Дүйшөн Жапаров: Зар ыйлатты жакшы кезин, жаштыгын

*     *     *

Жалгыз бөлмө, жапыс кепеге
Жакын келген адам изи жок.
Калаа аны калган унутуп
Калаада да анын иши жок.

Окчун басып аны айландым,
Ойлойм: неге мынча арбалдым.
Ээси бар деп балким, эски үйдүн
Эсим чыгып, ары таң калдым.

Жалкы көзү, чылпак терезе,
Жаман карайт жарык дүйнөнү.
Чыгат жөтөл бирөө бар өңдүү
Чын элеби? Ушул үйдөбү?

Сыртынан бек кулпу илинип,
Сынайт эшик көзсүз тигилип.
Өз көзүмдү өзүм таңбасам, –
Өлгөн бирөө алган тирилип.
14.04.89.

*     *     *

Бактылуу бар мыйзамы катасыздай,
Баарынан залкар, улуу, капасыздай.
Бирок да анысынан ары көрсөң,
Энеси болуп туруп энесиздей,
Атасы болуп туруп атасыздай.

Бактылуу бар мыйзамы катасыздай,
Баарынан залкар, улуу, капасыздай,
Бирок да анысынан ары көрсөң,
Энеси болуп туруп энесиздей,
Атасы болуп туруп атасыздай.

*     *     *

Канат кылгын катуу күндө ырыңды,
Санат кылгын урпагыңа сырыңды.
Сан тагдырлар татаалдашкан ушунча
Сабак кылгын ушул укмуш кылымды.

ТИЛЕК

Зар ыйлатты жакшы кезин, жаштыгын
Отко кармап, кылга байлап тагдырын.
Өзүн өзү аттай сабап келаткан
Акындардан айрыбасын жакшы ырын.

Мен жанымды дурус багам көбүнөн,
Жер калбасын жылдыз учкан көгүнөн.
Айрыбасын энесинен баласын,
Ошол өңдүү Ала-Тоону Көлүнөн.

Кызыкка карк бири өткөн биринен,
Ошентсе да дүйнө жалган, бири кем.
Баатырынын башын кесип алса да,
Асты элди айрыбасын тилинен.

Керек эле шашуу, шашуу, үлгүрүү,
Жан алгычы мага буруп дүрбүнү:
Жетип келип жерге көөмп салгыча
"Эми ырыңды жазып жат" - деп бир күнү.

*     *     *

Солкулдайсың тескейдин ышкынындай,
Жүралбайсың тийишпей, ышкырынбай.
Сенин жашооң жүзүңдөй жылма болсо,
Менин жашоом мээнин быткылындай.

*     *     *

Кооптуу иш эч качан жасабайсың,
Баскан изиң ар качан тазалайсың.
Өзүңдү өзүң ошентип өчүрөсүң,
Тулкуң менен турган бир катадайсың.

*     *     *

Жоголбодум, чачылып, кайда калып,
Кесек элем кетипмин майдаланып.
Бирок сен да баалайсың мени унутпай,
Келген үчүн көп жерде пайдаланып.

*     *     *

Айдайын десем чигит жок,
Шайлайын десем жигит жок.

*     *     *

Алты айлык боюңда,
Алдап тийүү оюңда.
Андай ойду коюң да.

*     *     *

Кайнаган базар. Түрткүлөп
Кайырын сурап түрк жүрөт.

*     *     *

Баары эле тузмун дейт, татымы жок,
Баары эле кызмын дейт, катыны жок.

*     *     *

Эри бар катын соода кууйт,
Эри жок катын мода кууйт.

*     *     *

Эри бар катын базарда,
Эри жок катын назарда.

*     *     *

Балык илсе балыкчы,
Баса калат салыкчы.

*     *     *

Бакырсаң дагы жер сабап,
Бак айтса пешка ферзь алат.

*     *     *

Отурганда “бардакта”,
Обуң менен дардакта.

*     *     *

Көрдүңбү анда көлөкөлүү жүзүмдөн
Нелер өтүп жаткандыгын башымдан?
Турдуң беле ак таң болуп сүзүлгөн –
Көрө албагам көздү чайган жашымдан.

Алыстаган дабышыңды билем бир,
Мен эсиңден эбак өчкөн чыгармын.
Үч бөлмөлүү үйүң толгон килемдир,
Күндөр менде күлкүсүнөн ый арбын.

Айланчыктап анча алыс кетпессиң,
Кеч болсо да кездешербиз кайрылып.
Мына ошондо сезерсиң же сезбессиң,
Мен сен үчүн турганымды кайгырып.

Жаныбызда көл көөлгүп жатты эле,
Жылдыз түшүп жаткан эле жыбырап.
Биз сүйлөшкөн сөздөр кандай татты эле,
Толкун бизге табышмагын шыбырап.

*     *     *

Куюлуп шарап турса ичпейм эми,
Кумарды ач буурадай тиздейм эми.
Күздөгү каркырадай узап кеткен,
Күнү-түн карааныңды издейм эми.

Издеймин сени тоодон, талаалардан...
Изиңди күркүрөгөн калаалардан.
Кулала болуп сенсиз өтүп кеткен
Күндөрдүн жашын сүртүп салааланган.

Качандыр сага сунар гүлүм катып,
Караңгы сени издеген түнүм – бакыт.
Агарып сакал-мурут, арып, ачып
Акыры сени көрөр күнүм – бакыт.

*     *     *

Арт жагымда каз күүсү чуулаган көл,
Алды жагым, боз адыр, куураган чөл.
Өрү калган өйдөдө өксүп келет,
Өкүм кылам өйдөлө, өйдөлөп өл.

*     *     *

Боор оорудум, боорго кайра тепти,
Теңтуш күттүм, теңине албай кетти.
Машийне алган тууганым. Бош баратып,
Жолдо турсам, тааныды. Салбай кетти.

Сүйлөчү элем сөз бербей, сөздөн калдым,
Кайдыгерден, жаттан да, өздөн калдым.
Кызыл-тазыл шаң менен өтө берди,
Жалгыз турам, ээнде, көчтөн калдым.

Канат деген жуп болсо канат экен,
Жуп болбосо жүк экен, жараат экен.
Көрүнбөгөн бир кылыч турмушуңду
Көз ирмемде бөлө чаап салат экен.

АКЫН С.ЭРАЛИЕВГЕ

Баары өзгөргөн чабытынан канатчан,
Алп мезгилди алып жыгып тамактан,
Алыкулдун Акбозундай ат минип
Жер бетине таңдай тарап бараткан.

Дүйнөсү укмуш тайпа-тайпа дүйүм, бай,
Түндө түшүп түнөйбү дейм үйүндө ай.
Таңдайынан жарык чыккан жарылып,
Сынга сыйбас сырттан акын Сүйүнбай.

Кайнап канган биз билбеген эченге,
Кайталанбас эрте, кийин эч элде.
Музасы анын ажайып бир тоос куш,
Жетпес кыял – мендей бейгам бечелге.

*     *     *

Кеткин дедим. Кетти менден аялым.
Кетти кошо кичинекей Баяным.
Жер үстүндө араң турдум калтылдап,
Жексен болуп сүйөнөрүм, таярым.

Калдым жалгыз жалкы бөлмө кепеде,
Турмуш менен чыгамын деп жекеге.
Жылас болду жылт деп учуп кайдадыр
Жымындашкан жылдыздарым кечээ эле.

Күл түшүргүч. Чылым жатат түтөгөн,
Санаалардан барган сайын күчөгөн.
Тажап бүттүм. Ким бар экен дүйнөгө,
Түркүк болуп же тешигин бүтөгөн.

*     *     *

Эй отуз жаш эч нерсеге жок окшойм,
Эми кантем, эмне менен коноктойм.
Эки ийиним салмагыңан кычырайт
Эстегенде эртеңиңди шолоктойм.

КӨРСӨ...

Билбептирбиз эң биринчи жолкуда,
Турмуш деген туман баскан жол тура.
Дөөлөт деген дайым бөксө чөйчөктө
Мээнет деген болот тура толтура.

Катуу турдук кара жанды үрөдүк,
Ажыраштык акыр арга түгөнүп.
Бакыт деген баштан учуп заматта,
Бактысыздык калат тура түбөлүк.

Бирок дале өчүрбөйлү үмүттү,
Даба бардыр жууй турган күйүттү.
Жалган дүйнө бардык эле башта бар,
Жалгыз эле бизди жандап жүрүппү.

Жашоо деле жалаң шордон туралбайт,
Көз жаш деле дайым сайран куралбайт.
Энчи берер элге бакыт тилейли,
Элди эч нерсе өз түсүнөн буралбайт.

Басам жалгыз, кетем сенден айрылып,
Басынбагын, көп ыйлаба кайгырып.
Ыргытпагын кокус отко тааныбай,
Ырга айланып келгенимде кайрылып.

*     *     *

Сүйөм деп кантип айтам, эмне пайда?
Сүйүүмдү ала жатам таппай айла.
Жүзүмдүн бырыштары аз кезинде,
Жүрүппүз эки бөлөк башка жайда.

Жазгырып сени жолдон буралбаймын,
Жаңырып кайра баштан куралбаймын.
Болгону бардыгымдан белги берип,
Алдыңдан андан-мындан булаңдаймын.

Куу тагдыр жаныма өтөр таштан болуп,
Аргасыз алаксырмын жазган болуп.
Жана бер жылдыз болуп бийигимде,
Калайын сен аркылуу асман болуп.

ТАҢ

Токулуу,
Кареги жолдо турат,
Кандайдыр ойдо турат,
Мамыда
Карагер жорго турат.

Арыда
Караан болуп атам жүрөт.
Кара курсак камы да
Кабакта
Керкашка кашаң жүрөт,
Сабакка
Шашмалап Асан жүрөт.

УЙКУСУЗ ТУН

Жапжалгыз жатамын.
Ыргытып санаадан бардыгын,
Жазамын!
Учкаяк күндөрдө
Ушунча шашамын.

Шылдырап суу агат арыкта.
Уланып баскан жол, тарыхка.
Ыңаалап ымыркай
Ыр түшөт жарыкка,
Түрсүлдөп жүрөгүм
Түпөйүл сүйүнөм,
Түйшүгүн мойнума
Түбөлүк үйүнөм.

Бүгүндөн эртең оор
Эртеңден бүрсүгүн.
Бүлбүлдөп сезимге урунат
Бир короо ыр айдап жүрчү күн.

*     *     *

Салаа-салаа санааларга агылып,
Жалдама үйдө жалаң шейшеп жамынып,
Жамгыр жаным ырас болду келгениң,
Жалгыздыкта жатканымда камыгып.

Кенен ачып тереземдин айнегин,
Кенен сездим кемерсиген жай демин.
Жалбырактар шыбырашып жатышты,
Жагып калды экен менин кай жерим.

Башбагалек дүйнө бар дейт башка бир,
Бол жамгырым мени ал жакка баштап ий.
Дагы күчө тамчы тамсын кепемен,
Дал төбөмө чагылганың таштап ий.

*     *     *

Бар алынча сага деген ырларым.
Махабатым, ариетим, ыйманым.
Бактылуудай сезип кетем өзүмдү,
Бар экен деп кайгысына ыйлаарым.

Өмүр чиркин орду карай азгырып,
Өттү баштан канча окуя, жашчылык.
Турпагыңдан кагылайын тууган жер,
Тура турчу дагы үстүңдө бастырып.

Кантсе дагы мен алдыңда жармачмын,
Канча ыйлатты, канча каргап, кармаштым.
Сен бил мени, жок кылсаң да Ата-Журт,
Сени менен келбейт тагдыр алмашкым.

*     *     *

Алыс кетти, арып-ачты, тонолду
Айлар айга, жылдар жылга тоголду.
Ырыскысын ысырапка калтырып,
Ыр артынан ээрчип кетип жоголду.

Жөө эринбей алыстарды ат баргыс,
Жылдап, айлап кабар жеткис, кат баргыс.
Алдан тайып келди бир күн айылга
Аппак баштуу болгон кезде жапжалгыз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз