Маанай көтөрөр кыска окуялар

  • 07.02.2021
  • 3385

Ажыдаар менен достошуу

Бир адам психиатрга келип, ага түн сайын үч баштуу ажыдаар келип жатканын, түнү менен уктай албай коркуп, жинди болоюн деп калганын, ал тургай өзүнө кол салып, өлгүсү келгенин айтып даттанды.

– Мен сизге жардам бере алам, – дейт психиатр, – бирок эскертип коюшум керек: дарыланууга бир жылдан ашык, а балким эки жыл убакыт кетет жана кымбат турат.

– А канча акча керек?

 – Болжол менен үч, үч жарым миң доллар жетет деп ойлойм.

— Үч миң долларбы! — деп секирип кетти тигил адам. — Менин сизге келгенимди жана эмне деп айтканымды унутуңуз! Мындай сумма менен мен ажыдаар менен достошуп алам.

Унутуп калган сөз жөнүндөгү окуя

Юляны мектепке алаарда анын окууга даярдыгын текшерүү үчүн тест тапшыртышты.

– Эң жөнөкөй нерселерден баштайлы, – деди психолог, кыздын алдына вазага салынган момдон жасалган жемиштерди коюп жатып.

– Алма, алмурут, апельсин, өрүк. Ушуларды жалпы жонунан бир сөз менен эмне дейт?

Юля унчукпай жер карады.

— Макул, андан ары уланталык. Мына бадыраң, помидор, редиска, картошка, пияз. Буларды бир сөз менен эмне деп айтсак болот?

Юля эрдин тиштеп мелтейди.

– Кулпунай, карагат, алча…

– Буларды эмне деп айтабыз? Эмне билбейсиңби?

– Унутуп калдым, – деди кыз ыйлап жиберчүдөй шөлбүрөп.

– Менин оюмча кызыңыз мектепке барганга даяр эмес, – деди психолог Юлянын энесине. – Бир жыл коё туруңуз, кызыңызды жакшылап даярдаңыз. Көрдүңүз го, эң жөнөкөй нерселерди айтып бере албайт экен!

Энеси кызына кайрылды:

– Юленька, сен буларды бир сөз менен эмне деп айтыларын чын эле билбейсиңби!

– Эстедим! – кыз сүйүнүп кетти. – Муляж! 

3. Классташ

Сизге өзүңүздүн көптөн бери жолуга элек бала кезиңизде чогуу ойногон теңтушуңузду көргөндө: “Чын эле мен дагы ушул сыяктуу карып калдымбы? Мындай болушу мүмкүн эмес!” – деген ой келди беле. Эгерде ошондой болсо бул окуя сиз үчүн.

Жаңы келген тиш доктурдун кабылдамасында кезек күтүп олтуруп, дубалда илинген анын дипломунун көчүрмөсүн көзүм чалды. Оюма капыстан эле аты-жөнү ушул адамдыкына окшош бойлуу, сулуу бала менен 30 жыл мурда бир класста окуганым эсиме түштү. Кабинетке киргенде ошол классташым болуп жүрбөсүн деген оюмдан дароо баш тарттым. Алдымдагы кашка баш, буурул чач, жүзүн бырыш басып улгайган адам менин классташым болушу мүмкүн эмес эле. Ал менден бир топ эле улуудай көрүндү.

Ошентсе да ал менин оорулуу тишимди дарылап бүткөндө анын кайсы мектепти бүтүргөнүн сурадым. Ал мен окуган мектептин номурун айтпаспы!

– Кайсы жылы? – дедим.

– 1978-жылы. А эмнеге сурап жатасыз?

– Сиз менин классымда болчусуз! – дедим.

Ал мени башымдан ылдый сыдыра карады да, кайра мага суроо узатты:

– Ошондойбу? А сиз кайсы сабактан берчү элеңиз?

Маркетинг боюнча сабак

Римдин көчөлөрүнүн биринде эки кайырчы олтурду. Бирөөнүн колунда крест, экинчиси Давиддин жылдызчасын кармап алган. Экөөнүн алдында акча чогултуу үчүн таштап койгон калпактары жатат. Ары-бери өткөндөр крест кармаган кишиге акча салып кетип жатышты, ал эми жылдызча кармаган кишинин калпагында бир тыйын  да жок эле. Эл аны айланып өтө берди.

Карап турган бир адам тигиге боору оруп, анын жанына келип кеңеш бере баштады:

– Сен эмне, Италия католиктердин өлкөсү экенин билбейсиңби? Ал эми Рим католиктердин негизги шаары. Бул жерден сага эч ким акча бербейт, болгондо да жаныңда крест кармаган адам турганда. Алар сенин жиниңе тийиш үчүн деле жаныңдагы адамга атайылап көбүрөк акча ташташат.

Давиддин жылдызын кармаган адам экинчисине карап күлүп мындай деди: “Эй, карасаң, кимдир-бирөө ага-ини Гольденштейндердин өзүн маркетингге үйрөткүсү келип жатат!”

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз