12-апрель, 1961-жыл. Гагарин космоско учту деп эл “дүң” болуп жатат. Байдылда Сарногоев жумушка барбаптыр ал күнү. Ал кездеги Жазуучулар союзунун жетекчиси Аалы Токомбаев Байдылданы үйүнөн издеп табат. Байдыкенин башы ооруп турган кези экен.
Аалы:
– Өй, кандай немесиң деги? Тиякта Юрий Гагарин “Восток” деген корабль менен космоско учту деп эл дүңгүрөп жатса, а сен үйдө... Жок дегенде ошону мактап, бир куплет ыр жаза койсоң боло! Гезитке материал жетпей атат.
– Өөй, кокуй... баш ооруп атпайбы, кечээгиден кийин. Баш жазыңызчы андан көрө. Анан шилтей салайын, – дейт.
Аргасыздан Аалы аны буфетке ээрчитип барат. 100 грамм арак, бир күрүшкө пиво алып, Байдыкенин алдына койдуртат да:
– Сен ичип тур, а мен ажаатканага барып келейин, – деп кетет.
Кайра келсе стакан да, күрүшкө да бош. Байдыке ордунда жок. Салфеткага гана минтип жазып кетиптир:
Кырына минип “Востоктун”
Кылымдар менен достоштуң.
Эр экенсиң, Гагарин,
Кыздыгын тештиң космостун.