Зуура Сооронбаеванын «Чоочун киши» романынын 2-китебиндеги көркөм сөз каражаттары катары колдонулган макал-ылакаптарды көңүлүңүздөргө сунабыз.
- Адашкандын айыбы жок, кайрылып үйүрүн тапкан соң.[u1]
- Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
- Чыгашага ээси баш.
- Алдыңа келсе атаңдын кунун кеч.
- Он уулум болгуча, оосурак чалым болсочу.
- Ачуу – шайтан, акыл – дос.
- Уурусу күч болсо, ээси доого жыгылат.
- Баш мээси менен, мал ээси менен.
- Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө.
- Катын карыган сайын акылдуу болот.
- Куру намыс баш жарат.
- Көнөктөн үрккөн бээ жаман, төшөктөн үрккөн эр жаман.
- Адам арыгын сактаса төбө каңдайт.
- Эси дартым эримде, эки көзүм балтамда.
- Ачуулуунун алдына чыкпа.
- Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.
- Жиндиге сот жок.
- Ойносоң да ойлоп сүйлө.
- Көп ооз бир болсо, бир ооз тек турат.
- Кыңыр иш кырк жылда билинет.
- Арбак ыраазы болбой, Кудай ыраазы болбойт.
- Жаш улук эмес, ажал улук.
- Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр ийги.
- Атан төөнү сел алса, эчкини асмандан көр.
- Эшик жабуу эсте жок, түндүк жабуу түштө жок.
- Жашты кудай сактайт, карыны таман сактайт.
- Ат айланып казыгын табат.
- Көргөн жер кууралдуу, көрбөгөн жер жыргалдуу.
- Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
- Ач бала ток бала менен ойнобойт,
Ток бала ач болом деп ойлобойт. - Бакырдын жайын жакыр билет.
- Билбеген адам уу ичет.
- Кымызды ичкенге бер, кызды сураганга бер.
- Атың чыкпаса жер өрттө.
- Сөздү угар жерге айт, сууну сиңер жерге төк.
- Көп баскан аяк бок басат.
- Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
- Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок.
- Алы жетпеген акыретчил.
- Ачыла элек сандыкта бычыла элек кундуз бар.
- Төркүнүңдөн өзүң ит, төркүлөп келген кызың ит.
- Бирөөгө ор казсаң кенен каз, ага өзүң түшөсүң.
- Темир токмок күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
- Капка шибеге катылбайт.
- Эркектин ары караса соорусу суук, бери караса маңдайы ысык.
- Адамзат уктаса ар бир түркүн түш кирет.
- Жээн эл болбойт, желке тон болбойт.
- Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын дарт жейт.
- Бөлүнгөндү бөрү жейт.
- Калган кадыр менен чыккан жан табылбайт.
- Кыздын сыры төркүнгө маалым.
- Баккан бала боор эт менен тең болот.
- Бай жардыланса, байлыгын койбойт,
Кембагал байыса, кедейлигин койбойт. - Куш айланып уясын табат.
- Эр жигиттин уялганы, өлгөнү.
- Жан бар жерде каза бар.
- Бөрү баласы ит болбойт.
- Бакырчаак төөнүн бары ийги.
- Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо үйдөгүсү жакшы.
- Ыштанына чычкан колун аябайт.
- Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт.
- Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.
- Күң созулуп байбиче болбойт.
- Жети күндүн бири өлүм.
- Жакшыда жалуу жок.
- Балыкчы балыкчыны алыстан тааныйт.
- Туубаган аялдан, улактуу эчки артык.
- Өлүүнүн жүзү нары, тирүүнүн жүзү бери.
- Кудай урган оңолот, арбак урган оңолбойт.
- Түш оңолбой, иш оңолбойт.
- Сөз тапкан колко бербейт.
- Өлгөн арстандан тирүү чычкан артык.
- Бирөөнүн кулагын кессе, бирөөгө кийиз кескенчелик болбойт.
- Буйругу жок ашка мурун канайт.
- Ит, ит аягын жаламайынча алымсынбайт.
- Жол азабы, көр азабы.
- Ойлобой сүйлөгөн онтобой ооруга жолугат.
- Адам өз жамандыгын өлгөнчө билбейт,
Киши жамандыгын кирип чыкканча билет. - Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна.
- Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт.
- Жоолук да болсо жолго ийги.
- Күнүлөштүн күлү жоо.
- Адашкандын айыбы жок, кайрып үйүрүн тапкан соң.
- Ажал менен азап айтып келбейт.
- Уул жакшысы урмат, кыз жакшысы кымбат.
- Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт.
- Бала туугандыкы эмес, асырап баккандыкы.
- Кеңешип кескен бармак оорубайт.
- Билем деген миң сөз, билбейм деген бир сөз.
- Тааныбасты сыйлабас.
- Куттуу үйдөн кур чыкпа.
- Бергенди пайгамбар да жактырыптыр.
- Оозунан мүдүрүлгөн турбайт, бутунан мүдүрүлгөн турат.
- Бөлүнгөндү бөрү жейт.
- Ооруну жашырса өлүм ашкере кылат.
- Бир карын майды бир кумалак чиритет.
- Малды көрүп пайгамбар жолдон чыгыптыр.
- Жакшы менен жайлоого чыкса, кудалашып түшөт,
Жаман менен жайлоого чыкса, кубалашып түшөт. - Балалуу үй – базар.
- Кичине аттын жугүргөнү билинбейт, кичине кишинин жасаганы билинбейт.
- Сабырлуу жетер мураска, сабырсыз калар уятка.
- Жамандык менен жакшылык жерде жатпайт.
- Кошуна ыраазы болбой, Кудай ыраазы болбойт.
- Бир көңүлгө эки тил сыйбайт.
- Өтө кызыл бат оңот, өтө ысык бат сууйт.
- Карыш ажыраган карыганча көрүшпөйт.
- Бирөө чалма деп ыргытса, бирөө аны алма деп алат.
- Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өз өмүрүңдү тиле.
- Ар адамда ар кыял, ал кыялды ким тыяр.
- Чакыргандан калбагын, өзүң басып барбагын.
- Бербей турган сараң жок, сураганда бузасың.
- Он эки аякка бир кары.
- Жакшы адам бир жеринен кем.
- Баланын бары да балаа, жогу да балаа.
- Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
- Акылың болсо ак самын жебе.
- Кудай уктап жатканда шайтан эмнелерди кылбайт.
- Аккан арыктан суу агат.
- Буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат.
- Куру намыс таш жарат.
- Жалгыз өлсө чуу чыкпайт, жар куласа суу чыкпайт.
- Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот.
- Корксо дагы кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
- Итке алтындын баркы жок.
- Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши.
- Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт, ичи ооруган күлкү сүйбөйт.
- Адам аласы ичинде, мал аласы сыртында
- Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
- Төркүнгө да төрөдөй кыз батат.
- Санаа саргайтат, кайгы картайтат.
- Бир бармагымды тиштесем, бир бармагым ооруйт.
- Көп ичкендин көөнү, ач ичкендин пейили билет.
- Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт.
- Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар.
- Жел болбой чөптүн башы кыймылдабайт.
- Алдаса болот жаш башты, кантсе болот какбашты.
- Болоор уул богунан.
- Бекер киши таз болбойт.
- Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
- Көсөө узун болсо кол күйбөйт.
- Кой да аман, койчусу да аман.
- Бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт.
- Куу алган кушта эмне сын.
- Адамдын оозунда болсо, Алланын кулагында.
- Көзүм көрбөсө, көчүгүмдү бөрү жесин.
- Жатып өлгөнчө атып өл.
- Бала менен ит тойгон жеринде.
- Колдо бар алтындын баркы жок.
- Күлкү – өмүрдүн мүлкү.
- Ынтымак бар жерде ырыс бар.
- Жылуу жылуу сүйлөсөң, жылан ийнинен чыгат.
- Өзгөлөр кетип өз калды.
- Баланын сынчысы ата менен эне.
- Тааныбасты сыйлабас.
- Энесин көрүп кызын ал.
- Бала сынчы келет.
- Кыздын көзү кызылда.
- Түштө уй оору болот.
- Шашкан шайтандын иши.
- Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт.
- Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.
- Жаман деген ат бар жууса кеткис, жакшы деген ат бар кууса кеткис.
- Атанын даңкы менен кыз өтөт, матанын даңкы менен бөз өтөт.
- Болоор бала богунан, болбос уул жогунан.
- Бирөөнүн жери жер болбойт, бирөөнүн эри эр болбойт.
- Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет.
- Житкен окту аткан ок табат.
- Жүзүм бар уялам, жүрөгүм бар корком.
- Үйүр алышкан жоо атышканга жакшы.
- Казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса.
- Жалап карыса сопу болот.
- Ит үрө берет, кербен жүрө берет.
- Айткан ушакчы эмес, айтып барган ушакчы.
- Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат, катындын ичине кара башыл киши батат.
- Катын туутунан, ат суутунан бузулат.
- Тон жылуусун ээси билет.
- Кулак укса курсак кайнайт.
- Ат айланып мамысын табат.
- Эки катын алганга эптеп айткан сөз керек, эки кабат бөз керек.
- Аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар.
- Өбөргө жок элем, теберге болдум.
- Чагым өлтүрөт, мактоо жеткирет.
- Ала кушту атынан чакыр.
- Эри жок катын албуут болот.
- Күйүттүү катын кошокчу.
- Эрге ишенгенче эки босогоңо ишен.
- Ичте балаа болгончо, тышта талаа болсун.
- Шумдуктуунун төөсү жорго.
- Кол кудайдын мөөрү.
Топтогон: Салия Ибраимова