланды.

Байкуш социализм жетимиш жыл ашуун апакай ташты алып чыгып, тоолуктарга коммунизм эмне экенин көрсөтөм деп жүрүп картайганын деле билбей калды окшойт. Балдарга эмне сабактан бошоп, ураандын акыркы чекитин коюш үчүн күндө тоого таш томолотуп, бийикке чыгышы керек.

Бийиктен баары көрүнөт. Байкуш балдар жалаң ураан таш тоголотпой сакман, чөп чабык, пахта терим, чарбанын болгон жумуштарынын баарына жардам кылат. Жок дей албайт. Коммунизмге барчу жолдогу бекер жумушчу күч, эч кимге арызын айтпайт, чыгар десе чыгарышат. “Биз да жайында, жазында, күзүндө колхозго иштейбиз. Жардам беребиз. Бүкүр табилчибиз бар. Бизди атасынан калгансып алдына салып айдап алат”.

Колхоздун иши бүтмөк беле? Балдарга эмне айткан жумушун кылып, ошол жерде да өздөрүнө эрмек таап, чегиртке урушутуруп, кыйналганын, күнгө күйгөнүн билбей иштеп, чөмөлө жасап, окуучулук күндөрүн оор жумушка алмаштырып алышканы деле капарына кирбей ойноп жүрө беришет. Аларга боор ылдый учуп бараткан таштын ачык машине үстүнөн өткөндо шопурдун рулга өбөктөп жата калганы кызык, ошого каткырып, канча киши бейчеки өлүмдөн калганы капарына келбей, шопурга күлүп атышат. А бирок, баары тажашты.

Балдар качаак ташты опузалаганга киришти. Эми качсаң өлтүрөбүз дешсе да тиги тултуюп унчукпайт. Бул бечара таш суунун боюнда жаткан салкын жеринен тоо бооруна алып чыгып, элдин баары көрчү бийикке коюп коюшарына капа болуп калган окшойт. Байкуш балдар бул ташты жетер жерине жеткирип, бекем жайлаштыргыча оозу менен тиштеп, канатына салып учпады. Башканын баарын жасашты. Бекеринен уктап аткан агайы буларды “пок мээлер” дебейт. “Пок мээлер” болбосо бир айласын табышат эле. Агайыныкы жыргал. Чөпкө чыкса да, пахта талаасында да уктай турган жер таап алып уктай берет. Азыр да кечээки “пырпырактан” кийин уктап жатат.

Ушундай бир түстүү турмуштун жаркын бир барагы бар. Ал Дүдү. Байкуш кыз сайга суу алганы келгенде челегине аттын кыгын салып ийип канча ыйлатты. Бир жолу апасы кармап алып “поктуу таяк” менен токмоктоп саларда эптеп качып кутулган.

Ошол Дүдү булардын чикит чапмайын көргөнү келиптир, кыздардын арасында туру. Бул байкуштун болсо куудураган шымынын арты жыртылып, эти көрүнүп жалаңдап жүргөн. Анысын колу менен кармап, жыртыгын көрсөтпөйүн деп кара терге түштү. Жакшы эле ойногусу келет, бирок көчүгү жыртык, ырылдап шамал кирет.

Ошол Дүдү менен бир гана жолу мектептеги хордо гимн ырдап жатканда артка туруп калып кол кармашып туруп алышты. Болду ошондон кийин кол кармашпады.

Ошол Дүдүнүн апасы бул асманды карап, абага кат жазып келатса кармап алып, а бу куркут адатынча качайын десе колун коё бербей буркураса жанынан киши туралбайт.

Сени үйдөн көрсөм үйдөн, талаадан көрсөм талаадан дыргаяктатып кубалап, каргачу элем, мен куруюн дейт. Сени көрсөм Дүдүнү көргөндөй болуп калам, кудайдын мөөрү бар кыз элең, бизди мынабу уулум Ыбыш экөөбүздү не деген жайга таштап кеттиң деп боздосо, жанына киши туралбайт.

Эки тоок берип Дүдүнүн сүрөтүн чоңойтуп дубалга илип коюптур, келип көрүп кет дейт.

“Эми оо дүйнөгө барганда кошулуп ал, унутпа десе, “болуптур” дептирмин. Өзүм уялып кеттим. Кечээ дагы ошону эстедим. Бүгүн да ошону эстеп атам. Эртең да ошону эстейм. Бүрсүгүнү да ошону эстейм. Бир эле мерте колунан кармагам”.

Гимн ырдалып атканда бир жолу колун кармаган, Дүдү да колун тартып алган эмес. Кемпирдин жалгыз уулунан калган туякты, асманды карап, ойду карап, тоону карап, өзү менен өзү жашаган кыялкеч баланы ал деле ичинен жактыргандыр. Кышында кар малтап өөнгө түшүп, эки чакасына мелт-калт суу толтуруп келатса мунусу аттын тезегин салып ийип суусун булгап салса ыйлап алып кайра суу көтөрүп келгенин, жайдын ысыгында жолдун эки четин аймап келаткан өгүз үстүндө келатканда мунуң партан жалбырактар арасында күтүп отурганын, чикит ойноп атканда жыртык шымын бекем кармап чуркаганын, кара терге түшкөнүн ал деле эстегендир.

Дүдү жок, бул болсо бийик боорго эң чырайлуу аппак ташты алып чыгып, ураандын соңку чекитин коюш үчүн ит азапты тартып балдар менен жаналакет түшүп атышат. Бирок алардын эмгеги талаага кетип, азап менен алып чыккан чекит ташы даяр орунга токтобой койду. Жол ортосунан же жеткен жеринен төмөнгө томолонуп кетет. Балдар да тажашты, таш да чарчады. Тоонун боору жалаң ураандарга толуп калган эле. Балдар аны бир четтен окуп киришти. Көбүнүн өңү өчүп, тамгалары жакшы окулбай калган. Жыл сайын алардын жанындагы чөптөрдү оруп, таштарды боёп турушу керек. Агайы болсо уктап атат.

Тоодон суук шамал сокту, ак мөңгүлүү аскаларды жамгыр шаштырып жатат. Эми ал булар турган жерге келет. Балдардын бирөө агайды “жамгыр ойготот” дейт. Кечээ кичине “пырпырап” коюшкан экен, ошондон жаны жер тартып уктап жатат. Окуучуларга иш, агайына уйку, балдар ураанды таштап төмөн түшүп келатышты.

Кердегей жазган “Гимндин” кыскача мазмуну ушундай. Айылдык турмуштун суу кошулбаган чындыгы.

Азыр айыл таптакыр башкача. Адыр-боорлорго дагы деле көрнөк-жарнактар жазылат. Коммунизм ураандары гана кейипкер Дүдүнүн артынан биротоло кетти...

Бекташ ШАМШИЕВ, адабиятчы

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз