Бернард Шоу: Адам кышка окшош: күйгөн сайын бышат

  • 25.01.2021
  • 3622

Жорж Бернард Шоу адабият жаатында Нобель жана Оскар сыйлыгын алган жалгыз адам. Өз мезгилинин көрүнүктүү сынчысы, драматург.

*     *     *

“Бакыт – бир гана бийге чакыргандар менен бийлейт.

*     *     *

Дүйнө эч  кандай эмгектенбестен бай болгусу келген бекерчилерден жана байыгысы келбей иштеген акмактардан турат.

*     *     *

Революциялар эзүүчүлүктүн түйшүгүн жеңилдеткен жок, алар бул жүктү бир ийинден экинчи ийинге өткөрүү кызматын аркалашты.

*     *     *

Гезит – велосипедден кулап түшкөн адам менен цивилизациянын кыйрашынын айырмасын көрбөгөн басылма орган.

*     *     *

Мен чындыкты тамашалап айтамын. Дүйнөдө күлкүлүү эч нерсе жок.

*     *     *

Ийгиликтин сыры – мүмкүн болушунча адамдарга көбүрөк каршы чыгуу, алга умтулуу.

*     *     *

Эркектерди сүйүңүз. Алар сиздин сүйүүңүзгө абдан муктаж. Алар бул нерсени эч качан моюндабаган убакта да. Ар бир улуу эркектин артында ага чын дилинен ишенген аял турат.

*     *     *

Адамдардын көбү, өздөрүнө эч тиешеси жок нерселерге кызыгышат.

*     *     *

Эгерде менин кошунам күн сайын аялын сабаса, анда статистика боюнча экөөбүз тең күн сайын аялыбызды сабап жаткан болобуз. Мен эч качан сабабаган учурда дагы.

*     *     *

Жакын адамыңа карата эң чоң туура эмес мамилең – жек көрүү эмес, кайдыгерлик. Бул адамгерчиликсиздиктин туу чокусу.

*     *     *

Бакытты өндүрбөй туруп, аны колдонууга укугубуз жок.

*     *     *

Уят сөздөрдү телефондон башка дагы бардык китептерден табууга болот.

*     *     *

Өмүр жолуңузду окуп жатканда чындыкты жарыялоо жакшылыкка алып барбаганын түшүнөсүз.

*     *     *

Идеалдуу күйөө – өзүн идеалдуу аялы бар деп эсептеген эркек.

*     *     *

Жалгыздыгы менен ыракаттануу – бул чоң белек.

*     *     *

Акылсыз болсоң, ак ниеттен жасаган аракетиң кооптуу эмес.

*     *     *

Кээде сени асып салуу ниети бар адамдарды күлдүрүүгө туура келет.

*     *     *

Шейиттик – эч кандай жөндөмсүз даңкталуунун бирден-бир жолу.

*     *     *

Жек көрүү – коркок адамдын башынан өткөн коркуу сезими үчүн өч алуу.

*     *     *

Эгер сиз бакытты издеп жүрүп тапсаңыз, көз айнегин издеп жүргөн карыяга окшошсуз.  Бакыт ар дайым сиздин жаныңызда. 

*     *     *

Билген – жасайт, билбеген – башкаларга үйрөтөт.

*     *     *

Картайуу кызыксыз, бирок бул узак жашоонун бирден-бир жолу.

*     *     *

Бир гана тарыхтан сабак алса болот, бирок  адамдар тарыхтан эч кандай сабак алышпайт.

*     *     *

Менин даңкым ар бир ийгиликсиздигимден соң өстү.

*     *     *

Адам кышка окшош: күйгөн сайын бышат.

*     *     *

Биз абада куштардай учканды, сууда балыктай сүзгөндү үйрөндүк, эми жер бетинде адамдардай жашоону үйрөнүшүбүз керек.

*     *     *

Жашоо өзүңдү издөөдөн эмес, өзүңдү жаратуудан турат.

*     *     *

Сүйлөөгө үйрөнүү чоңойгондуктун, унчукпаганды үйрөнүү акыл киргендиктин белгиси.

Кыргызчалаган Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз