Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 3

Үчүнчү сабак: Көркөм чыгарманын мазмуну жана формасы

Табияттагы ар бир нерсе, көрүнүш өзүнө таандык мазмун жана формага ээ. Ошол нерсенин, көрүнүштүн жашоосу мазмун менен форманын бирдигинен көрүнөт, нерсенин бир жагы мазмун болсо, экинчи жагы форма болот да, алар бири-бирисиз жашай албайт, башкача айтканда, мазмун формага, форма мазмунга өтөт да, экөө биригип бир бүтүн нерсени түзөт.

Эгерде тактай, желим, мык, сыр, кездеме белгилүү бир өлчөмгө салынып, бир формага келтирилбесе, отургуч болушу мүмкүн эмес, ошол материалдар бир максатка жараша өзүнчө үлгүгө салынганда жанагыдай өз-өзүнчө бирикпей турган буюмдар кандайдыр бир нерсеге келтирилгенде мазмун көрүнөт, адам баласы пайдалана турган буюмга жеткенде гана форма мазмунга, мазмун формага өтөт.

Ошентип, дүйнөдөгү бардык нерсенин тышкы көрүнүшү менен анын ички маңызынын, мазмунунун ортосунда өз ара карым-катышы бар, форма мазмундун тышкы көрүнүшү таризинде көрүнөт, ошону менен бирге өзү ошол мазмундун ажырагыс бөлүгү болуп кетет, мазмун да конкреттүү формасыз көрүнө албайт.

Ошентип мазмун дегенибиз – белгилүү бир көрүнүштүн, кубулуштун маңызы, данеги, башкы белгилери аркылуу түшүнүк берген негизи, кыскасы, сүрөттөөгө алынган турмуш чындыгы.

Мазмун жана форма түшүнүгү коомдук ойдун өнүгүш тарыхында ар башка доорлордо ошол мезгилге мүнөздүү ар түрлдүүчө каралып, ар кыл чечмеленип келди. Анын илимий негизде туура чечилиши үчүн адамзат дайыма аракеттенип отурду. Турмуштук көрүнүштөр коомдук кубулуштар сыяктуу көркөм чыгармада мазмун менен форманын бирдигинен жаралат.

Көркөм адабияттын материалы болгон тил, сөз байлыгы белгилүү бир мазмунду берүүнүн каражаттарына айланганда гана формата кирет, башкача айтканда, формата киргенде гана мазмунду билдирет. Эгер сөздөр, сөз айкаштары формата кирбесе ал кеп (речь) эмес, сөздөрдүн жөн гана курамы катары кала берет.

Көркөм чыгарманын мазмуну сюжет тутумундагы окуяларда, каармандардын аракеттери менен алардын күрөштөрүндө түзүлөт. Сөздүн кудурети менен турмушту кеңири сүрөттөө боюнча адабият көркөм өнөрдүн башка түрлөрүнөн кескин айырмаланып, мазмундун берилиши жагынан да өзгөчөлүккө ээ, башкача айтканда, түркүн мүнөздөгү каармандардын турмушун, иш-аракетин чагылдыруу менен (ошон үчүн көркөм адабиятты мүнөздөрдү түзүүнүн өнөрү деп бекер айтышпайт да) коомдук көп кырдуу татаал жана бай мазмунду берүүгө болот.

Эгерде адабий мүнөздөрсүз эле көркөм мазмунду ачып көрсөтүүгө мүмкүн болсо, анда жазуучуну тарыхчы алмаштырып коюшу мүмкүн. Анткени ал да эл турмушундагы тарыхый фактыларды, окуяларды берет, алардын себеби, максаты ачылат, бул – турмуш көрүнүштөрү, окуялар кандай болсо, ошондой берүү деген сөз. Ал эми адабий чыгармада турмуш чындыгы көркөм образдар аркылуу берилет, эстетикалык таасири күчтүү идеялар ачылат. 1916-жылдын тарыхый окуясы, ошондогу улуттук-боштондук көтөрүлүш, элдин Кытайга үркүнү жөнүндө көркөм чыгармалар («Таң алдында», «Узак жол», «Ажал ордуна» ж.б.) да, илимий-тарыхый эмгектер (Ж.Абдырахмановдун, Т.Рыскуловдун, К.Үсөнбаевдин ж.б. изилдөөлөрү) да бар, алардагы айырмачылык биринчи топтогу чыгармаларда адам мүнөздөрү, кишилердин тагдырлары, алардан ар кыл аракети менен жашоо-тиричилиги, үмүтү, күрөшү менен умтулуулары образдуу сүрөттөөлөрдө көркөм мазмун түзүү менен ачылса, экинчй топтогуларда – фактылардын негизинде көтөрүлүштүн чыгыш себептери, максаты, уюштуруучулары, алардын жеңилиши жөнүндөгү илимий маалыматтар гана берилет. Демек, ушундан келип айта турган нерсе адабий чыгарманын мазмуну анын көркөмдүүлүгү, образдуулугу менен айырмаланат.

В.Г.Белинскийдин сөзү менен айтканда биринчисин баары окуп, баары түшүнсө, экинчисин баары эле түшүнө бербейт, адамдардын баары эле окуп чыкпайт. Образдуулук, көркөмдүк адабиятта турмушту билүү жана чагылдыруунун өзүнчө ыгы, жолу деп айттык, ал эми көркөм чыгарманын бул касиети мүнөздөрдө ачылат. Мүнөздөр болсо конкреттүү адабий жанрларда тил, сюжет, конфликт, композиция, портрет, пейзаж аркылуу түзүлөт. Ошентип, көркөм чыгармадагы башкы мазмун автор өзгөчө жүзөгө ашырып, окуучуга жеткирмекчи болгон идея, ал эми адабий чыгарманын тили, жанры, мүнөздөр, сюжет, композиция, пейзаж жана башкалар ошол идеяны ачуунун формалары болуп эсептелет.

Поэтикалык идея көркөм чыгарманын кан-жанына сиңип кетет. Бул жөнүндө Л.Н.Толстой романда эмне деп айтарымдын баарын сөз менен айта турган болсом, бул романды кайрадан жазып чыккан болор элем... Анткени жазган нерселеримдин бардыгы дилимде бар эле. Чагылдырылыш үчүн бири бирине чынжырдай байланышкан пикирлерди бир жерге топтош максаты, зарылдыгы мага жол көрсөткөн. Бирок бул пикирлердин ар бири сөз аркылуу өзүнчө, ажырым чагылдырылса маанисин жоготот, алардын бирөө жарымы туташ пикирлердин тутумунан ажыратылып алынса, анын баасы (сапаты) төмөндөйт. Мындай чынжыр, тутумдун өзү болсо, менимче, пикирлер менен байланбаган, бул үзүлбөс байланышты сөз менен берип болбойт, аны жалаң образдар, мүнөздөр, күч-аракеттер, ал-акыбалдар жана башкалардын, сөздөрдүн жардамы аркылуу гана сүрөттөө жана чагылдыруу мүмкүн экендигин айткан.

Турмуштун көркөм адабиятта чагылышын, берилишин билүү анын сырткы көрүнүшүнөн башталат, башкача айтканда, чыгарманын тышын билип, анан ичине, кандайлыгына өтө баштайбыз, формадан мазмунга келебиз. Форма түшүнүгү ушундан келип чыгат. Демек, форма мазмунду берүүнүн ыгы, сырткы кийими, кейпи, бир бүтүн түшүнүктү билдирип турган мазмундун курулушу, мазмундун көрүнүшү. Көркөм форма дегенибиз мазмунду ачып берүүгө багытталган, жанрдык- композициялык, лексикалык-стилистикалык, интонациялык-ритмикалык көркөм каражаттардын баарынын өз ара байланышынын жыйындысы.

Адабий чыгарманын формасы татаал жана көп кырдуу көрүнүш, өзгөчө анын үч жагын бөлүп көрсөтүү керек: биринчи – чыгарманын  сүрөттөө предмети, кеп түзүлүшү жана композициясы, башкача айтканда, байыртадан бери келе жаткан салт боюнча материалды табуу (предметти тандап алуу); экинчи ошол алынган материалды кураштыруу жана үчүнчү – аны сөз аркылуу билдирүү.

Сүрөттөө предмети дегенде – жазуучу чагылдырууга алган турмуштук окуялар, мүнөздөр, алардын аракеттери, мамилелери, ошондой эле каармандын, лирикалык каармандын, баяндоочунун кебете-кешпири, пейзаж, буюм-теримдердин сүрөттөлүшүн түшүнүү керек. Кеп курулушу дегенде жазуучу тутунган тилдин бардык бай мүмкүнчүлүгүн (сөз, көркөм сөз каражаттары), ал эми композиция дегенде каармандардын чыгармадагы катышуу орун тартибин, окуялардын ырааттуулукта берилишин, глава, абзац, строфа (куплет) жана жекече кеп айкалыштарын ирети менен колдоно билүүнү түшүнөбүз. Мына ушулар баары биригип келип чыгарманын формасын аныктайт.

Адабият таануу илим катары мазмун менен форманы ажырагыс бирдикте деп карап, формага караганда мазмундун жетектөөчү күчүн белгилейт. Ар кандай формалык көрүнүш белгилүү бир мазмунду берүүнүн каражаты болгондо гана мааниге ээ болот, өзүнчө туруп сөз, сөз айкаштары курулуш материал катары гана турат, бирок ал али толук форма болбойт, бул үчүн тиешелүү грамматикалык-эстетикалык мыйзамдар, жол-жоболор менен келгенде гана формага ээ болот.

Ай менен Күн асманды ийип кайкышат,

Күн менен Түн өз чегинен кайтышат.

Билип туруп өмүр азын адамдар,

Бир бирине жаман-жакшы айтышат.

(Омор Султанов)

Көрүнүп тургандай бул ырды чыгарма кылып турган нерсе – белгилүү бир форма жана ошол формага түшүрүлүп айтылган мазмун. Эгерде ушул ырдагы сөздөрдүн баарын эле калтырып, бирок формасын бузсак, тек гана сөздөрдүн жыйындысы болуп калар эле.

Бир бирине коркутушуп жаман-жакшы Ай

Асманды ийип менен чегинен өз.

Күн менен Түн кайтышат адамдар азын

Өмүр кайкышат билип туруп.

Бул жерде чыгарманын формасы жок болгондуктан жөн гана чачылган сөздөр болду, анын мазмуну да жок.

Ырас, мазмун менен форманын кимиси жетектөөчү дегенде бирдиктүү пикир жок. Бир топ учурда айрым философтор, адабиятчылар, формалист жазуучулар, сүрөтчүлөр жана көркөм өнөрдүн башка өкүлдөрү форманы биринчи деп, жетектөөчү катары санайт. Искусстводо формализм деген ушундай агым да бар, атүгүл алар XX кылымдын башында Россияда аябай күчтүү көрүндү. Албетте, форма мазмунду берүүнүн ыгы, бирок мазмунсуз форманын болушу мүмкүн эмес. Ар кандай мазмун өзүнө ылайык форманы издейт, талап кылат. Ушуга жетишкен жазуучу гана чыныгы чыгармаларды жаратышы мүмкүн.

Ошондой эле көркөм чыгарманын формасы дегенди өтө тар алкакта түшүнүп, бир жактуу карагандар да бар. Бир гана тил көркөм адабияттын тили өзүнчө жеке болуп «таза» форманы түзө албайт. Тил мазмунду берүүдө чоң милдет аткарат, ал форманы түзүүнүн каражаттарынын бири, башкача айтканда, «тил – жазуучунун куралы» (М.Горький), ал окуяларды, мүнөздөрдү ачуунун сөзсүз зарыл катышуучусу. Ошентсе да тил өзүнчө туруп мазмунду бере албайт. Кыргыз адабиятынын тарыхына көз чаптыралы: XX кылымдын 20-30-жылдарында биздин акындар элдин ой-тилегин, жаңы Кеңеш өкмөтүн, Лениндин образын, партияны, эмгек алдыңкыларын, коллективдештирүүнү, илим-техника жаңылыктарын мурдатан келе жаткан оозеки эл чыгармаларынын салтына салып, ошолорду туурап ырдап киришти.

А.Токомбаевдин «Ленин тууралуу» жыйнагы, М.Элебаевдин «Зарыгам» деген ыры, А.Осмоновдун алгачкы жыйнактарындагы бир катар чыгармалары кадимки элдик кошоктордун, армандардын, жалпы эле фольклордук салттардын өлчөмүндө, мотивинде жазылган. Ырас, мында жаңы турмушту, демек жаңы мазмунду эски ыкма менен берүү кандайдыр бир деңгээлде ишке ашырылган сыяктанган менен акындарды да, окурманды да толук канааттандыра албай калды. Ал учурда Ж.Турусбековдун, М.Элебаевдин жана бир топ башка акындардын чыгармачылыгында формалык изденүүлөр жүрдү. Демек, форма жайбаракат көрүнүш эмес, эгер адабиятта өсүү болсо, мазмун менен кошо форманын да кыймылы бар экенин түшүнүү керек. Форма жагынан болгон изденүү тынымсыз жүрүп турган, токтобогон процесс. Кыргыз поззиясынын кийинки изденүүлөрү, өзгөчө ак, эркин формаларынын улуттук адабиятка биротоло сиңип баратышы анын бир мисалы болуп саналат.

Коомдук турмуштагы ар кандай өзгөрүүлөр, тарыхтагы бурулуштар адабиятта да өзгөрүүлөрдү талап кылат, мына ушундай кезде формалык изденүүлөр өзгөчө күчтүү көрүнөт. Мисалы, Октябрь ынкылабынан кийин жаш Совет өкмөтү түзүлгөндө футуризм деген формалисттик агым пайда болгон. Ага көп акын- жазуучулар баш кошкон, мисалы В.Маяковский, Б.Пастернак, Н.Асеев сыяктуу кийин улуу сүрөткер болуп чыккан авторлор да чыгармачылыгын адегенде формалисттик багытта баштаган.

Алар чыгармаларында форманын ар түрдүүлүгүн жакташкан, жаңы сөздөрдү табышкан, мурда колдонулбаган ырдын ыргактарын, уйкаштарын ойлоп чыгышкан, көбүнчө аларды максатсыз эле пайдалана берген, кыйкырыктар, түшүнүксүз сөздөр алардын мазмунду ачуудагы мүмкүнчүлүгүн чектеген, «искусство – бул искусство үчүн», анда маани да, мазмун да болушу мүмкүн эмес, адабият – бул сөздөрдү өз ара тутумдаштыруу өнөрү дешкен. Формалисттер аң-сезимдүү түрдө жаңы форманы түзүү үчүн күрөшкөн реализмге каршы чыгышкан. Буларга каршы А.М.Горький «Формализм жөнүндө» деген эмгегинде өсүп-өнүгүүгө каршы агым катары катуу сокку yрган. Азыркы учурда формалисттер мазмунду таптакыр танбайт, көркөм чыгарма кандайдыр бир идеялык мазмунду бериш керек, бирок бул реалдуу чындыкты, адамдарды, жаратылыш көрүнүштөрүн, нерселерди сүрөттөө аркылуу эмес, чындык турмуштан четтеп, нерсени өзгөртүп, фигураларды бузуп сүрөттөөнү талап кылат, oшону элге жагымдуу жана таасирдүү болот деп эсептешет.

Реалдуу чындыктан четтеген, бурмаланган мазмун мазмун эмес. Көркөм чыгарманын мазмуну менен формасы – бирдиктүү зарылчылык. Бул экөөнүн бирин ашыра баалоо, экинчисине маани бербөө искусствонун баркын төмөндөтөт.

Адабият жана искусство чыгармаларында турмуштук материалдар өз мазмунуна жараша форманы талап кылат. Маселен, Ч.Айтматов «Фудзиямадагы кадыр түн» пьесасынын жазылыш тарыхы жөнүндө, адегенде бул материал повесть катары ойлонулуп, анан анын сюжетин, окуяларын башка бирөөгө баяндап берсе, ал киши бул окуя-баян драма жанрына ылайык экенин айтып, анан казак драматургу К.Мухамеджанов менен бирдикте ойдогу мазмунду пьесалык формага салгандыгын эскерип жүрөт. Демек мында мазмун өзүнө ыңгайлуу форманы талап кылып, экөө жакшы айкашты.

Ал эми кээде мазмун өзүнө ылайык форманы таба албай калат. Алсак, советтик жоокерлердин Москванын алдындагы немецтер менен баатырдык салгылашуусу жөнүндө А.Токомбаевдин «28 баатыр» поэмасы элдик эпостун формасына салынып, мазмуну ашкере фольклордоштурулуп жиберилген. 1961-жылы адам уулу космоско көтөрүлгөндө адабиятта да жаңы изденүүлөр колго алынып, кыргыз поэзиясына мурда мүнөздүү болбогон формада С.Эралиевдин «Жылдыздарга саякат», Р.Рыскуловдун «Космостук манифест» деген чыгармалары чыккан. Эралиевдин лирикалык каарманы космостон минтип «сүйлөйт»:

Жер – апам,

Алыскы менин жылдызым

Сен азыр кайдасың?

Мени угуп жатасыңбы?

Ооба,

Ооба,

Мен да сени жаңыдан уга баштадым.

Акын космостук жаңылыкты, демек жаңы мазмунду жаңы формада (эркин ырда) ачып берүүгө аракет кылды.

Жогорудагы мисалдардан көрүнүп тургандай мазмун менен форма бирдиги адабияттын негизги насилин көрсөткөн ченемдерден. Чынында жанр да, композиция да, тил да өз алдынча туруп мазмунду бере албайт, булардын баары мазмун менен байланышат, ошол мазмундун өзүнөн келип чыгат. В.Г.Белинский мазмун менен форманы бири-биринен ажыратууга мүмкүн эместигин, анткени мазмунсуз форма же формасыз мазмунду элестетүүгө такыр болбостугун эске алып мазмунду билдирген форма бири-бири менен ушунчалык ажырагыс байланышканын, ошон үчүн форманы мазмундан ажыратуу – мазмунду жок кылуу, мазмунду формадан ажыратуу, демек, форманы ойрон кылуу экендигин айткан[1].

Улуу сынчы айткандай көркөм чыгарма мазмун менен форманын бирдигинен түзүлгөн бүтүн нерсе, эмне жөнүндө айтылган болсо – ал мазмун, кантип айтылса – ал форма. Мазмун (идея) жана формадан (тил, композиция, мүнөз, сюжет, конфликт, пейзаж, портрет) турат деп экиге бөлүү маселенин маңызын ачып түшүнүүгө гана байланышат. Чындыгына келгенде мындай мазмун жана форма деп бөлүштүрүү шарттуу түрдөгү көрүнүш, себеби көркөм чыгармада берилген ой-пикирди (идеяны) жөнөкөй сөздөр менен берүүгө болбойт, чыгарманын мазмунун анын көркөм формасынан ажыратып, айрып алууга мүмкүн эмес. Кандай гана чыгарманы албайлы – ал турмуш элестеринин бир бүтүн көрүнүшүн (эпикалык, драмалык) же кандайдыр бир сезимдин, ой-толгоонун бүтүндүгүн билдирет (мисалы, лирикада), ушуга байланыштуу В.Г.Белинский адабий чыгарманы өзүнчө бир дүйнө деп эсептеген. Демек, чыгарманын өзгөчөлүгү, бүтүндүгү чоң же кичинелигине карабайт, ал мейли эпопеябы, мейли төрт сап ырбы, баары бир бүтүндүк катары өзүнчө көрүнүш болот.

Бул жөнүндө өз мезгилинде Гегель «Эстетика боюнча дарстар» деген эмгегинде драмалык чыгармаларга байланыштуу окуялар, сүрөттөөлөр, кырдаалдар, адамдар, ойлор, кыял чабыттар – баары өз ара карым-катнашта келип, көркөм чыгарманын ички биримдигин түзүп турарын белгилеген. Мазмун – бул форманын эле мазмунга өтүшү, ал эми форма болсо мазмундун формага өтүшүнүн эле өзү экендигин айткан. Л.Н.Толстой 1876-жылы Старховго жазган катында «Анна Каренина» романын жазуудагы тажрыйбасына таянып, көркөм чыгарманын биримдиги жөнүндө мен эмнени жазсам, ошонун баарында ойлордун жыйындысы, алардын өз ара байланышынын зарылдыгы мени жетектеп алат, ошол жалпы тизмектешкен ойлордун бирөөнү бөлүп алуу өтө коркунучтуу, ал ойлордун тизмеги кыялдан чыгарылган эмес, алардын негизинде башка нерсе жатат, аны сөз менен гана берүүгө болбойт, аны сөз аркылуу түзүлгөн образдар (мүнөздөр), окуялар, жоболор менен берүүгө болот деп айтып өткөн. Демек, чыгармада чагылдырылган ойлордун жыйындысын бирдиктүү бүтүндүк катары гана кароо керектигин, ансыз болбой тургандыгын улуу жазуучу атайын эскертет.

Ар кандай көркөм чыгармадагы ар бир сөз, деталь, адам мүнөздөрү кандайдыр кайталангыс жаңы мазмунду билдирүү максатын көздөйт, ансыз ал чыгарманын пафосу ойдогудай чыкпай калат. Чыгармада кандайдыр ашыкча көрүнүштүн болушу же бир нерсенин жетишпей калышы анын баалуулугун, көркөмдүк касиетин төмөндөтөт. Бардыгы жай-жайында болгондо гана жазуучунун тилеги кабыл болуп, ою окурманга жетет. Мисалы Ч.Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинде Кеңеш бийлигинин алгачкы жылдарындагы коомдук, адептик, таптык кагылыштар, адамда инсандык сапаттын калыптанышы, социалисттик жаңы түзүлүштө адамдын личносттук тарыхы сыяктуу орчундуу проблемалар сүрөттөлөт. Повесттеги бардык деталь, окуялар, адам мүнөздөрүнүн кагылыштары жогоруда аталган турмуштук проблемаларды сүрөттөөгө, ага баа берүүгө баш ийдирилген.

Дагы бир белгилөөчү нерсе – мазмундун формага өтүшү адабий каармандардын ачылышында көрүнөт. Жазуучунун максаты адам турмушунун чагылышында ачык билинет. Мисалы, «Манас» эпосундагы Манас, Семетей, Каныкей жана кырк чоронун образдары аркылуу кыргыз калкынын өткөн замандардагы жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-адаты, психологиясы, Ата журтту коргоо үчүн жүргүзгөн күрөшү менен таанышабыз. Ч.Айтматовдун «Саманчы жолу» повестинде Толгонай, Алимандын образы аркылуу согуш жылдарындагы элибиздин каарман эмгегин, бийик адамдык сапатын, атуулдук милдетин, ар кандай оорчулукту кебелбей көтөргөн улуу инсандардын көркөм мүнөздөрүн көрөбүз.

Ошентип, көркөм чыгармадагы мүнөз – мазмун менен форманын биримдигин аныктаган айкын көрүнүштөрдүн бири, мазмундун болушунун башкы көрсөткүчү. М.Горькийдин айтканы бар: «Бир нерсени жазуудан мурда мен өзүмө-өзүм алдын ала үч суроо берем: эмнени жазышым керек, аны кандай жазышым керек, эмне үчүн жазышым керек[2]

Дал ошол «эмнени» жазса, ал – мазмун, «кандай» жазса, ал – форма. Бул экөө өтмө катар чырмалышып биригет да чыгарманы чыныгы өнөр деңгээлине жеткирет.

Суроолор жана тапшырмалар

  1. Көркөм чыгарма эмне үчүн мазмун жана формадан турат? Мазмун жана форма деген эмне?
  2. Чыгармадагы форма менен мазмундун өз ара мамилелери, карым-катышы дегенде эмнелерди түшүнөсүңөр?
  3. Мазмун-форма биримдигинде неге жетектөөчү роль мазмунга таандык? Формалисттер деген кимдер, алардын тутунган жол-жоболору жөнүндө айтып бергиле.
  4. Окуган чыгармаларыңар боюнча мазмун-форма биримдигин түшүндүрүп көргүлө.

Сабакты даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Белинский В.Г. Полные соб. соч. Т. 9. – М.:1955. – с. 535

[2] Русские писатели о литературном труде. Т.4. – Л.: “Советский писатель”, 1956. – с. 192.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз