Бийликти көксөгөндөр жакшы менен жаманды ылгап олтурбайт

  • 21.04.2021
  • 3780

Дооронбек Садырбаевдин “Даанышман” китебиндеги өрнөктүү ойлор

*     *     *

Байлык-колдун кири, жуулду жок. Мансап - коломтодогу от. Ал жанганда жылынасың, өчкөндө тоңосуң. Даңк дагы бир бороондон кийин учуп жок болот. Отко да, сууга да моюн бербей, мезгил датына кетилбей, атадан-балага, укумдан-тукумга өтүп, түбөлүк өлбөй келаткан – өнөргерлик.

*     *     *

Жаны ачыгандын жанына барба!

*     *     *

Өзүнчө эл, өзүнчө журт болгусу келбеген эл – эл эмес.

*     *     *

Уюткулуу журттун көрөңгөсү түгөнбөйт.

*     *     *

Сүйгөндү билген киши, күткөндү да билүүсү керек.

*     *     *

Жер бетинде күн көрүү үчүн жаралган жан көктү самаса, акыры келип канаты кайрылып же омурткасы сынбай койбосун унутпашы керек...

*     *     *

Бийликти көксөгөндөр жакшы менен жаманды ылгап олтурбайт. Бийлик үчүн зарлап тапкан жалгыз перзентинин боорун сууруп алып отко салганга даяр турган арамзалар, сенин журт уулу экениңди карайбы...

*     *     *

Ачуусу чукул аялдардын махабаты абдан зардаптуу келет.

*     *     *

Ыйык максатка аттанган азаматтын жолун бөгөгөн – зор күнөө!..

*     *     *

Жоокерлер түшүнгөн бир гана тил бар, ал – буйрук.

*     *     *

Бир үйдө эс-акылы жайында эки адамдын чогуу жашашы оңой эмес.

*     *     *

Жалгыздыктын дабасы – махабат. Махабат гана жабыркоо, жүрөксүнүү, арам ой, кыянаттык өңдөнгөн адамзаттын мүнөзүндөгү ыпыр-сыпырдын бакисин жууп, караны агартканга жөндөмдүү.

*     *     *

Бийлик деген сымап сыяктуу кылтылдап адамдан адамга, замандан заманга оошуп, баш-аягы жок, бир топ-тоголок, сыйгалак нерсе.

*     *     *

Бийлигиң түшкүрдүн бир гана наркы бар, ал сенин бүт өмүрүң... Бирок бийлик дегениң бүт өмүрдү ысырап кылганга арзырлык нерсе эмес...

*     *     *

Эненин мээриминен ажыраган бала мерез болуп өсүп калат.

*     *     *

Адамдагы бардык кемчиликти кечирүүгө болот. Көр оокаттын айынан жаман-жакшы сөздөр айтылып, ар кыл иштер жасалып кетиши мүмкүн. Анын баарын токтоолук менен ылгап чыгыш парз. Бирок бир нерседен башкасын. Ал – чыккынчылык. Ата мекенге, адамдыкка чыккынчылык кылгандарга эч кечирим жок. Аны териштирип отуруу кажетсиз.

*     *     *

“Азыр бийлик мыкчып, мансап минип отургандарга Теңирим нысап бербесе, миң ирет чындыкты айтып, миң ирет ак сүйлөгөн күндө да, мага окшогон, сага окшогон өнөр адамынын белин мертинтип коюш эч кеп эмес” (Түгөлбай Сыдыкбековдун Дооронбек Садырбаевге айткан сөзү).

*     *     *

Кыргыздын эң башкы муктаждыгы – ынтымак менен биримдик.

*     *     *

“Адам, чыныгы адам аталыш үчүн өзүнүн инсандык имаратын би-ир астын-үстүн кылып бузуп туруп, анан кайрадан курушу керек” (Кубатбек Жусубалиев).

*     *     *

“Үркөрдөй кыргыздын ырысын кыйып, кешигин төгүп, бейкүнөө пенделеринин көз жашын көлдөтүп, кокту-колотун канга толтура турган жеткен чыгаан, жеткен тажаал бир душманы бар. Кыргыздын душманы – кыргыз!” (Динмухамед Кунаевдин сөзү. Маектешкен Дооронбек Садырбаев)

*     *     *

Кайран элдин алаңгазардын айгайына алданганы абдан жаман, бирок кыйдынын кылтагына илингени ого бетер каргаша.

*     *     *

Ниети кара каапырдан сакта,
намысын саткан баатырдан сакта!

*     *     *

Кытмырлардын жалаасынан сакта,
Кылымдардын балаасынан сакта!

*     *     *

Эңсөөнүн перзенти – эркиндик.

*     *     *

Кеткен келбейт, кемтик толбойт.

*     *     *

Кирнелүү көздөн калкалай албадым,
Киндик кан тамган атамын жерин.

*     *     *

Келатат кылыч сууруп кыйын күндөр,
Кыргызым алды-алдыңдан тал кармагын!

*     *     *

Аркалап журттун жүгүн жүрсө экен деп,
Аздарга акыл толгон баш бериптир.

*     *     *

Эркектик касиети аз, акчасы көп,
Эсирген эки катын алат окшойт.

*     *     *

Кыйыры кыргыз тили басмырланып,
Кыйлалар кыргыз болбой калат окшойт.

*     *     *

Арамзанын суусу өйдө, ага турган кез ушул.

*     *     *

Маңкурт мөөрүн маңдайга, тага турган кез ушул.

*     *     *

Төрт ай иштеп бир кап ун, таба турган кез ушул.

*     *     *

Ата-энени базарга, сала турган кез ушул.

*     *     *

Эт жегизбей балдарды, бага турган кез ушул.

*     *     *

Ата журтка арабөк, кала турган кез ушул.

*     *     *

Азды алтымыш урууга, бөлө турган кез ушул.

*     *     *

Өлбөстү кудай жаратпайт, сынбасты уста жасабайт.

*     *     *

Келесоолук – бул кесел. Бирок келесоо десе эле мээсине доо кеткендерди, эки эстүүлөрдү айтпаш керек. Медицинада ал бечаралардын оорусунун так аныктамасы да, аталышы да бар. Ал эми келесоолук – баштан мурда жан дүйнөнүн, пейилдин кесели.

Топтогон Мээрим Сайдилкан

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз