ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: ООРУСУН АТА-ЖУРТТУН МОЙНУНА АЛЫП…

  • 28.03.2024
  • 3689

Бүгүн, 21-март — улуу акын Алыкул Осмоновдун туулган күнү

НЕГЕ, НЕГЕ?

Тагдыры төрөлгөндөн азуу жанып,
Тар кыя сапар чектеп катуу багыт.
Теңирден тилеп алган энесине,
Тез эле оо дүйнөнүн мөөрүн тагып.
Атасын андан кийин атказыптыр,
Алыска акыреттик жолго салып.
Ааламдын агын-көгүн биле электе,
Азапты жаадырыптыр долуланып.

Аз күлүп, арбын ыйлап жаагын жанып,
Айылда жездесинин малын багып.
Далбасын тирүүлүктүн кылган экен,
Далай күн суусун алып, отун жагып.
Өңүнө из калтырса, аптап күндөр,
Өпкөсүн ызгаары күч суук кагып.
Кендири кесилиптир кенедейден,
Кээде ток, көбүнесе ачка калып.

Оң келип, Октябрдын шамы жанып,
Опаасыз эски турмуш жаңыланып,
Баткысын ачкан дешет орус аял
Байкушту бала кылып багып алып.
Молоңдоп өсөт көөнү тамга таанып,
Мойнуна кызыл жагоо тагып алып.
Чыйырсыз жолго чыгат жалтанбастан
Чырагын акындыктын жагып алып.

Махабат аптабына күйүп-жанып.
Максатты улуу тоодой үйүп салып.
Чыйралып журттун жүгүн көтөрүнүп,
Чыкканда бабалардын күүсүн кагып,
Капшыты кайран эрдин эңшерилет,
Капилет кабыргадан оору чалып.
Аёосуз жигит мизин кайтарыптыр,
Антташкан жары чанып кетип калып.

Азезил шамшарынын мизин жанып,
Айласы кетип турса заман тарып.
Айрымдар курдаштыкка ниет булгап,
Акындын алды-артына тузак салып:
— Айраның капкара уюп калыптыр, — деп,
Акылга сыйбай турган айып тагып.
Жылдызын жаңы чыккан өчүрсөк деп,
Жыйнашат ушак айың өлүп-талып.

Чыйралып, эр намысы кайра жанып,
Чыдаптыр барлыгына белин таңып.
Мүрөктүн суусун сунуп — уу бергенге,
Мүдөөсүн аткарыптыр: “миң алданып”.
Опол тоо, элдин-журттун заманынын
Оорусун Ата-Журттун мойнуна алып.
Өзгөгө кыянаттык жасабаптыр,
Өмүрдө наамартчылык ишке барып.

Желаргы шөкүлөсүн чийдин жанып,
Желпинтпесе кыска өмүрдөн кабар салып,
“Жакшы ырдан мончок таксам жергеме” — деп
Жаш акын тилек кылат кыялданып.
Кагазга түрмөк-түрмөк ыр төгүлөт,
Кадимки саймалуу төр ыраңданып,
Азыр да ал ырлардын келептерин,
Адам жок окубаган кумарданып.

Кебелбей мезгил оту күйүп-жанып,
Кең аалам өркөчтөнөт кээде тарып.
Асмандан өчүп-өчүп сансыз жылдыз,
Азаят өмүр дагы суудай агып.
Өтсө да жеке менчик чыйыр менен.
Өзүнө жарашыктуу дүбүрт салып.
Дүрбөлөң түшкөндөр бар өчүрсөк деп,
Дүбүртүн же жылдызын жанып турган.
Жан кыйнап, айлап-жылдап алышканым:
Жандыруу пенделиктин табышмагын.
Эч кимге залалы жок кембагалга
Эмне үчүн кайып-каскак жабышканын?
Азыр да атын укса кай-бирөөлөр,
Сиркеси суу көтөрбөй калышканын?
Жылдызы Алыкулдун чыгар тушка
Жылчыксыз парда тартып алышканын?

Мен неге күйүп-түтөп жанып келем?
Мээнетке өз башымды малып келем.
Чек койгон кең ааламга эни кыска,
Чече албай кыргызымдын табышмагын…

Комментарий калтырыңыз