Дилазык: Шарап жөнүндө Индия элинин уламышы

  • 14.11.2020
  • 3372

Бул окуя илгери, илгери болгон экен. Жакшынакай эле күндөрдүн биринде катардагы жарандардын бири башкача бир суусундук кайнаткысы келип, казанга толтура салынган махуа дарагынын гүлдөрүнө сууну көмө куюп, пипа багынын түбүнө жасалган кемегеге асып, күнү бою кайнатат, бирок суу соолуп кетип эч кандай суусундук пайда болбойт. Бул киши абдан өжөр жана тажаал болгондуктан минтип суусундук кайнатуусу толук бир күнүн текке кетирип, укмуштай убара кылса да кайрадан казанга сууну толтура куюп от жагат. Анан аз өтпөй отуну түгөнгөндө өзү эртеден бери көлөкөсүндө иштеген пипа дарагын кыйып, отунга айлантып жагып кирет.

Ал эми бул пипа дарагын чыйырчык, тотугуш, жолборс жана доңуз сыяктуу төрт жаныбар байырлап, түнү бою баш калка кылып, таң атканда өз тирдиктери менен туш тарапка кетип жүрүшкөн болот. Бул кечте да алар жайлуу жатагына кайтып келатышкан эле. Эң биринчи болуп тез учкан чыйырчык келип, көп жылдан бери үйүр алган дарагы кыйылып, отко жагылып жатканын көрүп, күйүтүнө чыдабай казанда кайнаган сууга бой таштап жан таслим болот. Суу кызгылтымына тартат.

Мындан соң тотукуш баш калкасына кайтып, ал дагы өзү көптөн бери байырлаган дарагынын айоосуз кыйылып, отко жагылып жатканына күбө болуп, күйүтү менен жан таттуусуна карабай кайнаган казанга бой уруп, бул да өз өмүрү менен кош айтышат. Мындан улам казанда бороктоп кайнап жаткан суу мурдагыдан да кызылына тартат.

Үчүнчү болуп жолборс түнөгүнө кайтып келатып, эбактан баш калка кылган жатагы отунга айланып, отко жагылып жатканын көрүп, каары менен катуу секирет, бирок кайнап жаткан казанга түшүп, ал дагы мүрт кетип, болочоктогу суусундуктун бир кошундусуна айланат.

Төртүнчү жана эң акыркы болуп доңуз кайтат түнөгүнө. Бирок жатарман дарагынын отунга айланып, жалбырттап күйүп жатканын көрүп, сактап калмакчы болуп катуу качырат, бирок ошол күүсү менен барып казанга түшүп, андагы жолборстон соң өңү ого бетер кызылына тарта кайнап жаткан сууну мурункудан да кочкулдантат.

Ал эми буларды байкабаган киши казаны канча кайнаса да бул жолкусунда бөксөрмөк тургай мелт-калт толгонуна сүйүнөт. Көп өтпөй отту өчүрүп, казандагы кызыл кочкулуна тарткан суюктук сууганда ачуулугуна карабай бир кесе ичип, аз өтпөй ичи ысып ырдагысы эле келе баштайт. Суусундугу укмуш чыкканына сүйүнүп, токтоно албай чыйырчыктай сайрап мактанат. Мындан кийин экинчи кеседеги ширени тартып жиберет да, аздан соң өз эркинен тыш сүйлөп, тотугушча оозуна келгенди оттоп, ичтеги сырын төгөт, ар кимди жамандайт же алкайт. Ал көп өтпөй жаңы бышырылган суусундуктун үчүнчү кесесин ичкенинде эч кимден коркпос баатыр болуп чыгат, мушташкысы келип, ар кимди жолборсчо күркүрөп коркутат. Даамы ачуу болсо да ичкен сайын дагы ичкини келтирген суусундуктун төртүнчүсүн жутканда биздин каарман чочкочо төрт буттап басып, каманча жер челип, ыпылас жерге жыгылып оонай баштайт.

Ошентип чыйырчыктын ырчылыгын, тотугуштун балдыр тилин, жолборстун жырткычтыгын, чочконун балиттигин өзүнө камтыган суюктук пайда болот. Бирок ал канча ичсе да жөнөкөй сууча суусун кандырбагандыктан өзүнчө ичкилик деген мас кылуучу суюктукка айланат. Ошентип адамдардын ичкисин келтирип азгыруучу, бирок абийирин кетирип мас кылуучу шарапка айланат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз