Хун Цзычен: Асыл жандар гана түбөлүктүүлүктү убактылуулукка алмашпайт

  • 05.03.2021
  • 3375

Жер менен асман түбөлүккө турат, а мен бул дүйнөгө кайрадан туулбайм. Адам өмүрү жүз жылдан ашпайт,а меникичи, көз ачып жумганча жылт этип өтүп кетчү өмүр. Бул ааламга келүүгө кимге ырыскы буюрса, шаркыратма суудай тез аккан жашоо кубанычынан да, кайгысынан да куру калбайт.

*     *     *

Тоо кыйрап, суулар соолуп, ал эмес жер өзү топон-тозго кабылат. Ал эми туулуп, кайра өлгөн биз эмне болуп калыппыз? Тулку боюбузда кан айланганы эле болбосо, көлөкөбүз. А көлөкө деген эмне? Көлөкөнүн эле көлөкөсү: эгерде жогорку билимге жетип, жандүйнөсү тунарбаса.

*     *     *

Кумар – алоолоп турган жалындай. Арийне, оору жөнүндө ойлоно калсаң, жан деген нерсе күбүлүп түшчү күлгө окшоп кетет. А атак жана наам жөнүндө кыялга батсаң, ал балдай таттуу. Бирок өлүмдү да ойлоно жүр. Өлүм жөнүндөгү ой балдай ширин эмес, ошентсе да оору менен өлүм жайын ким унутпаса, ошол гана кур кыялдан кутулуп, түбөлүктүүлүктү эсинен чыгарбай, адилет жолун табат.

*     *     *

Жылдар, айлар чубалжып, узак. А карбалас адамдар өздөрүнөн өздөрү шашкалактап жүрөт. Асман менен жер кенен жайылып жатса, а пас адамдар өзүнөн өзү кысылып жашайт. Убакыт жебеси өз мыйзамын бекем сактайт, а адам куурагырың өмүр бою олку-солкулукта карбаластап жүрөт.

*     *     *

Гүлдөр күбүлгөн учурда желбүүрүндөгү уруктар жылаңач калат. Суук түшкөн учурда асмандагы оттун каалгыган күлү – жылуулуктун кайтып келер кабары. Соолуу менен өлүүнү жашоо ар дайым жеңет. Буга ким түшүнсө, жер-асмандын сырын аңдайт.

*     *     *

Токтоюн деп чечтиңби, дароо токто. Эгерде оңтою келер саатты күтүп үйлөнсөң, барыбир түйшүк арылбайт. А монах болуп кеткенден – даанышман болбойсуң. Качандыр бирөө айтыптыр: «Кеткиң келеби, создуктурбай жөнө. Эгер ар нерсенин учурун күтө берсең, ал эч качан келбейт».  

*     *     *

Турмуштун кыйчалыш күнү келгенде тополоңго түшпөгөн адам, демек, өзүн жай турмушта салабаттуулукка көндүргөн. Өз башын өлүм тооруган күнү да камаарабаган адам, демек, өмүр баркына эбак түшүнгөн. 

*     *     *

Жандүйнөң бейпил кезде өнө боюң боз кендирге оролуп турса да Асман менен Жериңдин абасын кере жутасың. Жүрөгүңдөн ыраазы болуп жашасаң, кебек жесең да турмуштун ширин даамы оозуңда турат. 

*     *     *

Дарактан тамыр калганын көргөндөн кийин – аны дүпүйүп көрсөткөн кооздук бутактары экен дейсиң. Адам бечара качан гана чым жастанып калганын көргөндөн кийин – артында калган тукуму да, байлыгы да опаасыз экенине түшүнөсүң. 

*     *     *

Жыйган-тергенибиз, билген-көргөнүбүз башыбыз менен кетет, а жүрөгүбүз өмүрү картайбайт. Эмгегибиз, жыйган-тергенибиз, кадыр-баркыбыз өмүр өткөн сайын алмашат. Асыл жандар гана түбөлүктүүлүктү убактылуулукка алмашпайт.

Которгон О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз