Лайли Үкүбаева: Осмонаалы Сыдыковдун эмгектери – баа жеткис адабий мурас

  • 24.03.2021
  • 4422

АЛГЫ СӨЗ

Кыргыз элинин туңгуч агартуучуларынын бири, санжырачы, кыргыз жазма тарыхынын негиздөөчүсү Осмонаалы Сыдык уулунун «Мухтасар тарих Кыргызиа» (1913), «Тарих кыргыз Шадманиа» (1914) китептеринин Уфа шаарында жарык көргөнүнө 100 жылдан ашык убакыт болуптур. Бул эки эмгек Осмонаалы кызы Бүбүштүн көп жылдык аракетинен кийин 2014-жылдын май айында «Турар» басмасынан кайрадан басылып жарык көрдү. (Кыргызстанда биринчи жолу «Тарих кыргыз Шадманиа» Кыргыз санжырасы. 1990-жылы чыккан) Китеп жарыкка чыгары менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилигинин колдоосу менен Осмонаалы Сыдыковдун өмүрү, эмгектери боюнча университетте республикалык илимий-практикалык конференция өткөрүлүп, китептин бет ачар аземи болду. Мындан соң КР Президентинин алдындагы «Мурас» фонду О.Сыдыковдун жердештери менен бирдикте республиканын белгилүү тарыхчылары, маданият ишмерлеринин катышуусунда 7-августта Кочкор районунун борборунда да илимий-практикалык конференция өткөрүштү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде жана Кочкордо өткөрүлгөн конференцияларда чыгып сүйлөшкөн тарыхчылар, окумуштуулар, маданият ишмерлери: Жеңиш Жунушалиев, Аскар Беделбаев, Акылбек Жуманалиев, Тынчтыкбек Чоротегин, Абдыганы Эркебаев, Кеңеш Жусупов, Анварбек Мокеев, Муратбек Кожобеков ж.б. алгачкы кыргыз тарыхчысынын кыргыз элине, кыргыз тарыхы, маданиятына өз мезгилинде жасап кеткен опол тоодой эмгегин эскеришип, Осмонаалы Сыдыковдун улуттук тарыхыбыздагы өзгөчө ордун белгилешти. Ошону менен бирге эле мындай улуу инсандын эмгеги эскерилбей келатканына да токтолушуп, келечекте О. Сыдыковдун ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча коомчулуктун жасай турган иштерин да кеңири талкуулашты. Эмнеси болсо да Осмонаалы Сыдыковдун уникалдуу эмгектеринин кайрадан басылып чыгышы, ал боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар кыргыз коомчулугун терең уйкудан ойготкондой болду. Чындыгында да эртеби, кечпи бул боло турган, баштала турган нерсе эле. Анткени автордун аталган эмгектери кыргыз тарыхында, жазма маданиятыбыздын көз жарып, калыптанышында өтө олуттуу окуя болгон. Бирок арадан көптөгөн мезгилдер өтсө да алар тууралуу айтылчу сөздөр айтылбай, ал эмгектерге мамиле да өз деңгээлине көтөрүлбөй солгун болуп келгени бул – чындык. (Мындай болуунун бир орчун себеби Осмонаалы Сыдыковдун 1930-жылдарда бай-манаптын тукуму катары Тоталитардык бийлик тарабынан репрессияланышында болгон – Л.Ү.).

Бирок мындай дегендик О. Сыдыковдун эмгектери таптакыр эле унутулган дегендикке жатпайт. Кандайдыр бир деңгээлде ал эмгектер боюнча илимий көз караштар айтылып, коомчулукка ал эмгектердин барк-баасы, тарыхый орду тууралуу жеткирүү араткеттери болгон. Ошондон улам китептердин тарыхый тагдырына азыноолак кайрыла кеткенибиз жөндүү болчудай.

Осмонаалы Сыдыковдун эмгектерин жогору баалап, ага биринчилерден болуп пикирин айткан адам Кытайдагы кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур болгон.

Кыргызстанда биринчи жолу Осмонаалы Сыдыковдун «Мухтасар тарих Шадманиа» китебин араб графикасынан кириллицага которулуп басылышында, ал китеп менен эл-журттун таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушунда улутубуздун чыгаан уулу, аалым агайыбыз Хусейин Карасаевдин эмгеги зор. Ал киши 1990-жылдарда эле аталган китепти толгон машакат менен кирилл алфавитине которуп жарыялап жатып: «Мындай машакат чеккен эмесмин. Чеккен машакатым бир тыйын. Кийинки тукум окуп, алгачкы документ катары бааласа мен ыраазы. Мен китепти мактагым да, жамандагым да келбейт. Келечек тукум өзү сындасын, өзү бааласын» – деп, ортолук позицияны ээлегиси келсе да, китепке жазган баш сөзүнүн акырында өзүнүн изги тилегин, максатын мындайча ачык жарыялайт: «Мен Осмонаалы Сыдыковдун ысмын даңазалайын деген максат менен китебин жаңы тамгага өткөрдүм. Кыргыз тилинин эстелиги катары кийинки тукум билсин деп убараландым» – дейт.

Хусейин агайыбыздын өзүнүн көргөн «машакатын бир тыйын көрбөй», «китепти кыргыз тилинин эстелиги катары кийинки тукумдун билиши» жөнүндөгү камкордугунун ары жагында кийинки муун ой калчоого шыкак берчү алтынга тете чулу ой жатканы айтпаса да түшүнүктүү эмеспи…

«Мухтасар тарих Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» китептери жана анын автору Осмонаалы Сыдыков жөнүндөгү бүгүнкү күнгө чейинки жарык көргөн макалаларга сереп салганыбызда алардын дээрлик көпчүлүгү М.С. Горбачевдун «кайра куруу», «жаңылануу» саясатынын мезгилинде жана да өлкөбүз эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары бул теманы иликтөө иши чапчаң жүргөнү байкалды. Ал макалаларда О.Сыдыковдун өмүрү, эмгектери боюнча кыйла кызыктуу да, олуттуу да ой-пикир, көз караштар жаралганын белгилей кеткенибиз жөндүү болор. Айталы, Кытайдагы кыргыз тарыхчысы Анвар Байтур, эмгектин алгачкы чыныгы күйөрманы Хусейин Карасаевден баштап, кыргыз тарыхчыларынын кийинки таланттуу муундары: Тынчтыкбек Чоротегин, Муратбек Кожобеков, Арслан Койчиев, Чоюн Өмүралиев, адабиятчы Сатыбалды Мамытовдордун макалалары окуган адамды кайдыгер калтырбайт.

Жогорудагы авторлор бир позициядан Осмонаалы Сыдыковдун аталган эмгектеринин илим үчүн салмактуу экендигин баса белгилешет. Ошону менен бирге анын авторун кыргыз жазма тарыхынын негиздөөчүсү, бул илимдин түп башатында турган адам экендигин таанышат жана бул чындыкты моюнга алышат. О. Сыдыковдун эмгектери бүгүнкү күндө дагы тереңдетилип, ар кыл аспекттен: тарых, лингвистика, адабият таануу, этнофилософиялык, этнопедагогикалык ж.б. изилдениши керек деп эсептешет. Албетте, мындай керектүү зарыл иштер жасалышы керек.

Жогорудагы авторлордун эмгектерин окуганыбызда, кантсе да О. Сыдыковдун китептери тууралуу жазылган макалаларда тарыхчынын өмүр жолу, ишмердиги, анын тарых илиминдеги орду, маанилүүлүгү тууралуу кандайдыр бир деңгээлде иликтөө иштери жасалып калганын байкоого болот, (аларда айтылган асыл ойлорду кайталап отуруунун бул жерде кажети жок – Л.Ү.) бирок да бүгүнкү күнгө чейин ал эмгектерди лингвистикалык, адабияттык аспекттерден кароо, иликтөө иши колго алынбай келет. Биздин пикирибизче, Осмонаалы Сыдыковдун эмгектери бүгүн нак ушул өңүттөрдөн изилдөөгө муктаж жана татыктуу. Дегеним – мамлекетибиз эгемендүүлүк макамына ээ болгон мезгилден бери көөнө тарыхыбызга, андан да күчөтүп айта турган болсок, көөнө цивилизациябызга маани берүү, алардын тарых бүктөмүндө калган барактарын ачып, үңүлүп окуу, аларды эл кенчине, дүйнөлүк маданияттын байлыгына айландыруунун удулу келди. Демек, Осмонаалы Сыдыковго окшогон көп кырдуу таланттын ээси, алгачкы агартуучунун эмгектерине кайрадан кайра кайрылып, аларды көз жаздымда калтырбоо мезгил талабы. Биздин бул макаланы жазуудагы максатыбыз да О. Сыдыковдун жогоруда аталган эмгектерин адабияттык өңүттөн карап, эмгектердин кыргыз жазма профессионал адабиятыбыздын өнүгүү жолундагы ордун аныктоо. Чыгармалардын идеялык-тематикалык, проблемалык, көркөмдүк маселелери боюнча өз оюбуз, байкоолорубуз менен бөлүшүү.

Улуттук адабият таануу илиминде О. Сыдыковдун «Тарих Кыргыз Шадманиа» китеби «Мухтасар тарих Кыргызианы» бүт бойдон өз ичине камтый тургандыгы жана да аталган эмгек «бир гана тарыхый эмгек эмес, ал адабий да чыгарма» экендигин биринчи жолу белгилеп, ага олуттуу мамиле жасап, адабий анализ жүргүзгөн алгачкы адабиятчы Сатыбалды Мамытов болгон. Ал О. Сыдыковдун китебинде тарыхый маалыматтарга катар эле «маданий агартуучулук ишке чакырган көптөгөн ыр саптар, прозалык баяндар, пейзаждык сүрөттөөлөр киргизилгендигин» белгилөө менен өз оюн тастыктоо үчүн автордун бир гана «Шадманиасын» иликтөө объектисине алып, ага адабий анализ жасаган. Биздин көз карашыбызда С. Мамытов «Шадманиа», «Мухтасар тарих Кыргызианы» бүт бойдон ичине камтыйт», «анын кеңейтилип жазылган уландысы болуп саналат» деп, маселени чукул кайрып, Осмонаалы молдонун адабий аспекттен алганда өз-өзүнчө баалуу эки эмгегин бириктирип, бир эле чыгарма катары карап, («Мухтасар тарих Кыргызиа» боюнча дегеле кеп кылбай – Л.Ү.) учурунда чоң калпыстык кетирген экен. Мындай жыйынтыкка келгенимдин себеби төмөнкүчө.

Белгилүү нерсе го, илимде майда эч нерсе жок, майда деп көз жаздымда калтыруу акыры чоң жаңылыштыкка алып келет. Ал эми көркөм чыгарма жөнүндө сөз болгондо изилдөөчү адабий процесстин натыйжасын гана жиктеп, устукандоо жетишсиздик кылат. Чыгарманы жаратууда идеянын пайда болушунан тартып, анын жаралуу процесси, редакцияланышы, кеңитүүнүн максаты, сюжеттик-композициялык курулуш маселелери, образ түзүү, көркөм сөз каражаттарын колдонуу чеберчилиги, айта берсе ушул сыяктуу көңүл бөлчү көп нерселер бар эмеспи. Ал эми Осмонаалы Сыдыковдун эки эмгегине ушул көз караштан мамиле жасасак, анда эле айтылчу сөздүн өңүтү арбын, эки китепти бир эмгек катары кароо алгылыксыз болору (балким, ал тарых илиминин талаптары боюнча туура болор) өзүнөн өзү ачыкка чыгат.

Осмонаалы Сыдыковдун «Мухтасар тарих Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» эмгектери боюнча кеп кылганда экинчи бир эске ала турган жагдай бар. Бул эмгектер – автордун бүткүл өмүрүн, күч-кубатын кыргыз элинин тарыхын түзүүгө жасаган максаттуу, машакаттуу эмгегинин натыйжасы. Ошондуктан кытайлык жана кыргыз илимпоздору Осмонаалы Сыдыковду алгачкы кыргыз тарыхчысы (санжыранын негизинде экенине карабай) деп таанышып, анын тарых илиминдеги алган ордун белгилөөгө аракет жасашат. Бирок бул эмгектерди жазууда Осмонаалы молдо карандай фактыларга таянып, санжыра-тарыхты кара сөз менен эле жазбастан, поэзияга кайрылып кээ бир учурларда тарыхты ырга айланткан. Эмгектеринде автордук лирикалык чегинүүлөргө кеңири орун берилип, турмуш чындыгын көркөм чындыкка айлантып, тарыхый инсан Шабдан баатырдын көркөм образын түзүүгө аракет да жасалган. Суроо туулат? О. Сыдыковдун кыргыз элинин тарыхын жазууда кара сөз менен поэзияны айкалыштырып, синтездөөсүнүн себеби эмнеден десек болот? Бул автордун турмуш чындыгын, өз дүйнө таанымын, философиясын, тарыхка карата мамилесин берүүдөгү ички муктаждыктан чыккан нерсеби же кандайдыр бир ошол мезгилдин жазуу маданиятынын «модасынан» улам жаралган бир көрүнүшпү? Албетте, бул суроого бүгүн так кесе, таасын жооп берүү, менимче, мүмкүн эмес. Ошондуктан биздин бул маселе боюнча пикирибиз божомол түрүндө десек болот, ал дагы да далай талаш пикирлерди жаратып, акырында талаштан тактык жаралары турган иш.

Осмонаалы Сыдыков XX кылымдын башында калем алып тарых жазууга киришкен тарыхый коомдук, маданий мезгилдин бөтөнчөлүгүнө сереп сала турган болсок, бул мезгилде кыргыз элинде сабаттуу адамдар өтө аз болгону белгилүү. Алардын алдыңкылары И. Арабаев, О. Сыдыков ж.б. Уфага чейин жетишип, билим өздөштүрүшкөн. Экинчиден, ошол мезгилдерде кыргыз маданиятында көркөм сөз өнөрүнүн жаңы багыты жетилип, т.а., фольклордон индивидуалдуу чыгармачылыкка өтүү процесси башталып, кадимкидей кулачын жайып калган эле. Мындай тенденция эки багытта жүргөн: 1. Ак таңдай акындар. Өз чыгармаларына автордук ээлиги бар, бирок оозеки ырдашкандар. Алар сабатсыз болгондуктан чыгармаларын кагазга түшүрө алышкан эмес (Токтогул, Барпы, Жеңижок ж.б.); 2. Жазгыч акындар. Өз чыгармаларын кагаз бетине түшүрүп, өздөрүнүн автордук укугуна толук ээ болгондор (Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Молдо Кылыч ж.б.). Осмонаалы Сыдыктын чыгармачылык бейнеси экинчи топтогу акындарга жакын, туура келет. Ал билимдүү, сабаттуу болгондуктан өз мезгилинин жазгыч акындарынын Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Нурмолдо ж.б. чыгармачылыктары менен тааныш болгон деп божомолдосок болот. Ошол эле тапта кыргыз акындарына күлазык болгон чыгыш акындарынын чыгармалары менен да түз же кыйыр түрүндө тааныш болушу толук ыктымал.

Биздин пикирибизди тарыхчы Арслан Койчиевдин төмөндөгү пикири да ырастайт. Ал О. Сыдыковдун «Мухтасар тарих Кыргызиа» китеби менен Абулгазынын (XVII к.) «Тарых-и шажар-йа түрк» деген асарын салыштырып, алардагы окшош саптардан мисал келтирүү менен Осмонаалынын бул асардан «дурус кабары болгон түрү бар» деген божомолун айтып келип жыйынтыгында: «Биз айрым гана мисалдарды келтирдик. Айтарыбыз ал мына ушундай Чыгыштын тарых, адабияты менен жакшы тааныш болгондугунун аркасында гана кыргыз элинин ыңкылапка чейинки тарыхый ой-билиминин көөнөргүс эстеликтерин жарата алды. Анткени ыңкылапка чейинки кыргыз тарыхчыларынын ичинен Осмонаалы Сыдык уулу гана араб-мусулман тарыхнаамасынын салт-усулдарын бир топ дурус жана кененирээк өздөштүргөн тарых жазуучусу» деген пикирин айтат.

Осмонаалы Сыдыковдун «өздүк китепканасы» тууралуу Ушурбек Абыш уулунун эскерүүсүнөн да жогорудагыга жакын ойду жолуктурабыз: «Осмонаалыны көчүргөндө байлыгы билинбеген карапайым кедейлердей эле үкөк-сандык, анан китеп-кагаздар унаага жүктөлөт. «Балам, китептерди өз-өз ордуна сала гой» – деп көрсөтүп берчү. Ачылбаган эки сандыгы, дайыма ачып керектеп турган эки сандыгы болор эле. Биринчисинде, жалаң басмадан чыккан араб, фарсы тилиндеги тарых, адабият, жаграпия китептер, экинчисинде, кол жазмалары, кагаз, сыя, карандаш, чийме жыгачы, калемуч сыяктуу нерселер».

Демек, ушундай факторлордон башат алган О. Сыдыковдо көркөм сөз өнөрүнө кызыгуу болбой койбогону турган иш. Буга кошумча кыргыздын туңгуч таланттуу жазгыч акындарынын бири Молдо Кылыч менен да Осмонаалы Сыдыков бир уруудан (сарбагыш), ошондой эле легендарлуу комузчу Кудайберген да агалары болгонун эске алсак, Осмонаалы Сыдыковдун тегинде өнөрдүн булагы бар экендиги, ал эртеби-кечпи өзүн билдирүүгө бир ыңгайлуу шарт-жагдайды күтүп турары анык эмеспи. Ушундан улам О. Сыдыков тарых боюнча жазган эмгектеринде мезгил-мезгили менен күлүктүн оозун коё берип, «дыр» бердиргендей, турмуш чындыгын поэтикалык баяндоого өткөнү ошондон болсо керек деген ой туулат. Бул маселенин бир жагы. Экинчиден, канткен менен XX кылымдын башында кыргыз элинин салттуу эпикалык поэзиясынын таасири бекем кезде, алгачкы жазгыч акындарыбыз дароо эле фольклордон кол жууп, жазма профессионал адабияттын табиятын бүтүндөй өздөштүрүп кетишкен эмес. Алардын чыгармалары бир жагынан фольклордон азыктанып, анын күчтүү таасиринин астында болсо, экинчи жагынан жаңычыл багытка ык коюп, оозеки импровизациядан жазма индивидуалдык сапатын баштан кечирип, индивидуалдык-стилдик бөтөнчөлүккө ээ болуу багытын татаал болсо да өздөштүрүп жатышкан. О. Сыдыковдун эмгектерин, демек, кыргыз маданиятынын ошол мезгилиндеги контекстине коюп карообуз жөндүү болор. Дагы да бул пикирди тереңирээк карасак, О. Сыдыковдун чыгармачылыгын бир эле мезгилде тарыхчы-илимпоздук жана акын, болгондо да жазгыч акын катары кароого толук негиз бар демекчибиз.

Кыргыз элинин башынан өткөн тарыхты, тарыхый окуяларды, баатырдык баяндарды акын-жомокчулар шарттуу түрдө стилдик эки ыкманы колдонуп баяндап келишкени фольклористика илимибизде белгилүү. Биринчисинде, окуя баштан аяк ыр түрүндө сабалып айтылган. Буга «Манас» эпосу баштаган бир канча эпикалык чыгармаларды мисал тартууга болот. Экинчи бирлеринде окуя ыр менен кара сөздүн улам алмашылып турушу менен коштолуп баяндалат. М.: «Курманбек» эпосу ж.б.

Биздин оюбузча, Осмонаалы молдо өз эмгектерин жазууда экинчи стилдик ыкманы колдонуп, өз эмгегинин нары мазмундуу, нары көркөм, окумдуу болуусун көздөгөндөй сыйкы бар. Бардыгын, тарых-санжыраны, поэзиянын тилине салып жазып чыгууга эч мүмкүн эмес эле. Ошол эле учурда өз дүйнө таанымын, турмуш философиясын, Шабданга окшогон тарыхый инсанды, маданий-агартуучулук үгүт-насыятын кургак сөз менен саймедирөө да автор үчүн күткөн натыйжа бербесин О.Сыдыков таасын түшүнгөн. Өз айткан пикирине элди терең ишендирүү, карапайым туташ сабатсыз элге изги ойлорун эмоционалдуу жеткирүүнүн бирден-бир төтө жолу поэзия экенин да кереметинде баамдап билсе керек. Баяндоонун мындай стилдик ыкмасы, демек, автор тарабынан абдан ойлонуштурулган десек жаңылыштык болбойт деген ишенимдебиз. Ошентип, Осмонаалы Сыдыковдун илимийлүүлүк менен адабий көркөмдүктүн синтезинде жаралган уникалдуу эмгектери чындыгында да баа жеткис кенч, илимий да, адабий да мурас.

«МУХТАСАР ТАРИХ КЫРГЫЗИА», «ТАРИХ КЫРГЫЗ ШАДМАНИА» ЭМГЕКТЕРИНДЕГИ ЫРЛАРДЫН ПОЭТИКАСЫ

Эми Осмонаалы Сыдыковдун «Мухтасар тарих Кыргызиа» (1913), «Тарих кыргыз Шадманиа» (1914) эмгектеринин поэтикасы маселесине келели.

Аталган эки китептин жазылыш тарыхы боюнча окумуштуулардын арасында ар кандай пикирлер жашап келет. Кытай тарыхчысы Анвар Байтур: «Автор бул эки китепти качан баштап, качан бүткөнү тууралуу эч кандай маалымат берген эмес. Бирок бу китепте баяндалган кээ бир окуялар, эң кийинки уруулардын наамы, адам аттары сыяктуу материалга негизделген «Кыргызиа» 1901-жылдан баштап жазылып, Чарроссиянын аскери бийлөөчү полковник Шабдандын өлүмүнөн (1912-жылы 28-март) кийин бүткөрүлгөн.

Ал эми «Шадманиа» болсо 1915-жылы бүткөрүлгөн» – десе, Осмонаалы Сыдыковдун өмүрү, чыгармачылыгына улам кайрылып, тактоолор киргизип изилдеп жүргөн тарыхчы М. Кожобеков «Мухтасар тарих Кыргызианы» 1913-жылы Уфадагы «Каримов, Хусаинов жана К» коому тарабынан чыгартып алат… Осмонаалы Сыдык уулунун кийинки эмгеги болуп, 1914-жылы Уфадан чыккан «Тарих кыргыз Шадманиа» эсептелет» – деп Анвар Байтурдун пикирине өз убагында тактык киргизген.

Жогоруда китептердин басылыш жылнаамаларынан көрүнүп тургандай, эки китептин жазылыш, басмага даярдалыш убактыларын эске албаганда да (албетте, биздин оюбузча, ал балким 2,3,4 жылдык убакыттыр) басылып чыгарылышынын ортосунда бир жылдык мезгил жатат. Эгер көмүскөдөгү жазылыш мезгилин буга кошумчаласак, анда жазуучунун чыгармачылык чеберчилигинин жетилүүсү үчүн бул кыйла эле убакыт болот. Мына ушул мезгил аралыгында, т.а., автор экинчи китепти басмага даярдоо мезгилинде биринчи китебин дыкат карап, ага көп сандаган тарыхый материалдарды, ырларына маанилүү идеялык-көркөмдүк толуктоолорду, оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизгендиги ачык байкалат (тарыхчылар «Мухтасар» кыскартылып киргизилген деп жүрүшөт – Л.Ү.), ал тургай адис окумуштуулар эле эмес, карапайым катардагы окурман дагы бул өзгөрүүлөрдү баамдашы толук мүмкүн. Эмесе, конкрет салыштырууга өтөлү.

«Мухтасар тарих Кыргызиа», «Тарых жазуучунун ыры» деген аталыштагы «Киришүү» ыры менен башталат. Ал эми «Тарих кыргыз Шадманиа» болсо «Кыргыз санжырасы» деген темадагы автордун лирикалык чегинүүсү менен башталат. Арийне «тарых жазуучунун ырынын» аталышы эле тематикалык-проблематикалык масштабы, максаты боюнча «Кыргыз санжырасы» аталышынан тар экени айгине, биринчи учурда теманы бир окуган адам «Тарых жазуучунун ыры» эмне тууралуу болорунан, сөз багыты эмне жөнүндө экенинен так, таасын түшүнүк ала албайт. Ал эми экинчи учурда «Кыргыз санжырасы» аталышы эле окуучуга көп нерседен кабар берет. Сөз кыргыз элинин тарыхый санжырасы тууралуу болорун окуучу илгиртпей баамдайт, т.а., автор экинчи басылышта темага ачыктык-тактыкты эмгектин алгачкы эле барактарында киргизип, окуучусунун көңүлүн айтылчу сөзгө, маселеге тап жылдырбай байлоого жетишкен десек болот.

Эмгектердин алгачкы барактарындагы ырлар көлөмү, мазмуну, формасы жагынан да бири-биринен кескин айырмачылыкка ээ. Биринчи китептеги ырдын көлөмү чакан (124 сап ыр), мазмун, маанилик жагдайлары да чектелүү. Экинчи китептеги ырдын көлөмү 454 саптан туруп, мааниси кенен, идеялык мазмуну кыйла терең. Ал эми формасына келсек, экөө таптакыр башка формада жазылган. Маселен, биринчиси чыгыш поэзиясында ошол мезгилде кеңири таралган эки саптан турган «бейт» формасында жазылса, экинчи ыр, же «Кыргыз санжырасы» кыргыздын эпикалык поэзиясынын ыр түзүлүшүнүн салттуу формасында, импровизаторлук-төкмөлүк шекилде 8, 11, 12 муундук ыр саптарынан туруп, ырдын уйкаштыгы саптарда сакталып, сакталбайт, б.а., эркин төкмө ыр формасында жазылган. Бул жерде биринчи китептеги ыр саптары экинчи китептеги ыр саптарына автор тарабынан пайдаланылып, киргизилгендигин да белгилей кеткенибиз туура болор. Бирок да алар оңдолуп, кеңейтилип, айрым бир учурда ойлор тереңдетилип, т.а. автор тарабынан белгилүү бир деңгээлде редакцияланууга дуушар болгонун көрөбүз.

Эки китептин башындагы ырларды жазуудагы Осмонаалы Сыдыковдун негизги максаты кыргыз улутташтарына, жакын кошуна турган, өзү алар боюнча жакшы кабары бар, казак элине, жаштарына кайрылып, аларды илим-билимге үндөп, караңгычылыктан, жалкоолуктан кутулууга чакыруу, тарыхты, өнөрдү үйрөнүүгө үгүттөө болгон. Бул жагынан алганда казак-кыргыздын ошол мезгилдеги алгачкы акын-агартуучулары Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Касым Тыныстанов, Магжан Жумабаев, Сакен Сейфуллин ж.б. чыгармалары менен Осмонаалы Сыдыктын ырларынын идеялык-тематикалык мазмуну үндөшүп турат, бирок Осмонаалынын ырларынын алардыкынан айырмалуу жагы да бар. Ал автордун элди тарыхты билүүгө, өзүнүн ата-бабаларынын тегин билүүгө үндөгөнү. Тарыхын, тегин билбеген элдин тамыры жок болорун, ал эми тарыхын билген адамдын акылы артып, руху бай болуп, жер жүзүндөгү адамдардын жашоолору, дини-дилдеринен кабардар болор артыкчылыкка жетишерине өзгөчө басым жасаганы. Биринчи китептеги ырында Осмонаалы акын көбүнчө өз ойлорун дидактикалык, т.а., акыл-насаат мүнөзүндө так, кыска берсе, «Кыргыз санжырасында» биринчиде айтылган оюн тереңдетип, айрым жерлерин чечмелеп, лирикалык чегинүүлөр менен байытып, көркөмдүгүн арттырган. Демек, ушунун өзү автордун азыркынын тили менен айтканда тексттин үстүндө иштеп, оңдоо-түзөө, алымча-кошумчаларды киргизип чоң чыгармачылык түйшүктү башынан кечиргендигинен кабар берет. Cөзүбүз кургак болбос үчүн фактыларга кайрылалы.

«Тарых жазуучунун ырында» автордук максат мындайча берилет:

Колума калем алдым, тарыхты жазмак үчүн,
Туугандарымды курдаштарым билсин үчүн.
Бул тарых жазылды кыргыз үчүн,
Кыргызды кыйла калктар билсин үчүн (23-б.) – деп башталат. Ал эми «Кыргыз санжырасында» автор тарых кимдер үчүн, кандай максатта жазыларын, аны билсе эмнеге жетишерин ырдын баш сөзү катарында берет:

Тарих кыргыз Шадманиа,
Маалыматтуу талапкерге.
Жакшы кызмат – билгендерге,
Тарих кадырын билбегенге,
Окуу керек капилдерге… (79-б.) – деп келип бул тарых азыркыларга гана эмес, кийинки муундарга арналганын жазат. Бизден соңку калгандар, маалыматтуу болот деген ишенимде болгонун да автордун:

Дугай салам туугандарга,
Бизден соңгу калгандарга,
Маалыматтуу болгондорго
Кызмат кадырын билгендерге, –
деген саптарынан байкоого болот. Ошондон кийин гана Аллага арналган, сыйынган саптарынан кийин санжырасын баштайт. Алланын ысымына сыйынуу менен иш баштоо Осмонаалы Сыдыковдун мезгилиндеги жана андан да мурунку жаралган чыгармалардын эн тамгасы болгону бардыгына маалым. Осмонаалы молдо да ал салтты айланып өткөн эмес экен.

Биринчи ырда автордун тарыхты жазуудагы максаты: «Туугандарымды курдаштарым билсин үчүн» – деп берилсе, экинчисинде:

"Колума калем алдым Нуска жазмак үчүн,
Диндештерим, туугандарым билсин үчүн" – деп оңдогон.

Көрүнүп тургандай, биринчи ырда тек гана туугандарын курдаштары билсин деген ниетте тарых жазууга киришсе, экинчи ырда тарых маанисинин мазмуну кеңейтилип, нускага, т.а., акыл-эске эс кошкон, кылымдан кылымга өтчү улуу сөзгө жеткен Нуска жазмак үчүн колуна калем алганын айткан. Ошондой эле биринчи ырда тек гана «Туугандарын курдаштары билсин үчүн» жазса, экинчисинде ырдын адрестик масштабы арткан. Тарых «диндештерине», «туугандарына» арналып олтурат. Бул жерде «туугандарым» деген түшүнүк бир гана акындын туугандары деп түшүнбөстөн, казак, ногой, сартка арналгандыгын баамдоо кыйын эмес.

«Курдаштарым, өзүм билем кусурумду
Адеп менен куушурам мен колумду
Сурап турам кол куушуруп гафуңузду…»

Бул саптар – кантсе да автордун адептүүлүгүнөн, маданиятынан бизге кабар берген маанилүү саптар.

Мындан «мен кыйратып койдум, кыргыздын тарыхын жазып» деген менменсинүүчүлүк, дөгүрсүнүп өзүн баарынан билимдүү көрсөткөн бой көтөрүүчүлүктүн жыты да жок. Тескерисинче, жогорудагы саптардын подтекстинде «туура эместик кетирсе, кол куушуруп, өтө төмөнчүлүк менен кечирим сурап» турган ак эдил адамдын образы турат. Биринчи китептеги ырда:

Бул тарых билдирер бабабызды,
Эки жүз миң үйлүү кыргыздарды.

Болуптур түпкү атабыз Огузхандан
Огузхан бири болоор тогуз хандан… –

деп айтылса, экинчи китептеги ырда бул саптар төмөндөгүчө редакцияланган:

Бул тарых билдирер бабабызды,
Түп кеткен нечен жыл атаңызды.

Демек, экинчи редакциялоодо «тарыхтын» масштабы дароо кеңейе түшкөнүн баамдайбыз. Ал – эки жүз миң үйлүү кыргыздардын эле тарыхы эмес, тээ илгертен бери келаткан ата-бабалардын тарыхын камтый турган тарых. Ал тарыхта түпкү атабыз Огузхандан башталат. Осмонаалы Сыдыков Огузханга байланыштуу бериле турган маалыматты биринчи китептеги ырдагыдан экинчи китебинде алда канча кеңейтип, толуктаган. Ага байланыштуу биринчи китептеги ырдагы жок логикалык ырааттуулукту экинчи китептеги ырда ордуна коюп, ыр куплетинин ички ойдук биримдигин арттырган. Салыштырып көрөлү:

Биринчи ырда:

Болуптур түпкү атабыз Огузхандан,
Огузхан бири болор тогуз хандан,
Аңтардым алда канча тарыхтардан,
Кыссасын нечен-нечен өткөн жандын.
Тарых деген өткөндөрдүн алын билмек,
Ата-баба олуялардын жайын билмек. (23-б.)
Акылы артаар, пикири өткүрлөнүп,
Бүтүн-бүтүн башка адам болоор демек.
Жер жүзүндө түркүн-түркүн адамдардан,
Түрлүү-түрлүү диндерин билүү демек.
Тарыхын казак, кыргыз, ногой сарттын,
Кай насил, кай уруктан келгендерин.
Бир-бирден ар бирлерин баян кылдым,
Ката кетсе айып кылба туугандарым.

Экинчи китептеги ырда бул ой мындайча берилет:

Аңдатайын мен сиздерге,
Суранып обол тарих билүүңүздү
Бул тарих билдирер бабабызды,
Түп кеткен нечен жыл атаңызды.
Билесизби тууганым, тарихтардан,
Кызасын нечен-нечен өткөн жандын.
Тарихын казак, кыргыз, ногой, сарттын,
Кай насил, кай уруктан келгендерин.
Болуптур, түп атабыз Угузхандан,
Угузхан, бири болот тогуз хандын.
Бул Угуз султаны Асияда болгон жандан.
Бул Угуз монгол хандын уулу Карахандан.
Тарих, демек, өткөндөрдүн алын билмек,
Ата-баба, Олуялар жайын билмек.
Кылган ишин пайгамбардын жолун билмек.
Жахан кезген бир саяхка беңзер демек
Зээни артып, акыл-фикир өткүлөнүп,
Бүтүн-бүтүн башак адам болор демек.
Жер жүзүндө түркүн-түркүн адамдарды
Түрлүү-түрлүү диндерин билер демек. (80–81-б.)

Экинчи китептеги ырда, биринчиден, ойдун ырааттуулугу сакталган (биринчиде ал чачкын). Экинчиден, лирикалык каарман же автор окурманга кайрылып, ага тарыхты аңдатуу максатын көздөгөнү ачыкталат. Үчүнчүдөн, казак, кыргыз, ногой, сарттын түпкү атасы Огузхан болгондугунан сөз учугун баштайт. Төртүнчүдөн, Огузхандын ким болгондугу биринчи китептеги ырга караганда дагы так, даана берилет. Бешинчиден, айтылган кептен белгилүү бир корутунду чыгарылат. Демек, тарих деген өткөндөрдүн алын билүү, ата-баба, олуялардын жайын билүү менен жер жүзүндөгү адамдардын түрлүү-түрлүү диндерин билүү дегендикке жатат. Мындай болгон соң тарыхчы жер кезген саякка окшоп, билими артып, акыл-пикири өткүрлөнүп, башка адам болуп чыга келерин белгилейт.

Ошентип, биздин пикирибизде, Осмонаалы Сыдыков бул ырларын жаратууда кадимкидей эле чыгармачылык чоң түйшүктөнүүнү, адабий процессти башынан өткөргөн. Ойдун тактыгына, конкреттүүлүгүнө, предметтүүлүгүнө жетиш үчүн көп изденген. Биринчи китептеги келегей сүрөттөөлөрдөн арылган. Биринчидеги жеткире ойлонулбай коюлган сөздөрдүн ордуна ойду так, ачык берүүчү сөздөрдү коюп, ал тургай сөздүн орундарын да алмаштырганы тексттен ачык көрүнөт. М.:

Биринчи ырда:

Аңтардым алда канча тарыхтардан,
Кыссасын нечен-нечен өткөн жандын.

Экинчи ырда:

Билесизби тууганым, тарихтардан
Кысасын нечен-нечен өткөн жандын.

Биринчи ырда:

Акылы артаар, пикири өткүрлөнүп,
Бүтүн-бүтүн башка адам болоор демек.

Экинчи ырда:

Зээни артып, акыл-пикир өткүлөнүп,
Бүтүн-бүтүн башак адам болор демек.

(Жогорудагы ыр саптарындагы айрым сөздөр басмадан кеткен ката болушу мүмкүн. Ошондуктан «өткүлөнүп» – «өткүрлөнүп», «башак» – «башка», «кысасын» – «кысса» деп окулса туура болот – Л.Ү.)

Демек, биринчи ырда «нечен жандардын өткөн баяндарын (кыссасын) тарыхтардан өзүм аңтардым» десе, экинчи ырда окурманга суроо коюп: «Нечен өткөн жандын баяндарын билесиңби, тууганым» – деп кайрылат, б.а., билбесең, тарыхтан окуп билүүң керек деп окурманга милдет жүктөгөн. Биринчи ырда: «Тарыхты билген адамдын акылы артып, пикири өткүрлөнөт» – десе, экинчисинде: «Зээни артып, акыл-пикири өткүрлөнөт» – деп, оюн дагы күчөткөн, т.а., «зээн» деген сөз кыргызда чоң маанини өзүнө камтыйт. Зээниң жок болсо, акыл-пикириңдин өткүрлөнүшү күмөн эмеспи. Ошентип, автор бул ыр саптарына «зээни артып» деген сөз айкалышын жаңыдан киргизүү менен ойдун дагы ачыктыгына жетишип, маани-маңызын тереңдеткенин көрүүгө болот. Дегинкисинде «Кыргыз санжырасында», «Тарых жазуучунун ырында» чукул кайрылган ойлор кеңейтилип, акындын тигил же бул маселеге карата автордук позициясы ачык берилип, дүйнө таанымы дааналангандыгын көрөбүз. Мисалы, биринчи ырда «Тарыхыма Кыргызиа деген ат койдум» дегенден кийин эле өзүнүн тек-жайынан кабар берип баштайт. Ал эми экинчи ырда болсо баштапкы айтылган ойду андан ары улантып, ырдын идеялык мазмунун тереңдеткен. Тарыхты билген деген билимдүү адам эмнеге жетишерин автор минтип ырга салат:

Бир ордунда туруп өскөн адам башка,
Шаарларды, жерлерди кезген башка.
Бир зынданда жаткан адам көзү башка,
Жердин жүзүн көргөн адам сөзү башка.
Дүрбү менен тоо башына чыгып баккан
Адамдын көзү, сөзү башка. (81-б.)

Осмонаалы эл кыдырып, жер кезген адам көптү билерин, илим-билим бийиктигине чыккан адамдын көзү көрөгөч, сөзү маанилүү болорун: «Бир зынданда жаткан адам көзү башка», «Дүрбү менен тоо башына чыгып караган адамдын көзү, сөзү башка» – деп, бул жерде контрасттык салыштырууну ыктуу колдонуу менен поэтикалык көркөмдүк жаратууга жетишкен.

Дегинкисинде Осмонаалы Сыдыковдун «Кыргыз санжырасы» ыр түрмөгүн окуганыбызда мейли ырдын көркөм-эстетикалык сапаты жагынан болсун, мейли ырдын ыр куруу техникасы жагынан болсун, мейли ырдын композициясын түзүү жагынан болсун ал «Тарых жазуучунун ырынан» алда канча жогору турары көзгө дароо чалдыгат. Эгерде «Тарых жазуучунун ырында» автор ата-тегинен кабар бергенден кийин эле:

Өнөрдүн артыктыгын эшитиңиз,
Пайгамбар ак кудааны бир билиңиз.
Тилим менен пайда болгон нерселерден,
Жазайын баян кылып тыңдасаңыз (25-б.) –

деп сөз удулун өзү көрүп-угуп, билген ошол мезгилдеги илим-техниканын жаңылыктарына бурат да анан:

Өнөр менен ушуларды Адам тапкан,
Жалгыз гана казак-кыргыз карап жаткан, –

деп, анын себебин илим-билимге умтулбаган наадандыктан көрөт да, ошол мезгилдеги кыргыз коомунун социалдык-саясий абалындагы кенемтелерди башынан аягына чейин санактайт. Албетте, ал доордогу кыргыз коомчулугунун турмушун Осмонаалы молдо өз чыгармасында чындыктуу, калыс чагылдырганын жокко чыгарып болбойт, бирок да «Тарых жазуучунун ырында» реалдуу турмуш чындыгын автор көркөм жалпылоонун деңгээлине көтөрө албай, болгону ыр өзү көрүп-билген окуялардын констатация гана болуп калган. Ырды ичтен жарык кыла турган күчтүү эмоция, поэтикалык көркөм табылгалар менен шөкөттөө жетишпей турганын баамдоо анчалык деле кыйындыкка турбайт. Буга кошумча акындын түзгөн ыр саптарындагы сүйлөм конструкцияларынын айрымдары да ойду так, таасын, ачык берүүдө мажестик кылып, тилдин келегей тарткан учурлары да жок эмес. Мисалы, жогорудагы келтирилген ыр саптарын эле алалы:

«Тилим менен пайда болгон нерселерден баяндап жазайын, тыңдасаңыз» дегенде ой бүдөмүк, чаташып, кош маанилүүлүк жаралат. «Тили менен эмнени пайда кылды экен?» деген суроо туулбай койбойт. Бул жерде туурасы «турмушта пайда болгон нерсени тилимдин жетишинче жазайын, тыңдасаңыз» десе ой конкреттүү, нары мааниси да окуучуга жугумдуу, жетерлик болмок. Мындай так эмес саптар, ордунда эмес сөздөр ыр саптарында кыйла эле кездешет. Анын үстүнө бул ырдын идеялык мазмуну да өтө жупуну, үстүрт берилген. Ырдын акыркы бөлүгүндө «бузукунун күндөн-күнгө эл арасында артып бараткандыгы» айтылат, бирок белгилүү бир ой корутунду чыгарылбастан:

Сатылды азиз өмүр аз акчага,
Көрдүңүз нечендерин аксакалдар.
Жиндиленип акмак болмок боз балдар –

деп бүтүрөт. Ырас, ушул ойдун, пикирдин төркүнү «Мындан да кызыгыраак бийикте Халифа ажынын газелинде бар. Ар ким окуп ибраат алгыдай окуп көр» деген автордук кайрылуу берилген. Балким, Осмонаалы Сыдыков өзүнөн да окуяны кызыгыраак, жогорку деңгээлде берген Халифа ажыны кайталабайын деп, жыйынтыгын ошону окуп чыгар деп, ырын ушул жерден чорт токтоткондур, ал ою бизге белгисиз. Ошентсе да «Тарых жазуучунун ырынын» идеясы – ушул турушунда биздин көз карашыбызда марага жетпей калган күлүктөй «аксап» турат.

Ал эми Осмонаалы Сыдыковдун «Кыргыз санжырасы» тууралуу минтип айтуу бейчеки иш болмок. Бул санжыранын мазмуну терең, автордун агартуучулук вазифасын бүтүндөй чагылдырган, күчтүү илеп менен окуучунун намысына тийип ойготор эмоционалдык духка ээ. Аны кыргыз-казак элинин кенебестигине кейип, келечектеги өсүп-өнүгүүсүнө компастык жол көрсөтүү максатын көздөгөн, ошого күйүп-жанып далалат кылган өз доорунун алдыңкы көз караштагы улуу инсанынын сезим-туйгусу, ой санаасы, рух дүйнөсүнүн түмөн түйшүгү катары окуучу кабыл алат. Айрыкча белгилей кетүүчү жагдай «Кыргыз санжырасындагы» айтылган, делген асыл ойлор күнү бүгүн да кыргыз мамлекети, улуту, эли үчүн болуп көрбөгөндөй актуалдуу экендиги. Биз аны ата-бабалардын асыл насааты катары жадыбыздан чыгарбаганыбыз ийги болмок.

Ай, туугандар, убакыт жетти козголорго,
Керегин ар ким өзү колго аларга.
Кыргыз-казак туугандар, тафакүр кыл.
Көзүң ачып замандын ахвалын бил.
Чөмүлдүк капилетке аябай ак,
Капылдыктан башыңа тийди таяк.
Умтулган алга таба басып аяк.
(умтулгун болушу керек – Л.Ү.)

Намуссуз боп жатпагын кыргыз, казак.
Ынтымак, агер биздер кыла албасак,
Биздерди кимдер болсо, кылар мазак. (81-б.)

«Наадандык сокур кылды эки көздү», «Партия балаа болду башыбызга», «Кызмат кыл бу жалганда миллетиңе, Ачык жүздүү болосуң акыретте», «Жүгүргүн миллет үчүн азаматым, Билүүгө Европанын магрифатын».

Ыр түрмөгүнөн алынган жогорудагы саптар чынында бүгүнкү окуучуну да ойготор ойго чулу саптар эмей эмне? Андан ары:

Талаптангын илимге адыл затым.
Биле көр бул замандын ары жагын,
Аз болсо да силерге насыйкатым.
Ар бир түрлүү илимден билүү үчүн,
Окугун, колдо дөөлөт болсо күчүң, –

деп жогорудагы оюн улап тереңдетет. Билимсиз болсо адам кандай ахвалда болорун, ал эми билимге, өнөргө ээ азаматка жол дайым ачык экенин турмуштан өзү көрүп, күбө болгондорун ырга салуу менен далилдөөгө аракеттенет.

«Кыргыз санжырасы» ыр түрмөгүнүн негизги пафосу уктап жаткан сабатсыз караңгы кыргыз-казак элин уйкудан ойготуп, наадандыктан кутулуп, илим-билимдүү Адам болууга үндөө, чакырык таштоо. Ушул негизги максатын окуучусуна жеткириш үчүн акын логикалык ырааттуулукта күйүп-жанып учурдагы кыргыз коомчулугунун кейиштүү сүрөтүн мындайча жандуу тартат:

Эч тартип жок элибизде,
Жакшы-жаман бирибизде.
Партиялык басып кетти,
Жылдан жылга ашып кетти.
Куулук-шумдук ташып кетти,
Мээр шапкат качып кетти.
Манап болсо элди жеди,
Бай-байкуштар малын берди.
Кедей байкуш малай кирди,
Азыр кыргыз шондой болду.
Илимсиздик шондой кылды,
Илим билген дооран сүрдү.
Илим билбес капылдардын
Мен айтайын адаттарын.
Карышкыр көрсө арстан деди,
Какоол көрсө төрө деди.
Наадан байкуш биздин кыргыз
Нени көрсө, шону деди. (83–84-бб.)

Осмонаалы Сыдыков өз ырында кыргыз коомундагы көптөгөн түркөйлүктөрдү сүрөттөп келип, андан чыгуунун бир гана туура жолу катары илим-билимди көрсөтүүдөн эч тажабайт.

Заман башка капыл болбо,
Ар убакыт илимден моюн бурба.
Өнөр бил карап турба,
Карап турсаң кар болорсуз кара пулга. (86-б.)

Ушинтип өз оюн, чыгармасынын негизин уламдан улам күчөтүп, курчутуп олтуруп анын ачыктыгына, айныксыздыгына окуучусун биротоло ынандырууга аракет кылат.

Ырдын композициясын да ушул максатка багындырганын көрөбүз. Эгерде биринчи ырда автор илимдин жетишкендиктерин окуучусуна жөн карды эле баяндап койсо, экинчи ырда, өзүнүн лирикалык чегинүүлөрүндө илим-билими бар адам деген ким? деген суроого жооп издеп, окуучусун бул багытта белгилүү бир психологиялык даярдыкка алып келгенден кийин гана илим-техникадагы дүйнө элдеринин жетишкендигин айтылган оюнун, көз караш, позициясынын иллюстрациясы катары өтө орундуу берүүгө жетишкен.

Өнөрдүн артыктыгын эшитиңиз,
Пайгамбар ак кудааны бир билиңиз.
Илим менен пайда болгон нерселерди,
Жазайын баян кылып тыңласаңыз. (86-б.)

Ошентип окуучусуна от араба, электрик, телефон, телеграмма, кеме, воздушный шар, алты атар, он эки атар бардеңкелер, машинелер, керимопон, телескоп, зоот (завод – Л.Ү.), басмакана, гезит, журнал ж.б., ошол учурдагы кыргыз-казак коомчулугу эч билбеген кабары жок нерселер жаралып жатканын, бул жолдо Русийа алдыда экенин айтып келип, кайрадан кайра: «Казак-кыргыздын өнөрдөн күдөр үзгөнүнө кейип», «Күдөр үзмөк ылайыкпы, ойлоп көрсөң?!» – деп өз замандашына суроо салат, замандаштарын активдүү аракетке чакырат.

Шаар салып, мектеп, мечит курууну кечиктирбей баштабасак, эртең кеч болуп калат деген терең ишенимин да өз ыр саптарына сиңирип:

Мектеп ачса туугандарым,
Маалыматтуу болуп калар.
Эгер буга каршы келсе,
Он жыл өтпөй көзү көрөр.
Акмактыкты шондо билер,
Иш өткөн соң пайда кетер,
Андай айбан түпкө жетер – дейт. (89-б.)

Ошентип, жогорудагы учурлардан көрүнүп тургандай, Осмонаалы Сыдыковдун «Тарых санжырасы» бир жагынан тарых жазууга автордун киришүүсү катары милдетти аткарып турса, экинчи жагынан автордун агартуучулук иш-аракетин ачык чагылдырган, өзүнчө логикалык бүтүндүккө жетишкен чакан көркөм чыгарма болуп турат. Ал көркөм иштелиши боюнча биринчи ырдан кескин айырмаланат жана акындын көркөм сөз менен иштөө маданиятынын кыйла эле жогорулап калганынан кабар берет. Ырда рифма, ритм маселелери, көркөм сүрөттөө каражаттары да кадимкидей, алар изденгич акындын калемине таандык болуп тургандай. Албетте, биз бул пикирди айтуу менен ырды чыныгы искусствонун төгөрөгү төп келишкен туундусу деген жыйынтык чыгаруудан алыспыз, тек гана Осмонаалы Сыдыков жашаган доор, ал кездеги анын замандаш жазгыч акындардын чыгармаларынын контекстине койгонубузда гана жогорудай пикир айтууга негиз бар демекчибиз.

Дегинкисинде бүгүн байкап, ой калчасак Осмонаалы Сыдык уулу өз мезгилиндеги алдыңкы көз караштагы замандаштарынын эң алдыңкы сабында турган тарыхчы, акын, агартуучу, ойчул болгон экен. Ал өз чыгармаларында гана билим-илим керек экендигин үгүттөө менен чектелбестен, заманында өзү да талыкпай аракеттенип, изденип, ошол мезгилдеги билим очогунун бири болгон Өфөгө чейин барып окуп, анан окууга шарты болбой калганда медреселерде өзү да балдарды окутуп, жанын үрөп, элдин сабаттуу болушуна чоң кызмат кылган. Бул туурасында тарыхчы Арслан Койчиев буларды белгилейт. «Ал жалаң гана санжыра, тарыхты кагаз бетине түшүрүү менен чектелген эмес. Кыргыз балдарынын арип таанып, кат сабатын ачышы үчүн да камкордук көргөн. Революцияга чейин эле Жаркынбай молдо Кочкорго медресе тургузуп (1916-жылы өрттөнүп кеткен) бала окутса, өзү көч менен кошо жүрүп, боз үйлөрдө элдин сабатын ачкан. 1916–1917-жылдары да падыша бийлиги жергиликтүү калкты катуу куугунтуктап жазалоого алганда, Осмонаалы Сыдык уулу Пишпекте татар балдарына мугалимдик кылат. Осмонаалы Сыдык уулунун кызы Шарифада Мамытаалы Жазыбаевдин түшүнүк каты сакталуу. Анда ал Осмонаалынын татар мектептеринде мугалимдик кылганын айтат. Архивдик документтерде анын 1919-жылдан Пишпектеги 2-түрк окуу жайына жетекчилик кылганы, кийин «Кошчу» союзунун мектебинде иштегени жазылган. Ошол кездин демин бүгүнкү күнгө чейин алып келген дагы бир документтен мындай саптарды окууга болот:

«Жолдош Сыдыковго! 1925-жылдын 20-февралынан баштап Сиз мектепке эне тили боюнча окутуучулукка дайындалыңыз. Ушул күнү кечикпей милдетиңизди аткарууга киришүү сунуш кылынат – А. Баишев».

Осмонаалынын балдарга 1895-жылдары элдин окуусу менен кошо география, тарыхтан сабак берип жүргөндүгү тууралуу фактыны Муратбек Кожобековдун макаласынан да жолуктурабыз.

Алгачкы кыргыз тарыхчысы, агартуучусу башына кандай гана мүшкүл иштер түшпөсүн, кайсы жерде, кандай шартта жашабасын ар дайым балдарды окутуп, билим берип, мугалимдик ишти аткаруусун токтоткон эмес. Бул туурасында Осмонаалы Сыдыктын кызы Бүбүш эженин эскерүүлөрүндө да көп айтылат. «Атам ошондой эле өмүр бою мугалимдик кылып өттү. Бир катар жылдары Пишпектеги түркий окуу жайында, кийин «Кошчу» союз мектебинде, Чүйдө балдарды окутуп, кыргыздардын кат-сабатын ачып, арип тааныткан. Кытайга качып барган соң да Кулжадагы Сталин атындагы гимназияда сабак берген, Көк-Терек айылында мугалимдик кылган. Ал эми окуучулардын жайкы эс алуу учурунда орто мектептин мугалимдерине үч ай сабак берчү. Эсимде, атам бизди ээрчитип, көчүп-конуп жүрүп, Кулжадан Текеске, андан Кызыл-Сууга ашып барып балдарды окутаар эле» – дейт Бүбүш эже.

Биз жогоруда Осмонаалы Сыдыковдун мугалимдик ишмердүүлүгүнө атайын көңүл бөлүп жаткандыгыбыздын себеби бул улуу инсандын кыргыз тарыхын жазуудагы баа жеткис эмгегинин, кыргыз адабиятынын түптөлүшүнө кошкон зор салымынын жанында алардан да кем эмес анын мугалимдик ишмердүүлүгүн да окурман журтчулугуна, кыргыз коомчулугуна дагы бир жолу эске салуу. Бийлик, байлыкка көз артпаган Осмонаалы Сыдыковдун ошол мезгилдеги көздөгөнү, көшөрүп ишке ашырууга далалаттанган максаты караңгы элдин сабатын ачып, илим-билимге тушоосун кезүү болгон экен. Билимдүү эл гана көптү багындырып, өнүгүүгө жетишерин, өнүккөн элдин мамлекетинин пайдубалы бекем болорун ал терең түшүнгөн. Түшүнбөсө, өз замандаштары, калемдештери Россия менен кошулуу тагдырын акыр замандын келиши катары көрүшүп, сары санаага батып ырдашканда, жазып жатышканда Осмонаалы молдо Россиянын өнүгүүсүн үлгү тутуп, бекеринен төмөндөгү саптарды жазбаган чыгар…

Айтайын баян кылып билгендерди.
Илим менен түрлүү өнөр билгендерди,
Илим менен артылып жүргөндөрдү.
Үстүңүздө улугуң, Русийаны,
Илим, өнөр жагынан артык баары.
Илимсиздер орунда эч болбоду,
Акмак болот илимсиз деп албады. (86–87-бб.)

* * *

Басмакана жана бар китеп баскан,
Халыктарга өнөр менен магруп чачкан.
Кезит-журнал, маалымат ар тараптан,
Шолор менен калкыбыз көзүн ачкан.
Өнөр менен ушуларды адам тапкан,
Жалгыз ак казак, кыргыз карап жаткан. (87-б.)

Албетте, жогорудагы биз сөз кылган Осмонаалы Сыдык уулунун жасаган тарыхый иштеринин алкагында дагы тереңдетилип, атайын көңүл буруп изилдөөнү талап кылган дагы далай маселелер бар экени талашсыз. Мындай маселеге бул жерден чекит коё туруп, автордун эмгектериндеги адабиятка тиешелүү материалдар боюнча сөз учугун андан ары улайлы.

«ТАРИХ КЫРГЫЗ ШАДМАНИА» КИТЕБИНДЕГИ «ЭМИ ШАБДАН БААТЫРДЫН КАЗЕЛИ БЕРИЛЕТ» ЧЫГАРМАСЫНА АДАБИЙ АНАЛИЗ

Осмонаалы Сыдыковдун «Тарих кыргыз Шадманиа» китебинде «Кыргыз санжырасынан» башка да ыр менен жазылган «Эми Шабдан баатырдын казели берилет» деген аталышта чыгарма бар. Ушул газелдин китепке киргизилиши менен китептин атынын «Тарих кыргыз Шадманиа» деп аталып калышын байланыштырып, китеп Шабдан баатыр жөнүндө дегендей ой-пикир, көз караш бүгүнкү күнгө чейин илим чөйрөсүндө жашап келүүдө. Буга карама-каршы көз караштар, китептин атын башкача талкуулаган пикирлер да бар. Эмесе, ушул жагдайга биз да токтоло кетүүнү туура көрүп турабыз.

Осмонаалы Сыдык уулунун китептеринин Синьзцяндагы бириктирилген басылышы менен кыргыз окуучуларын биринчи жолу тааныштырган «Зарыктырган эмгек» аттуу макаласында тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин («Ала-Тоо» журналы, 1989, №3) «Тарых кыргыз Шадманианы» – «Шабдан жеринин тарыхы» деп берген. Чоюн Өмүралиев «Алыскы замандаш» («Ала-Тоо» журналы, 1991, №4) аттуу макаласында «Кыргыз, Шабдан тарыхы» деп, «Тарых кыргыз Шадманианы» – аталышын которгон. Китеп автордун ою боюнча: «Жеке Шабдан баатырдын эмес, кыргыздын да тарыхы, демек, «Кыргыз, Шабдан тарыхы» десек жарашат» – деп, оюн мотивировкалайт. Китеп Шабдан жөнүндө экендигин далилдөө үчүн, Шабдандын азан чакырылып коюлган аты Шатман болгон деген ойду дагы түкшүмөлдөтөт. Дагы бир окумуштуу Муратбек Кожобеков экинчи китепте Шабдан баатырга арналган газелдин орун алып калышынын объективдүү, субъективдүү себептерин өтө тыкыр изилдеп келип, эмгегинде Шабдан баатыр жөнүндөгү поэтикалык чыгарманын орун алышына карабастан: «Китептин «Шадманиа» аталышы менен анын ички мазмуну төп келбейт», – деп белгилейт. «Санжырачы «Шадманианы» айрым бир түзөтүүлөрдү киргизип, аны Шабдан баатырга арналган казал менен толуктаганына карабастан, чыгарманын негизги өзөгү «Мухтасар тарих Кыргызиа» бойдон калган» дейт. Бирок канткен күндө да М. Кожобеков «Шадманиа» аталышын Шабдан баатырдын ысмына байланыштырат. «Ошентип, Осмонаалы Сыдык уулунун «Шадманианы» жазышына эки нерсе түрткү берген десек болот. Биринчиси, Осмонаалынын Шабданга карата көрсөткөн сый-урмат мамилеси, экинчиси, баатырдын балдарынын атасына арнап китеп жазып берүү өтүнүчү менен санжырачыга кайрылуусу» деген пикири бизде жогорудагы ойдун жаралышына негиз берет. Тарыхчы Айтбек Жаманкараев болсо «Шабданга багышталган кыргыз тарыхы» деп, «Шадманианы» таптакыр эле Шабданга «багыштап» салган («Заман Кыргызстан», 1987, 20-декабрь).

Жогорудагы окумуштуулардын пикирлерине таптакыр кайчы пикирди Осмонаалы Сыдыктын кызы Бүбүш эже айтып жүрөт. Ал биз менен болгон бир канча маектешүүсүндө жана атасына арналып 1914-жылда өткөрүлгөн ар кыл мүнөздөгү иш-чараларда сүйлөгөн сөзүндө китеп Шабдан баатырга арналбаганын, «Шадманиа» деген араб тилинен алынып, бизче «сүйүнүч» деген түшүнүктү берерин айтат. (Бул тууралуу кытай тарыхчысы Анвар Байтурдун да айтканын эскерет – Л.Ү.) Бүбүш эженин терең ишениминде атасы «Кыргыз тарыхын, түп атасын бир чоң китептен тапканына, кыргыздын тарыхын жазганына кубанып, бул чоң сүйүнүч деген маанидеги эле сөз деп жүрөт».

Бул пикирдин нак өзүндөй пикирди биз Ушурбек Абышевдин «Бейити Текесте, эмгеги элине жетпеген тарыхчы» деген макаласынан жолуктурдук. («Кыргыз Туусу», 2010. №16–17.)

Ушурбек Абышевдин атасы Абыш Осмонаалы менен курбалдаш киши болгон экен. Абыштын молдоке менен сүйлөшүп жаткандагы кептерин кулагы чалып калган Ушурбек «Шадманиа тууралуу: «Ошентип, 1914-жылы «Шадманиа» (кубанычтуу) деген экинчи китепти бастырдым. Көп кыйынчылыктар болду. Кашкарга экинчи жолу келдим. Мурун тарых жазганы келсем, эмикиси куугунтук жеп, өлүмдөн качып келдим… деп үшкүрүп калар эле» – деп эскерет. Биздин көз карашыбызда Бүбүш эже менен Ушурбек Абышевдин пикирлери маселенин маңызына жакын, ал «Шадманианын» тарыхый таржымалын толук чагылдырат. Чындыгында да тарыхы жок, жазылбаган кыргыздын тарыхын-санжырасын таап жазып, жарыялоо чоң сүйүнүч, кубаныч эмей эмне. Эгерде биринчи китеп «Мухтасар тарих Кыргызиа» – «Кыргыздын кыскача тарыхы» болсо, экинчи китеп «Тарих кыргыз Шадманиа» – «Кыргыздын кубанычтуу (сүйүнүчтүү) тарыхы» – деп Осмонаалы молдонун аташы толук ыктымал. «Шадманиада» «Шабдан баатырдын казели» чыгармасынын кирип калганы эле болбосо, эмгек «Мухтасардын», б.а., кыргыз тарыхынын кеңейтилип, толукталып айрым бир маселелер кыскартылып экинчи жолу китеп болуп басылышы болгон. Кандай болгон күндө да кыргыздын биринчи жолу жазма тарыхы санжыра түрүндө болсо да жазылып калганы, кыргыз элинин бир баатыры Шабдан тууралуу аны өз көзү менен көргөн, билген адамынан, болгондо да өз мезгилинин зирек, окумал адамынан жазылып калышы азыркы муун үчүн чоң олжо, баа жеткис руханий кенч. Шабдан баатырдын жанында жакын жүрүп, анын таалим-тарбиясын да Осмонаалы молдо өз учурунда алып калган экен. Бул тууралуу Ушурбек Абыш уулунун эскерүүлөрүнөн билсек болот. «Шабдандын жанында эки жыл жүрүп калдым. Анын ичи кенен, калыстыгын, теңчилдигин көрүп эргидим. Ашында Абайылда-Черикчи элим менен бирге келип, топурак салдым. Олуядай адам эле, кабагым-кашым дебеген, аткарам дегенин аткарчу» - деп Осмонаалынын айтканын Ушурбектин атасы Абыш карыя айтчу экен. («Кыргызстан маданияты», 1993, 29-апрель). Кийин Шабдан баатыр каза болгондо ага арнап атайын казал жазганына ушундай турмуштук жагдайлар себеп болгондур. Балким, тарыхчы Муратбек Кожобеков божомолдогондой, Шабдандын балдарынын өтүнүчү боюнча калем алгандыр. Канткен күндө да Осмонаалы Сыдык уулунун Шабдан баатыр жөнүндө казал жазып, бизге калтырганы баа жеткис байлык десек болот. Эмесе, сөз оролун Осмонаалы Сыдыковдун Шабдан баатыр жөнүндөгү баянына буралы.

Шабдан баатыр жөнүндө кара сөз менен кенен маалыматты оболу Осмонаалы Сыдыков «Тарих кыргыз Шадманиа» китебинин «Тынай балдары» деген аталыштагы бөлүмүндө берген. Анда Шабдандын ата-тегин ийне-жибине чейин берип келип, анан Шабдандын өзүнө токтолот.

«Шабдан баатыр балалыгынан тартып, 73 жашында дүйнөдөн өттү. Бул арада башына эч бир жамандык келип, жоопко кириптер болгон жок. Ал эми дүнүйөнү болсо, элге чачып берип турду: ошончолук мертебеси да ашып турчу эле», - деп баштайт Шабдан тууралуу баянын. Чындыгын айтыш керек, бул чакан баянында Осмонаалы Сыдыков Шабдандын эл оозунда аңыз болуп айтылып калган жоомарттыгын, жөнөкөйлүгүн, адамгерчилигин, өз менен да, жат менен да, колунда бар менен да, жакыр менен да мамиле түзө билген дипломаттыгын, элине кайрымдуулугун, ыймандуулугун, калк тагдырын чечүүгө келгенде кайраттуулугун, айтор адамдын, эл башчысынын өздүк сапатын бир топ эле жетиштүү, ишеничтүү өз чен-өлчөмү менен ачып берүүгө жетишкен десек туура болот. Ашыкча апыртуу кошуп жазбагандыгы жөнүндө да окуучусуна ыймандай сырын айтып, «Бекерден бекерге бир адамдын кылбаган иштерин азаптанып жазуу – бизге да, жигиттик да, адамгерчилик да эмес» (108-б.) – дейт.

Ошондон улам Осмонаалы молдонун айткан-дегенинин чындык экенинен окуучу күмөн санабайт.

Шабдан баатыр кыргыз элине гана берекесин чачкан жоомарт болбостон, анын атын угуп, алыстан келгендердин да ажатын ачып, маселесин чечкен экен. Бул тууралуу Осмонаалы Сыдыков буларды баяндайт: «Баатыр ажынын болжолсуз жоомарт болгону үчүн, биздин кыргыз үч күнчүлүк алыс жерде болсо да баатырдын алын сурап, кабардар болуу үчүн шашып келе турган. Жолугуп, мал болсо аябастан берип жана алып туруучу. Баатырдан албан (алганды болуу керек – Л.Ү.) бакты, мертебе көрүп, баатырга берүүнү касиеттүү даража көрүп, кубана турган, бир нечени берүүгө даярданып, ынтык болуп, бир нече дуба кылып, муктаждыгын айтып, зарланып туруп, ар бирлери максатына жетип, шаттанып кетүүчү эле. Бул добушту угуп, Анжияндан эшен, Намангенден кожо, Бухарадан молдо шакирт, Ирандан кызыл баш, Мекеден шайых, Мединеден сейит, Кашкардан дубана, ар шаардан куру калбай бири кетсе, бири келип турчу. Баарына бир тараптан берип жүрүп, баатыр ажы 73 жашын өткөрдү» (109-б.). Албетте, мындай адам кылымда бир жаралчу уникум экени талашсыз. Бул окуяларга өзү күбө болгон Осмонаалы молдо, алар тууралуу эргип жазбай коюшу дегеле мүмкүн эмес.

Осмонаалы Сыдыковдун Шабдан баатыр жөнүндөгү баянында баатырдын жеке пенделик артыкчылыгы гана айтылбастан, кыргыз эли жашаган ошол мезгилдеги коомдук-тарыхый шарттан да кабар берилет. «Өкмөт тарабы жаш кезинде Кокон тарабына карачу экен» – деп сөз баштап, Кокон хандыгы тушунда кыргыздардын саясий-социалдык абалы оор болгонун, кыргыздар «Расияга кароонун маслихатын кылып жатканын» ал үчүн «Расия акимдерине адам жиберип, кабар алып» аракеттер жасала баштаганы тууралуу да бул баянда маанилүү маалымат бар. Кокон хандыгынын өкүлү Рахматулло (Бишкек улугу) Байтик баатырдын колунан «жамандыгы өз башына жетип» өлтүрүлгөнү дагы айтылат.

Тарыхчы катары да, өз мезгилинин билимдүү, акылдуу, көсөм интеллигенти катары да Осмонаалы Сыдыков Россияга кошулуу ошол мезгилдин тарыхый шартынан алып караганда туура болду деген көз карашта. «Мына ушундай абалда Расия кол алдына кирдик. Ок атпай, кылыч чаппай, адилдиктин саясатында өмүр өткөрмөк үчүн, иншаллах (кудай буюрса – Х.К.) пайдасын да көрдүк. Наадан элек, аалым болдук. Бузук элек түзүк болдук. Көчмөн элек, отурук болдук». (110-б.)

Бирок бул көз караш, пикир Россиянын колониялдык саясаты күчүнө киргенде Осмонаалы сыяктуу алдыңкы, бардыгын көрө билген, баамчыл адамдарда акырындап өзгөрүлө баштаганына тарых күбө. Кыргыздар Россиянын курамына киргенде эле байып, маарып, төрт тарабы кыбыла болуп кетпеди. Эл башына жаңы мүшкүл түштү. Бул туурасында Осмонаалы Сыдыковдон буларды окуйбуз: «Наадандыктын туманы бир тараптан басса, экинчи жактан жакшы жерлерибизди мужуктарга алып берип, аларды отургузуп, биздин кыштак болобуз дегендерибизге жердин жаманын көрсөттү. Берген арыздарыбызды кабыл кылбай, бир шылтоо таап кечиктирип койду. Ошол себептүү ал-акыбалыбыз өтө жайсыз бир абалда калдык. Жер-суудан айрылдык. Ошондой абал башыбызга түштү. Ошондой мархаматтан куру калганыбыз – наадандыктан башка жамандык жок. Ошондой болуп Расия кол алдына кирдик». (110-б.)

Каңыры түтөгөн бул баянда кыргыз элинин оор тагдыры берилген. Өз теңчилигине элдин жетпей калганын автор элдин наадандыгынан көрөт. «Наадандык» деген бир сөздүн ары жагында элдин караңгылыгы, түркөйлүгү, сабатсыздыгы жатканын билсек болот. Наадандыктын кесепетинен элибиз ушул шартта да бири-бирине мурункудай эле жамандык кылып жатканын айтып келип, Шабдан баатыр «Бишкек үйөзүнүн войсковой старшинасы» милдетин аткарып турган мезгилинде ынтымактын жолун таап, элди акыл менен башкарууга жетишкенин, «аңкоолуктан кылмыш кылып колго түшкөн казак-кыргыздардын көбүн азаптан куткарганын» (110-б.) баян кылат.

Ошентип кара сөз түрүндөгү Шабдан баатырга арналган баянында Осмонаалы Сыдыков Шабдан баатырдын микробейнесин түзүүгө жетишкен десек болот. Арийне ар бир учкай айтылган сөздүн артында Шабдандын жасаган иштеринин узун-сабак тарыхы бардыгын баамдоого болот. Бирок автор өзү жазган тарыхтын мүмкүнчүлүгүнө ылайык аларга терең кирген эмес.

Кара сөз менен жазылган бул баянында автор пейзаждык сүрөттөөнү да чебер тарткан экен. Шабдан жердеген Чоң-Кемин өрөөнүн сүрөттөөсү бул айткан пикирибизди айгинелеп турат. «Күн жүрүш жагын караңыздарчы: күн чыгыштан күн батышка созулуп жаткан, башы булуттан жогору чыккан алп тоолор. Ортосунан чулгап кеткен карагайлар. Башы аппак кар. Андан ылдый күн батышка карай бүтүн талаасы көк жашыл чөп. Күн чыгыштан күн батышка чейин да ошондой…» (111-б.) «Дүрбү ал да бөркүңдү бас. Көзүңдү ач. Карагай арасынан бири кирип, бири чыгып турган кийик-эликтер. Андан төмөн назланып өтүп турган кыргыз малдары. Ана ошол тоолордон шалдырап түшүп турган суулар… андан бери караңыз. Күмүшкө окшоп жалтырап жаткан Чоң-Кемин суусу. Анын бери жагында чоң саз бар. Анда бири учуп, бири конуп жаткан өрдөк менен каздар. Жанында аппак кардуу тоонун учуна окшоп, кызыл-жашыл тасма боолор байланган зор үйлөр. Ал – баатырдын балдарынын үйлөрү… Чөптөрдү караңыз. Падышанын таажысындагы гүл шекилдүү. Караңыздарчы. Койчулар жөө, жылкычылар кыяда. Малдар тууган балдарын көргөндө, ичке добуштары менен маарап, кишенеп турушат. Билсе, билбесе да ырдап турушат. Булбул куштар сайрап турган. Барча жаныбарлар жыргап турган» (112-б.). Үзүп окууга мүмкүн болбогон жаратылыштын бул керемет сүрөтүнөн сүрөтчүнүн маанайы, деми, көркөм палитрасынын байлыгы окуучуга сезилбей койбойт. Чеберчилик менен тартылган Чоң-Кеминдин сулуулугу аттиң, ыр менен жазылган текстте жолукпайт. Акын ырдын тексттин жаратууда көркөм сүрөттөөгө караганда фактылык материалдарга көбүрөөк имерчиктеп калгандай.

Кайрадан кара сөз вариантына кайрылып, сөз кылуу зарылчылыгы турат. Анткени автор Чоң-Кеминдин жогоруда биз сөз кылган беймарал кооздугун атайлап, максаттуу тарткандай. Ушундай жайдары жомоктогудай күндө Шабдан баатыр бул жарык дүйнө менен кош айтышат. Бул – күтүүсүз ажал. Акын, жазуучу Осмонаалы Сыдыков жогорудагы сүрөттү тартып болуп эле ага улай:

«Бүгүн баатыр ооруп турган эле. Жакшы болуп кеткендир.катуу оору эмес өңдөндү эле» (112-б.) – деп, бир нерсеге бушайман болгондой, ошол эле тапта үмүттүн шооласын үзбөй «жакшы болуп кеткендир» деген үмүтүн да жашырбайт. Турмуштун, жашоонун диалектикалык карама-каршылыгы дайыма жолулаш жүрөрүн жазуучу Осмонаалы бизге ушундай стилдик ыкмада ишаараттайт.

Кыргыз элине белгилүү болгон Үсөйүн ажы өзүнүн «Кыргыз санжырасында» кыргыздар тууралуу мындай деген бир маанилүү ойду айтат. «Турмушта кичинекей бир окуя болсо, ага карата жомок курап калтыруу кыргыз элинин туума таланты».

Айтылган ойду эске алсак, кыргыз элинин тарыхый турмушунда өзгөчө орду бар Шабданга окшогон баатырдын өлүмү бул кыргыз коомчулугундагы ошол мезгилдеги чоң окуя, унутулгус жоготуу болгону талашсыз. Кичине бир окуяга карата жомок куруп калтырган туума талантка ээ кыргыз Шабдан баатыр боюнча жомок куруп калтырбашы дегеле мүмкүн эмес, ойго келбеген иш. Анын үстүнө Шабданды улуттун, уруунун сыймыгы катары баалап-барктаган тубаса таланттуу Осмонаалы Шабдан менен бир уруудан (сарыбагыш) болгону да эске алынчу фактор. Шабдандын о дүйнө кетишине чындап эле кайгырып, баатырдын асыл иштери тууралуу кийинки муунга «жомок куруп калтыруунун» зарылдыгын ал жантеңинде ойлонуп, түшүнүшү да мүмкүн. Буга кошумча Шабдан баатырдын уулдарынан (тарыхчы М.Кожобеков жазгандай) атайын өтүнүч болгону да жокко чыгарылбай турган версия.

Эми «Тарих кыргыз Шадманиа» китебине кирген Осмонаалы Сыдыковдун «Шабдан баатыр казелинин» идеялык-көркөмдүк маселелерине келели.

«Эми Шабдан баатырдын казели берилет» деген аталыштагы казел ырды жаратуучунун Алланын атына сыйынуусу менен башталат. Ырды баштаарда Аллага сыйынуу ошол мезгилдеги жазылган чыгармаларга мүнөздүү салттуу көрүнүш, демек, бул салт автор тарабынан катуу сакталган десек болот. Андан ары акын өлүм-өмүр жөнүндөгү абалтан келаткан салттуу философияны улантып, бул жалганда өлүмдөн улук эч нерсе жок экенин, андан кутулууда адамзат пендеси алсыз экендигин айтып келип, ошол тагдыр эми Шабдан баатырдын шыбагасына туш келип олтурганын ырга салат. Акындын бул маселелерди чагылдырган ыр саптары элпек, жеңил, уйкаштыктары да жайында, көркөм салыштыруулары да элеске, образга бай.

Калкка кайры көп тийген,
Байлар кеткен дүнүйө.
Бендеге пайда кылбаган
Бахыл кеткен дүнүйө.
Жалтыраган көк жашыл,
Көрүм кеткен дүнүйө.
Башчысы кетти бул күндө,
Кызыл, жашыл, сарала
Гүлү соолду бул күндө.
Күндө жыйын курулган,
Баатыр көчтү бул күндө. (115-б.)

Бул ыр саптар «дүнүйө», «күндө» деген редифтер менен коштолуп, жоготуунун даражасын дагы күчөтүп турат. Өткөн өмүрдү «көк жашыл көрктүн кетиши, кызыл, жашыл, сарала гүлдөрдүн соолгону» менен салыштыруусу да бул жерде орундуу. Мындай салыштыруу ошол мезгилде жумурай журтка кеңири тараган «жугумдуу» салыштыруу болгонун ал учурдун чыгармалары менен тааныш окурман жакшы билет. Ошентип, казалдын башы атты туякка чапкандай шыр кетип, пендечилик келди-кетти маселелерден кийин акын окуучусунун көңүлүн эми Шабдан баатырдын адамдык сапаттары менен тааныштырууга өтөт.

Рифмага жеңил салынган ыр саптарында Шабдан тууралуу кара сөз менен айткан ойлорун кайра баштан жамактатып, ал аркылуу баатырдын образын кайталап түзүүгө аракет кылат. Арийне, казалда жаңы окуя, образга жаңы сүртүмдөр таптакыр эле жок эмес. Мисалы, булар көбүнчө Шабдан баатырдын ишмердүүлүгүнө байланышкан окуялар. Шабдандын Падышадан чен алышы, Кокон хандыгы заманында ал башкарып турган сарттарды оруска каршы чыкпоого үндөгөнү эч натыйжа бербегени айтылат.

Анда Кокон заманы
Бардеңке жок колунда.
Бизтон анда болбоду.
Кулагына таш байлап,
Мылтык алган аскери.
Орустун шондой заманы,
Анжыйанды камады.
Урушууга бек келди,
Нечен түркүм сарт келди.
«Шейитпиз өлсөк» – деп келди,
Насыйкатты албады,
«Урушпа» десе болбоду,
Адамдын тилин албады.
Нечен кабат курчады,
Кайратына турбады.
Алымбектин балдары,
Аша качты Алайды,
Таштап кетти карабай,
Катын менен балдарды. (116-б.)

Кокондогу бул кырдаал тарыхый жактан чындыктуу сүрөттөлгөн. Ушундай оор ахвалда «Эри өлгөн соң Курманжан, Кокондун барып ханынан, Даткалыкка жол алганын», Курманжандын акылдуулугун сүрөттөгөн саптар да бар.

Шабдан баатыр өз учурунда Курманжандын акылын, иш билгилигин, көрөгөчтүгүн баамдап, ага зор урмат менен колдоо көрсөткөнү тарых илиминде көп эле белгиленип жүрөт. Бул туурасында Осмонаалынын казелинен да жолуктурабыз.

Катын да болсо Курманжан,
Жакшы болду адамдан.
Даткалыктан түшүрбөй,
Ызаат кылган эр Шабдан,
Көрсөткөн пайда ар жактан. (117-б.)

Шабдандын Курманжанга көрсөткөн ызааты, колдоосу кыргыздарда аялга карата феодалдык-патриархалдык мамиле күчтүү болуп турган ошол кезде адамдыктын бийик көрсөткүчү болгон. Автор өзү дагы Курманжандагы бул сапатты өзгөчө бир симпатия менен сүрөттөйт.

«Катын да болсо Курманжан,
Жакшы болду адамдан.
... ... ... ... ... ...
Акылдуу болгон Курманжан» –

деген ыр саптарынын улам кайталанышы эле көп нерседен кабар берет.

Шабдан баатырдын гуманисттик аракеттерин сүрөттөө менен акын анын портретин дагы дааналап, жаңы сүртүмдөр менен байыткан. Ал үчүн атасы Жантайдын жана Ормон хандын, Төрөкелди баатырдын заманында казак-кыргызда бузукулук иштер көп болгонун чындыктуу сүрөттөп келип:

Казак, кыргыз ол чакта,
Бузукулук көп кылды.
Баатыр Шабдан ошондо,
Адилеттүү жан эле,
Өлтүрбө адамды дээр эле.
Далай-далай адамды
Өлүмдөн шондо куткарды (117-б.), – дейт.

Дегеле автор казалында Шабдан баатырдын образын кең-кесири ачууга көп күч жумшагандыгы байкалат.

Адамга кастык кылбаган,
Өзүн улук дебеген,
Текеберлик кылбаган.
Бой көрсөтүп (көтөрүп болуу керек – Л.Ү.) адамга мен үлкөнмүн дебеген (117-б.), –

деп майдалап, деталдаштыра сүрөттөйт.

Шабдан баатыр жалаң гана кыргыздын маселесин чечпестен, «Орто Азия болгондун, Нече-нече зорлордун» маселесин чечип, акылына акыл кошкон эл башчысы болгону, Уфадан мугалим алып, балдарды окутканы, сөзүн аким сыйлаганы, күбүрнадыр, жандырал ызаат кылып турушканы, айтор, бардыгы-бардыгы санакталып келип, акырында баатырды акыркы сапарга узатууга төгөрөктүн төрт бурчунан «Капалдан казак», «Кашкардан, Ташкенттен, Чүйдөн» ж.б. жактардан калың эл келип узатканы, коштошкону тууралуу сөз болот.

Шабдан баатырдын иш-аракеттерин ырга кошуп жатып, акын дегеле ага бүгүн тең келер адам бар бекен? деген чоң суроого такалат.

Издеп жүрсө табылар,
Дүнүйө жүзү кең экен.
Эч табылбас кыргыздан,
Көп кыдырып, көп көрдүм.
Эки күндүк дөөлөткө,
Эси кеткен көп экен.
Арак ичип мас болуп,
Арам иште жүр экен.
Не кыларын биле албай,
«Мен акылдуу» дээр экен… (117-б.)

Осмонаалы Сыдыков – реалист акын. Ага жогорудагы саптары дагы бир жолу күбө. Анын терең ишениминде, Шабдандай адам издесе табылат, анткени дүнүйө жүзү кенен. Бирок да азырынча андай адам кыргыздан табылышы күмөн. Бул ойду «көп кыдырып, көптү көргөн» Осмонаалы – кыргыздын тарыхын изилдеп, эл кыдырып жүргөн адам айтып жаткандыктан ынанасың. Жогорудагы ыр саптарында акын антитезалык сүрөттөөнү орундуу колдоно алган. Ал бир кыйла чыйрак да, образга, элеске канык чыккан.

«Шабдан баатырдын казелинде» акын көркөм салыштырууларды көп колдонгонун байкоого болот. Ал салыштыруулар ошол мезгилдеги калктын карапайым түшүнүктөрүнө жакын, образдык ассоциацияларды жаратып, угуучуга, окуучуга эмоционалдык таасир берүүгө кудуреттүү болгон десек болот. Алардын айрымдарын мисалга тартсак:

Баатыр кетти бу күндө,
Барса-келбес үйүнө.
Жалпы кыргыз туугандын
Туйгуну учту бул күндө.
Жанып турган шам чырак
Чырагы өчтү бул күндө. (118-б.)
Кулак салчы чоңдорум,
Кулады азыр коргонуң. (119-б.)
Жанып турган чырактын
Күйүп турган шамы эле. (119-б.)

Шабдандын балдары жөнүндө:

Баатыр атаң барында,
Сөөлөттүү болуп жүрдүңөр.
Желдей жорго миндиңер.
Доорлорду сүрүп жүрдүңөр.
Булут чайнап, муз бүрктүң.
Ай шекилдүү сулуу кучтуң
Бу дүнүйөдө куштай учтуң. (121-б.)

* * *

Булбул десем, туйгунум.
Бүгүн колдон учупсуң. (121-б.)
Сууда болсоң кундузум,
Асмандагы жылдызым. (122-б.)

Элдин Шабдан баатырды узатууга келгенин:

Келе берди ушундай,
Көчкөн кара булуттай. (123-б.)
Шам чырактай жүзү нур. (124-б.)

Жогоруда келтирилген ыр саптарынан Шабдандын балдарынын атасы барында өзгөчө доорон сүргөнүн «булут чайнап, муз бүрктүң» – деген фразеологизмди колдонуу менен эң образдуу ойду кыска-нуска берүүгө жетишкен. Бирок объективдүүлүктөн танбай айта турган болсок, казелде жогорудагыдай жарк эткен көркөм сөз өтө эле сейрек кездешет. Биздин пикирибизде казал шашылыш жазылгандай, ал кайта-кайта каралып, ашык жүктөн арылып, иштелип ийине келбей калгандай, бул жагынан карасак, автор көргөн-билгенин шаша жамактатып баян кылгандыктан чыгарма акындык-импровизациянын туундусуна көбүрөөк жакын турат.

Казелде Осмонаалы Сыдыков турмушта өзү көргөн жаңы нерсеге да Шабдан баатырдын адамдык сапатын салыштырып кеткен учуру кездешет. Баатырдын сөзүнүн таасир күчүн электрдин кубатына салыштыруусу буга далил:

Ачык жүздүү муңайым,
Жаман сөзү жок эле.
Электрик кубаты,
Ар сөзүндө бар эле, – дейт акын. (119-б.)

Шабданды узатууга кырк миң адам чогулганын алардын арасында:

Орустун келди улугу,
Солдат менен мужугу.
Кылды булар оюнду,
Көрсөттү далай сонунду (127-б.) –

деп Шабданды акыркы сапарга узатууда орустардын да болгонун эскерет. Демек, ушул фактынын өзү эле Шабдан баатырдын кыргыз, казак, сартка эле эмес, орустун төбөлдөрүнүн алдында да аброю бийик экендигинен кабар берет. Албетте, ырдагы бул фактылар көркөм-эстетикалык жактан терең иштелбегендигине карабастан, кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхында өзгөчө орду бар, тарыхый инсан Шабдан баатырдын тарыхтагы ордун, маанисин тактоодо табылгыс материал болуп берери шексиз.

Шабдан өлгөндө анын сүрөтүн жасап койдургандыгы боюнча да кызыктуу сүрөттөө казелден орун алыптыр:

Баатыр ажы Шабдандын,
Сүрөтүн тартып коюуга.
Сегиз кабат ак үйдө,
(кабат эмес, канат болуш керек – Л.Ү.)
Ортого тиккен зор үйдө.
Кай бирлери кире албай,
Далай адам корунду.
Баатырдын кирген чоң үйгө
Керебет, сандык, жагдан да,
Алтын-күмүш чендердин
Сүрөтүн жасап койдурду.
Сүрөтү эмес өзү – деп
Жолуккандай болушту.
Шам чырактай жүзү нур,
Сүрөтү эмес өзү тур! (214-б.)

Кыргыздар байыркы мезгилде сүрөт дегенди билишкен эмес, сүрөткө түшүүнү ислам динине каршы келчү нерсе катары көрүшкөн. Бирок Россияга кошулгандан кийин сүрөт маданияты акырындап кыргыз турмушуна кире баштаган. Жогорудагы сүрөттөөдө баатырдын сөөгү жаткан чоң үйдө анын сүрөтү да коюлганы тууралуу айтылып жатат. Бул сүрөттөө көптөгөн ойлорду, суроолорду, тактоолорду талап кылып тургандай. Ал кыргыз элинин Орусиянын курамына киргенден кийинки мезгилдердеги тарыхый жашоо, каада-салт, этнографиясында болгон өзгөрүүлөрдү, модерндешүү көрүнүштөрүн тактоо, алар боюнча иликтөө жүргүзүүлөргө да, менимче, табылгыс факт ойлонууга жем таштоочу сүрөттөө. Бул маселеге ушул жерден чекит коюп, аны келечектеги тарых изилдөөчүлөргө калтыралы.

Өз калеминин акырын Осмонаалы молдо: «Соңго жадигер калсын» – деп Шабдан баатырдын жасаган ишинин жүздөн бирин гана баян кылганын айтуу менен аяктайт.

Бул казалдын жазылыш датасын да ыр саптарынан улам болжолдосок болот. Ал Осмонаалы Сыдыков китебин (менимче, сөз биринчи китеби жөнүндө болсо керек, т.а., 1913-жыл – Л.Ү.) Уфада чыгаруу убарасын тартып жүргөндө жазылса керек. (Бул пикир бизге чейин да айтылган.) Мындай бүтүмгө келүүгө анын казалдын аягындагы төмөнкү ыр саптары бизге негиз берет:

Сөзүм узун болбосун.
Хурлар болсун жолдошуң,
Калем тарткан иниңди,
Дугадан куру койбосун!
Осмонаалы мен өзүм,
Дагы калды көп сөзүм.
Жатып шаар Уфада,
Мусапырлык бу кезим!

Неси болсо да алгачкы тарыхчы-акындын «Шабдан баатыр казели» чыгармасы улуттук адабиятыбыздын тарыхында «Жазгыч акындар» деген термин менен аныкталып жүргөн алгачкы сабаттуу акындарыбыздын катарына Осмонаалы Сыдык уулун кошууга толук негиз берет.

Акындын бул казелинде төкмөлүк менен жазмалык өнөр айкалышып, ал бир максатты ишке ашырууга, т.а., Шабдан баатыр каза болгондон кийин ал тууралуу «жомок» курап калтырууга багытталгандыгы ачык байкалат. Бирок автор Шабдан тууралуу жомогунда көбүрөөк фактылык материалдарга имерчиктеп, аларды санактап өтүү менен казелинин көркөмдүк сапатынын үстүндө иштөөнү элес алган эмес. Балким, бул кемчилик казелди тез жазып, китепке киргизүү максатынан улам болгондур.

Казелдин сюжеттик-композициялык курулушу да бошоң, ойду берүүдө ыраатсыздыктар кездешет. Шабдан баатырдын образы ошол мезгилдеги жазгыч акындарыбыздын бардыгына мүнөздүү болгон сыпаттап сүрөттөө деңгээлинде турат. Бирок казелде оңунан чыккан көркөм сүрөттөөлөр, элеске бай салыштыруулар да жок эмес.

«Шабдан баатыр казелинин» адабий мурас катары азыркы учур үчүн баалуулугу, менимче, Адамдык улуу сапатты даңазалоо идеясында турат. Автор чоң дилгирлик менен Шабдан баатырдын адамдыгын симпатизациялап сүрөттөгөн. Көп көңүл бөлүп, көп күч жумшаган жана бул аракети өзү жашаган мезгил талабына ылайык жетиштүү ишке ашкан десек болот.

Жогорудагы Осмонаалы Сыдыковдун «Мухтасар тарих Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» эмгектериндеги адабий материалдар боюнча жасаган илимий экскурсубузду жыйынтыктасак, Осмонаалы Сыдыковдун поэтикалык изденүүсү тууралуу төмөндөгүдөй ой корутунду чыгарууга болот:

1. Осмонаалы Сыдыков өз мезгилинин окумал билимдүү адамы болуу менен көп кырдуу таланттын ээси болгон: тарых жазган, көркөм сөз өнөрүн да аркалаган.

2. Ал XIX к. аягы XX к. башындагы кыргыз элинин ак таңдай, жазгыч акындарынын сабында болуу менен бирге алгачкы активдүү агартуучулардан да болгону талашсыз.

3.Анын жазган көркөм чыгармалары – адилеттүүлүктүн, гумандуулуктун символу катары адамзатты прогрессивдүү идеялардын тегерегинде башты бириктирүүгө, ынтымакка чакырган күжүрмөн поэзия.

4. Акындын «Тарых жазуучунун ыры», «Эми Шабдан баатырдын казели берилет» ырлары көркөм иштелиши, поэтикалык духу боюнча өтө жакын жана алар анын алгачкы поэтикалык изденүүлөрүнүн жемиши катары каралышы жөндүү.

5. «Тарых санжырасы» – акындын чеберчилигинин бир кыйла өскөндүгүнөн кабар берген идеялык мазмуну терең, көркөм-эстетикалык деңгээли жогору чыгармасы деп эсептөөгө толук негиз берген чыгарма. Изденүүнү башынан өткөрүп, «Тарых жазуучунун ырын» кайрадан иштеп чыккан.

6. Осмонаалы Сыдыковдун тарых китептеринде ар кыл окуяларга, жер-суу аттарына байланышкан элдик миф, легендалар да кеңири кездешет. Аларга автор зарылдыгына жараша кайрылып пайдаланган, бирок кайрадан иштеп чыккан эмес.

7. Жогорудагы айтылгандардан улам Осмонаалы Сыдыков кыргыз жазма профессионал адабиятыбыздын көз жарып, калыптануусунун башатында турган жазгыч акындарыбыздын күжүрмөн гвардиясына кирүүгө толук татыктуу акын, жазуучу деп тыянак чыгарсак болот.

СОҢКУ СӨЗ

Осмонаалы Сыдыков кыргыз тарыхын, маданиятын, адабиятын түптөгөн алгачкы агартуучулардан болсо да анын мурасы көптөгөн жылдар бою калкына кайтарылбай келген. Бул туурасында Аслан Койчиев: «Өмүрү жана чыгармачылыгы көп жылдар бою көздүн жаздымында калып, жасалма унутууга кириптер болуп келген адамдардын бири – Осмонаалы Сыдык уулу. Узак убакыттан бери анын бүтүндөй маданий мурасы илимде да, адабиятта да буржуазиячыл улутчулдукту, реакциячыл ишмерлерди, пантюркисттик жана панисламизм идеяларын «жоктон таап» иликтөө кезеңинде чыныгы баасын албай келди» деген акыйкат пикирин тээ 1990-жылдарда эле айткан экен. Бирок ошондон бери деле бул багытта кыйраткан эмгек жасаган эмес экенбиз. Бул чынында эле коомчулук, Кыргыз өкмөтү, кыргыз эли жапырт колго ала турган маселе. Ушу кезге чейин Осмонаалы Сыдыковдун ысмында көчө, мектеп, мекеме да жок экендиги ушул инсандын арбагынын алдында адамдык парзыбыздын аткарылбай жатканы эмеспи…

Биз бул макалабызда Осмонаалы Сыдыковдун «Мухтасар тарих Кыргызиа», «Тарих кыргыз Шадманиа» китептерин адабий өңүттөн карап, алар тууралуу азыноолак гана кеп кылдык. Биз сөз кылган эмгектер лингвистикалык жагдайдан да терең изилденүүгө муктаж. Анын келечектеги изилдөөчүлөр колго алат деп ойлойм. Макаламды жазуумду аяктап жатып, окуучунун көңүлүн Осмонаалы Сыдыковдун чыгармачылыгына байланыштуу дагы бир учурга бурууну зарыл деп эсептейм. Ал Осмонаалынын адабий мурасы биз сөз кылган китептердин алкагында эле калбагандыгы. Осмонаалы молдо өмүр жолунда дагы далай адабий чыгармаларды жараткандыгы тууралуу илимде, коомчулукта бизге чейин да кеп болгону бар. Атап айтсак, Ушурбек Абышев өз эскерүүсүндө Осмонаалы молдо: «Кыргыздын жер, суу аттары, жаратылыш байлыктары жөнүндө жазылган өзүнчө кол жазмасын көргөм, аны «жаграпие», «кыргызие» деп өзүнчө чечмелеп жатканын жана «Чынгыс хандын чапкынчылыгы» деген кол жазмаларын сыртынан көрүп кубанар элем. Ал кезде балалык кылып, чечмелеп окубаптырбыз, кызыкпаптырбыз» – деп булар тууралуу кулак кагыш кылса, акын-тарыхчынын кызы Бүбүш эже: «Атамдын үчүнчү китеби жоголуп кетти. Көргөн-билгендер Чынгыс ханды жазып жүргөн дешет. Жакында алынган маалыматтарга караганда, атамдын кол жазмалары кытайлык манасчы Жусуп Мамайдан табылып жатыптыр, Кулжа шаардык архивинде да болуу керек. Эгерде өкмөт жардам берсе, Кытайга барып өзүм изилдеп көрсөмбү деген максатым бар» – деп тызылдап жүрөт.

Ооба, Осмонаалы Сыдыковдун көптөгөн эмгектери өзү Кыргызстандан айдалып кеткенде жоголуп кетсе, дагы далайы Кытайдын Кулжа, Текесинде калгандыр. Азырынча алардын сары изине чөп салып, тызылдап тынбай издеп жүргөн жападан жалгыз киши – Осмонаалы Сыдыковдун кызы Бүбүш эже гана болгону өкүнүчтүү…

Ошол Бүбүш эжебиз (азыр жашы 70тен ашып калды) быйыл жайында Текеске барып атасынын дагы бир ырын таап, сүйүнүп келди. Осмонаалы Сыдыковдун «Бата» деген ырын, же ыр менен айтылган кыргыз элине «Батасын» атасы Осмонаалы менен бирге жүргөн, азыр Текесте Көк-Терек деген айылда жашаган 40 жаштардагы Абдыжалил деген жигит эжеге бериптир. Бул ыр менен окурман журтчулугун тааныштырып жатып, ал батадагы асыл ой, даанышман сөздөр бүгүнкү күндө кыргыз элине аба менен суудай керектигин ар бир кыргызстандык мекендешибиз түшүнөрүнө тилек кылалы. «Бата» - Осмонаалы атабыздын акындык чеберчилигин дагы бир жолу тастыктаарына күмөнүм жок жана «Бата» Осмонаалы акындын табылгыс акыркы эмес чыгармасы деген ишенимдемин.

БАТА

Бар болсун, эли-журтум аман болсун,
Башына бакыт кушу келип консун.
Адамга өмүр тилеп, тынчтык сүйүп,
Бир-бирин айар болсун, адал болсун.

Бар болсун, эли-журтум бузулбасын,
Арасы шамал өтпөй жулкулдасын.
Баарысы байып, сайрап, бакыт жайнап,
Өркөнү өнүп-өсүп тукумдасын.

Бар болсун, эли-журтум чачылбасын,
Душманы туугандашып жакындасын.
Ырыстуу, келечеги кенен болуп,
Ылайым душман огу атылбасын.

Элимде ак ниет, адал пейил болсун.
Ачык жол, артынган жүк жеңил болсун.
Уланып улам жаңы сонун күндөр,
Урпактын келечеги кенен болсун.
Бар болсун, эли-журтум аман болсун!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз