Конфуций: Көңүлүңө жаккан ишти тандасаң, өмүрүңдө бир күн да иштебейсиң

  • 18.02.2021
  • 4588

Күнүмдүк жашообузда турмуштун ар кандай кырдаалдарында кайдыгер болбой, чалынып-жыгылбай алдыга умтулууга шыктандырган акылман ойлор

  • Эгерде жан-дүйнөңүздө гүлдөп турган бутак болсо,  анда ал бутакка сөзсүз сайроочу куш келип конот.
    Жапан макалы
  • Эгерде күндү көрбөй калсаң ыйлаба – ыйлап жатып, көз жашыңдын айынан жылдыздарды да көрө албай каласың.
    Рабиндранат Тагор
  • Эгерде жашооңду өзүң өзгөртө албасаң, анда сага эч ким жардам бере албайт.
    Гиппократ
  • Жашоонун ар бир күнүн акыркы күн келгендей жашап, эч качан болбогон нерселерге күйүп-бышпай, эч качан кайдыгер болбой, эч качан анткорлонбой жүрө билүү – мына ушул мүнөздүн эң мыктысы. Биздин жашообуз – бул, биздин оюбуз аркылуу жаралган нерселер.
    Марк Аврелий
  • Көңүлүңө жаккан ишти тандап алсаң, өмүрүңдө бир күн да иштебейсиң.
    Конфуций
  • Ким күн бою аары сыяктуу тыным албаса, букадай күчтүү болсо, аттай болуп иштесе, кечинде үйүнө иттей чарчап келсе, андай адам мал доктурга барып көрүнүшү керек – ал эшек болушу толук ыктымал.
    Чанг Инг Ю
  • Жашоо – велосипед тепкендей. Жыгылып калбаш үчүн кыймылдашың керек.
    Альберт Эйнштейн
  • Жашооңордо болгон өзгөрүүлөргө каршы болбогула. Жашоо өз нугу менен өтө берсин. Ал жашооңузду караманча тетир бурат деп тынчсызданбаңыз. Көнүп калган жашооңуз, келе жаткан жашооңуздан жакшы экенин кайдан билесиз.
    Жалаледдин Руми
  • Жашоонун сулуулугуна аяр сал. Жылдыздарга байкоо жүргүзсөң, алар менен кошо учуп бара жатканыңды сезесиң.
    Марк Аврелий

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз