О`Шакир: Азиз жана ажо жөнүндө жомок

  • 17.11.2020
  • 3534

1

Илгери бир илгери,
издеп табар ийнени
Азиз адам болуптур,
аргымак ат мингени.
Көрөгөчтүк жагынан
көп абыдан билгени.

Эч айып жок сынында,
эл баш чайкап чынында:
«Тунук акыл мындай жан
туулбайт, – дешчү кылымда».
Байкоосунда азиздин
баары көздүн кырында…
Дабышынан о ага
дайын экен чымын да.

Эл бир күнү чогулат,
азиз жокто кобурап:
«Кареги жок болсо да
кантип жүрөт жол улап?
Аргымак ат мингени
а биздики чобур ат».

Жандан артык бир жери,
жашырылган ийнени
ошол замат тапчу экен
жадыгердей билгени.
Чыр болгондо чыркырап
чындык издеп миңдери,
чындык жайын билишчү
чыгып кайда киргенин.

Жаагер чыкса чуу кылар
жамы журтту кууруган,
кандай болсун кыямат
камырдан кыл сууруган
калыс экен ал азиз,
кандын коркпос сурунан.

Караламан карайлап,
калк жыйналып барчу экен.
Айла-амалы кеткени
акыл-кеңеш алчу экен.
Азиз анан аларды
анык жолго салчу экен.

Кандын катын, баласы,
кайын журту, тагасы
калкын эзип жиберет,
кангычакты кабасы.
Кан эзүүсү күч алып,
калбаганда чаласы,
калк кайрылат азизге,
кайышканда чамасы.

2

Кансарайда бир күнү
кан салыптыр дүрбүнү.
Түрүн көрсөң түйтөйүп,
түшүүчүдөй түндүгү.

Аксымдарын чогултуп,
айтты кебин ашыга,
кар жаап кабак-кашына:
«Кайрыламын, уккула!
Карыңа да, жашыңа.
Баркым түшүп калганбы,
балээ болуп башыма?

Дүрбү салам күнүгө
көр сокурдун үйүнө.
Калың элди карасам,
каратаандай түрүлө,
каптап үйүн кашактын,
кандын келбейт түбүнө.
Кандан кашак артыкпы,
кайсы, билбейм, түрүнө?
Канга калкы кайрылбас,
кандай ушу дүнүйө!

Көрдү мага жетелеп
келгиле!» - деп кекенет.

Кан айткандан көп өтпөй,
канга жуукур дөбөттөр
кайрып колун азиздин,
карып байкуш өбөктөй
кандын келет алдына.

Анан азиз кеп айтат,
айтканда да эп айтат.
Канга жетпей жүрде эле
каткан сөзүн эми айтат:

«Оомат кетти ордоңон,
ооба, мен да ойлогом:
Айланаңда жүрүшөт
акыл кошчу ондогон.
Ал иттериң талоончу,
алсыз элди кордогон.

Ажо болбой куруп кал,
атпай журтун куруткан.
Акыйкатты көздөсөң,
атың болмок Улукман.
Кан да сендей болобу,
калың элин унуткан,
карышкырдай улуткан.

Элиң жакыр зарлаган,
эзмей болду зарзаман.
Ордоңдогу эссиздер
оён болду чардаган.
Жаналгычтай бийликтен
жалкып бүттү ар жаран.

Үңкүйгөндө падыша,
үн катышып жарыша
жакындары кеп айтат,
жапырт мындай деп айтат:

«Ушул көрдүн кебине
урматтуу кан, кейибе!
Келжиреген неменин
кебин тыңшап эмине.
Бүлүндүрөр өлкөнү
бузуку бул элиңе.»

Кан келди бейм каарына,
кабак чытып баарына,
Жакындарын тыйыптыр:
«Жап болсун, – деп – жаагыңар!

Көр деп жүрсөм курганды,
көсөм адам турбайбы.
Көзсүз өзүм экемин,
көкөлөтүп кур жанды.
Көкүрөгүм туйбаптыр,
көзсүз адам туйганды.»

Ажо түйүп кабакты,
ар вазирин сабатты.
Кашайтыптыр мени деп,
караңгыга каматты.
Калпты канга жеткирген
каректерден кан акты.

Вазирлерин жазалап,
азизди айтты «азамат!»
Акалакчы иттерин
аксарайдан тазалап,
вазир кылат азизди.

Ачык төгүп баарысын,
айтып элдин арызын…
Коркпой ачуу чындыктан
козгоп кандын намысын,
ошондон соң падыша
элге салбай далысын,
көрөөгөчкө айланат,
көсөм азиз бар үчүн.

Октябрь, 2007-ж. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз