Сүйүү тууралуу икая: Идеалды издөө

  • 09.02.2021
  • 4398

Өмүрүндө бир дагы үйлөнбөгөн адам жашаптыр, ал токсонго чыгып өлүм алдында жатканда, аны көргөнү келген адамдын бири сурайт:

— Өмүр бою бойдок өттүң, бирок себебин эч кимге айткан жоксуң. Өлүм алдында жатканда ал купуя сырыңды ачып бербейсиңби, эми аны ачкан күндө да сага эч зыяны тийбестир.

Карыя минтип жооп берди:

— Ооба, мен сырымды эч кимге айкан эмесмин. Мен үйлөнүүгө эч качан каршы болгон эмесмин, бирок мен аял болууга татыктуу, эч бир кемчилиги жок, идеалдуу кызды издеп жүрдүм. Ошондой ургаачыны издеп жүрүп, өмүрүм кандай өткөнүн байкабай да калыптырмын.

— Жер жүзүндө миллиондогон кыз-келиндер жүрсө, ошонун ичинен бир идеалдуу ургаачы табылбай калдыбы?

— Жок, мен издеп жүрүп акыры бирөөнү тапкам.

– Анда эмне үчүн ага үйлөнгөн жоксуң?

— Ал аял да идеалдуу эркекти издеп жүргөн экен...

Карыянын көзүнөн жаш куюлуп жатты.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз