Акыйкатсыздык жөнүндө икая: Кимдин пайдасына?

  • 29.08.2023
  • 4840

Үч дос токой аралап бара жатышкан. Аңгыча бакта олтурган сагызган шакылдап калды.

Достордун бири тамашалады:

 – Бул сагызган мага киреше кирет деп кабарлап жатат.

Экинчиси тамашаны улап жылмайды:

 – Жок, ал мага киреше кирет деди.

Үчүнчүсү чындап эле талаша кетти:

 – Эй, силер эмне деп жатасыңар, бул сагызганды мен жакшы билем, ал дайыма мага келип кабар берип турат. Киреше мага кирет!

Уруш кайдан чыгат? “Атаңдын башынан!!” чыгат эмеспи, сөздөн сөз чыгып, тамашанын аягы чырга айланды. Акыры алар жергиликтүү сотко кайрылышты.

Керээлдин кечке кезек күтүп, кечке жуук сотко киришти. Өздөрүнүн талашын акыйкат чечип берүүнү өтүнүштү.

Сот алардын арызын угуп:

– Бир аптадан кийин келгиле, менин чечимимди ошондо угасыңар, – деп жолго салды.

Эртеси өзүн баарынан акылдуумун деп эсептеген достордун бири сотко семиз каз алпарып берди.

Бул жөнүндө экинчи досу угуп, ал да андан кур калбай семиз кой жеткирди.

Бул белектерге кубанган сот жолдо келе жатса алдынан достордун үчүнчүсү жолукту.

 – А сен эмнеге мага келип жолуккан жоксуң? – деп сурайт сот андан.

 – А мен сагызган кимдин пайдасына шакылдаганын билип алдым, – дейт тигил мыйыгынан жылмайып.  

– Кимдин пайдасына экен? – дейт таң калган сот.

– Сиздин пайдаңызга. Урматуу Сот, Сиздин пайдаңызга...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз