Дооронбек Садырбаев: Жаны кашайгандын каяшасы

Ал ырас.

Талашым жок.

Баатырдын жериненсиң,

Бабанын элиненсиң.

Береке-байлыгы арбын,

Бейиштин төрүнөнсүң.

Менден жаш,

Менден эстүү.

Менден кыйтыр,

Менден эптүү.

Менден алдуу.

Менден малдуу.

Атасы арбын,

Тагасы тамдуу.

Жездеси мол.

Жек-жааты зор экениңди мойнума алам.

Танбаймын.

Талашпаймын.

Тараганын Манастан сенин бардык ата-бабаң.

А бирок мени деле,

Жаратыптыр жарык дүйнөгө,

Жааңгер болбосо да тарыхтагы,

Би-ир,

Акылга дыйкан абройлуу адам.

А сен кысталак,

Жыл айлантпай "сабагымды" жаттап,

Ай айлантпай сакалымды мазактап.

Оолукканда оң жагыма тузак салып,

Соолукканда сол капшытка канжар малып.

Эмнегедир,

Өзүңдөн өзүң кучунаштап,

Өмүрүңдү "жөн эле" ысыраптап.

Чунаңдайсың маал-маал чуу чыгарып.

Же мен сенин.

Ат бастырып айылыңа барбасам,

Агайын-туугандарыңдан,

Акча-пул карыз албасам.

Аягыңды көңтөрүп,

Айраныңды ичпесем.

Айлуу-айсыз түндөрдө,

Айымыңды күтпөсөм.

Кыдырып жүрүп кырларды,

Кымызыңды ичпесем.

Кыйгачынан тиктеген,

Кыздарыңды күтпөсөм.

Эжекеңе кастарым,

Эрте жазда тикпесем.

Өө-өй!

Башың зөөкүр баатырзаада,

Неге мынча,

Жаныңды сабап дардактап,

Жамандык издеп жалжактап,

Өчүрөңдөй бересиң,

Өпкөсү жок заманда,

Өзүм жүрсөм эптеп-септеп жан сактап?

Мойнума алам.

Кантип танам?

Он алтынчы жыл, август айында,

Эсил Ракем жазгандай "Мээ кайнаган жайында".

Орустун пейли бузулуп, дили карарганын.

Кыргыздын туусун жыгып,

Кыйырына бүлүк салганын.

Кыйлалардын сөөгү,

Кыр-кырда көмүлбөй калганын.

Комуздун оозуна коргошун толуп,

Акындын тилин айбалта жанганын.

Акмаралдай келиндин

Абийири мазакталганын.

Бешиктеги бала,

Же,

Беш көкүл кыз көздөрү капкара.

Белдемчилүү кары,

Же,

Бекзааданын ак никелеп алган жары.

Же кешиксиз элдин,

Кемеге башындагы кемпир-чалы.

Койчу,

Тоголок баш, кыргыз аттуунун баары.

Каны суудай төгүлгөнүн.

Кепинделбей,

Кетменделбей,

Жар түбүнө жаназасыз көмүлгөнүн.

Азыркы эмес,

Ошондогу орустун,

Мылтыгы чар тарапка ажал бүрккөнүн.

Айласы кеткен кыргыз,

Ала-Тоосун таштай качып,

Ата Журтунан үрккөнүн.

Урпактар билип алса экен деп,

Кыйын күн дагы түшсө журт башына,

Кыргызды сактап калса экен деп.

Өңгүрөп ыйлап жүрүп,

Өзүмдү кыйнап жүрүп.

Өлүмдөн жалтанбастан,

Өмүрүмдү жакканым чын.

"Кайран элге" шам күйгүзүп,

Кайгылуу тасма тартканым чын.

Катын намыс улуктарга,

Каяша айтканым чын.

"Жарма баатыр" сапарлашты,

Жамбашка алып, чапканым чын.

Жалгыздыктын санаасына,

Жан кейитип батканым чын.

Кара жандын аргасы үчүн,

Калкымдан качканым чын.

Өө-өй,

Бай болгур, баатырдын урпагы.

Барлыгыман, жоктугуман,

Не чыгаша, не кирешең болбосо.

Тарлыгыма, кеңдигиме

Кенедей тиешең болбосо,

Анда неге мынчалык,

Эзилип этиң күйөт?

Анда неге мынчалык,

Бейсебеп бетиң күйөт?

Атаңды жыга чапкан жок элем го...

Анда неге,

Жубарымбек өтүң күйөт?

Бу да ырас.

Тарых күбө.

Отузунчу жылдардын соңунда.

Эсирген улук,

Эбегейсиз бийлиги бар колунда.

Чымындай жанын, чыркыратканын.

Бараткандын баарынын, большевиктин жолунда.

Кызыл-Кыя жактын кулуну,

Кыргыздын ошондогу Улугу.

Абдыкадыр Орозбековго,

Акылга сыйбас айып такканын.

Кат тааныган кыргыздын көбү

Кан кусуп, камакта жатканын.

Касымын Тыныстандын,

Кайсы кыргыз, канчага сатканын.

Айтматтын Төрөкулун,

Элден бөлүп, эмне үчүн атканын.

Исакеев Баялынын башын,

Социализмге садага чапканын,

Жүз кырк эки "Эл душманы"

Эки метр чукурга кантип батканын.

Жарты кылым,

Асман Ата аза күтүп,

Эмчеги сыздап, Жер Эне онтоп жатканын.

Жаманын жашырбастан,

Жакшысын ашырбастан,

Арам ойлуудан бекинип жүрүп,

"Абаларым", - деп өкүрүп жүрүп.

Арбагына куран окутуп,

Көз жашымды төккөнүм чын.

"Кайрандар", - деп кан жөткүрүп,

Кабыргамды сөккөнүм чын.

Анүчүн айыпка жыккың келсе,

Алкышын касташкандын уккуң келсе.

Мазактап, мартабамды ылдыйлатып,

Мансаптын тепкичине чыккың келсе. Өө-өй,

Тукумуң өскүр, тулпардын туягы!

Дил карартып,

Кастар тигип,

Кашайтып тапкың келсе эсебимди.

Шашканым жок,

Качканым жок,

Алагой, айланайын, кезегиңди...

1996-жыл
(Жазыла элек уландысы бар)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз