Байдылда Сарногоев: Булбул менен акындар

  • 15.07.2020
  • 4446

Гүлдүү токой гүл бакчаны кыдырып,
Сен булбулдун өзүн көрбөй үнүн ук.
Өзүн көрсөң купулуңа толбостур,
Көркү начар кол башындай боз чымчык.

Сезимиңе алып келер жылуулук,
Сен акындын ырын окуп, ырын ук.
Өзүн көрсөң карапайым бир адам,
Көргөн жерден кеткиң келер бурулуп.

Поэзия салтын ойлоп баштагы,
Акындарды булбул дешет жаш-кары.
Булбул болсо эмнеликтен алардын,
Бири жакшы, бири жаман жазганы?

Ар ким айтаар окуп, угуп, көргөнүн,
А мен болсом минтип айтам жөн-жөнүн.
Акындардын халтурщигин көрсөм да,
Мен булбулдун халтурщигин көрбөдүм.

ЖАҢГАК МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ

- Айтчы, жаңгак, канча жашты жашадың?
- Курбу болчу чоң атасы атаңын.
Кайран киши эрте бүттү сапарын
А мен болсом арбын окшойт сапарым.
Жаңы гана жээрде болду сакалым.

- Айтчы, жаңгак өткөндөрдү башыңдан?
- Көргөндөрүм көп бейм сенин чачыңдан...
Бороон булкту, балта тийди бирок мен
Тамырымды тоолуу жерге матыргам.
Кылым бойлоп тоолук элге баш ургам.

- Эмнеликтен жаңгагы дейт гректин?
- Менин ээмди менден башка билет ким?
Грегиңди-мирегиңди түшүнбөйм,
Ээм кыргыз, кыргыз менен бир өстүм.
Баш айланткан маңыз сөзүң түгөткүн.

КОТОРМО ЖӨНҮНДӨ

Чыгармага чындык бааны эл берер,
Не деген алп Данте, Гёте, Гейнелер.
Не деген алп Жаами, Саади, Низами
Кылымдардан окуп, жаттап келген эл.
Не деген алп Фирдоуси улуу акын
Бир тең келсе өзүнө өзү тең келер.

Мезгил жүгүн көтөрүшүп ийинге,
Мезгил бойлоп ээ болушуп сүйүүгө,
Түрлүү тилде, түрлүү үндө сайрашып,
Тирүү бойдон жашап жатат бү күндө.
Булбулдардын булбулу го деп ойлойм
Бул залкарлар өз-өз эне тилинде.

Колдон келер, колдон келбес өнөрбү...
Которууга чоркокпу же чеберби...
Түшүнөбү, түшүнбөйбү, болбосо
«Жак» дегенин бербей турган өжөрбү...
Айтор билбейм, алптар менен сүйлөшкөн
«Алп жүрөктүү» котормочу көбөйдү.

Кай биринин ак эмгеги жагат да
Калк оозунан азамат деп алат баа.
Кай бирлери кара оокатка кам көрүп,
Пул болсун деп будамайлап заматта,
Басып жүрөт, мукам үндүү булбулду
Каркылдаган карга кылып салат да.

Котормону кимдер кандай түшүнөт,
Котормонун түйшүгү көп, иши көп.
Кыргыз тилде сүйлөтсөм деп Байронду
Окусам да бир жолу эмес, жүз ирет,
Кокус мен да карга кылып салам деп
Которуудан коркуп жүрөм титиреп.

СОК, ЖҮРӨГҮМ

Оо жүрөгүм, ээн койбой жайыңа,
Көп кыйнадым, көп чыдадың баарына...
Арак ичтим, арак уусу кошулуп,
Сага барды аралашып каныма.
Бир да жолу белги берип оорубай,
Фильтр болуп тазаладың аны да.
Соңку тилек максаттарга жеткиче,
Сок жүрөгүм, сого бергин дагы да!

Кай бир кезде сага ырайым кылбастан,
Аз кубантып, андан арбын ыйлаткам.
Ачууланып болор-болбос нерсеге
Айрым кезде азоо тайдай туйлаткам.
Сени менен ойду-тоону кыдырып,
Сени менен жаман, жакшы ыр жазгам.
Ыйлатпаймын, кыйнатпаймын эми мен,
Сок жүрөгүм, сого бергин тынбастан!

Оо байкушум, ашык жүрөк менде жок,
Сенин жалгыз экендигиң сезбестен,
Ысыгыма, суугума батырып,
Эчен түрлүү тоскоолдорго беттешкем...
Кээ бир кезде жалбарынтып, жалынтып,
Келин-кызга чүкө кылып өкчөткөм.
Өкчөтпөймүн, өкчөлбөйсүң сен эми,
Сок жүрөгүм, сого бер «кыңк» этпестен!

Сен моторум, өмүрүмсүң сен менин,
Бир да жолу ремонтко бербедим.
Эне-атадан эрте жетим калганбыз,
Мени менен нени гана көрбөдүң...
Ата-Журттун арабасын айдайлы,
Сок жүрөгүм, кокус токтой көрбөгүн.
Солгун тартып бара жатат кагышың,
Сен токтосоң, анда менин өлгөнүм,
Сок жүрөгүм, сого бергин, өлбөгүн!

ТАРАП КЕТТИ ДҮЙНӨГӨ

Бир обу жок кирдетем деп алтынды,
Көөлөп туруп балка менен жанча урду.
Карайтам деп канча аракет кылса да,
«Жарк-журк» этип алтын бойдон ал турду.

Ал сыңары бир талантты бир неме,
Көп ушактап, көөсүн сүйкөп жүрдү эле.
Ага болбой эл жүрөгүн уялап,
Талант бойдон тарап кетти дүйнөгө.

ТОКТОГУЛДУН ЭСТЕЛИГИНЕ

Сүрөтчү колу чебер го,
Сүрөтчү ою терең го.
Бир жылдыгын ойлобой,
Миң жылдык камын жеген го.
Тургузсам кары акындын
Буттары талыйт деген го.

Жамбашы жадап бүттү эле,
Көп болуп түрмө, түпкүрдө.
Ойлонуп Током ырларын,
Олтурат таштын үстүндө.
Мындан да шаңдуу көрүнмөк,
Олтурса аттын үстүндө.

СААН УЙЛАРГА КААЛОО

Салам айтам саан уйлар баарыңа
Ыр окуйм деп келип калдым жаныңа.
Жакшы болсо кулактарды кунт коюп,
Жаман болсо мөөрөгүлө жабыла.

Уккун уйлар, эмчектерин аймалап
Энекемдин сүтүн ичкем бир жылдай.
Сен байыбас экинчи энем окшойсуң
Сенин сүтүң ичип келем тындырбай.

Сенин сүтүң ичип келем тындырбай.

Согуш жылдар, ачарчылык кезинде
Ач-арыкка, мага окшогон жетимге,
Айран берип, каймак берип, күч берип
Бир айылды бүт бакканың эсимде.

Баркың билет, даңкың билет эл сенин,
Май көлүсүң, сүт көлүсүң өлкөнүн.
Ак кар кышта, жаз, жай, күздө түгөнбөйт
Агып бүтпөс ак булак бейм эмчегиң...

Сарала-Саз, Сары-Тектирге алпарып,
Сени жүргөм далай жолу кайтарып.
Сени көрсөм чоң энемди көргөнсүйм
Ал киши да сендей басчу майпайып.

Ошол менин майпаң баскан энекем
Мээрими да, пейили да көл экен.
Ошол менин кең пейилдүү энемдей
Аша берсин, таша берсин берекең.

Жандай көргөн музоо менен букаңар
Жакшы жашап, жакшы жүрөт бүт алар.
Алар менен көрүшүүчү кез келет,
Аларды ойлоп болбогула кусадар.

Он биринчи беш жылдыктын айылына
Келип калдык, кең пейилди салгыла.
Ата-Журтту майга, сүткө карк кылып
Агып бүтпөс булак бойдон калгыла!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз