Бир ирмем кызыл өмүр

  • 03.02.2021
  • 3957

Акын Шербет Келдибекова тууралуу эскерүүлөр

Шекем, асылым, үйүңдө отурам: кагаздарыңды карап, ырларыңды окуп, көз жашымды төгүп...

Кай жакты карабайын сенин элесиң, уктаганда да бөлмөңдө жатып алып сени ойлоном. Ушул кичинекей бөлмөдө, телевизордун алдында, жер төшөктөрдүн ортосунда жайылган кичинекей дасторконго коюлган нан-чайдан ууртап, жездем экөөңөр отурчу элеңер көңүлүңөр ачык, каткыра күлүп, ар түрдүү окуялардан маек куруп...

Экөөбүздүн кийинки инибиз Сиезбек “эжемдин тандалмаларын чыгаралы. Чыга элек, жарык көрбөгөн ырлары бар бекен, карап бериңизчи?” дегенинен келип отурам.

Сенин ырларыңды кайрадан кунт коюп окуйм да, студенттик куракта (1969-74-жж.) жазылган ар-бир ырыңдын сөздөрү ушунчалык тааныш, ошол ырларды кантип жазганың жана бизге окуп берип жаткан жап-жаш кезиңди элестетем. Таң атканча чиймелеп, уктабай отурганың көз алдыга тартылат.

Катуу уктап кетип, кээде уйкусурап көзүмдү ачсам кайра эле жазып отурасың жуурканга оронуп алып. Эч нерсеге алаксыбай, көңүл бурбай жазганың жазган. Көп түндөрдү ушинтип өткөрчүсүң. Ошол кезде талантың ташып, чыгармачылыгың артылып турган чагың экен.

Бир түнү таң атканча “Сүйүү бороону” деген поэма жазып бүттүң да, “төрт сабы тең уйкаша берип, кайра оңдоп аттым” дегениң эсимде.

Кагаздарыңдын же китебиңдин ичинен ошол поэманы таппай койдум. Мага көп жерлери тааныш эле, дароо табат болчумун.

Баласы ооруп, өлүм алдында жаткан кемпир тууралуу аңгемеңди издедим (таякем Бейшеке өлгөндөгү таянем жөнүндө жазган элең), тапкан жокмун.

“Көп ырларым таптакыр жарык көрбөгөн боюнча, аңгемелерим, котормолорум катуу ооруп жүргөндө жоголуп кеткени бир аз өкүндүрдү” деп “Кербен” аттуу китебиңдин соңку сөзүндө өзүң жазгандай, бизди ал нерсе катуу өкүндүрдү.

Бермет эжем жакын жерде жашачу. Бат-бат аралашып, өнтөлөп, бар тамагын оозуңа кармап (боорукер да, күйүмдүү да жан эле), ал экөөбүз оор жумушка колуңду тийгизбей, иштешиңе болгон шартты түзүп берер элек. Ошол жылдары Беганас Сартов байке жетектеген “Too жылдызы” адабий ийрими ачылып, поэзия дүйнөсүнө аралашкан жаштарга чоң сабак да, түрткү да болду. Чогулушуп ырларды окуп, аёосуз сын пикирлерди айтып талкуулашып, жакшы жазылгандарын мактап, ошол ийримден не деген күчтүү акындар өсүп чыкты: Беганас Сартов, Роза Мукашева, Роза Карагулова, Тургунбай Эргешов, Табылды Муканов, Акыл Уйлубаева, Айгүл Узакова, Калбүбү Сариева ж.б.

Кээде ийримден окулуп бүтпөй калган ырларды окуп, талкууну улантууга биздин Панфилов көчөсүндөгү №222 үйгө чогулуп калышчу. Рамис Рыскулов да келген үйүбүзгө, кээде ыр окуп жатып бийлеп жиберсе, кээде үн салып ырдап жиберет экен...

Сени бардыгы өзгөчө сыйлачу, аяр мамиле кылышчу. Үлбүрөгөн назиктигиңди жана ошол назиктикке шайкеш келбеген күчтүү, кайраттуу, турмушка өзгөчө көз карашы бар ырларыңды сыйлашчу. Сүйүнбай Эралиев сенин ырларың жөнүндө жазганынан бир кичине үзүм: “Шербет назик лиризм менен жүрөккө урат да, жүрөк сагынычын кусалыкка чейин ырбатып жиберет”.

Сенде акылга сыйбагандай рухий зор күч бар эле. Не деген ооруну, операцияларды башыңдан өткөрдүң. Өзүң үчүн жүрөксүп, “ооруйм го, кыйналам го” дечү эмессиң. Жалгыз кызың Гүлзарды ойлоп көп капа болчусуң. “Балама” деген ырыңды таап алып ыйладым кайра:

“Карааның тиктейм айнектен,
Каралдым жалгыз баламдын.
Калды деп баёо, секелек
Чачтарым түгөл агарды”.

Ар бир операцияга ушундай оор санаа менен кирип, жандандыруу бөлүмүнөн аман-эсен чыкканыңда палатада тосуп алып, алгачкы күндөрү багуу менин милдетим болчу.

Операция бүткөнчө сыртта калчылдап, сарсанаа болуп, ар бир врачка жалынып, Бермет эжем, Сиез, Замир жана калган бир туугандарың, Алым жездем болуп турар элек...

Дегеле сен бала кезден оорукчан элең. Ата-энебиз сени өзгөчө аячу, кышында мектепке барып келгенче үшүп кетет деп бири жука, бири калың эки пальто кийгизип жөнөтүшчү, мектеп болсо үйдүн жанында (50-60 метр жердир арасы). Бир жолу үйдүн тегерегин тоскон жыгач тосмого бир пальтоңду чечип, илип кетиптирсиң: “Балдар күлүп атышат, бирди эле кием” деп. Эртеси эле ооруп, сабакка барбай калгансың. Көрсө сенин жүрөгүң тубаса оорулуу тура. Сага караганда эки жаш кичүү болсом да, мен олбурлуу элем. Тамакты да сен өтө аз иччүсүң, кесменин суюгун ууртап. Ата-энебиз оор жумуш жасатпай аяп турчу.

Үйдөгү оор жумуштар (үй актамай, кир жуумай, пол жуумай, суу ташымай ж.б.) менде болчу. Бирок сайма сайып, оймо оюп дегендей, иштүү болчусуң. Өзгөчө бир көрк менен ойгон оюу үлгүлөрүн таянем таң кала карап отуруп: “Мындай оюу көрө элекмин, муну Шербет оюу деп атап койсо болчудай” дегени эсимде, көрсө ичиңдеги кайнаган талантты оюунун көркөмдүгүнө чыгарыпсың да ошол кезде...

Деги сен табияттан көркөм адам элең. Өтө ичке, назик, мойну койкойгон, чачы үлбүрөгөн, көздөрү балбылдаган жаш чагыңдагы элесиң дале көзгө тартылат.

Өтө ак жүрөк адам болчусуң. Эки жүздүү адамды уккуң да, көргүң да келчү эмес. Көр оокаттан жогору турчусуң. Жакшы көргөн адамдардан эң кымбат нерсеңди да аячу эмессиң. Жакшы көргөн Алымың өзүңдөн 8 айдан соң кете берди. “Шербетсиз жашоо кызыксыз” деп сырдаш досторуна айткан экен. Экөөңдүн оор кайгыга чөмүлгөн жалгыз кызыңар Гүлзар уулу Ализар, жолдошу Марат менен калды. Сен жаш кезде “уулдуу болсок атын Алишер коёбуз, Алым Шербет дегенден алынган ат болот” деп мага айтып жүргөнүңдө кыздуу болуп: “Кудайым уул буюрбаптыр, кийин кызым уулдуу болгондо ошол атты беребиз” дечүсүң.

Гүлзар уулдуу болгондо, өзүңдү кайра эле унутуп, эң жакын, өтө сүйгөн эки адамыңдын атын кошуп Ализар деп койдуң атын.... Шерди алып коюп. Эми ушул балдарыңарга кудай өмүр берсин, атыңарды өчүрбөй, ордуңарды жоготпой, унутпай, кайра-кайра куран окутуп келатышат.

Оору менен алышкан далай күндөрдү, сарсанааларды көтөрүп койдуң эле, алтыным. Көп жылдар бою тынымсыз ичкен дарылар ашказаныңды айыккыс оор дартка чалдыктырган тура....

Анын үстүнө жаныңдай көргөн эжебиз Бермет өлгөнү “жетимсиреп калдым” деп көп кайгырдың. Алым жездем түркүн дарыларды алып келип, “Комек” ооруканасына, Эркин Маматовго жаткырып, дарылатып, жанын үрөдү.

Акыркы күндөрдө оору сездирбеген дарыларды сайышып, катуу ооруну сезгениң жок. Акыры өзүңдүн жакшы көргөн эжеңдин жанына, Байтиктеги мүрзөгө барып жатып калдың, баарыбызды кейитип. Эжем 64 жаш курагында кетсе, сен дагы 64 жашыңда жарыкчылык менен кош айтыштың.

Ырларыңды карап отурам, кандай көркөм, жүрөктөн чыккан күчтүү сөздөр...

“Ушул ырларды тандап-тескөөгө менин дареметим жетеби? Өзүңдөн алда канча билимдүү, таланттуу, акылдуу жана өтө чынчыл адамдын жазгандарын иреттеп, тандоого болобу? Дагы эле өзүң менен ичтен кеңешем. 1970-74-жылдарда жазгандарыңдын көбүн бүтөрүң менен окуп бергениңди эстейм... Тоодой-таштай акын-жазуучу классиктерди баш көтөрбөй окуган, адамдын психологиясын өздөштүрүп, терең философиялык ой жүгүрткөн, аналитик журналист, публицист жездем экөөңөрдүн сыныңарга толгондой ырларды тандап алып чыгууга, көр оокат менен көп жыл алышкан мен сынчы боло аламбы?” деген коркок ой мени ээлеп турат. Беш жыл жаныңда күн-түн жүрүп, ошол студенттик курактагы ар бир ырыңды өз оозуңдан угуп калган элем. Андан кийин турмуш-тиричилик менен алышып, анчалык чогуу боло албадым.

Эжекем, алтыным, Шекем! “Сенин жаныңда андан да көп болсом кана, сөзүңдү кечке тынбай уга берсем эмне, ырларыңды бүт жаттап, ырдап, сени сүйүнтсөм болмок” деп жүрөгүм зырылдайт...

Бурул Келдибекова, сиңдиси

*     *     *

М.Эшимканов сүрөттөгөндөй: “Турам тыңшап селейип, үн катпастан...” 10-класстан ушул ырды кыйкырып ырдаганды жакшы көрөт элем. Жөн ырдабай, жаштык сезим менен көзүмөн жаш агып кетет эле. Дүйнөнүн ак-карасын аңдай элек жаным, бул ырдын ички маңызына, сөздөрүнүн салмагына, жан-дүйнөңдү эңшерилтип ийген ички энергиясына жашабай жатып жаман таң калчумун.

Сиз мындан төрт жыл илгери айттыңыз эле: “Акындар 30 жашка чейин олуттуу ой толгоп, карыдым деп жазышат, 30дан кийин өмүр бою жашара албай убара тартышат” деп. Ошонун чындыгын кыркымда араң түшүндүм.

Билгенге, чыныгы ыр чыгаруу – тозоктун иши. Акынга акыл, негизгиси, жүрөк керек дешет. Беш ирет операция көргөн жүрөгүңүз мындан ары оорубасынчы. Башкасын айтпаса да “А.Токтомушев” деген килтейген дүйнөнүн кирин жууп, чайын демдеп багып жатканыңыз менен эле кыргызга кымындай кызмат кылганыңызды жакын эжем катары элге жарыя айтып койсом деп ыңгайлуу учурду пайдалана калдым. “Кыз экенин билгизип, кыжымы көйнөк кийгизип” деп апалар төгүп ырдагандай бир ирмем кызыл өмүрдө аккан арыктан агыла бериңиз!

Жолдошбек Зарлыкбеков, (“Асаба”, 14-май, 1999-жыл)

*     *     *

Кээ бир аялзаты бар го, жибектей чоюлуп дили да, өзү да үлбүрөп турат. Бирөөнө катуу айтпайт, жылдызы жүзүнөн жайнап турат. Ошондон улам андайларды баары жакшы көрөт. Шербет ошондой жан. Анан калса кайталангыс сапаты да өзүндөй назик. Анын поэзиясынын мыктылыгын айтып берүүгө алсызбыз. Окуш гана керек.

Баратбай Аракеев, (Асаба 14-май 1999-жыл.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз