Бернард Шоунун санаттарынан чыккан ой толгоолор

  • 28.07.2020
  • 4009

Кичинекей Ирландия үчүн – Бернард Шоу, бизге Лев Толстой кандай болсо, дал ошондой орунду ээлейт. Көрүнүктүү жазуучу жана драматург. Улуттун сыймыгы.

Жашоого сергек карап, тамак-ашты чектеп ичкенден (Шоу – белгилүү эт жебес болгон) болсо керек, ал 94 жашка чыккан.

Омар Хаямдын минтип айтканы эсиңердеби: “Жашоону кайгырып жүрүп өткөзгөндөр үчүн уялам”. Бернарддын эч качан көңүлү чөккөн эмес. Ал өмүрүнүн аягына чейин тынбай иштеп, өзүн элине керек экендигин сезип жашаган.

Бул дүйнөдөгү адабият боюнча “Оскар”жана Нобель сыйлыгын алган жалгыз адам. Ал бул сыйлыктарга “Пигмалион” аттуу чыгарманын сценарийи үчүн татыктуу болгон.

Шоу жалаң эле китеп жазып, театр үчүн сценарийлерди жазган эмес, ал өлкөнүн саясий турмушуна да эпкиндүү катышып, Лондондо Экономика жана саясый билим берүү Мектебин ачкан.

Укмуштуу бекен?

Мен анын жазгандарын окуп түшүнүүгө аракет кылдым, чынын айтсам, аракетим оңунан чыккан жок. Мага орус прозасы жакын жана түшүнүктүү экен. Балким кийинчерээк кайра бир кайрылып көрөрмүн.

Ал эми жазуучунун санат сөздөрү – мен аны аябай жактырам. Бутага дал тийген сөздөр. Өзүңүздөр баалап көрүңүздөрчү.

♦ ♦ ♦

Газета — бул, велосипедден жыгылуу менен цивилизациянын кыйрашынын айырмасын көрө билбеген басма сөз органы.

♦ ♦ ♦

Эгерде менин кошунам аялын күндө сабаса, а мен аялыма өмүрүмдө бир да жолу колумду көтөрбөсөм, статистика боюнча экөөбүз тең аялдарыбызды күн алыс сабаган болуп чыгабыз.

♦ ♦ ♦

Ким билсе – ал жасайт, а ким билбесе – башкаларга үйрөтөт.

♦ ♦ ♦

Каруу – жагымсыз жумуш, бирок бул узак жашоонун жападан жалгыз жолу. Бирок мен сиздердин көңүлүңүздөрдү драматургдун адамды кантип сиз менен жалган айтпай, чынчыл мамиледе болууга чакырган оюна көңүлүңүздөрдү бургум келди.

P.S. Албетте, Бернарддын айтканы туура. Бирок акыл-эси калыптанып калган киши ушундай кеңешти угабы? Менин оюмча укпайт.

♦ ♦ ♦

Адамдар биз менен биз ага кандай жол берсек, ошондой мамиле кылышат. А биз, ишенгибиз келген нерсеге ишенебиз. Бизге кээде чындыкка көздү жуупм койгон пайдалуу. А кээде билип турсак да эч нерсе кыла албайбыз. Бардыгы түзүлгөн кырдаалга, шартка жараша.

♦ ♦ ♦

Бир жарыяда айтылган нерсе эсиңердеби? Кээде сүйлөгөндөн көрө, унчукпай койгон жакшы. Чындык деле ошондой, кээ бир учурларда аны билбей эле койгон жакшы. Уйкубуз тынч болот.

Хельга айым.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз