О`Шакир: Аялзат – айлампа, эркектана – пирамида

  • 11.06.2020
  • 3971

Психология илиминде аял менен эркектин эң башкы эки айырмасы көрсөтүлөт: аял айлампа, эркек пирамида.

Айлампа дегени – аялзаты баарына тегиз, баарына тең кароо аракетин көрөт. Маселен, эне кургур балдарынын кимиси акылдуу, кимиси кемпай экенине карабай, мээримин тигинисине да, мунусуна да бирдей төгөт. Шал болуп төшөктө жаткан баласына да, алты саны аман-соо жүгүрүп жүргөн баласына да сүйүүсү тепетең. А эркектер андай эмес экенбиз.

Аялзаты – үй-бүлө мүчөлөрүнө айлампа мамиле кылуунун мүшкүлүн тартса, эркек дегениң үйдөгү балдарынын же кыздарынын кимисинде лидерлик касиет байкалса, ошонусуна өзгөчө мамиле, өзгөчө камкордук көрүү аракетин жасайт. Ошол эле убакта өз ийгилиги, өз жөндөмү арткан сайын эркектин эгоисттик сапаттары да пирамида формасында жогору шукшурулат. Бул эми жараткандан берилген табигый шыбага.

Арийне, ар бир ийгиликке жеткен эркектин аркасында сөзсүз аялзаты турат деген накыл кеп да бекеринен айтылбагандыр. Себеби, аялзатынын табияты айлампалуу болгондуктан, анын баарына тегиз кароо милдети – жараткандын кудуретинен берилген.

Бул эки айырмачылыктан кеп баштаган себебим, 2010-жылкы мамлекеттик төңкөрүштө Убактылуу Өкмөт (УӨ) башындагы саясатчы мырзаларды башкарган экс-президентибиз Роза Отунбаева болуп калганы да мүмкүн Кыргызстанды чоң абийирден, чоң коогадан сактап калбады бекен?

Эркек саясатчылардын эгоисттигин го көрдүк: ар кимиси өз партиясынын кызыкчылыгын коргоду, өз иркектештерин кызматка илээштире албай ызы-чуу болушту. Айталы, Алмазбек Атамбаев менен Азимбек Бекназаровдун ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөр; Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдун банк уячаларындагы акчаны которуу боюнча жең ичинен кеп-келең курушу ж.б.

Аз жерден кыргыз-өзбек ортосунда улут аралык кырчылдашкан согуш күчөп кетер абалга кептелдик. Эми элестетип көрөлү; эгер ошондо УӨ башында Роза Отунбаева эмес, башка мырза саясатчылардын бири отурган болсо, өлкөдө пирамида саясаты жүрөт беле же айлампа саясатыбы?! Менимче, Роза Исаковнанын энелик, аялзаттык табияты эгоисттик саясат жүргүзүүгө жол бербегени үчүн да мүмкүн канабайран канды булоон согуш оту эрте өчкөндүр...

Фактыга келсек, Кыргызстандын эгемен жылдарынын тарыхындагы тең салмактык – айлампа мамилесиндеги саясат жүргүзгөн жападан жалгыз президент Р. Отунбаева болуп калды десек болот.

Бийлик пирамидасын курган жок ал, айлампа түздү. 2010-жылдан 2012-жылга чейинки 1,5 жылдык кыска мөөнөт ичинде президенттик милдетин калыстык менен аткарып берди. Болбосо парламенттик шайлоо атаандаштыгында реванштык күчтөрдүн башында турган “Ата Журт” партиясы Жогорку Кеңештин мандатына жетет беле?

Бардык саясый партиялардан алдыга озуп чыгып, көбүрөөк мандатка ээлик кылган “Ата Журт” менен “Республика” партиялары болду го. Ошондой эле “Ар-намыс” партиясы да босогодо калган жок. Тескерисинче, ошол кездеги таасири артып турган “Ата Мекен” партиясы шайлоо босогосун араң аттаганынын өзү эле көп нерсени туюнтат.

Эгерде Роза Отунбаеванын айланасындагы жардамчы күчтөр, акыл кошчулар шайлоо өнөктүгүндө өз таасирин, өз тескөөсүн жүргүзүп, мамлекеттик ресурстарды пирамидалык абалда түзгөн болсо, албетте, парламентке КСДП, “Ата Мекен”, “Ак шумкар” сыяктуу ошол кездеги мамлекеттик тизгинди колуна алып турган күчтөр гана бийликке келиши толук ыктымал эле. Бирок андай болгон жок. Демек, мунун өзү Р. Отунбаеванын тең салмактык – айлампа саясат жүргүзгөнү болуп жүрбөсүн...

Президент баарына тегиз шарт түзүп, шайлоо мүмкүнчүлүгүн бирдей камсыздап бере алганы үчүн гана “Ата Журт”, “Республика”, “Ар-намыс” партиялары мандатка ээ болгону баарыбызга дайын. Ал тургай Конституцияда көрсөтүлгөн парламенттик башкаруу нормасы толук иштеп, Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 1,5 жыл бою Жогорку Кеңеш менен гана эсептешкен саясат жүргүздү. Саясий жаңы маданиятты көрсөтүүгө үлгүрдү. Болбосо Отунбаевага чейин да, андан кийин да кайсы президент мырзалык кылганын көрдүк. Баары эле бийликке жакын партияларга жан тарткан саясат жүргүзүп келишти. Ал тургай шайлоо өнөктүгү уланган мезгилдерде бийлик партиясына добуш берүүгө электоратты ачыктан ачык үгүттөгөн президенттер болду.

Жогоруда кеп кылгандай, эне кургур балдарынын кайсынысы акылдуу, кайсынысы кемпай экенине карабай, сүйүүсүн тигинисинен да, мунусунан да аябаган үчүн анын табияты айлампа тура. Ошол себептен саясаттагы реванштык күчтөр да мандатка ээ боло алышты. Андыктан кыргыз коомунда саясий чөйрөгө аялзаттын кеңири аралашуусу эмне үчүн маанилүү экендигин азиз окурмандар өздөрү ажыратып алаар...

Дагы бир эске алчу фактор: албетте, Роза Отунбаеваны БУУнун Башкы катчылыгынан тарта, башка эл аралык уюмдар тааныганы үчүн да Кыргызстандын бүтүндүгү корголуп калганын моюнга алууга тийишпиз.

Бул жерде Отунбаеванын эл аралык коомчулукка таанымал фигура экени да чоң роль ойногонун унутпашыбыз керек. Мүмкүн анын ордунда эл аралык коомчулукка белгисиз адам мамлекетибизди башкарып турган болсо, окуя таптакыр башка өңүттө тереңдеп кетмектир. Кыргызстанды Отунбаевадан башка белгисиз фигура башкарып турган болсо, дүйнөлүк таасирдүү державалардан колдоо табат белек, жокпу? Бул да чоң маселе.

Айтор, 2010-жылкы 7-апрелден кийинки өлкөдөгү ар кандай башаламандыктар менен кошул-ташыл уланган кыргыз-өзбек ортосундагы улут аралык жаңжалдын жалыны дагы канчага созулар эле – белгисиз...

Дегеле кыргыз коомчулугунда аялзаттын ролу чоң мааниге ээ экени анча таназарга алынбай келет. Учурда канчалаган саясий топтор (партия деп атоого ооз барбай туру) уюмдашып жүргөнү менен, алардын катарында жалаң шагыраган эркектер тобу. Ошончо көп саясый топтордун башында аялга тизгин карматкан кайсы партияны атай алабыз?!

Баарынан мурда, жакында демократия баалуулуктарын тутунган “Ата Мекен” партиясынын айланасында чогулган прогрессчил күчтөр чоң саясий альянс кургандай болду. Алардын арасында бирин-экин либералдык көз караштагы кыз-келиндер жүргөнсүйт, бирок канчалык деңгээлде алдыңкы топко аялзатын аралаштырган саясий салт калыптанар экен? Же баягысынча эле шайлоо тизмесинин алдыңкы катарын ээлеп көнгөн мырзалар “байтал чуркап байге албайт” түшүнүгүнөн чыга албай, тизме башын аялзатына ыраа көрбөгөн стереотиптик саясатты улантышабы?

Дегеле эл башкарчу, журт башкарчу жакшыларыбыз феодалдык түшүнүгүн өзгөрткөн кадамга качан барышар экен? Качанкыга чейин эркектин эгоисттик табияты жеңишке жетип, бийлик пирамидасын курган мырзалар гана мамлекеттик түзүмдү башкара беришет? Деги Кыргызстандын бактысына бийликтин эгоисттик пирамидасын кургандар эмес, айлампалык – тең салмак саясатын жүргүзөр аялзатына тизгин карматкан жаңы генерациядагы кыргыз мууну өсүп чыгат болду бекен?!

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз