(Поэма)
Тамашасы тагдырдын айтып бүткүс,
Бак-дөөлөттү буюруп коёт күтпөс.
Түрк үй-бүлө ырысы кыргыз кызга,
Бешенеге жазылган жылдыз өчпөс.
Агымында замандын аккан суудай,
Жуурулушуп агымга үмүт уучтай.
Кары-жаш иш издеп бары мигрант,
Кыргыз кызы түрк элде паана сурай.
Түрцияда чынында муздак тосту,
Турмуш жүгөн, чылбыры колдон түштү.
Оору тороп, бастырбай тушап алган,
Жер которуп, көнө албай жүдөй түштү.
"Жол киреге акы таап, кетсем болду",
Басса-турса оюнан кетпей койду.
Таң заардан, наар албай жумуш издеп,
Бир карыны бакканга келмей болду.
Ушул күнү тагдыры күлгөн экен,
Чоң бурулуш жашоодо күткөн экен.
Абдан кары, төшөктөн турбай калган,
Түрк энеси жардамга муктаж экен.
Кыргыз кызга түрк эне күлө карап,
Жылуу сүйлөп, колунан сүйдү кармап.
Эч бир жандан алты ай мээрим көрбөй,
Жашын арчып, кыргыз кыз турду карап.
Барган сайын мамиле ынак болду,
Күндөгүдөй таң эрте келген болчу,
Түрк энени жакалап жаткан жерден,
Арачалап келинин бөлмөй болду.
Дарыгерлер энени карап жатты,
Неберелер, келин да басып кетти.
- Ким болосуз? Күн-түнү карайсызбы?
Ар нерсени дарыгер сурап жатты.
Кыргыз кызы, дарыгер чогуу бакты,
Көз жаш менен арманда бирге басты.
Кадыресе оңолду айлап барып,
Кыргыз кызга түрк эне сырын ачты.
"Билбейм тегим чынында тагдыр күбө,
Бакма кызмын асырап алган бүлө.
Алты жашта барганмын бакыт болуп,
Сүйүнүшүп ата-энем берген түлө.
Жакшы бүлө маңдайга жазылыптыр,
Бак-таалайдын бир гүлү ачылыптыр.
Ата-энем медери жалгыз кызы,
Бардар үйдө балалык чачылыптыр.
Бойго жетип, кыз-жигит жетелешип,
Той өткөрдүк сүйүүгө жетеленип.
Мас болорлук бакытта жүрсөм дагы
Бала жыты көзүмдөн тегеренет.
Беш жыл өтүп, акыры этек канап,
Уул төрөдүм, кыялда тургам суусап.
Ошол күнү жууп кетти, уккан кабар,
Ата-энемден айрылып калдым куурап.
Өчпөсүн деп атамдын ысмын коюп,
Уулубузга Осмон деп ат ыйгарып.
Аз убакыт ичинде бутка турдук,
Жолдошума ийгилик жана коюп.
Ата-энемди сагынып жоктоп жүрүп,
Көз оорудан төрөбөй, өмүр сүрүп.
Медер тутуп, Осмонду карап калдык,
Чет өлкөдөн окуусун келди бүтүп.
Көтөрүлүп кызматтан келе жатты,
Ийгилиги уулумдун көңүл ачты.
Келин алып, той бердик бирок түнү
Кара кийип, мен байкуш жесир калдым.
Өз нугунда күндөрүм өтө берди,
Үч неберем жаныма кубат берди.
"Кулунумду жоктойм" деп ойлобогом,
Бирок тагдыр караан түн салып берди.
Осмонумду кара жер алган күнү,
Ушул үйдө башталган тозок үнү.
Түрү өзгөрүп келиндин муздак жылаан
Чагып келди кемпирди күнү-түнү.
Алдан тайып, карылык колдон алды,
Көкүрөктө уюган арман калды.
Жан кыйганга барганмын эчен курдай,
Үйлөсөм да үмүтүм жанып алды.
Оор үшкүрүп, кайрылып кеп баштады:
- Кызым, менин чочуба жакын келчи.
Сабыр менен бардыгын баштан үйрөн,
Жакшылап ук, аманат сага калды.
Дабышы жок бастырып дөөлөт келсе,
Жөнөкөй бол, ийилип колдон келсе.
Жан адамга сыр ачпа, билесиңби,
Бакыт өзү тынчтыкты каалап келсе.
Мага көпкө тигилип колун жайып:
"Эки дүйнө бактылуу жүр ажайып.
Турушуңда сакталып калгын, кызым,
Оомийин" деп кучактап, беттен сүйүп...
Чөнтөгүнөн бир ачкыч алып чыгып:
Эч ким жокто эшикти ичтен илип,
Жер төлөдө, үкөктө, кара баштык,
Мага аны издеп тап, келчи алып.
Эч ким жокто баштыкты келдим алып,
Чаң басыптыр тазалап аарчый салып.
- Ушулбу?- деп көрсөттүм, баш ийкеди,
Ачып көрдү баштыкты колуна алып.
Колун жаңсап жанынан орун берди:
"Айтканым ук, аманат сага бердим.
Бери кара, коркпогун, бул сеники,
Баштык толо түрк лира катып келдим.
Көзүм өтсө дароо эле качып кетпе,
Аза күтүп, жүр үйдө баарын кечпе.
Кармалсаң сен бажыдан көп лир менен
Эч ким бербейт далилдеп аны эсте.
Камың ойлоп, сенин да чечип койгом,
Ыраазымын сага да эне болгом.
Эки жарым жыл жашап анан кеткин,
Жатып алба, иштегиң иш таап койгом.
Банктан барып өзүңө эсеп ачкын,
Үч миң доллар которуп, ар ай сайын.
Көзөмөлдө жашыруун сырттан болот,
Банкты дагы ар айда алмаштыргын.
Шек бербегин, андыктан иштеп тургун,
Акча жаман жаныңды тиштеп жүргүн.
Кыла көрбө пенделик, ооз ачпагың,
Алаңдабай ашыкча баспай жүргүн.
Кийим алба, жаныңа акча алба,
Душман болуп өзүңө азап салба.
Эки жарым жыл чыдап иштеп койгун,
Андан кийин суранам, бизде калба.
Оозун ачып баштыктын мага берди,
Көп акчаны көргөндө сүрүн билдим.
Өрт койгондой дүрт этти дене боюм,
Көздөр жайнап, кызганыч турду бийлеп.
Билбейм, билбейм капырай эмне болдум,
Кайдан-жайдан ичиме шайтан толду.
Күйүп жатты көздөрүм кызганычтан,
Ушунчалык ичи тар пенде болдум.
Сездиби эне, акырын колдон алды:
"Кызым, тынчтан буюрсун сага калды.
Эмне айттым, эртеден кечке сага
Келме келтир". Акыры жолго салды.
Араң жеттим, ал күнү өз үйүмө,
Таң каламын тааныбай жан дүйнөмдү.
Эки бутум тушалып баспагандай,
Кантип келдим, биле албайм өз үйүмө.
Келме айтып, кайталап таң атырдым,
Кара баштык башымда кармап жаттым.
Кантип кыйып баштыкты азыр кетем,
Кайда катам, санаада ойлоп жаттым?
Кийимдин арасына орой салдым,
Сыр алдырбай бейкапар кирип бардым.
Үзүлүптүр түндө эле кайран эне,
Аттиң дүйнө, калтырап туруп калдым.
Бүт келишти азага жоктой ыйлай,
Арасында жүрдүм мен жалгызсырай.
Коркконумдан калтырайт колу-бутум,
Кара баштык азабы ай, жаным сыздай...
Ошол күндү элестейм, көздү жумсам,
Жүрөгүмдүн согушун дана уккам.
Алып учуп ойлорум чамгарактайт,
Жүз бүгүлүп, кайрадан жүз сөгүлөм.
Жайга берди. Түшүрдү дуба куран,
Кете берди коштошуп коңшу, тууган.
Биротоло акыры мен да кеттим,
Кандай болот келечек? Ойлор кууган.
Бир жумача бүк түшүп турбай калгам,
Өңбү, түшпү чынында билбей калдым.
Бут алдымда олтурат таарынгандай,
Жүзүн бурбай түрк эне колдон алды.
"Кара баштык оюңдан алып салгын,
Мага ишен таң эрте ишке баргын".
Атып турдум ордумдан түн бир оокум,
Кулагымда жаңырык "ишке баргын".
Калтырак тер денемде, келме айттым,
"Жинди болуп каламбы?" Коркуп жаттым.
"Кара баштык оюмдан алып салчы",
Кудайымдан суранып, ыйлап алдым.
Эки кабат чоң үйдө жалгыз калган,
Дагы картаң бир кемпир багып калдым.
Сыртым салып чочулайм баарлашуудан,
Аралыкты өзгөчө сактап калдым.
Көтөрө албайт болчумун дагы түйшүк,
Муунтуп алган тагдырым мени түшүн.
Эки жарым жыл мага кылым болду,
Ар бир дабыш, көлөкө ажал өңдүү.
Банктан барып өзүмө эсеп ачтым,
Доллар менен ай сайын салып турдум.
Өңдөн аздым, ой- санаа мите куртча,
Ичтен жеди дартымды айта албадым.
Так эсимде жок кайсы күн, кеч болчу,
Үйгө келгем көргөндө туман болду.
Полиция бир нерсе издеп жүрөт,
Босогодон аттабай эстен тандым.
Оорукана, ойгондум сүйлөй албайм,
"Мен кетем" деп айталбай булдуруктайм.
Доктур келип суранды калышымды,
Билбейм канча, уктадым түшүнө албайм.
Уйкум кана ойгондум көздү ачсам,
Оорукана кайрадан ичтен сызам.
Чогуу турган кыздарым келишиптир,
Көздөрүнөн көзүмдү ала качам.
"Эмне болду, билбедим айткылачы?"
"Эже, ал күнү коңгуроо чырылдады.
Эшик ачсам ордерин көрсөтүшүп,
Текшерүүгө полиция уруксат алды.
Кезек менен көрсөттүк баарын чачкан,
Чоң баштыкты сиздикин жаңы ачкан.
Сиз келдиңиз, а бирок кулаганда
Тез жардамга дароо эле алар чалган.
Доктур көрүп, бирөөңөр кошо баргын,
Тез жөнөйлү абалы оор, айталбайм.
Зейнеп эже, сиз менен кошо кеткен,
А бүгүн мен, алмашып карап жаттык.
Сизди алып тез жардам кетер менен,
Дагы унаа токтоду сакчы деген.
Өздөрүнчө сүйлөшүп шашып баары:
- Жаңылыппыс даректен, айып бизде.
Оорукана дарегин тактап берип,
Алар дагы кетишкен баттан эле.
Түшүнө албай эс- мас болуп, жалгыз калдым,
Үйдү жыйнап ордуна баарын койдум".
Аны угуп, дем алдым эми гана,
Миң мертебе шүгүр дейм кудайыма.
Бир ажалдан кутулдум, аман калдым,
Токтоно албай көз жашты төгүп алдым.
Оорукана бөлмөдө жалгыз калдым,
Ойлор, ойлор... түйүнү бүлүк салды.
Көргөн болсо курбулар, бөлүп берип,
Кете берсем азаптан кутуламбы?
Ким ишенет чындыкты айтып берсем,
Түрк энени өлтүргөн болуп калам.
Жок кепилдик эч кимге айтпайт деген,
Ооз ачышса жаш кыздар сот же өлүм.
О, жараткан жол көрсөт чыга турган,
Мен аялмын аячы, сырын каткан.
Эки балам келечек кандай болот,
Балдар үчүн чыйралам үмүт арткан.
Жаңы чыгып, кемпирди багып жаткам,
Уулум чалып, ыйлады он экиде.
"Мен да иштеп, акча таап, жардам берем",
Колду шилтеп барына кетким келди.
Кара баштык жарымы азайганда,
Өрттөп салып кетем деп жатканымда,
Өңбү, түшбү түрк эне маңдайымда:
- Өмүр бою өкүнүп каласың го?
Ыргып турдум, кайрадан жарылчудай,
Дүк-дүк этип жүрөгүм, токтоно албай.
Кыйла барып өзүмө келдим окшойт,
Ырбап кетти жаратым, айыга албай.
Неге мынча убакыт жылбай калды,
"Аман-эсен бул жактан кетсем болду".
Бар тилегим суранам күндөп- түндөп,
Тийер күнүм бар чыгар, сабыр кылдым.
Мезгил жетти учакка билет алдым,
Чокту бастым кызарган үн катпадым.
Кимдир бирөө суктанар тагдырыма
Соолуп карек кургаган сабак алдым.
Көтөрүлүп тик учак багыт алды,
Көз алдыма тартылып, элестелип.
Түрк энени, Анкара, Стамбулу,
Баары менен коштошуп келе жаттым.
Ыраазымын теңирге бак ыйгарган,
Мага күчтү, сабырды ыроологон.
Аэропорт... учактан түшкөнүмдө
Коркуп турдум, түш болсо кандай кылам?
Жаш балача бой таштап кучагына,
Бир тууганды көргөндө өксүп алдым.
Кадимкидей бир айча уктаганда,
Кутула албай бул азаптан чочуп жүрдүм.
Таркаганда кусалык Бишкек шаардан,
Үч бөлмөлүү үй алдым, көп кабаттан.
Кызым менен уулума өз- өзүнчө,
Эсеп ачтым келечек кепилдиктен.
Ата-энемдин кеңешин тура көрүп,
Карылардын үйүнө акча бөлдүк.
Карылардын батасы балдарымдын
Ачып берсин жолдорун себеп болуп.
Ушул күндөр ар кечте тилек кылам,
Ар бир бала ыйманын тилеп сурайм.
Себеп болгон келини түрк эненин
Келин алам мен дагы, ниет кылам.
Болуп өткөн окуя алда качан,
Сабак алсын купуя сырды ачам.
Күйүп эбак күл болгон коркуу сезим,
Каршы туруп турмушка, жеңип алгам".