О`Шакир: Сүзөөнөк балбан

  • 19.01.2021
  • 3777

АҢГЕМЕ

Кабылдын далысын жерге тийгизген балбан чыккан эмес эч. Былтыр аны моңолдордон чыккан жаш балбан бозала кылды. Кабылды ыкыс бердирбей толгоп чапканы черик уруусундагыларды жер каратты. Өчмөндүү кеги калды. Жашың өйдөлөгөнү шул турбайбы түгөткүр деди ошондо ичинен күрсүнгөн эски балбан.

О качанкы балбан эле ал. Урунарга тоо таппаган кези өтүп бараткан тура көрсө. Карт бөрүдөй айла-амалы да жаш балбандын алдында шоона эшпей калбадыбы. Баарынан өткөн кордугу – жерден күбүнүп турганы болду. Төрт аяктап көтөрүлдү ордунан. Жер айлан көчөк. Эзели күрөштүн ызасын тартпаган Кабылдын ал күнү өлбөгөн төрт шыйрагы эле калды. Уруу намысын алдырып койгонуна арданды.

Эч болбоду дегенде ит жыгылыш болсо не. Ага да жарабады. Эл караган бетин бир чычым жер каратты. Бел курчоосуна чапкенедей жабышкан жаш балбандын чеңгелинде жерге толгонуп урулган Кабылдын көзүнө – жер асманга, асман жерге чабылгансыды. Өзү эмес, асман чабылып түштү жерге. Чаңга кулады.

Дуу-дуулаган, бак-бак сүрөөнчүлөрү супсундары сууп, жаактары жап болгону баатырдын дымагын дым кылды биринчи жолу. Биринчи жолу ындынын өчүрдү эр таймаш. Демейде балбандын жеңишине кубангандар тегерегине үйүлүп калса, а бүгүн буйдамда тарап-тарап кетишти. Тарап бараткандардын бир кыйыры баатырды күңк-мыңк жемелеп, жерге түкүрүнүп, терс бурула жөнөштү.

Туш-туштан жарамат үндөр жаңырып, арыда моңолдор уруусунун жалилдүү жаш балбанын даңазалагандардын ооматы асманга оболоду бүгүн. А чериктердин ооматы бозала чаңга оонап калды.

– Ие баатыр, саа эмне болгон бүгүн? – деди жанына келип колтуктан сүйөп тургузганы.

«Баатыр» дегенин не какшык, не боор толгоо деп түшүнүп болбойт эле. Караса, анысы бир кезде чогуу таймашып келген өзүнөн мурунку эски балбандардын бири экен. Бели бекчейип, карылыгы жеткен эски балбан эле ал дагы. Кезинде дубанда жок балбан дешчү аны. Мөртү келгенде Кабыл менен болгон кармашта гана далысы жер жыттаган...

Жыл өттү. Кабылдын ызасы таркабады, кеги кайдан таркасын. Ошол күндөн ушул күнгө жылдызы жерге түшүп, ичинен сызып жүрөт.

Быйыл күзгө Алжандын ашы белгиленгенин укту. Укту да – жүрөгү туйлады. Моңолдордун жаш балбаны Көчөрдүн колунан ооматты сууруп алаар өзүнөн башка ким эле? Кабылды бозала күлгө чапкандай ыза кылган жаш балбан эле эмес, ушул суроо да былтыртан бозала кылып, былтыртан кабагын карыш түйдүрүп жүрдү. Чапчаң десе чапчаң, каруусу казык, москоол денелүү Көчөр менен эми тиреше алаар эместей. Кабылдын тулку бою муну дадил баамдады былтыркы кармашта. Экинчи мерте беттешкен күнү – «жыгылган күрөшкө тойбойт» шылдыңына кабылар. «Жок! – өзүнө өзү кесе айтты, – Кантип сазайын колуна берсем экен?» – катуу ызырынды ичинен.

Жаш курактын өйдөлөп калганыбы; боору таш мезгил каруусун алганын сезгенден бери Кабылдын амал тапкандан бөлөк аргасы жок...

Чериктердин ичинен моңолдордун жаш балбаны менен чендеше турган кимиси бар – таппады. Тапса, бу жолу моңолдор уруусунун балбанын оңдурбай турган ык бар. Ыкты кимге үйрөтсө экен. Ал ыкымды үйрөтүүгө өзү гана жарайт: канткен менен Көчөрдүн талуу жерин билип албадыбы. Тек ыкты ыктай колдонор кимиси деп, көз салып жүрөт ар кимге.

Баамына эч кимиси урунбай жүрүп, капысынан өзүнүн аталаш агасынын уулу Муса көзүнө чалдыкты.

Шырыктыдан мал айдап келаткан күн болучу. Боройлогон жамгырда мал туш келди чачырап, кой-эчкинин арасындагы уйлар көргүлүктү көрсөттү. Малчылар ар-арыдан чуру-чуулап калышты. Муса менен Кабыл да чойт-чойт камчыланып, туш келди жүгүргөн мал-тегенин алдын торосо, малдын эң эле макоосу уйлар шүдүңдөп туш-тушка чачырап берди. Болгондо да кайра артына имерилип, айдап келаткан тарабы – Шырыктынын жайлоосун беттей дыргаякташканычы. Жамгыр как маңдайдан чаба жаап, жапырып турду. Табиятынан эс бүткөн жылкылар гана бийик-бийик жарлардын жапсарынан ыктоо таап, эбак жайланган.

Макулуктардын алды-артын торомолоп, жар боюна камаган соң шам-шумга отурарда; арыдан жакындаша келген эки үйүр жылкынын айгырлары чарпыша кеткени. Бири – тору кашка, бири – жээрде кашка. Окуранып чапчынып, оңбочудай жал тиштешип кажышты. Айыгыш күчөндү. Жер чапчынып атырылган айгырлар бири-бирин майып кылчудай жаалдуу беттешти. Бири экинчисинин талуу жерин таап тиштеп жандары ачыганбы; экөө бирдей жылкы баласы эмей эле жырткычтай түйүлүп, күтүрөтө тиштешип, күрсүлдөтө тебишип, бири аксаңдаса, бири майпаңдап калды. Ага болбой омуроолошкон айгырлар канжаланып, тиштелген жерлери айрылды, терилери тери эмей эле таардын айрыгындай кан шорголоп салаңдап жүрдү.

Бирин бири мертинтип тынар айгырларга Кабыл менен Муса арачы түшүп кубаласа, болбоду. Өчөгүштөн каны кызыган айгырлар өз үйүрлөрүнүн алдында намыс талашкандай жутунуп, бирин-бири соо коёр эместей...

Жээрде кашка жаштык өктөмдүккө салып тору кашка айгырды мертинте турган болуп калганда, арыдан тору кашка айгырдын ээси колунда укуругу сороңдоп чаап келди ызырына. Жылкы эмес, жырткычты көргөндөй болду ал дагы. Укуругун жээрде кашканын мойнуна сунду, бери жактан тору айгырга Муса сунду укурук. Экөө эки жакка жетелеп ажыратмак болду айгырларды. Тору айгырдын ээси шашкандан укурукту чала илген экен: жээрде кашка моюнун булка берип, сыйыртмактан бошонуп кетти. Артына кайра имерчиктеп, тору айгырды качырмак болгондо: сүйрөлгөн кендир жип арткы бутуна илээшип калды эле, булкунган азоо айгыр бутун силкип мөнкүдү. Укурук сынды карс этип. Анык мүшкүл эми жаралды: жаанда суу болгон кендир жип керилип, азоо айгырдын бакайында оролуп жүрү. Эми аны кайсы жангечти чече алмак. Сыйыртмак моюнга илинсе да бир аргасын табат эле малчылар, обол, азоо айгырдын арткы бутуна оролуп калган кендир жипти эми ким чечет болуп калды. Жамгыр суусуна чыланган кендир жип азоо айгырдын бакайына капкандын жаагындай кармалды.

Муса карап турбады, чаап жөнөдү. Мөңкүп-мөңкүп ыргыштаган жээрде кашканын тушуна жеткенде ат жалынан секирип түшүп, сүйрөлгөн кендир жипке чап жармашты. Жээрде кашка дырылдатып сүйрөй турган болду эле, Мусанын колундагы кендир жип тып токтотту азоону. Өзү кортогой бойлуу көрүнгөнү менен чапчаң кыймылдуу Мусанын күчү өгүздүкүндөй белем, кендир жипти чыканагына орой, айгырга жакындай берди. Муса менен айгырдын аралыгы кыйла кыскарып барып, бир аттам жерден жээрде кашканын кендир илинген арткы бутуна шап жабышса болобу.

Аны көргөн Кабыл чыйпыйы чыгып кыйкырып жиберди:

– Эй, эрдиги бар, эси жок, абайлай көр!

Жок, Муса арттагылардын абайла дегенине болбоду. Жүрөгү курч экен, азоо жылкынын арткы бутуна чап кенедей жармашары менен – жээрде кашка булкунуп-булкунуп барып, казыкка кагылгандай тып токтоду. Артынан жете келген Кабыл да ат жалынан секирип түшүп, Мусага көмөктөшөр өңдөндү эле, ага болбоду каркыбар иниси:

– Аваке, – деди – мен былк эттирбей кармап берейин, а сен азоонун бутун кендирден бошот.

Ошондо жээрде кашка айгырдын арткы бакайына чалынган укуруктун кендир жибин бошотор болгон Кабылды Мусанын аалы каруусу чоң үмүткөр кылбадыбы. Баягы Көчөргө каршы колдонор ыкты кимге үйрөтүштүн мөртү эми келди ага. Ыкты ыктай колдонор ким экенин тапты. Инисинин каруусуна маашырланган Кабыл, ичинен кымыйды. Сыры сыртына чыкпады. Моңолдордун балбаны Көчөрдүн сазайын окутканга бир жараса ушул жарайт деди ичинен. Бөтөн жанга сыр алдырбады. Мусанын өзүнө да сыр түйүнүн туйдурбады.

Журтка мал айдап келген күндөн баштап Мусанын көргөн күнү курусун. Алжандын ашына кырк күн калган кез. Күндү Кабыл санайт. Мусанын болсо Алжандын ашына канча күн калганы менен иши жок. Тек, чачын кургак кырдырган кыйноо күндөрүн гана санайт.

– Аваке, чачымды жибитип кырсаң эмне болот? – дейт жаны кейиткенде.

– Шүк отур, баатыр... Отур дейм! Кайратың бекем болсун, – Кабыл купуя сырын ачык айтпайт Мусага. Кургак кырганы аз келгенсип, чачты тетири да кырат.

Устаранын мизи курч деп канча мактабасын, Мусанын карттанып тытылган башын күн алыс кан шүйшүнтүп, күн алыс ыйынтып, күн алыс ычкыртып, жалынтып, жалбартып, мөңкүтүп, сөгүнтүп, ызырынтып атып тасырайтып кырат.

– Отур, отур былк этпей! – өктөмдүккө салат агасы.

Тиги аргасы жок отуруп берет. Кенедейинен ченде жок балбан делген Кабыл авасына сыймыктанган, маашырланган таасир менен өсүп чоңойгондукубу – Муса да агасынын эркине көнбөскө аргасыз. «Мүмкүн бир билгени бардыр» деп жоруйт дунку оюнда, ачык түшүнбөйт.

«Карт-кырт-карт-кырт-карт-кырт» – устара кырган чачтын үнү бул. «Ык-ий-ык-и-ий, ох-ух-и-ий, аваке... болдучу!» – ордунан мөңкүп-мөңкүп тура качкан Мусанын жалооруганы бул.

– Отур дейм, чыдап! Жарымы калды.

– Даа-агы жарымыбы?! – устаранын мизинен заарканып бүткөн Муса «ахалап, охолоп» үйдү айланып качат.

– Жарты баш таска окшоп жүрмөк белең? Отур, бир аз чыда! – Кабыл Мусанын артынан куугун.

Күнүгө ушул. Устара кеп болбой калды, Кабыл эми балтанын мизин бүлөгөнгө өттү. Устараны таштап, Мусанын башын балта менен кырат. Кокуйлаган Мусанын үнү кудайга жетер болду. Анын кокуйлаган ачуу үнү алдында көтү түшкөн аюу быякта калсын.

Чачын кырып болуп сооротумуш болот да, кең сазга ээрчитип жөнөйт Мусаны. Жоон билектей жыгач казыктарды саздагы түзөң жерге житире кактырат да, ошол жыгач казыктарды кайра бир булкум менен сууртуп алат.

– Билегиң менен белиңдин каруусуна жакшы, – дейт да, башка эч нерсе айтпайт.

Алжандын ашына саналуу күн калганда Мусаны Кабыл жанынан тап жылдырбай кайтарды. Жадесе Мусаны улан, кыздардын кечки селкинчек тепмей, жоолук таштамай, ак чөлмөк оюндарына да чыгарбас болду. Кокус шыңкылдаган келин-кезектин азгырыгы бойдок жигитти жолдон чыгарып койбосун дейт каскүмөн оюнда. Шыңкылдак келиндердин арасынан «жеңенин бир саны кайниники» деп шоктончуларынан Мусанын бел күчүн кызганды. Андале кантти?! Андале бою чатырап турган балбан инисинин бел кубатын алып коюшпайбы. «Алжандын ашы өткөн соң, маа демектен...» – Кабыл муну ичинен күңкүлдөйт. Мелдешке чейин антип балбан инисинин күчүн аспиеттебесе болобу.

Акыры Алжандын ашы белгиненер күнү Кара-Булак жайлоосунун күнгөйү элге жык толду. Черик, сарбагыш, моңолдордун уруу баштыктары чакчырыла ат бастырып, көйрөңдүккө сүлкүлдөйт. Астыдагы жорго жүрүш күлүктөрү ооздук чайнап алкынат. Алжандын ашындагы байгеге коюлган дасмиянын күү-күү кебинен улам жарышта кайсы уруунун күлүгү, кайсы уруунун көзгө атаар мергени, кайсы уруунун эр сайышка чыгар эрени бары бүйүр козгоп турганда Мусаны Кабыл элден бөлүп жөнөдү четке. Буга дейре айтпай келген сыр түйүнүн инисине эми угузса болор. Кокус мурда угузган болсо, жаш жигиттин жүрөк үшү кайтып, өнө боюна күч топтолот беле, жокпу – Кабылдын кообу ушул болучу.

Эки караан элден обочо барган кезде инисинин тикчийип өсүп калган чачынан сыйда сылап, кеп баштады агасы:

– Мына эми... Табындагы шумкар алгыр бүркүттү ала турган кезеңи, – сөзүн чукулдан баштады Кабыл. – Мен үчүн намыска жарар күнүң келди, баатырым! Ишенимди актай турган сенсиң бүгүн.

– Не болуп кетти, абаке? – Мусанын жүрөгү дирт-дирт боло түштү.

– Шумкардын шумкары өзүнөн зор алгыр кушка күтүүсүздөн кол салмагы бар. Сен бүгүн моңолдордун балбанын чабасың.

– Көчөрдүбү?! – жүрөгү кабынан ыргычудай чочуду Муса. Мурда-кийин күрөштүн ыгын билбеген инисинин өңүнөн кан качып кубарды.

– Анан кимди?.. – калбаатынан жазбаган Кабыл инисинин тикчийген чачынан сыйда сылап, сырдуу жылмайды, – чачыңа кол тийгизчи, баатыр...

Муса өз чачын өзү сылап эңги-деңги. Сөз төркүнүнө түшүнбөдү али...

– Көчөрдүн колтугунан чыкпасаң – иштин бүткөнү. Сен ага канчалык жакын барсаң, ал сенден качат. Алдагы тикенектей чачыңды эмнеге кырып келди дейсиң мени?

Муну уккан Муса өз чачын өзү кайра сылап көрсө: чачы чач эмей эле коко тикендей колун тыта турган экен.

Мусанын акылына эми жетти баары. Ченде жок балбан агасынын ишеними демине дем кошту. Өнө бою чыйрала түштү заматта.

♦ ♦ ♦

Балбан күрөштө Көчөргө чендешер кимиси чыгат болуп калды. Моңолдор уруусунун бука моюн, буура сан балбаны ортого чыкканда – эл дымыды. Чериктердин үмүтү Кабылда эле, бирок анын мелдешке чыгар түрү жок. Арыда сарбагыш уруусу жүрөт моңолдордун балбаны менен беттешер эр таппай. Дайекчи[1] кыйкырып калды ангыча:

– Моңолдордун балбанынан мөрөй талашчу кимиң бар?

Муну уккан журттун чыйпыйы чыга жаздады. Мындайда уруу намысына жарачусу чыкпаганы кандай...

Топ ичинен Кабылдын алдыга жүткүнүп келатканын көргөн чериктер арасы бир дуу болуп алды. А бирок анын белиндеги кемер кур чечилбептир али.

– Эп, баракелде! Мына биздин балбан! – үмүттөр кайра жанды.

– Намыска сенден бөлөк ким чыкмак... – чериктер тарап кырдана баштады бат эле.

Бирок эл күткөндөй болбоду. Кабылды ээрчип кортогой бойлуу бирөөсү чыкса болобу ортого. Балбанга түшчүдөй чечинип алыптыр анысы.

– Э ботом, мунусу кандай?! – көзүн далдайган Көчөргө бир кадап, кортогой Мусага бир кадап таңгалганы болду.

– Йе катыгүн, сөөгү ката элек жаш бала го мунусу?! – чочуганы болду.

– Буту да тойтук ко. Көчөр муну чапчып ыргытат эй, – кокуйлаганы болду.

– Кагылайын Кабыл, намыс үчүн өзүң чыксаңчы, – чыйпылыктаганы болду.

Жарданган топко черик уруусундагылар жаш баланы зордоп-кыстап эле ортого түртүп чыгарып койгондой. Сынаакы көздөр кортогой бой Мусанын тулку боюнан балбандыктын жышаанын дегеле көрбөдү.

Балбандардын кармашы башталды. Чапчыша келгенде Көчөр жакын тирештен качып калды тез эле. Зоңкойгон боюн Мусадан ала качкан сайын жарданган топ чериктердин балбанынын эмне сыйкыр күчү бар тейде таңыркашты. Көчөрдүн колтугуна улам кашкулактай качырып кирет, тиги ансайын кетенчиктеп, Мусанын боюн өзүнөн алыс түртөт. Билектин каруусуна салып, улам түртсө улам букадай сүзгүлөп, жылаңач колтугуна кирип келген Муса Көчөрдүн айласын кетиргени кызык болду элге. Ал ансайын моңолдордун балбаны эл көзүнө солдоюп олдоксон көрүнүп, ал эми чериктердин балбаны эптүү да, чапчаң көрүндү.

Экөө бойлору жакындашып тиреше келгенде: Мусанын башы Көчөрдүн колтугуна кирип кетет улам. Тиги тикенек баскан түлкүдөй артына секирет далдактап. Кортогой бой Мусанынын мойнун ыгы келе калганда колтуктун астына жакшыле кысты. Бекем кысты. Бирок атаандашынын мойнун кыскан сайын өз денесине өзү чок басып алгансып артына секирди Көчөр. Атаандашынын чачы чач эмес эле чычырканактын уусу ачуу тикенекпи тобо – түшүнбөдү. Тикенектин уусу тийгендей ачышкан денесин ала качкандан бөлөк аргасы калбады. Ал ансайын тиги дагы колтугуна букадай сүзгүлөгөнүчү. Балээлүү баш денесин жышып салды. Тикенек чачтуу баштан өзүнүн жылаңач денеси үркүп, чепеңдеген неменин сазайын кантип окутушту билбеди зоңкойгон балбан.

Улам качырып келген Мусадан кетенчиктеп жүрүп, бир убакта өпкөсү кышылдап, шайы ооп баштады Көчөрдүн. Мусаны өз боюнан алыс түрткүлөгөн эки колдун каруусу да калбады. Каруусу качкан эки колу шалдайды.

Бериде Кабыл капарсыз. Баягыда азоо айгырды арткы буттан кармап былк эттирбеген Мусанын каруусуна анын ишеними эми бекем. Эми моңолдордун балбанын каркыбар иниси жамбашка алып чабарына Кабылдын көзү жетип калганы.

Ал ангыча болбоду, зоңкойгон Көчөрдүн тулку бою жерге күп чабылды. Дуулдаган чериктер Мусаны көккө ыргытып ураалап, Кабыл болсо бозала чаңда төрт аяктап туруп келаткан Көчөрдү колтуктан сүйөдү...

Табындагы шумкар алгыр бүркүттү күтүүсүз жерден мертинтери бекер кеп бекен, шондон кийин эл оозунда Сүзөөнөк балбандын аты калды...

2018, апрель.


[1] Дайекчи – судья

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз