Ар күнү кабыл алган чечимибиз кандай маанилүү экендиги тууралуу икая

  • 28.03.2021
  • 4197

Илгери бир прораб жашаган экен. Ал өмүр бою нечендеген сонун-сонун үйлөрдү курду, бирок мезгил чиркин билинбей өтүп, ал карып, эс-алууга кетмей болду.

– Мен иштен кетейин деп чечтим, – деди ал жеке ишкана башчысына. – Пенсияга чыгып, кемпирим менен неберелериме каралашам.

Кожоюн жакшы кызматкеринин кетишин каалаган жок. Ал ага мындай деди:

– Макул, бирок кетериңде дагы бир үйдү салып берип кет. Андан соң сени пенсияга жакшы сыйлык берип узатып коёлук!

Прораб макул болду. Жаңы долбоор боюнча ал чакан үй-бүлөгө арналган үйдү салуусу керек эле. Анан иш башталды: макулдашуулар, керектүү материалдарды топтоо, ишти уюштуруу...

Прораб кеткенге шашылып, ишке салкын мамиле жасады. Кээ бир нерселерди чала-була бүтүрдү, кээ бирин жеңил жол менен бүтүрүүгө аракеттенди, арзан, колго тийген материалдарды сатып алып, бармак басты, көз кысты кылып үйдү эптеп бүтүрдү. Бул анын өмүрүндө жасаган эң начар иши экенин сезип жатты, бирок бул карьерамдын аягы эмеспи деп өзүн сооротту.

Үйдү кабыл алууга кожоюнду чакырды. Кожоюн үйдү карап чыгып, анан мындай деди:

 – Билесиңби, бул эми сенин үйүң болот! Мына ачкычын ал да, көчүп кире бер. Бардык документтери бүткөн. Бул биздин фирмадан сага өмүр бою кылган ак эмгегиң үчүн берилген сыйлык!

Прорабдын кандай абалда калганын айтпай эле койгула! Ал кыпкызыл болуп, кирерге жер таппады, баардыгы дуулдатып кол чаап жатышты. Аны жаңы үйү менен куттукташып, кубанганынан кызарып жатат деп ойлошту. Ал болсо өзүнүн чала жасаган ишине уялып кызарып жаткан. Эми анын чала бүтүргөн иштери өзүнүн көйгөйлөрүнө айланганын түшүнүп кызарды, а башкалар аны кымбат баалуу белек алганына толкунданып жатат деп ойлошту. Эми ал өмүрүндө өзү курган көп сандаган үйлөрдүн арасынан эң сапатсыз салынган үйдө жашоого туура келерин билип кызарып жаткан...

Тыянак: Биз бардыгыбыз – прораббыз. Биз өз жашообузду прораб пенсияга кетердин алдында салган үй сыяктуу кура салабыз. Конкреттүү иштин акыркы жыйынтыгы кандай болоруна анча маани бербей, эптеп-септеп бүтүрө коймоюбуз бар. Ашыкча кыйналуунун эмне кереги бар? – дейбиз.

Бирок биз өзүбүз курган үйдө жашап жатканыбызды кийин баамдайбыз. Анткени, бүгүнкү кылган ишибиз эртең мааниге ээ болот эмеспи. Биз мына бүгүн, эртең жашоочу үйүбүздү куруп жатканыбызды унутпайлык.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз