Бийликтен запкы жесең,
Бирөөгө арызданба -
Чаптырат барысканга,
Каптырат арыстанга.
* * *
Маңдайдын тери менен
Мал тапкан ээри менен.
Кер атчан атам эле
Келаткан шеринеден.
Сакалы, башы буурул
Салбырап башы мууну.
Атасы, атагы жок
Алдыңда турат уулуң.
Атадан жашы улуу
Алдыңда жашык уулуң...
* * *
Кечип баарын, кеткен биздин ырааттан,
Алтын кылкан кундуз менен бөрктөлгөн,
Жылдыздардан акыл жетпес ыраактан
Кээси төмөн боюн таштайт өрттөнгөн.
Билинбестен жашап бүтүп өмүрүн,
Жылдыздарын жыйнап көктүн бетинен,
Түн шашмалайт үзө басып өңүрүн,
Таң кылаят жердин чыгыш четинен.
Көшөгөдөн алгач чыккан келиндей,
Күн тоолордон чыгат уяң чачырап.
Назик, ийкем наристенин деминдей,
Турпатына өткөн түндү жашырат.
Айлана аппак, актай жаткан барактай,
Жалгыз дарак жалбыраксыз сороюп.
Бараткансыйм киймим тарып жарашпай,
Бир бакытка сыйбачудай чоңоюп.
* * *
Өлүм деген абалтан боло келген,
Өмүр бүткөн кокустук, тобокелден.
* * *
Кысасы болот кесирдин,
Ызасы болот жесирдин.
* * *
Бирөөлөргө чүйгүндөп
Табак тарткан замана.
Бирөөлөргө чүйрүңдөп
Абак тарткан замана.
* * *
Кабат, кабат ант берген,
Кадик, кадак кант берген.
Каалоосуна жеткен соң
Калайыктан мант берген.
* * *
Жаа де кудай жамгырың,
Жайнап чыксын чамгырым.
Арпа, буудай сеңселип
Аттын жапсын чандырын.
Нан жабышсын тындырбай
Наабайчынын дандырын.
Төк де кудай нөшөрүң,
Төрт түлүгүм көтөрүм.
Көтөралбай жатышат
Көбү жерден көтөнүн.
Сооросчолук жоксуңбу,
Соопчулук өтөгүн.
Жардамчысы мөңгүнүн -
Жаай көргүн мөндүрүм.
Чыкпай аткан дүйүм гүл,
Чыккыла деп көндүрүң.
Жашылдандыр тоолордун
Жака, бөксө, өндүрүн.
* * *
Жүрсөм дегем бир туугандай сыйлашып,
Бирок сезим шыбырлары азгырды.
Ээлеп алып бүткүл эси дартымды
Өзүңө арнап сүйүү ырларын жаздырды.
Ишенсең да чындыгына сөзүмдүн,
Бирок мага алдырбагын эркиңди.
Көнүп калгам далай жолу кур калып,
Тартып албай турмуштан өз энчимди.
Арак, кумар сезимине алданып,
Далай жылдар кууп жеткен артыман.
Эми аларга келечектин кыйырын
Чектеттирбей таштап алга талпынам.
Нечен жылдык сапар алып жарыктан,
Бир кылымдан бир кылымга созулам.
Чындап сүйүп өмүрүмдө бир жолу,
Эми андан четтеп жүрүп отурам.
Таң калбагын мындай салкындыгыма,
Өмүргө бир кызык түштөй элесиң.
Чынымды айтсам сени сүйүп калам деп,
Мен өзүмдөн өзүм күткөн эмесмин.
Эркин сүйгүн кимди сүйүп калсаң да,
Азгырбаймын ачып жүрөк сырларын.
Мүдөөм ошол сайрап турса багыңда,
Күкүк болуп күмүш канат ырларым.
* * *
Мен келгенде чөгө түштү кабагың,
Жерге кулап жарык жылдыз жамалың.
Өксүй түшүп өмүрүмдө барымдан,
Өзүмдү өзүм биринчи ирет аядым.
Өткөн өттү көңүл кирин кетирчи,
Кектебечи, баштагыңдай чечилчи.
Далай келгем башымды ийип жалынып,
Эми сага келбейм минтип экинчи.
Айла канча махабатым кош болгун,
Издейм сени көз өткөнчө жоктоймун.
Ай ким билет эки келбес өмүрдө,
Эми эч кимди мындай сүйбөйт окшоймун.
* * *
Басып кетсең карап калам артыңан,
Батына албайм сөз айтуудан тартынам.
Шамал урган жел кайыктай келемин,
Багытынан башка жакка калкыган.
Аз күн гана бирге иштеп, бир жүрүп,
Сен өзүңдү мынча ысык сүйдүрүп.
А мен эбак сууп бүткөн көңүлгө
Жанар тоодой от жагууга үлгүрүп.
Сүйөм аяп кол тийгизбей гүлүңө,
Санааркабай үмүт күтүп сүйүнө.
Айып кимде кыянаттуу тагдырда,
Эгер сенин жетпей калсам сүйүүңө.
Анда эмне... мааниси жок саны арбын,
Супсак күндөр агымында агармын.
Эстен кетпес элесиңден нурданган
Балким башка дүйнө жасап алаармын.
* * *
Көргөн сайын көргүм келет утуру,
Өпкүн десең өбөр элем бутуңу.
Сенсиң менин кол жетпеген бийигим,
Сенсиң менин тагдырымдын учугу.
Бирок сенин кулуң болуп турсам да,
Сага жакпас менин сыртым жупуну.
Кагып салдың, кала бердим томсоруп,
Ак сүйүүмө алган жообум ушубу?
Мендей эч ким кадырыңа жете албас,
Эссиз сулуу, эстеп койгун ушуну.
* * *
Билбейм жаным, менден неге качасың,
Түшүнбөстөн тилегимдин тазасын.
Жаш бүчүрдөй үмүт күткөм жүрөккө,
Оңош үчүн өткөн өмүр катасын.
Чыкпай койдуң, капа болдум мунуңа,
Уктап калды деп кой дедиң курбуңа.
Уйкумду алып кетпей койду түн бою
Алкымга бир ачуу нерсе турду да.
Сен уйкуда жаткандырсың мемиреп,
Мен болсо ойгоо, ойлор мээни кемирет.
Жалгызсың деп келип басып калчудай,
Түн шыкаалайт терезеден берилеп.
Жортуп өтсө жаздын жели шоктонуп,
Шуудур этет бактар сүрдүү козголуп.
А мен корком өчүрүүдөн жарыкты,
Түнгө сиңип кетүүчүдөй жок болуп.
19.03.1983-ж
* * *
Мен турмушта жеңип, бирде жеңилип,
Бирде озуп келдим, бирде чегинип.
Аз күн гана бирге болуп жумушта,
Ашык болуп калдым сага берилип.
Албуут жаштык! Аялдабай жан жагын,
Күйөт, жанат, көрөт башка салганын.
Жада калса жагымдуу бир көрүнүш,
Жалкоолонуп кээде отуруп алганың.
Бир боорумдай же бир ынак досумдай,
Ысык көрдүм ырыскымдын отундай.
Калаар дайым карегимде карааның,
Калмак болдук сен экөөбүз кошулбай.
* * *
Сүйүүнүн гүлү үзүлдү, соолду,
Сүйүүсүз жанга күн өтсө болду.
Жолумдан эми тапсамда канча,
Жоготуум калар эч толбос орду.
Өзөктө жалын-өрт алган майрам,
Өзгөгө эмес өзгө жок пайдам.
Жанымдан кечип мен дагы бир кез,
Жакшылык үчүн туумду сайгам.
Далайлар өткөн дабанды бузган,
Даанышман дүйнө дайыма уткан...
Өлтүрүп албай жеңишиң керек,
Өзүңө өзүң биринчи душман.
08.08.1989-ж