Төкмө ырчылардын азилдери

  • 22.02.2021
  • 3623

«Айтыш» коомдук фонддун 20 жылдыгына карата

Саргашка Садык Шер-Ниязды "жоктогону"

Кези келгенде Садык Шер-Нияз өзү кошо актаңдай төкмөлөр менен айтыша калмай жайы бар. Бирок төкмө ырчылар кээде азил-чыны аралаш бири-бирин "өлтүрүп" коюп, кайра тирилтип алмайы оюна келбептир. Бир күнү эле Саргашка экөө айтышып атса, Саргашка:

"Оо-о дем берип турчу төрөбүз,
Сени эми кайдан көрөбүз?
Алтымыш төкмө артыңдан
Эми алыс барбай өлөбүз"
, – деп күйүттүү кошок төгүп атканына ишенип-ишенбеген Садык безге сайгандай секирет:

– Эй, сен мага кошок кошуп атасың го?! Эми сен да мага таарынба, мен да сага кошок төгөйүн, – деп жооп узатып турганы: 

"Кыйшайып күндө келчүле
Кызып ырдап берчүле.
Кашайып күндө келчүле
Кажып ырдап берчүле.
Кантейин эми Амантай,
Кайгырып сени жаш койдук.
Өлөрчө дагы ичипсиң
Өлгөндө дагы мас койдук.
Көрдөн чыгып кетет деп,
Көтөрүп келип таш койдук", – деп экөө бир-бирин "өлтүрүп", кайра "тирилтип" алган жайы бар...

Тукабыз арык беле, семиз беле?

Ыраматылык төкмө акыныбыз Тууганбай Абдиевдин саламаттыгы жакшы болбой жүрүп, врачтарга көрүнгөнү барат. Колу жеңил деген дарыгер Тукабызды кароодон өткөрөрү менен эле:

– Сизди союш керек, – дептир.

Аны уккан Тукабыз да жөн сүйлөйбү:

– Йе, кокуй... арык, семиз экениме карабай элеби? – деген экен.

Тозокко көнгөн Ашыке

Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев бир-бирине анекдот айтышмай болот. Улуусу эмеспи, кепти Ашыке баштайт:

– Биз тиги дүйнөгө барганда, "Аялың ким эле?" деген сурак болот экен.

– Ии... – дейт Тукабыз сөз "аңдып"...

– Эгер, "аялым татар болчу" десең, "аап, байкушум, сен тигил дүйнөдөн эле тозокту көрүп келген турбайсыңбы" дешип, мени дароо бейишке чыгарышат экен. (Ашыкенин байбичеси татар улутунан - ред.) А сен кантер экенсиң кургурум?.. – деп Ашыке мактанат.

Анда Тука:

– Анекдотуң жакшы экен. Бирок мындан башкачасын уккуң келеби? – дейт.

– Ал кандай экен? – Ашыке кулак түрөт кызыгып.

– Сенин аялың бир эмес, канчанчысы болуп кетти, Ашыке? Мен билгенден эле бери жагы жыйырмага жакын катын алдың. Күнөөң толтура эле болот ко... Ошондуктан сени тозоктон да ары кубалашат, – дейт.

Муну угуп Ашыке чочуйт:

– Эмнеге антет экен?!

Анда Тука:

– Сен бу дүйнөдөн эле тозоктун баарын көрбөдүңбү. Биз көрчү тозок, сага бейиш болушу мүмкүн. Анүчүн Кудай-Таала сага тозоктун тозогун көргөзөт, – деп шакирттеринин арасында арсылдап калышар эле...

Саргашканын бош чөнтөгү  

Амантай Кутманалиев колуна айлык тиери менен базарга барып, бирок алчусун ала албай кайра келип шылкыйып турса, Шекербек Адылов сурайт дейт:

– Базарда эмне кеп?

– Эмне кеп болмок эле! Баарынын эле баасын сурасаң – асмандын башы. Чөнтөктү карасаң – атаңдын башы... – деген экен.

Элмирбек чоңколордун тукуму

Амантай Кутманалиев кызуу болсо эле жатаканада жашаган Элмирбек Иманалиевдин эшигин тээп келе берчү экен. Бирок келген сайын Элмирбек үйүндө жок. Акыры бир күнү жолугушат. Амантай адатындай алагүү болуп келип:

- Келсем эле сени таппайм. Деги үйүңө токтойсуңбу?

- Ооба, өткөндө мен жокто келипсиң… - десе Амантай баштайт:

- Эмне жаныңды жейсиң? Малик (Аликеев) сени үйүндөле жүрөт деп айтпадыбы… - деп таза айласын кетиргенде, Элмирбек суроо узаткан экен:

- Элмирбек деген ат эмнеден башталат? Айтчы.

- Эл.

- Малик деген ат эмнеден башталат?

- Мал.

- Анан ошол малга ишенесиңби же элгеби?

- МАЛга да, ЭЛге да ишенбейм.

- Анан кимге ишенесиң?

- Өзүмө.

- А өзүңдүн атың эмнеден башталат?

- ???  

Амантайды ой басып, ичинен күбүрөнөт. Бир кыйладан кийин өзүнүн ысымы кандай башталары тил учуна келгенде: жарпы жазыла каткырган экен.

Топтоп жүргөн О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз