Сүйүнбай Эралиев: Устат шакирти жөнүндө

  • 27.01.2021
  • 5095

Ыр менен бирге жашап, анын өзгөчөлүктөрүн, табигый тилин жана кооздук кудуретин жалпы жонунан билип эле тим болбостон, анын баарын толук бойдон бойго сиңирип алуу – акындык ыйык парз.

Ошондо гана ал жараткан дүйнө окуучулук кумардын, шыктын жана эмоциялык эргүүнүн кубаттуу булагы боло алат. Ырас, азыр турмуш оор, мезгил татаал, бир карасаң ырдын дале учуру эмес сыяктуу. Бирок поэзия эч качан токтоп калган эмес. Ал адам жанынын эргиген бир канаты катары өз жолу менен өнүгө берет. “О рухий дүйнө, сен менин түбөлүктүү бешигим эмессиңби!” деген экен байыркы философ Аристотель.

Кийинки мезгилде биздин адабиятка бир катар жаңы ысымдар келип кошулду. Салт боюнча алардын көбү акындар. Алар азыр жабыла ат салышып жатышат. Кимдир-бирөөнүн карааны алыстан, кимдир-бирөөнүкү жакындан байкалат. Бир сөз менен айтканда, үмүттүн жарышы жүрүп жатат. Ошондой болсо да акындык даярдыгы же азыркы маданий деңгээли жактан бизди айрыкча үмүт эттиргендер бирин-серин гана. Көпчүлүгү өздөрүнөн мурдагы муундардын издерин кайталап, алар эчак өздөштүрүп койгон эски аянттарда иштешүүдө. А турмуш болсо күн сайын өзгөрүп, бизди улам бир жаңы конушка көчүрүп жаткандай. Ошондо аргасыздан ойлойсуң: “Бул, биздин жаш поэзияда мезгилди сезүү кайда? Кыргыз адабияты жаңыдан жаралып жаткан кезде деле алгач баштаган жаш акындар ошол учурдун өмүр-баянын, бөтөнчөлүгүн өз чыгармаларында аздыр-көптүр чагылдырып кетишпеди беле? Андан берки мезгил да бизге бекер иштеген жок чыгар?”

Биз бул чакан макалада аты-жөнү азырынча анчалык дале белгилүү боло элек, буга чейин бар болгону үч-төрт жыйнагы гана жарык көргөн акын кызыбыз Шербет Келдибекованын ырлары, анын поэтикалык ички сезим-туюму жана алган принциби тууралуу азыноолак сөз кылмакчыбыз. Бир сөз менен айтсак, биз андан: мазмун менен кооздукту өзүнө чогуу камтып турчу ЧЫНДЫК аттуу сейрек табылчу материалдан өзүнө керектүү гана ойду кылдаттык менен бөлүп алып, аны ырларына кынай билгендикти байкадык.

Муну адамдын талылуу жерине татаал операцияларды жасай билген хирургиялык чеберчиликке салыштырса да болчудай. Мисал үчүн акындын “Сокур кыякчы” деген бир ырын толук окуп көрөлү:

“Жылдар бөлдү, жылдар бөлдү араны”,
Деп ырдады, мен кылчайып карадым.
“Күйүт тарткам, күндө самап эстегем”
Деп ырдады, турдум тыңшап көпкө мен.
“Сагынгамын, саргайгамын, самагам”
Деп ырдады, тийди эски жарага.
“Жылдар өттү, жылдар өттү, өчпөдүм”
Деп ырдады, жыл өткөнүн сезбедим.
Ырдап жатты, ырдып жатты ал дале:
“О жарыгым, кайра жанбас жан белең?”
Кеттим узап, кеттим элсиз көчөгө.
“Кездешкен күн – эң керемет кез эле”.
Деп ырдады, ырдап жатты ал дале:
“Карлыгачым, кайрылбачу жан белең?”

Мында кыякчынын ич муңу менен акындын ич муңу бирге үндөшүп, бирин-бири толуктап калган, аны ажыратуу эч мүмкүн эмес. Анүстүнө кандай назик лиризм, түп-түз эле жүрөккө урат да, жүрөк сагынчын кусалыкка чейин ырбатып барат. Окуучу мындан кайдыгер кала албайт, ал аны өзүмдүкү деп эле билет. Акын менен кыякчынын диалогу катары ырдын формасы да кызык табылган. Акындык мындай ички толгонууну минтип башкаларга жеткире билүү да анчалык эле оңой-олтоң иш эмес. Моюнга алышыбыз керек, биз акындар ушул жактан көбүрөк мүчүп келебиз. Көрсө, ички чыңалууну ычкынып күч жумшабай туруп эле, ооз учунан да сездирсе болот экен:

Ошондо бир көөнүң чөгүп узадың,
Көкүрөккө түйүп муздак ызаны.
Калды узатып эбегейсиз түн жана
Эбегейсиз түндөн да чоң кусалык.

Түн менен боолукталып коюлган бир учур. Дагы да табият аркылуу. Кеп, көзүн таба билүүдө. Кабыл алууга анча ыңгайлуу эмес, жаратылышы татаал, түшүнүү үчүн эмоциялык чыгашаны көбүрөк талап кылчу ырлар да кыргыз поэзиясында аз эмес. А бул өзүнчө. Бул жумшак, сезимди өзү таап, элп эткен жел сыяктуу термеп кетет.

Байкашыбызда Шербет Келдибекова сөздү иштетүүнү жакшы билет. Аларды зордоп, үйрү-тобу менен айдап, саптарга шыкай бербейт. Ар бир сөзгө тирүүдөй мамиле: күч кубатына, салмагына жараша. Менимче, бул соолбос булактын башында баарыдан мурда табийгый талант, шык, анан тагдыр жана маданий тарбия турары талашсыз. Сөздү эч ким күтпөгөн жактан алып, ага ичинен жарык берүү акындык кудуретке таандык эмеспи.

Кайтты күндөр, каш карайды, кечтеди,
Бүтпөй койгон ыр көйгөйүн эскерип.
Кайрылгамын кадырлаштай өзүңө,
Санаа толкуп, сабыркаган кезде бир.
Күүгө салып, күүгүм-жарык дилимди,
Өткөргөн соң жарыктан көп күнүмдү,
Өмүр наркы билингендей өр таяп,
Сенин да өтө кымбаттыгың билинди.

Ушул жерде, ары түпкүрдө айтылбаган дагы канча ой жана ички сыр калды. Алар да ыймандай таза экени сезилип тургансыйт. Чыныгы поэзия ошонусу менен көрктүү да жана баалуу да. Үстүндөгү каймагы шашып-ушуп баратып, бир шыпырып желген менен бүткөн ырлар адамды ойго салалбайт. Бир окуган соң ага экинчи кайрылгың да келбейт.

Демейде биз, жаратылып алып, дүйнөгө анча-мынча каныга баштагандан кийин гана ыр айлына кайрылат көрүнөбүз. А мүмкүн, кайсы бир кадиксиз акындар (мисалы Пушкин же Тагор, же болбосо Уитмен) төрөлүүдөн мурда эле өз поэзиясында жашап калышкан болуп жүрбөсүн? Дүйнөдө баары мүмкүн экен. Бир убакта Герцен: “Гётени жаратуу үчүн немецтердин кеминде жыйырма мууну иштеген болуу керек” деп айткан экен. Балким ушундай чыгар? Анткени мейли, улуулук же мейли, жөнөкөйлүк болсо да, баары бир алар табияттын гана перзенти, мезгилге жараша келет, кайра кетет. Адамзаттын түбөлүктүү гүлазыгы бир гана нан эмес, акыл-эс жана ой-сезим гүл ачып турсун үчүн ага поэзия да керек.

Түгөнөбүз, толобуз, кетет-келет,
Түпсүз дүйнө бир сунган өмүр белек.
А ким бирөө дүйнөгө түркүк өңдүү,
Тирүүлүктүн гимнин ал ырдаш керек, - дейт Шербет.

Акындын каламы дайым эле оор-салмактуу эмес. Ал кээде шок да, кээде кекчил. Кээде айланага кулак түрүп, бир орунда туруп да калган өңдөнөт. Эгер антпесе, анда өзүн курчаган дүйнөнүн миң кырдуу сырларын, анын ажайып музыкасын кулактын кырынан кетирген болор эле. Эгер антпесе жашоого кумары да канбас эле. Анткени, Шербеттин ырлары анын турмуштук жан шериги, кыйбас сырдашы, керек болгон учурда дарыгери да:

О жан курбум, кошто мени, ырдайлы,
Бир жоголгон, бир табылган жылдарды!

Ар бир ырдын жазылуу максаты, көздөгөн бийиктиги болгону оң. Айтайын дегенин толук айта албай, акын өзү түшүнбөй, тизгинин тартып койгон ырлар гана окуучуга жетпейт, мойнуна каргы тагылып, ууга агытылган тайган сыяктуу өксүк келет. Эркиндик, стихия – поэзиянын жаны.

Шербет жаңы форманы, ырдын архитектурасын өзгөртүүнү атайын максат кылбайт экен, алар алынган тема жана мазмунга жараша өзүнөн-өзү келет окшойт. Бирок сөздөрдүн өзүнөн чыгып жаткан үндөр менен ыргактардын ар түрдүүлүгү дале ырды ошол багытка жакындатып коёт.

Жараат күчөп, жанды дагы, дилди да
Ээлеп алган күйүт орду айыкпай,
Чыктык анан калкып турмуш дайрага,
Кабыл болуп сан толкунга, кайыктай.
Удургуйсуң сапырылган ташкындар
Өттү канча, мен толкунду билемин:
Көп-көк туман тараган соң көрүнөт,
Бу жалгандын жалган эмес иреңи.

Бул адам турмушу. Аны ушул сыяктуу дайым тирүү, дайым кыймылда турчу сөздөр менен гана мүнөздөөгө болот болчу. Биринен caлa бири алып, ойлорго алдыртадан от таштап бараткан сөздөр. Же жабык камерадан тартылган сүрөт сыяктуу. Белгилей кетчү дагы бир нерсе: турмуштун катаалдыгы менен татаалдыгын анчалык ырбатпас үчүн уккулуктуу, муңайым бир музыкалык кайрык окшоп гана койду.

Түнөрсө да түс билгизбей иреңиң,
Кайрылар кез алыс эмес, билемин.
Далбас урду шамал гана жол тороп:
“Эзбесеңчи, сен ырчынын жүрөгүн?”

Ниетинин актыгын, тазалыгын далилдеш үчүн акын шамалды өзүнө шериктеш кылып алды эле, ал анын ишеничин актады. Анткени, акын өзү да турмуштун бардык шамалдарына ачык турган каалга сыяктуу. Жашоодогу, табияттагы ар кыл жаңырыктарга, кубулуштарга ал ошентип канат жана сугарылат. Ансыз ага лирикалык мейкиндик ачылбай калар эле.

Шербеттин ырларында кемчиликтер барбы? Бар. Кайсы бир ырларында башталган эмоциялык чыңалуу аягына жетпей жатып эле солгундай баштайт. Мазмундук кайталануулар да жок эмес. Бирок булар акындын негизги чыгармачылыгына өз көлөкөсүн түшүрө албайт.

Сөз кадырын билип, кыргыз ырларынын биротоло көндүм болгон эски мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө Шербет Келдибекованын акындык башталыш аракети бизди кубандырбай койбойт. Үмүттүн поэзиясы гана ошенте алат.

(“Кыргызстан маданияты”, 18-август 1993-жыл)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз