Дилазык: Таарыныч жөнүндө икая

  • 08.02.2021
  • 3240

Шакирти устатына кайрылды:

— Сен кандай акылман адамсың. Сенин эч качан жаман маанайда жүргөнүңдү, бирөөлөргө ачууланып кыйкырганыңды көргөн жокмун. Мен да сендей болгум келет. Канткенде максатыма жетем, үйрөтө аласызбы?

Устаты үйрөтүүгө макул болуп, шакиртин картөшкө жана тунук баштык алып келүүгө жумшады.

— Эгерде бирөөгө жиниң келсе же таарынып калсаң, – деди устат, – ушул картөшкөнү ал. Бир жагына өз атыңды, экинчи жагына таарынткан адамдын ысымын жаз да ушул баштыкка салып кой.

— Ошол элеби? — деди эч нерсе түшүнбөгөн шакирти.

— Жок, — деди устат. Сен бул баштыкты дайыма колуңдан түшүрбөй көтөрүп жүр. Адамдарга таарынган сайын, ар бир жолу бирден картөшкө кошуп турасың.

Шакирти устаты үйрөткөндөй жасап жүрдү.

Бир канча убакыт өттү. Шакирттин баштыгында картөшкөлөр көбөйүп, көтөрүп жүргөнгө бир топ оор жана ыңгайсыз боло баштады. Анысы аз келгенсип адегенде салган картөшкөлөрдүн кесилген беттерин көк басып чирип, сасый баштады.

Шакирт устатына келип мындай дейт:

— Бул баштыкты көтөрүп жүрүш болбой калды. Биринчиден оор, экинчиден картөшкө чирий баштады. Башка эле жолду көрсөтпөйсүзбү.

Устаты ага мындай деген экен:

— Сенин жан-дүйнөңдө да ушундай нерсе болуп жатат. Сен кимдир-бирөөгө жинденип, таарына баштаганда жан-дүйнөңдө таш сыяктуу оор нерсе пайда болот. Сен аны байкабайсың. Анан таштар көбөйө баштайт. Жасаган аракеттериң жаман адатка айланат, жаман адаттан мүнөзүң бузулат, ал сасыган жыт чыгара баштайт. Ал таштарды ыргытып салсаң, жеңилдеп калганыңды дароо сезесиң. Мен сага бул нерсени сырттан байкап көрүүгө мүмкүнчүлүк бердим. Бир кишиге ачууланып, таарына турган болсоң же тескерисинче, бирөөнү таарынтып алсаң, адегенде ойлон, ал ташты көтөрүп жүрүштүн кажети барбы?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз