Марий эл жомогу: Күзгү сымал үй-бүлө

  • 03.02.2021
  • 3065

Эрди-катын жашаптыр. Аялы абдан таза, апакай жүздүү адемилигине жараша жаркылдаган жан экен. Эркек тескерисинче, кунигинен келген ширидей кара, кабагы карыш неме болот. Ушул айырмачылыктан улам күйөө сарсанаа болуп, терең ойго батчу экен: “Бул мени ушул кебетем менен сүйөт болду бекен? Бир күнү чанып басып кетсечи! Көзүмө чөп салбайбы?..”

Ушинтип ичтен зилдеп жүрө бергенче бирдин ичинен чыкмакчы болгон эркек аялын сынамакчы болот. Ары ойлонуп, бери ойлонуп көпкө жүргөн ал бир жолу түн ортосунда катуу кыйкырып тура калат:

- Аа! Өлөт экенмин! Өлөт экенмин!

- Эмне болду сага? – дейт чочуп ойгонгон аял.

- Түшүмдөн аян берди, эртең өлөт экенмин.

Аял алгач коркуп кетип, кайра ишенбей, дароо үмүттөнүп, анан бат эле кабагы ачылып, күйөөсүнө ар кайсыны айтып тамашалап, көңүлүн тынчытканга аракет кылат. Эркекке аялынын бул маанайы ичинен кымыңдай сүйүнүп жаткандай сезилет, анын үстүнө ал бат эле уктап кетет, мындан улам сүйбөсүнө чындап көзү жетет.

Таң атат, күн көтөрүлөт. Эркек аялына мындай дейт:

- Жаным, мен кетейин, убактым келди.

- Каякка? – чочуп кетет аял.

- Түндө айтпадымбы, бүгүн өлөм деп.

- Жөн эле өлө бермек белең? – күлүп жиберет аял.

- Чакырып атышат. Барышым керек, - сырдуу сүйлөйт күйөөсү. - Тиги дүйнөдө көңүлсүз болбош үчүн өзүм ачыткан кызыл шараптан да, ак шараптан да бир шишеден алайын, сый кийимдеримди кийейин, - деп чындап эле алыс сапарга узачудай даярданган эркек аялын сыноосун улантат. Аялына бул жөн гана тамаша сыяктангандыктан жылмая карап, жардам бере баштайт. Мындан улам эркек өзүнөн аялы кутулгусу келип жатканынан ого бетер шектенет. Ошентип экөө үйдөн чыгып дарыяны көздөй жөнөшөт.

Эркек каршы болор бекен деп аялын күтөт, аял күйөөсүнүн тамашасы канчага созулар экен деп унчукпай бара берет. Ошентип дарыя жээгине келишет. Эркек жар кырына отуруп шараптан ичет да, азыр сууга бой таштап өлөрүн айтып, унчукпай карап турган аялына эки колун сунуп байлоосун буюрат, өзүн кучактап өлүмгө кыйбаган аракетин жасарын күтөт. Аял дагы канчага тамашалар экен деген ойдо күйөөсүнүн колун байлайт. Анын өлүмүн аялы чындап эле каалап жаткандай сезген эркек өйдө болуп, жар кырына туруп буюра да, өтүнө да айтат:

- Өзүм секире албай атам, сууга өзүң эле түртүп жиберчи. Бол эми батыраак, кыймылда!

Бул тамаша өтө узарып кеткенине күлгөн аял өзүнө түрттүрбөстөн күйөөсү кармап каларына ишенип,  артка беш-алты кадам кетенчиктеп барып, качырып сала берет. Аялы өзүн өлтүргүсү келип жатканына ишенген эркек жинденип, ал жете бергенде буйт берип, боюн ала качат. Катуу күү менен келген аял боюн токтото албай жар башынан дарыяга кулап, чабак урганды билбеген неме чабалактап чөгө баштайт. Ошондо гана жини менен эмне кылып жибергенин билген эркек аялын куткармак болот, бирок колу байлануу болгон соң бул иш колунан келбесин түшүнүп, ары-бери кайсалай карайт. Ал арада аялы жардам сурап кыйкырып, аптыга суу жутуп чөкчүдөй болот. “Колум таңылуу болсо бутум бар да, куткарсам куткардым, болбосо кошо чөктүм”, - деп ойлогон эркек жардан секирет. Бирок жардам бермек тургай өзүнө жабышкан аялы менен кошо чөгө баштайт. Ушул учурда кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз кайык минген балыкчы чал жетип келип, экөөнү тең тартып алат.

Жээкке чыгышат, жар кырына көтөрүлүшөт. Балыкчы эмне болуп сууга кулагандарын сурайт. Ак шарапты өзү колго алган, кызылын балыкчыга карматкан эркек аялын сынамакчы болгон жоругун айтып берет. Аял да күйөөсү тамашалап жатат деп ойлогонунан улам аны сууга түртүмүш болгон максатын түшүндүрөт.

Бири-бирин угуп, жиндиликтерин эми гана түшүнүп, кечирим сурашкыча кучакташып калган экөөнүн бул жоругуна күлүп, кайра жини келген балыкчы аларга түшүнсөңөр түшүнөрсүңөр, болбосо минтип жүрсөңөр бир күнү бирди көрөрсүңөр деген ойдо мындай деп сырдуу сүйлөйт:

- Эх силер! Ушунча жыл чогуу жашап, бири-бириңердин мүнөзүңөрдү билбепсиңер, силердин үй-бүлөңөр күзгү сымал турбайбы. Күзгүнүн арты канча кара болсо, бети ошончо жаркырайт,  билип жүргүлө...

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз