Дилазык: Жалгызсыраган адамдар үчүн уламыш

  • 28.06.2020
  • 4741

Илгери-илгери бир акылман өткөн экен. Ал шаардан шаарга, айылдан айылга өтүп дүйнөнү түрө кыдырат. Кайда барбасын анын тааныштары, жолдоштору же жөн эле тааныштары көп болчу. Ал таптакыр үйлөнбөптүр, үйлөнгүсү да келчү эмес экен. Ал өз бактысын саякатка чыгып, улам бир жаңы жерлер, адамдар менен таанышкандан тапчу.

Бир жолу ал шаар сыртындагы жалгыз аяк жол менен келатты. Айлана тыптынч, үп болуп турган. Аңгыча ал бирөөнүн ыйлаган үнүн укту. Адегенде жөн эле бир нерсе угулгандай туюлган ага. Бирок ый катуулай баштады.

Ал жалгыз түп өскөн дарактын жанына жетти. Дарактын көлөкөсүндө жаш жигит ыйлап олтуруптур.

Акылман токтоп жигиттен сурады:

 – Жаш жигит, эмне болду? Эмне кайгың бар?

– Билесизби, карыя, бул дүйнөдө жападан жалгыз калганымды бүгүн сездим. Ата-энемдин өлгөнүнө көп жыл болгон. Сүйүп, сүйлөшүп жүргөн кызым башка бай немеге күйөөгө тийип кетти. Чогуу окуган теңтуштарым ар кай жакта жүрүшөт. Бирөөнүн үй-бүлөсү болсо, бири соода кылып, дагы бири кол өнөрчүлүк менен алек.

– Бул дүйнөдө бардыгы өзгөрөт. Дүйнө өзгөрөт, адамдар, алардын көз караштары өзгөрөт. А сенин кайгың ошол жалгыздыкты сезип, өзүңдү эч кимге кереги жоктой көрүп жатканыңда элеби?

 – Ооба, мындан ары кантип жашарымды билбейм. Менин эч кимге керегим.

– Менимче, жакын арада эмне кылышты билип каласың. Жол табышыңа бир аз жардам кылайын. Тээ, алыстагы алма, өрүк, жаңгак өскөн жемиш багын көрдүңбү?

– Ооба, көрдүм.

 – Ошол  бакты биздин жашообуз менен салыштыр. Анын мөмөлөрү – адамдар деп бил. Мисалы, сен мангону жакшы көрөсүң. Ошол дарактын мөмөсүн жеп чоңойдуң. Бирок ал дарак мөмө байлабай куурап калды же чагылган тийип күйүп кетти дейли. Ошондо сен эмне кыласың? Ачкадан өлөсүңбү?

– Чынында эле мен мангону жакшы көрөм. Албетте, мен бир аз кайгырам. Бирок андан ары бак аралап, башка дарактардын мөмөсүн терип жейм. Ачка калбасым белгилүү. Балким, манго дарагын да таап алмакмын.

Акылман мыйыгынан жылмайып, жигитти далысынан таптады:

 – Жигит, бир нерсени түшүндүңбү?

– Рахмат, аксакал. Чынында эле бир дарактын түбүндө олтурган экенмин. Жашоодогу башка дарактардын мөмөсүнүн даамын татчу убакыт келиптир.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз