Бакыт, жашоонун мааниси жана билим тууралуу икаялар

  • 14.04.2021
  • 5864

Сентябрдын жылуу күндөрүнүн биринде күнгө кактанып эки тыйын чычкан сүйлөшүп олтурушту. Анын бири экинчисинен сурайт:

 – Айтсаң, бир тууганым, жашоонун мааниси эмнеде?

Экинчиси ойлоно калып, мындай жооп узатты:

 – Былтыркы жыл эсиңдеби, бир тууганым? – Кургакчылык болду, токой өрттөндү, биз баарыбыз ачка жүрдүк. Күзүндө, андан соң кышында кантип аман калабыз деп жанталашып, эптеп жазга жеттик. Ошондо жашоонун маанисин издедик беле? Демек, ошол кезде ал бар экен да? А эми бери кара, тууганым: Бизде азыр баары бар, кооптоно турган себеп жок, адамдар тийишкен жок, тамак-аш кенен. Жашоо жакшы.

А биз анын маанисин издеп жатабыз. Демек, биз аны жоготуп алдыкпы?

Эки балык тууралуу икая

Бир кечте эки балык чогуу сүзүп жүрүштү.

Аңгыча, биринчиси суунун үстүнөн чыккан жарыкты көрө калды.

 – Жүрү, сүзүп барып, бул эмне экенин билип келели!

Экинчиси жогор жакты карап ойлонду да, анан мындай суроо берди:

 – А сен ашыкча билген зыян экенин билбейсиңби?

– Көп ойлонгон зыяндуу! – деди да биринчи балык жогору жактагы жарык күйүп турган балыкчынын кайыгын карай сүзүп кетти.

Андан кийин аны көлмөдөн эч ким көргөн жок.

Кызык: “ойлонуу” менен “ашыкча билүүнүн” айырмасы болду бекен?

Асылзат буюмдарды баалагың келеби – зергер бол

Бир жаш жигит Зун-н Нун Мисриге келип, суфийлер туура эмес иш кылышарын жана ушу сыяктуу алар жөнүндө көп нерселерди айтып наалыды.

Египеттик акылман  эч нерсе айтпай туруп, манжасынан шакекти чыгарып берип ага мындай деди:

 – Базарга барып, соодагерлерге барып бир алтын тыйынга алмаштыра кел.

Жигит базарга барып ал шакекти көргөзгөндө соодагерлер  бир күмүш тыйындан ашык бере алышпасын айтышты.

– Эми бул шакекти зергерге барып көргөз, ал канча төлөп берер экен, – деди акылман.

Зергер ага миң алтын тыйын сунуш кылды.

Жигит буга аябай таң калды.

– Азыркы сенин суфийлер жөнүндө билгениң, – деди Мисри, – базардагы соодагерлер шакек жөнүндө кандай маалыматка ээ болсо,  ошондой эле деңгээлде. Эгерде сен асыл буюмдардын чыныгы баасын билгиң келсе зергер бол.

Жамгырдын эки тамчысы тууралуу

Кадимки жай жамгыры жаап жаткан. Кенен жашыл талаанын бир учунан экинчи учуна чейин күн желеси чубалат, а жамгырдын жылуу тамчылары июндун шамалын ээрчип алышкан. Жанаша кетип бараткан эки тамчы сүйлөшө кетишти:

— Көк асманды аралап жерди көздөй учкан кандай жыргал! – деп баштады биринчи тамчы көңүлдүү.

— Койчу, ай! Кайдагы учканды айтасың, биз жөн гана кулап баратабыз, —деди экинчиси аны жактырбай.

– Эмнеси бар экен, жакында жапжашыл болгон сонун чөптүн үстүнө түшөбүз!

— Ооба, чөптөн ылдый шорголоп жерге түшүп, ылайга айланабыз, —деди экинчиси.

– Ошондой болгондо деле булакка айланып, көпкөк деңизге барып кошулабыз!

— Жок, биз биротоло жерге сиңип жок болобуз, – деп макул эместигин билгизди экинчиси.

Алар талаш-тартыштан чарчап, ар кимиси өзү тандап алган тагдырына карай бара жатышты.

Ырайымсыз Боорукерлик

Боорукерлик сууга чөгүп бараткан адамды көрдү. Сууга секирип түшүп, аны чачынан кармап сүйрөп жөнөдү.

– Сен эмне кылып жатасың?! – деди Кошоматчылык – чачынан тарткан болмок беле, ооруйт да! Боорукерлик жооп берген жок, жооп бергенге убактысы да жок болчу. Ал тиги адамды жээкке сүйрөп чыгып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, жасалма дем алдырып жатып адамды эсине келтирди.

– Сага чоң рахмат, – деди адам көзүн ачып, – сен менин өмүрүмдү сактап калдың!

Аларды байкап турган Акылмандык мындай деди:

 – Бардыгы туура. Керек учурда ырайымсыз болуу – бул чыныгы боорукерлик!

Аны эркиндикке чыгаргыла

Бир акылман карыя айтчу экен, адамдар өзүнүн кылган жаман иштерин моюнга албоого аракет кылышат, а актануу бул чоң күнөө. Ал мисалга төмөндөгү окуяны келтирчү. Түрмөдөгүлөрдүн абалын билиш үчүн ал жакка падыша Николай Павлович барган экен. Ал олтургандардан кайсы кылмышы үчүн кесилгенин сурай баштайт. Бардыгы эле бул жерде туура эмес кесишкенин, эч күнөөлөрү жок, ак жерден олтурушканын айтышат. Аягында падыша дагы бирөөнө ошол эле суроосун бергенде ал:

 – Менин күнөөм өтө чоң, мага бул жерде олтуруу да аздык кылат, –деп жооп берет.

 Ошондо падыша аны коштоп жүргөн түрмөнүн кызматкерлерине карап:

– Бул адамды эркиндикке чыгаргыла! – деген экен.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз