21-кылымдын бактылуу баласын туура тарбиялоо: психологдун 9 кеңеши

  • 10.03.2021
  • 3819

Татьяна Ващенкова – психолог, арт-терапевт

Лидерлерди жана акылмандарды тарбияоого умтулган ата-энелер ар түрдүү ыкмаларды колдонушат. А балдардын бактысы жана психологиялык ден-соолугу үчүн таптакыр башка нерселер керек.

Акыркы 10-15 жылда ата-энелердин милдеттери өзгөрдү. Азыркы ата-энелерге коюлган талаптар жогорулады. Балдар таптакыр бөлөк боло баштады, алар бардык жагынан тез өнүгүүдө. Алар туулганда эле ушундай туулуп жатышат. Өскөндөрү тез, акыл-эстери тез өсүп, бир нерселерди тез илип алышат, өтө сезимтал.

Мына дал ушул нерселерге көңүл буруп, эмгекти, убакытты, сүйүүнү ушуларга багыттап, дүйнөнү, адамдын табиятын таанып-билүүнүн уругун сээп, баланы дайыма тынымсыз кыймыл аракетте болууга шыктандыруу керек. Мына ошондо гана балаңызды келечекте сиздин эмгегиңиздин жемиши күтөт.

1. Балаңыз үчүн кызыктуу адам болуңуз

Сиз кайсы күнү өсүп-өнүгүүңүздү токтотсоңуз, бала ошол күндөн баштап, сиз турмушка жол көрсөтөр булак катары ага кызыксыз болуп каласыз. Бул жагынан алсак, балдар – чоң кишилер үчүн шыктандыруучу жана өсүүгө себепкер болчу жакшы мугалимдер десек жаңылышпайбыз.

Алардын суроолорунан качпай жооп бергиле, алар менен чогуу жаңы нерселерди үйрөнгүлө, өз билимиңизди жогорулатып, балаңыз менен бөлүшүңүз, аны менен талашып-тартышыңыз. Ошондо сиз балдардын өткөөл жашында да, ага кадыр-барктуу адам болуп кала бересиз.

Балдардын өткөөл жашы эмнеси менен коркунучтуу? Жаш жеткинчектер күчтүүлөргө жана кадыр-барктууларга тартылышат. Андайлар үй-бүлөдөн табылбаса, алар андай адамдарды сырттан издеп, көпчүлүк учурларда шектүү, ал тургай коркунучтуу булактарга кабылат. Кадыр-баркка жазалоо, урушуу аркылуу эмес, балаңыз менен эркин, ачык, жалган аралаштырбай сүйлөшө билүү, анын ишенимин жеңип алуу менен ээ болуңуз. Эгерде балага ата-эненин кадыр-баркы түшүп кетсе, ал үй-бүлөнүн таасиринен “чыгып” кетет. Андан кийин ага акыл айтуунун, бул жакшы, бул жаман деп мээсине куюунун, жазалоонун, талап кылуунун эч пайдасы жок. Бул эми тарбиялоо эмес, а балдар менен ата-энелердин ортосундагы мамиленин чегинен чыгуу десек жаңылышпайбыз

2. Маалыматтын булагы болуңуз

Балдар маалыматка муктаж. Ошондон улам алардын планшет, ноутбук, смартфондорго болгон кызыгуусу жаралат. Ата-энелерге бул гаджеттер жашоону жеңилдетет. Бирок балдар, өзгөчө 2-3 жаш кезинде аларга оңой көнүп кетип, андан баш көтөрө албай көзкаранды болуп калышат. Баарыдан жаманы, маалыматтын бул каналы эң жөнөкөй, демек, мааниси төмөн. Дүйнө кеңейбейт, тарыйт. А негизгиси ал эмне болгон дүйнө? Ал виртуалдуу, демек, реалдуу турмуштан алыс.

Оңой эле жетүү кызыгууну өлтүрөт. Жүз жыл мурда билимдин баалуулугу эмнеде эле? Аны издөө жана табуу кыйын болчу. Кандайдыр бир маалыматты алыш үчүн эмгектениш керек эле, китепканага барып, толтура адабияттарды барактап, өзүнө керектүү маалыматты издеп таап, окуп, көчүрүп, анын маанисине жеткиче ойлонуп, эсептеп чыгышчу. А азыр балага манжасын иштетип, керектүү жерди басып койсо эле каалаган маалымат планшетте пайда болот.

Плашет эмес, сиз жаңы кызыктуу маалыматтардын булагы болушуңуз керек. Өз кубаты менен ресурстарын аз короткон бала, дүйнө ага карыз деген ойго көнөт. Анын акыл-эсинде өзүмчүл-керектөөчүлүк система калыптанат. Маалыматты тез ала албаса же таптакыр эле талабы аткарылбай калса анда түшүнбөстүк, өктөмдүк жаралып, жеткинчек ата-энелери менен кагылышууларга барат.

Ошондуктан планшет эмес, а сиз балаңыз үчүн маалымат булагы болуңуз. Ал айбанаттарды планшеттерден эмес, ата-энеси менен бирге барып зоопарктардан, фермалардан көрсүн. Эки жакка саякатка алып чыгып акыл-эсин өстүргүлө, жаратылышка кызыгууларын ойготкула. Элге аралаштыргыла, болбосо планшеттин экранынан адамдар менен сүйлөшкөндү кантип үйрөнөт?

 3. Эмоционалдуу интеллектиңерди өстүргүлө

Баланы таптакыр кичинекейинен эле өз каалоосу менен суроо-талаптарын жок дегенде сөздү кайталап тууроо аркылуу түшүндүрө алгыдай үйрөтүш керек. Мектепке чейинки жаштагы балдарга сөзсүз эмоцияны билдирген сөздөрдү дайыма айтып, сезимдерди билдирген сөздөрдү үйрөткүлө. Мисалы: “мен капалуумун”, “мен ачкамын”, “мен чарчадым”, “бул мага жагымсыз”, “мен бактылуумун” деген сөздөр. Балаң чалынып жыгылдыбы? Аны аяп, ага жетип барып кучактап калууга шашылба. Ага бардык сезимдерди башынан кечиргенге мүмкүнчүлүк бергиле. Ал анын кыска жашоосундагы чоң окуя. Сиз аны ушинтип башкалар менен аралашып кеткенге үйрөтөсүз. “Мен сезип жатам – мен айтам – бул мен үчүн коопсуз”. Бул жаш адамды калыптандыруудагы маанилүү нерсе.

Бала менен бала боло билгиле. Телевизорду жөн эле коюп берүү менен чектелбей, кошо олтуруп мульфильм көрүңүз. Ага байкоо салып, ар бир окуяны кандай эмоционалдык абалда көрүп жатканына көңүл буруңуз. Көрүп бүткөн соң андагы каармандардын кылган иштерин, мүнөздөрүн жана башка жоруктарын балаңыз менен бирге талкуулаңыз: “Мен бала кезимде биринчи жолу мультфильм көргөндө коркком”. Бул балаңыздын  сиздин тажырыйбаңыз менен таанышууга кызыктыруу үчүн чоң себеп.

Денеңиздин жыргалчылыгын ойлоно берип, сезимдер тууралуу унутуп салбагыла. Балдарга өз сезимин сөз менен айтып берүүнү үйрөтүү – бул ата-энелердин эң негизги милдеттеринин бири. Биздин бала кезибизден бери “көтөрүп” келе жаткан таарынычтарыбыз, ал убагында өз сезимдерибизди айтып бере албай калганыбыздын натыйжасы.

Биз курсагы ток болсо, демек балабыз бактылуу деп ойлойбуз. Бул эскирген түшүнүк. Дененин коопсуздугун ойлоп, сезимдерди унутуп койбошубуз керек. Сезимдерди ооздуктап салуу менен биз баланын өзү ким экенин билбей, эч нерсеге кызыкпай калуусуна жеткизебиз. Анан ата-энелер “Бул айткан сөздү түшүнбөйт, эч нерсеге кызыкпайт, айтканды укпайт” деп арызданабыз.

Сиз эмне, балаңызды кечээ эле көрдүңүзбү? Деги сиз бул өспүрүм менен таанышсызбы? Ал эмне үчүн сырын ачпай, түнт болуп алган? Анткени сиз аны уккан эмессиз, анын эмне сезип, эмне менен жашап жүргөнү менен кызыккан эмессиз, тескерисинче, анын жүрүш-турушун зордоп, өзүңүз каалаган нукка бургуңуз келген. Анан бир эле күндө ага акыл айтуу менен анын кыял-жоругун өзгөртүп, мыкты адам кылып жибергиңиз келеби? Андай окуя жомоктордо гана болушу мүмкүн.

Акыл-ой байлыгын материалдык байлыктар менен алмашпагыла

Азыркы учурдагы ата-энелер балдарына көп убакыт бөлө алышпайт, ошондуктан бирге болуп, баарлашууга жетишсиз нерселердин ордун ар кандай буюмдарды сатып берүү менен толуктоого аракет кылышат: жаңы телефон, кроссовкаларды, планшеттер менен оюнчуктарды сатып беришет. Натыйжасында, өз айтканын оңой менен бербеген эрке, чыр, сөз укпаган балдар өсүп чыгат. Каалаган нерсесин алып бербесеңиз анда “мени жаман көрөт” деп ойлойт. Ошондуктан балдарды сүйүү сезими менен аны материалдык жактан кем-карчсыз өстүрүүнү чаташтырып албагыла. Анын сезимдери менен керектөөлөрүн бөлүп карагыла.

Ар дайым бала менен чогуу болуу милдет эмес. Маанилүүсү күн сайын көңүл буруп тургула. Бир саат болсо да убакыт бөлгүлө. Күндө бир жаңы нерселерди үйрөтүүнү эреже кылып алгыла. Мындай мамиле ат-энелер менен балдардын ортосундагы мамиленин жакындашынына эң жакшы шарт түзөт.

5. Балаңызды уга билиңиз

Ар бир бала аны угушарын жана аны түшүнүшөрүн билүүгө тийиш. Мейли үй-бүлөдө жети бала болсун, алардын энеси менен баарлашканга ар биринде жок дегенде бир жуманын ичинде бир сааттан жеке убактылары болушу абзел. Ал сааттарда энеси көңүлүн башка иштерге бурбай толугу менен анын карамагында болушу керек. Ал сааттарды же күндөрдү “Апанын сааты” (албетте “Атанын сааты” да.) деп атап алган жакшы. Бул келечекте баланын өз жашоосун иретке салып жашоосуна өбөлгө түзөт:  “Мен атам менен же апам менен атама өз көйгөйүмдү айта алам, алар мени ар дайым угуп, кеңештерин берет”.

Балаңыз менен башка иштерди жасап жатып сүйлөшпөңүз, мисалы кир жууп, тамак бышырып, үй шыпырып жатып. Бул учурда сиз балаңызга далыңызды салып алган болосуз, демек анын көйгөйлөрүнө кыйгач көз караш менен карайсыз. Анын көзүнө тике карап, бир деңгээлде сүйлөшө билүү керек. Ага түрмөнүн күзөтчүсүндөй үстүнөн карабаңыз.

Баланын өзүн эмес, жасаган ишине карап баа бериңиз. Бардык адамдар жаңылууга жана тажырыйба топтоого укуктуу. Ага байланыштуу сезимдериңизди өз атыңыздан айтыңыз: “Сен менин алтын баламсың, сен менин тентегимсиң”. Биз мындай кылганда ага жарлык илген болобуз, а бала бул абалдан өзүнө кыйыр пайда табат. Анда энесинин сүйүүсүн жана көңүл буруусун алуунун эң жөнөкөй жолу калыптанат.

Ага “сен жамансың” деп айтпай: “Бул жоругуң менен мени гана эмес, тарбиячыңды да уятка калтырдың” деп айттыңыз. Баланын өзүн эмес, анын кылган ишине карап баа бериңиз. Бардыгынын жаңылууга, тажырыйба топтогонго укугу бар.

6. Балаңызды балалыгынан ыракат алуудан ажыратпаңыз

Ар кандай курстар, секциялар, кружоктор, баш көтөртпөй мектепке даярдап сабак окутуулар – деги койчу, көпчүлүгү балдарынан акылман адамды, жаңы Ломоносовду тарбиялап чыгарсам деген ой менен жашап, баланы кыйнап жатышканын өздөрү да билбейт. 18-19-кылымдарда бүгүнкүдөй клубдар, курстар жок болчу, бирок аларсыз эле дүйнөгө таанымал жазуучулар, ойчулдар, сүрөтчүлөр, окумуштуулар өсүп чыгышкан. Балаңызды кыйнай бербей, балалыгын баладай өткөзүп, өзүн издеп табууга көмөкчү болуңуз. Эгерде баланын жөндөмүнө жараша багыт бербей, аны кыйнап башка жолго салууга аракет кылсаңыз, аны оорулуу кылып алышыңыз толук ыктымал.

Балдардын убактысынын 70%ти бош болуп, калган 30%тин ар кандай окууларга, кружокторго жумшоо эң туура. Бош убактыларында балдар ар кандай кыялдарга батып, аны аткарууга белсенип кирген кездери болот. Чыгармачыл элементтеринен ажыраган балдардан кийин программаланган биороботтор өсүп чыгат.

7. Айткан сөзүңүздү аткарыңыз

Балдарга кол көтөрүү болбосун түшүндүрүүнүн кереги жок деп ойлойм. Ал эми жазалайм деп коркутууларга келсек, эгерде айкан сөзүңүздү аткарбасаңыз, ал болгон күчүн жоготот. Эгер бир нерсеге чектөө койсоңуз, аягына чейин барыңыз. Айттыңбы, аткар.

Көп ата-энелер жөн эле коркута беришет: “Сен тентек кылсаң, эч жакка алып барбайм”, “Сен тигинтсең, мен минтпей коём...” Коркутууларыңызды аткарбасаңыз сөзүңүздүн баасы кетет. Балада “ал айта берет...” деген пикир акыл-эсинен кетпей калат. Ошон үчүн мындай сөздөрдү айтуудан мурда он жолу ойлонуп, анан айтыңыз.

8. Ага жаңылууга жол бериңиз

Бактылуу баланы анын жаңылып калуудан коркпой, бир нерсеге баш оту менен киришип, бирөөлөрдүн шылдыңына кабылып калам деп ойлоп да койбой, өз алдынча чечим кабыл алып жүргөнүнөн билсе болот. Баланы андай чечкиндүүлүккө кантип тарбияласа болот? Албетте, ата-энелердин акылмандыгы жана сүйүүсү гана каалаган жыйынтыкка алып келет.

Финляндияда мугалимдер окуучусу маселени туура эмес чыгарса “Кандай сонун ката” деп макташат. Ката кетирмейинче туура жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес. Кетирген ката үчүн урушканда балада таанып-билүүгө болгон кызыгуу жоголот.

9. Балаңарды чын дилиңер менен сүйгүлө

Бардыгы ойлогондон да жеңил. Негизгиси – балаңарды чын дилиңер менен сүйгүлө жана ал тууралуу балдарыңарга айтып тургула. Ашыкча сүйүп алам деп коркпогула: сүйүү эч качан ашык болбойт. Сүйүүңөрдү анын тил алчаактыгына, акылдуулугуна, маданияттуулугуна жана жакшы бала экендигине алмашпагыла. Соодалашып сүйбөгүлө. Бул балада өзүн-өзү төмөн баалоо көз карашын калыптандырат. Бала өзүнөн: “Мен сүйүүгө (конфетке, чоң айлык акыга ж.б.у.с.) татыктуумунбу?” деп сурай баштайт. Жыйынтыгында бул өзүн ылдый санап, басынууга, жашоосунда ар кандай туура эмес мамилелерге, баш аламандыктарга алып келет.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз