Баккелди Дүйшеев: Бакыт табам – мансап, байлык жок жатып

  • 18.04.2021
  • 5970

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска!

АКЫНДАРДЫ АР ЖҮРӨК АЯГЫЛА

Устаздарга ыракмат билим берген,
Уюткусун, рухун, дилин берген!
Башымдагы акындык көрөңгөнү
Байдылда, Турар, Жолон… Мидин берген.

Кээде мен ээ боло албай чабытыма,
Кирип кетем ойлордун чаңытына.
Кишиликтен сыр түйүп сыйлайын деп,
Киши өңдөнүп камчы урам намысыма.

Дем бергин оо, табият талантыма,
Дегинкиси талапкер балаң сына…
Аруу тилек жүрөктөн чыккан ырлар,
Айланса дейм кийин бир таянчыма!

Чабытым бул – чапкан ат санаа кезген,
Чак көңүлдүү ыр калсын сага менден!
Аруулукка сугарган ак дилдерди,
Акындардын жүрөгүн ая, пендем!

КЕЛЕЧЕККЕ КӨЧҮҮ

Кирин соруп тишим, жакамдын,
Ким билет даа канча жашаймын?
Мурдагыма күйүп, өкүнүп,
Муңун чертем бүгүн Атайдын...

Чыйыр жолдон тандап жолумду,
Чыгам кийип үмүт тонумду.
Ызгаарына тоңуп, кайыгып,
Ысыгына кактайм жонумду.

Арман тутпай элдин тагдырын,
Арды унутуп кантип каңгыйын?
Максатыңа жетип же жетпей,
Маарасы жок жүрүү… ал кыйын.

Элден келем акыл өстүрүп,
Энтелеңдеп шашып... көшүлүп.
Эмерегим – «Кечээ», «Бүгүндү»,
«Эртеңиме» кетем көчүрүп!

ТИЛ ТАГДЫРЫ

Бизде көп ко бөксө тилге чечендик,
Биликсиздик – тилин билбөө, кекээрлик.
Өз тамгаңда окуганың ыракат,
Өзгө тилде тай-тай басуу – бечелдик...

Бышып-күйсөм эне тилдин отуна,
Бирөөлөрдүн тартыламын сотуна.
Тирлик, байлык, мансап, акча – күнүмдүк,
Тилим, ырым түбөлүктүү чокуда!

Түйшөлөмүн эртеңи үчүн элимдин,
Түз жүрөйүн арасында теңимдин.
Тирүү калсын атым десең артыңда,
Тилегиңди өзүң тилеп темингин.

Чырмоок, бурчак чөп экен го мажүрөө,
Чырпык болуп тиребесе ал бирөө.
Чыңк өйдөлөп, бой көтөрүп өсө албайт,
Чечек ачып дан берсе да ал күздө...

Тил барында – барын сезип канаттын,
Тизгин-чылбыр келбейт жаттан талашкым.
Тирмел жашап, ыр түшүнүп жүргөнгө,
Тили, салты жоголбосун Манастын!

ТУН СҮЙҮҮ

Тамшандырат татына эрин, мээриң,
Таң эмес сага жакын берилгеним.
Табыштап алчы жазган ырларымды,
Талаада калбаса экен сезимдерим.

Куруган, гүл издеген көпөлөкмүн,
Кондурбай көпкө көктө көкөлөттүң.
Кооздугу бир өзүңдөй гүл көрүнбөйт,
Кыдырдым төрт тарабын төгөрөктүн.

Жүзүң-ай кандай жарык жаркылдаган,
Жүрөктөр барбы сен деп жанчылбаган?
Жалооруп көпкө тостум сүйүү түнүн,
Жарыгым, түшүнсөңчү баркымды анан!

Ай, Күнсүң ажарыңа ашык кылган,
Акмөөрдөй аруу болдуң зарыктырган.
Аксаткындай ашыгы үчүн Кулмырзамын,
Ат, тонун, азиз жанын тарых кылган.

Сезесиңби сен деген сезимимди,
Секиртпесин оо, жаштык кези кимди.
Сейилдесем сүйүүнүн бакчасында,
Сенден бөлөк таппасмын шеригимди!

ТУУНДУМА ТУШОО КЫЙЫП КОЙГУЛА

Шыгым келди, толгоо келди окшонот,
Сыркоо сезим сыртка тээп октолот.
Ушул төрөөт билбейм кандай болорун,
«Уул атасын тартса, – дешет – ок жонот»…

Толгоом кысат, бир инсан жок жанымда,
Тоголоном, онтойм… көрөм камылга.
Төрөгөнгө төрөөт үйдө эмесмин,
Төрт кереге, жатам кепе тамымда.

Жетемби же жетпейминби арманга,
Жедеп бүттүм,  бой көтөрөр ал кайда?
Башты силкип, эсим жыйдым акыры,
Балканактай бир ыр төрөп алганда!

Ыр киндигин кести Жакен[1] устатым,
Ыргак менен берип акын нускасын.
Тушоо кесер ушул жаңы туундум,
Там-туң басып калем учун учтасын!

Тунгуч толгоо тарткан кызык ой мына,
Тууган жерим басат ысык койнуна.
Тулпар, дулдул болбосом да бир таймын,
Туундума тушоо кыйып койгула!

АЛЫП ЧЫГАМ ЧОКУГА

Оорун онтоп көтөрсөм да кайгынын,
Жүрөк сезет табияттын бар сырын.
Ырым үчүн – өмүр түгөп өткүчө,
Сүрсө сүрөм Алыкулдун тагдырын.

Жашап өткөн отуз беш жыл, тогуз ай,
Көрчү өмүрдүн кыраандарга жогун-ай!
Алаксытып ажал арбап турса да,
Жолдорунан жол таба алам жол улай…

Күйсөм күйөм акындыктын отуна,
Жаралбагам кетмен, күрөк, жотуга...
Мелтиреген кыргыз поэзиясын
Менин дүйнөм алып чыгат чокуга!

АК СҮЙҮҮНҮН ЖАЛГАП КОЁМ ҮЗҮГҮН

Билем баарын... акыры өлүм башта бар.
Бийлик, байлык, дүнүйөгө көбү зар.
Жарым жолдон үзүк сүйүү көрбөйүн,
Жонум турмуш жапасына дапдаяр.

Көрсөм дагы көр турмуштан ачкалык.
Көрбөгөн көп, көрөм баарын актарып.
Урматымды сезсең экен, кара көз,
Ууз сүйүүдөн жүрбөйүнчү ач калып.

Сүйүү дедим, бүткөн өңдүү жалындан,
Кээде ичинен чарт-чурт этет чагылган.
Болбогондо бул дүйнөдө ак сүйүү,
Ар бир пенде болуп калмак жарым жан.

Көрбөйүнчү жамандыгын сүйүүнүн,
Көңүл айнып, сыздап кетет жүлүнүм.
Акыныңдын кудирети жете алат,
Ак сүйүүнүн жалгап коём үзүгүн.

ЖҮРӨКТӨН ТАБАМ БАКЫТТЫ

Ал бактылуу...
А мен жүрсөм арманда.
Бакыт керек,
Бакыт керек жандарга!
Мага, сага
Аздан-аздан таратчу
Мал дүйнө эмес бөлүштүрүп алганга.

Ойдон-тоодон
Издебеймин акчадан.
Өзүм гана
Жүрөгүмө бак жазам.
Учурунда
Сезген бакыт жетишет.
Өмүр мени салактатса
Салактатсын аскадан.

Кыян кечип
Жүргүм келбейт чок басып.
Бакыт табам –
Мансап, байлык жок жатып.
Улуулукту уялаткан жүрөгүм
Бүт дүйнөмө
Турат дайым от чачып!

Өз бактыма
Мейли ыраа,
Кара жан!
Алыс болсом,
Ар бир көңүл жарадан.
Калдаң-калдаң,
Албыр-салбыр жүрсөм да,
Как жүрөктөн
Мен бакытты таба алам.

АТ МЕНИ СҮЙҮҮҢ МЕНЕН

Телмирем,
Телефонду теше тиктеп,
Кат жазам, күтөм,
Сүйлөп келеби деп.
Жүгүрөт
Сагынычым тамырыма,
Жүрөктү
Бүткөнсүдү элеси жеп.

Кайгы салып
Канча-канча жараладым,
Биликтей
Сен деп өчөм, кара жаным.
Эстеп күндө
Сагынып жүрөм азыр,
Эки-үч жылда
Билбеймин калабы алым?

Кетемби
Куса болуп билип-билбей?
Үлдүрөймүн
Тогу жок электрдей.
Жүз жолу
Тилесем да жатаарымда,
Жүрөктү
Жүрөт тагдыр бириктирбей.

Сагынтып
Барат жанды басып кайгы,
Карайлайм
Кайда? Издейм. Жарык барбы?
Кейитип
Кечке мени кыйнай бербей,
Кел жаным,
Сүйүүң менен атып салчы!

Кытай Эл Республикасынын Текес ооданы, Көк-Терек кыргыз айылы

[1] Жакен – кытайлык кыргыз акыны Жаныбек Маданбек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз