Султан Раев: Пусу

  • 19.02.2021
  • 3480

АҢГЕМЕ

Пусу көрдүн шаардан келгенден бери оозу жыйылбай калды.

...Башына чач бүтүп, ээгине сакал чыккандан бери мынчалык чоң шаарды көрбөгөндүгүнөнбү, же шаар ошончолук эле кебине кут түшүрүп, узун сөз кылууга таасир бердиби. Айтор, оозунан чыккан эки сөздүн бири «шаарда мындай экен, шаарда андай экен...» Көчөдө көргөндөргө да кызык кебин орток тутуп, көргөн-билгенин чыпчыргасына дейре койбой бакылдап кирет. Элдин баары анын сөзүнө куштарланып жаткансып, айтканы айткан. Эмнени гана кепке тутпады дейсиң. Эки көзү көргөндүн баары эле ал үчүн бүтпөс икая.

Мүйүзү бар автобустан (ал троллейбуска тили келбей ушинтип атап алган) тартып жер астындагы ажатканаларга чейин, жада калса кыска көйнөк кийген аялдарды да кепке тутту. Үйүнө бирөө баш багып калса болду, кулакка куймактай куюлган баягысын кайрадан баштап кирет. «Жаагыңды жап кыласыңбы, же жокпу?»— деп зекий айткан катыны Зыйнаттын кебин эшитсе да эшитмексен. Кур дегенде шаарга ошончолук эле аңыз кылчу түзүк иш менен барса не? Анда да жөндүү болмок. «Окууга өтүп, сот болмокчумун»,— деп жети жылдан бери шаарда иштеп жаткан кызы Перигүлдүн айынан барган.

«Сот болмоктон олуя болсоң да, кыштакка кел. Жашың да өтүп кетти. Сендей кыздар үй-жай кармап, эки-үчтөн балалуу болушту. Жетишет. Сен сот болгучаң, соттолчу адамдар калбай калат. Ошончо жүрдүң, көк беттенип, шунуңа шүгүр. Кайт эми. Сага ылайык күйөөнү да болжоп койдум»,— деп да бир жолу кат жазган. Бу каты көк муштумдай көгөргөн кызына кымындай таасир тийгизбестигин сезсе да, кур үмүткө алдырып жазган эле. Чынеле ал сезгендей болду. «Окууга илээшмейин, үйгө барбаймын»,— деп кызынан жооп да келген.

Күндөрдүн бир күнүндө Перигүлдөн келген куш тилиндей кат Пусу көрдүн да, катыны Зыйнаттын да эсин оодарды. Мына сага, бир балээ эртели-кеч болмок эле, болгон экен. Пусу көр кызынан кат келгенде аны кайчы менен этияттап кыркып, үнүн бийик чыгара, сөздөрдү муун-муунга бөлүп, эжелеп окуп кире турган. Бу сапар да эч нерседен бейкапар катты ачып, кагаз бетине жазылган сөздөрдү окуй баштады, «Саламатсызбы, сүйүктүү ата!» — деп үнүн бийик чыгара, катыны Зыйнат уксун деген ишааратта сөзгө басым коё окуду. Ал бул сөздү үн чыгара окуган соң адатынча токтой калып, «менин кызым да, айланайыным, апасынан мурда мени атаганын көрсөң» деп өзүнөн-өзү корстон тартып, маашырлана түштү.

Чынында кызы шаарга кеткенден бери минтип бир кат жаза элек. Ал бул сөздү өз оюнан кошуп айтаар эле. Болгондо да өзүн биринчи атай турган. Муну эшиткенде Зыйнат денесине ийне сайгандай туйтуңдап, «үйгө келсин өлүгүңө отурайын, селсаяк. Он ай бою көтөрүп омурткамды сыздатсам ушубу оозунан чыккан дубасы! «Саламатсызбы, сүйүктүү ата!» — дегенин көрбөйсүңбү, көр атасы төрөгөнсүп. Үйгө бир келсин. Катка биринчи кимди жазарды үйрөтүп коёюн»,— деп кадимкидей опурулуп кирчү.

Каттын бул жерине келгенде Пусунун көр көзү умачтай ачыла түшкөнсүдү. Сөз кырааты бузулуп, эси эңги-деңги түшүп, оозуна сөз келбей, селейип калды. Күйөөсүнүн кабак-башы, үн кырааты өзгөрүлө түшкөнүн баамдай койгон Зыйнат бөйрөгүн таяна сөз ыргытты:

- Ии, эмне үнүң чыкпай калды? Күйөөгө чыгыппы? Же, окууга өтүпбү?— Пусунун соо көзүнүн карасы бүртүйгөн тыякка бир, быякка бир жүгүрүп, чарасынан чыгып кетчүдөй туюлду. — Тилден калдыңбы?— Аялы дагы ормоё карады.

- Шерменде,— деди Пусу муруттарын кыймылдата сүйлөп — Өлүпбүз.

- Өлүппүз?— Аялы бул сөздү кайталады. — Дагы эмнени баштап жибериптир?

- Төрөп салыптыр!— Пусу селейген калыбында ачуу үн катты.

- Төрөп салыптыр дейсиңби?— Аялынын оозу аңырая түштү. - А, кимден экен? Жазыппы?

- Кимден экенин кайдан билейин,— чорт жооп берди Пусу. - Бирөөнүкүдүр да. Катта жазбаптыр.

- О-уу! Шерменде. Ушуну кылмак эле, өлүңдү көрөйүн, бетпак. Элге кантип карайбыз эми. Бетим.

- Мен аны!— Пусу көр дагы ачуу кыйкырды. — Түбүнө жетемин! Аныбы? Аны... — Түкүрүгү оозунан атып, тиштери кычырап кетти. Пусунун жини чукул, а-бу дебей топчудай мурдунун учуна чыга түшөт. Азыр да итатайы кармады. Эгерде Перигүл пешенесинде турганда, жаза-буза чабуудан да кайра тартмак эмес.

Ачуусу бетине чыккан Пусу көр дубал боорундагы Перигүлдүн күлө багып турган чоң сүрөтүн жерге чапты.

- Кечтим сендей кызды, эл караткан жүзүмдү жер караттың? Не алыңа ырсаясың, ушубу кылганың?

- Сенин тарбияң бу. — Аялы Пусунун үстүнөн сөзүн ойнотту.

- Кызыңа кийлигише калсам, болуша кетчү элең. Чаң жугузбай жүргөн кызың, сызга отургуздубу? Ырас болуптур. Кыз кишини эркек кайдан тарбиялап алмак эле. Сага канча айтам?— Мындайда сөзгө жантыгынан жата калган аялы тим турабы, кызыл тилин жанып саймедиреп кетти.

Кепке ындыны өчө түшкөн Пусу аялына лам дебей, өзүнөн өзү жинденип жатты:

- Дагы, абат иш жасап койгонсуп. Кудум Манасты төрөп салгандай, алып кеткиле, кыйналып жатам дегенин көрбөйсүңбү. И-ии, алып кетем. Алып кетет имишмин. Көрсөтөм сага көргүлүктү!

Бу күнү Пусу көр да, Зыйнат да кызынын бул абалга кабылып жатышына бири-бирин күнөөкөр сезбеди, «сен антчилең, сен минтчилең, мына эми» деп экөөнүн тең сөзгө жыгылгысы келбеди. Акыры болору болду дештиби, ошо күндүн таңы менен Пусу көр шаарга жөнөп кете берген.

Мына эми шаардан көргөн-билгенин азыр да оозго алып, үйдүн ортосундагы жыгач отургучта, коңшулары Саламат Пашаканга сөзү түгөнбөй төгүлүп жатат.

- Шаар дегениң бир тири укмуш турбайбы. Пай-пай... Ошончо үй курган өкмөткө ыракмат!— Пусу көр каадалы сөз баштады. — Үйлөрү бир бийик дейсиң шокшойгон, карасаң калпагың башыңдан түшөт. Тим элеби, көрсөң барбы, таң каласың.

- Шаарды коюп, кызың тууралу айтчы,— Пашакан демитти,— кимден экен неберең?

- А, таң? Өзү да жөндөп айткан жок, кызың түшкүр. Жаштык кылган экен да.

Кызы жашаган жатаканадагы кыздарды көрүп, Пусу: «О күнүң түшкүр ушунча кызга күйөө кайдан чыксын. Буларды экиден алсаң да түгөнбөйт. Минтип турса, бу жерде аялдар быкпырдай кайнап кетет ко. О, күнүң түшкүр, эркектердин күнү не болот дейм»,— деп ой тооруган. Бу сөзүн Саламат менен Пашаканга айткысы келбеди. Пусу алардын беш-алтыдан кызы бар экендигин, бир да уулу жоктугун жакшы билет.

- Шерменде,— экөө тең бетин кармады,— уят качты бу кыздардан.

- Кээ аялдар,— деди Пусу көр, үй жыйыштырып жүргөн аялы бу кепти укпасын дегендей кылып,— төрөп коюп, албай кетип калышат экен. Андайлар да бар имиш. Өкүмөткө ыракмат, андай балдарды апасыз калтырбай багып алат имиш. Кызым антпептир. Өзү менен алып чыгып, жети айча эмчекте кармаптыр. Ошонусуна сүйүндүк. Бул да кудайымдын пендеси да,— деп чукуранган баланы Пусу көр чоп өөп койду. — Мына бул эле даңгесе катын, кудайдын берген таберигин «нокатек бала» деп жактырбай жүрөт. Жактырбаса, жактырбасын. Өзүм чоңойтом. Кызымдын баласы да.

Пусу көр бу экөө тең кызын кепке алып, кейип кире электе сөздүн нугун башкага бургусу келди. Кызы канчалык жаман иш кылбасын, эл оозунда ал тууралуу жаман сөз айтылбасын ага баары бир. Укканда не? Өз баласын кечип жиберет беле. Жаштыкта ката кетириптир. Кызынын айтымында ал бирөөнү сүйүп калган имиш, анын жылуу сөзүнө ишенчү экен. Мындай болорун алдын-ала кайдан болжосун. Турмушта жаңылбаган адам барбы. Ката кетирди. Күнөөсүн сезди. Чекилигин билди. Пусу да кызына жолуккан күнү бу иштин баарын билгиси келген. «Ата,— деди кызы,— мени күнөөлөбөчү. Сиздин алдыңызда актана албайм. Муну да өз бактыма таштаган кадамым деп ойлодум эле. Тилекке каршы, андай болбоду. Жылуу кепке гана азгырылып жүрүпмүн. Бу катам бош кеткен жок, турмушту үйрөтүп кетти».

Пусу кызынын чоң адамдай сүйлөгөн сөзүн эшитип жатып, башка бир ойго сүңгүп кеткен. «Аа,— деген ал ичинде. — Баягы эмес кызым, сөздөрү оор го. Оор экен. Жаш кезиндеги акылсыз сөзүңдүн бири жок. Же турмуш ушундайбы. Билбейм, кызым, мунуңа мээм жетпей турат. Же болбосо жанагы сүйүү деген немең ушундайбы, аны да билбейм, балам. Сүйүүңөр татаалдашып баратат. «Турмушту үйрөтүп кетти»— дедиң, мунуң жөндүү, кызым. Турмушту үйрөн». Бу сөздөрүн Пусу өзүнө-өзү айтып, сыртына чыгарган эмес.

- Шаарда аялдар укмуш көп экеи,— деди Пусу экөөнүн кеп кыраатын башкага бурмакка. — Баары супсулуу. Өңдөрү аппак. Карап эле тургуң келет. Мына бул силер бетиңерге эки эли бетмай сүйкөсөңөр да ошолорчолук агарбайсыңар. Ха-ха-ха...— Пусу кемтик тишин көрсөтүп күлүп жиберди.

- Силерди көрүп туруп, аттиң, дейбиз, кысталак. Кайдан да башыбыз айланып,— Пусу бакылдап жатканда тиги үйдөгү Зыйнаттын кулагы чалып калдыбы, идиш-аягын катуу калдыратты эле, ал сөзүнүн быягын аялдардын кулагына жакын айтты,— карала-торала болгон ушу силерге үйлөндүк экен. Убал эле болуптур бизге, атаңкөрү. — Пусу соо көзүн ойноктотуп, тамашага чалды. Экөө тең бу сөзгө бырс күлүп жиберишти. Бу эки аял күлсө барбы, кулагың тунуп чыгат. Айрыкча ооздоруна тиш салдыргандан бери эки курбунун күлкүсү аба жарат.

«Шаар көргөн эчкиден түңүл»,— дейт Пашакан кол жаңсай үн катты. — Шаарды бир көрүп алып, ниетиң бузула баштаган го, сен жамандын. Бу сөзүңдү Зыйнат укса, териңди тескери сыйырбасын!

- Тескери сыйырчу тери деле калбай калды бизде. Кызганбай эле койгула. Бизди ким карасын, карагыдай баягы курак болсо не?

- «Баягы курак»,— деп коет. Тим эле биз ошондо көрбөй жүргөнсүп. Ай менен күндөн төрөлгөнсүп. Ийне жуткандан бетер арбайып шишке саяр этиң жок эле го. «Баягы кез» деп койгонуна алемиң келет,— деди какшык аралаш Пашакан.

- О-уу, муну көр. Оолуксам он бештемин дегиси бар.— Какшык сөздү Саламат илип кетти.

Береги үйдөн Зыйнат чыгып келди.

- Дагы эмне деп мээңерди чагып жатат бу,— экөөнө карай кабак какты.

- Шаарда сулуу аялдар көп имиш дейт. Тыйсаң боло абышкаңды.

- Көп болсо кетсин ошолорго,— деди Зыйнат итиреңдеп.

- Кетет элем го, бир нерседен корком,— деди Пусу колундагы небересин таптап.

- И-и, эмнеден коркуп калдыңыз,— Саламат эрдин чүйрүдү.

- Мына буга,— Пусу аялын сөөмөй менен көрсөтүп,— алимент төлөгөндөн корком. Карыздан өйдө болбой калам го.

Аялдар баа деп күлүп жиберишти.

- Жаман алында мунун сөзү күч.

Алдагы ноокатек небереси менен,— Зыйнат сөздү чын кабыл алып, ороң этти. — Шаар, шаар деп калыптыр суусунунан өйдө сатып ичип, бир кумары таркап келсин. Муну кармаган адам жок.

- Суу демекчи,— деди Пашакан — Шаарда суу сатылат дейт ко?!

- Сатылбай анан,— Зыйнат өз көзү менен көргөндөй жооп берди. — Баары сатылат. Шаар сенин Кара-Сууң эмес.

- Суу эмес,— деди Пусу көр бир жолу гезиттен окуганын кеп оролуна салайын деген ниетте. — Жапанияда кадимки эле абаны сатат имиш. Таза, абаны сатышат дейт. Дагы бир сөз айтайынбы,— Пусу каадалуу сөз тапкансып, көзүн бир башкача ирмеп жиберди. — Мунусу өтө кызык.

- Айт, айтпа дегенге көнчү белең. Кудая тобо, ушу сенин эркек болуп калганыңа. Аял болсоң барбы? Оозуңдагы тилиң жерге чубалып калмак экен.

- Бу,— Пусу итиреңдей кетти бешенеси тырышып,— силерге айтса да жаман, айтпаса да жаман. Ушу дегениңерге дым этпей койсом. Анан... Жанагы зам-зам суусун берип да «күңк» эткен үн чыгара албай жүрбөгүлө.

- Тобо де!.. Жаман...— Сөздү кулагы чалып калган Зыйнат колун бөйрөккө алып. — Жанареки «жинди сууну» көрсөтүп койсом күрп болгон тооктой какылыктап жибербе. Айтчу сөзүңдү жөн айт... Эмесе...

- Катындын чоңун алсаң ушу да...— Пусу ордунан бүргөдөй секирип алды.

- Болду эми! Теңелбе аныңа! Бу сулууңду азыр көрсөң да. Сөзүңдү айтпайсыңбы.

- Ии...— Пусу унутуп калган немеден бетер чекесин тырмап, алдындагы небересин «чолп» эттире өөп сөзүн улады. — Шаардын бир көчөсүндө баратсам, эстелик тургузуп коюптур десеңер...

- Кимге экен?

- Кимге эле? Бир аялга да...

- Тургузса эмне экен? Ушу силерден эмнебиз кем. — Каадалана кетти Пашакан. — Туура кылышат.

- Аял болгондо да билесиңерби?

- Ии.:.— дешти аялдар.

- Жылаңач неме экен. Тим эле энеден туулгандай дырдай жылаңач экен...— Пусунун көзүн от жанып кетти.

- Тообаа,— деп жакасын кармады Пашакан.

- Бетим,— деп Зыйнат майланышкан бетин чымчыды.

- Бу эмнеси?— Саламат тим эле ал жерге өзүн тургузуп койгондой таң калды.

- А, ит билесиңби? Ал аял эстелик тургузгандай кайсы тоону омкоруп салды экен. Ушунусуна таңмын.

- Бетим,— дале Зыйнат бетин чымчыйт.

- Көчөдө өтүп бараткан бирөөдөн: «Эй, көз айнек бала, бу эмнеси? Уят ко»,— десем.

Көз айнек бала көзүндөгүсүн алып: «Аксакал бу деген — Пусунун тили ушу сөзгө келгенде чалыштап калды.— Түү! Тилимдин учунда эле турат. Эмне деди эле. Ай, атаң» гөрү! Таптым. «Ыс-кус-тво» дейт.

- Ү-үү,— оозун чормойтту Саламат. Ошо жылаңач неме «искусство» болуп калыптырбы?»

- Таң. — Желкесин куушурду Пусу. — Менден сурайсыңбы.

- Аял-паялды коюп, алдагы балаңды сыртка тосуп келчи. Чыкыроонуп калыптыр. Алдыңды көлдөй электе,— деди Зыйнат кабак-кашын бузуп, Пусуну кагып жиберди.

- Тосуп кой. Караңгы да кирип калды,— дешти береки экөө да.

Пусу көр сыртка чыкты. Каш карайып, түн кирип калыптыр. Ал небересин бакка көтөрүп барып, аласын ачты.

- Чышш-ш, уулум, чы-ш...— деди Пусу.

Бу саам ай балканактай көз жарган экен.

«Ай көрдүм, аман көрдүм»,— деп ичинен күңк этип. «Айдай бала көрдүм» деп быягын өз оюнан чыгарып улап койду.

Пусу небересинин жүзүнө айдын жарыгында карады.

- Мурдуң мага окшош экен. — Ичинен балага жибип кетти. — Таятаңды тартыпсың, уулум. Сени бөтөнсүрөбөйм. Таенеңе таарынба, ал ошондой адам. Азырынча ушинтип турсун. Бир-эки күндөн кийин сени боорунан түшүрбөйт,—  деди Пусу көр.

Бул сөздөр балага али түшүнүксүз.

- Чы-ш... Чы-ш...— деди таятасы небересин колунан «чоп» эттире өөп.

Бала туптунук саара кылып жатты...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз