Салижан Жигитов: Поэзиядагы граждандык пафос үчүн!

Ырас, курбум, акын болдуң жашыңдан,
Ырас, курбум, акындыгың ашынган,
Бирок, курбум, ал талантың уялчаак
Ала-
Тоонун аскасына жашынган.
Ба
йрон, Пушкин, Лермонтовдон эмнең кем?
Бирок, курбум, чыгалбадың а
йылдан!
Жоомарт.

Кыргыз поэзиясынын башаты абалкы замандардын түпкүрүнөн башталса да, анын кадыресе жазма салттары бар поэзияга айланганына саналуу гана жылдар болду. Ушундай кыска мезгилдин арасында элибиз кунарсыз жайдак элеттик коомдон азыркы доордун прогрессивдүү тепкичине чапчаң секирип өткөн сыңары поэзиябыз да фольклордун потенциялдуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген жапыс деңгээлинен кадимкидей дүркүрөп өнүккөн жазма адабияттардын деңгээлине көтөрүлдү. Азыр кыргыз поэзиясы көркөм сөздүн азоо стихиясын кылдат багындырып, чеберчиликтин бийик даражасына көкөлөп чыккан устат акындары, эстетикалык сезими назик ар кандай окуучунун моокумун кандырып, толук алымсындыра алчу ажайып поэтикалык чыгармалары, канат күүлөгөн жаш таланттарга нуска болууга татый турган жакшы салттары менен сыймыктана алат.

Социалисттик коомдун көзгө илешпей таскактаган арымы менен үзөнгүлөш жүрүп, элдин героикалык бай турмушунун маанилүү, актуалдуу маселелерине илбериңки жооп берип, доордун духуна, анын улук идеялары менен тенденцияларына айкалыша үн кошуп келгендиги кыргыз поэзиясындагы ошол жакшы салттардын урунттуу жышааны.

Белгилүү акындарыбыздын дээрлик баары айыгышкан күрөштүн, чыгармачылык эмгектин, коомдук окуялардын, элдин мазмундуу турмушунун кайнаган базарына аралашып, өз заманы менен кошо жашап, ата-журтка таасирдүү сөздөрү аркылуу адал кызмат этип, доордун мүнөзүн, духун, багытын аздыр-көптүр айкын чагылта алган бийик граждандык пафостун татынакай поэзиясын жаратышкан.

Муну биз кыргыз совет поээиясынын тарыхына баштан-аяк көз жүгүртүп өткөндө да, же айрым акындарыбыздын чыгармачылык жолуна назар таштап көргөндө да дароо баамдай алабыз.

Жыйырманчы жылдардагы поэзиядан ошол учурдагы коомдук турмуштун элеси (албетте, бүдөмүк болсо да) көрүнбөйбү? Күрдөөлдүү отузунчу жылдар кайсы гана акындын чыгармачылыгында өзүнүн терең изин калтырган жок!

Маселен, аксакалыбыз Аалы Токомбаевдин жыйырманчы жылдардын аяк чениндеги публицистикалык мүнөздөгү жалындуу ырлары («Кошоевге», «Жарамазан» жана башка) биздин адабияттын тарыхында орчундуу орунду ээлеп, азыр да окуучунун делебесин козгоп, толкундатат. Ырас, ал ырлардагы көркөмдүк касиет азыркы деңгээлге салыштырганда төмөн, поэтикалык ыкма да назик, чебер эмес. Андай болгон соң алардын мааниси, кубаты, таасири эмнеде?

Биринчиден, алар чыныгы таптык позициядан туура идеялык багыт, зор эмоциялык күч менен жазылып, ал кездеги окуучунун жүрөгүнө шыдыр жол тапкан жана  өзүнүн тарыхый миссиясын абийир менен аткара алган; экинчиден алардан ал учурдагы таптык күрөштүн саясий турмуштун «абасы», атмосферасы кадимкидей сезилет, доордун духу менен пафосу, совет бийлиги үчүн жанын үрөп күрөшкөн тайманбас жаш адамдын (лирикалык каармандын) кебетеси айкын байкалат. Мындайча айтканда, доордун пафосу менен акындын пафосу коюн-колтук алышып, айкалышып кеткен.

Жусуп Турусбековдун поэзиясын алып көргөндө да ушундай жыйынтыкка келебиз. Анын эмоцияга бай, кирсиз таза, жалындуу, жүрөктөн оргуштап кайнап чыккан «Энем» аттуу поэмасы өз учурунда жаштардын колунан түшпөгөн, ооздон-оозго көчүп жатталган чыгарма болушунун себеби кайда?

Таланттуу акын өз доорунун экономикалык жана саясий турмушундагы орчундуу белгилерди кыраакы баамдап, эски менен жаңынын ортосундагы күрөштүн мазмунун туура кармап, учурдагы актуалдуу маселени көтөрүңкү темперамент менен таасирлүү, ылайыктуу поэтикалык формада айта алган. Жусупка замандаш жаштар поэмадан өз кебетесин, өз образын ачык көргөн, өзүн толкундаткан ойлорду, идеяларды тапкан; акындын курч сөздөрү жаңы турмушту куруп, эскилик менен күрөшүүдө аларга колунан келген жардамын көрсөтүп, шык берген. Турусбековдун азыркы жаш акындар жерип жүргөн «күндөлүк темага» арналып жазылган «Терим күүсү», «Тилек», «Ук, жер жүзү!» деген ырлары бат эле өз маанисин жоготуп, унутулуп калдыбы? Тескерисинче, алар азыр деле кадимкидей дилгирлик менен окулуп, элдин сүйгүнчүк ырлары болуп келатат.

Доордун духу, анын идеялары жана тенденциялары Бөкөнбаевдин, Элебаевдин, Үмөталиевдин, Маликовдун жана башка көрүнүктүү акындардын чыгармаларында да айкын көрүнөт. Демек, кыргыз совет поэзиясында (айрым акындардардын чыгармачылык жолундагыдай эле) коомдук тематика, актуалдуулук, граждандык пафос башкы момент, көсөмдүк кылган линия болуп келген. Ырас, акындардын баары түбөлүктүү темага үзгүлтүксүз кайрыла жүрүшкөн. Биерде биз граждандык лириканын (пафостун) зоболосун көтөрүп, поэзиянын башка жанрларын төмөнсүнтүп, көзгө илбей жатканыбыз жок. Поэзиянын бай, аркыл, албан түстүү болушу зарыл шарт. Алды кызык, арты армандуу өмүр, назик махаббат, өлүм, төрөлүш, дүйнө менен турмуштун көрүнүштөрү жана кубулуштары, адамдын башына түшчү машакаттуу кайгы-кубаныч, табияттын кооз сүрөтү илгертеден бери эле ырдалып келген, ырдала да бермек.

Бирок граждандык пафос поэзияда дайыма жетекчи линия болорун дагы бир мертебе эскеребиз.

Кыргыз совет поэзиясынын ушул өрнөктүү салтын азыркы жаш акындар канчалык даражада улантып, өнүктүрүп, байытып жатат, эми ушуга токтололу.

Мисал катары жаңыдан элге таанылып, жакында «Жел кеме» деген кооз поэтикалык наам менен туңгуч жыйнагын чыгарган С. Урманбетовду алалык, анткени ал — жаш акындардын шыктуусу, анын ырлары аздыр-көптүр сын көтөрө алат; экинчи тараптан, анын мүчүлүшү, кемчилиги, ийгилиги жаштардын көбүнө ортоктош.

Совет Урманбетовдо акындык шык сөзсүз бар. Буга кошумча: ал дайыма берилип, кумарланып, күйүп-жанып, чын пейлинен жазат, чыгармачылыктын элдешпес кас душманы — дүйнөгө, өмүргө, адамга, жакшы-жаманга кайдыгер караган кошкөңүлдүк ага жат. Бул— шилтей коймо өнөрү бар кишилерге абдан керектүү дурус касиет. Мындан ушул касиет болсо эле акындын айы оңунан тууйт турбайбы деген чолок бүтүм чыкпайт. Художниктин ички дүйнөсү бай, таза, бийик мазмундуу келсе, ал өзү доордун зымыраган чабыты менен тең барабар канат кага алса, ошондо гана чын пейилден берилип жана күйүп-бышып чыгарма жазуу ойдогудай натыйжага алып келиши мүмкүн.

«Жел кеменин» авторунун чын жүрөктөн чыккан астейдил ыкыласы бир кыйла себептердин айынан кургак, опаасыз ыкылас бойдон калган. Ал дидактикалык жана философиялык мүнөздөгү поэзияга өтө ынтызар белем, жыйнактагы ырлардын бир даары дээрлик ошол багытта экен.

Жаш акын адамдын дүйнөдөгү орду, милдети, адамкерчиликтүү мамиле, турмуштун татаал маселелери жөнүндө ынтаа менен ой жүгүртөт, алардан кадыресе философиялык тыянак чыгарып, замандаштарына акыл-насаат айткысы келет. Муну ырлардын атынан эле байкаса болот: «Адамдын сөзү», «Адамдык», «Адам жана таш», «Адам менен арча», «Жакшылык», «Теңдештик», «Түшүнгүн», «Турмуш», «Кээде турмуш», «Замана», «Дүйнө» жана башкалар.

Автордун пейли таза, нээти калыс, бирок жогорку ырлар ташка тамга баскандай эсте калбайт, сезимге таасир этип, жүрөктү козгобойт, тек гана демейде айтыла берип ашмалтай болгон анчейин насаат өңдүү баамдын сыртынан кетет.

Мисалга «Жакшылык» деген ырды толук алалык, анткени калгандарынын көбү ушуга окшош.

Өкүнбөгөм өткөнгө,
Кейибегем кеткенге,
Кейимек турсун ыйладым
Сезимиме жеткенде.

Күлпөтүңө мас кылып,
Алдаптырсың жашчылык.
Адамдык белги турбайбы,
Жамандыкка — жакшылык.

Майрамыңа мас кылып,
Азгырыпсың жашчылык.
Адамдык жосум экен го
Жакшылыкка — жакшылык.

Тойлоруңа мас кылып,
Азгырыпсың жашчылык.
Адамдык сапат турбайбы
Ата-журтка — жакшылык.

Урманбетов жакшы эле олут менеп ой жоруп келип, маанилүү бир философиялык же дидактикалык тыянак чыгарууга аракеттенет, бирок бийик даражага көтөрүлө албай төмөндөп, майдалап, карандай акыл менен чамынып, кесепеттүү прозаизм менен берекеси жок кургак насаатка жеңдирип жиберет. Тереңден кайнап чыккан сезим катышпастан, ичин карандай гана акыл аралап кеткендей поэзиядан кут учуп, көрк качат. Ушул ырда (жеке гана анда эмес) ритм, уйкаш, куплет өңдүү элементтер болсо да, чыныгы поэзиянын касиети жокко эсе, анткени андагы айтайын деген идея (ой) анык поэтикалык идея боло албай, кургак, жылаңач бойдон ара жолдо калган. Ырас, ал ыр көңдөй эмес, жамандыр-жакшыдыр белгилүү бир идеяга ээ. Кептин баары ошол идеянын поэтикалык призма аркылуу чагылбастан, тике гана уйкаш, ритманын аркасы менен ырга айланганында турат.

Сөз козголуп калган соң биерде поэтикалык ой деген түшүнүккө бир саам токтолуп кетсек кантет? Арийне, философ жана илимпоз силлогизмдер, категориялар менен, ал эми художник элестер, образдар менен ой жүгүртөт. Логикалык ой абстрактуу, поэтикалык ой конкреттүү болот деп адабият илиминин алгачкы барагында жазылган. Бул талашсыз тезиске эч ким кылапат айтпас. Бирок практикада айрым чаташкан көрүнүштөр кезигет. Чоң акындарыбыз жаштарга таалим бергенде жогорку айырманы эске албай жөн гана: «ырды ой түзөт, сенде ой жок» деген өңдүү сөздөрдү көп кайталайт. Жаш акындар менен маектеше калганда да «эми түшүндүм, ырга биринчи иретте ой керек экен» дегендей сөздөрдү угасың. Ал эми ыр үчүн жөн эле башка түшкөн шумдуктуу ой эмес, элден мурун поэтикалык ой керектигин таназар алышпайт. Ушунун натыйжасында колуна жаңы калем кармагандардын көбү Урманбетов өңдөнүп поэтикалык касиеттин дегеле дареги жок жыңалач ойлорду уйкаштырып ырга айланта беришет. Ушундан улам биздин поэзияда алтын менен жездин айырмасы айрылбай баратат...

Акындыкка дилгир жаштардын бир даарында дагы бир кейиштүү көрүнүш бар: алар поэзиядагы конкреттүүлүк дегенди көп учурда сюжеттүүлүккө алмаштырып ийишет. Муну альманахтардан, айрым жыйнактардан оп оңой байкоого мүмкүн. Жөн эле айтып койчу кичинекей ойду чубалжыган жадатма сюжет аркылуу беришет, а түгүл кичинекей ырга өң-түсү, мүнөзү, кебетеси жок, ысымдары гана бар бир нече каарманды катыштырып, аларды дагы өз ара сүйлөштүрүп койгонун кантесиң...

Бул — таптакыр тайкы түшүнүк. Конкреттүүлүк ырда сюжет барбы же жокпу, ага карабайт. Сюжетсиз эле Жусуптун «Ук, жер жүзү», Жоомарттын «Кош, Ала-Тоо, уулуң кетти майданга» деген ырларын ким конкреттүү эмес деп тана алат, кана?

Биз да таза теорияга кирип, курулай акылмансынып кеттик белем, андан көрө сөздүн ток этер жерине кайталык.

Ошентип, Урманбетов жогоруда биз санап өткөн ырларында айтайын деген идеяларын конкреттүү поэтикалык ойдун деңгээлине жеткире албай акылга жукпаган, жүрөккө жетпеген насааттардын туткунунда калган. Ырас, бир гана ырында («Адам жана таш») поэтикалык ой куду терең дарыянын түбүндөгү акак таштар сыяктуу алыстан элес-булас жылтырап көрүнөт, бирок ал да алаканга салгандай ачык айтылган эмес, окуучу божомолдоп гана сезиши мүмкүн.

Жогоруда биз кудуретибиздин жетишинче талдамыш болгон ырлар ушунун биринчи тобуна, таасындап айтканда, жалаң акыл менен жазылганына кошулат. Алардын сөздөрү деле жымсал, идеялары адам жана адамгерчилик жөнүндө, уйкаштары деле эп желишип турат — сыртынан караганда кылчалык кынтыгы жоктой сыр билдирбей тымпыйышат.

Жандуу адам үчүн же жек көрүү, же сүйүү сезими менен жүргөн алдаганча пайдалуу, ал эми кошкөңүлдүк абал ар кандай кишинин дымагын кайтарат, жашоо кумарын суутуп, турмушка кайдыгер каратат. Анын сыңары жаман ыр окуучунун көңүлүн дароо иренжитип, бат эле наалат айттырат, жакшы ыр маңдай жарып сүйүндүрөт, ал эми жүрөктү жылытпаган ортосаар супсак ыр ыргылжың гана калтырып тим болот. Жаман ырларга каршы тайманбай ачык атака жасоо оңой, а тигиндей же быякта, же аякта жок арабөк ырлар сындоого абдан опурталдуу. Жаман деп ашатып сөгөйүн десең кандайдыр бир азиз идеяларды калканч кылып алган. Жакшы ырлардын үйүрүнө кошоюн десең сезимге жукпайт. Бирок алар поэзиянын сапатын халтурадан беш бетер пастатат, көркөм сөздүн таасирине катуу зыян келтирет. Мына, Урманбетов өзүнүп натурасына жат чала моңол философтуктун туткунунан бошонуп, акыл айтып какшанганын таштап, жалган пафоско берилбей, тек гана акындык стихиясын өз эркине бош коё берип, «дилинен чыккан үн» менен ырдай баштады.

Мисалга «Энем» деген ырды алалык:

Ысык-Көл ыманымдай ысык белем,
Бир паста миң кубулган кызык белем.
Болбосо, неге мынча кумар болуп,
Ай өтпөй ашыгымдай шашып келем?

Аным чын ашыгымдай шашып келем,
Вагондор батыралбас сагынч менен.
Сен менен өткөн күндөр кандай таттуу,
Кайрадан чуркасамчы кедең-кедең.

Төрөлүп төр жагына алкоо менен
Көлүмдүн күлпөтүнө канган элем.
Токунбай толкунуна минип алып,
Оролуп балырына эркелеген.

Бул ыр башынан аягына чейин ушундай темпте, ушундай темпераментте, ушундай духта жазылган!

Анын чапкан аттай элпек таскагы, табийгый поэтикалык ыргагы чү деген жерден эле куду көңүлдү ийиткен өлөң сыяктуу кулакка шак этип, не бир сонун мукамдуу угулат да, баамды дароо өзүнө бурат. Бара-бара тереңден кайнап чыккан илептүү саптар сезимдин назик кылдарын черткилеп, толкундата баштайт. Авторду бийлеген эмоция байкоостон тымызын окуучуга өтүп, таасирлендирип кирет; айрыкча «сен менен өткөн күндөр кандай таттуу, кайрадан чуркасамчы кедең-кедең» деген жерге жеткенде делебе козголуп, ырастан эле акынга кошулуп кыйкырып ийгиң келет...

Бул — адамдын акылы араң жете турган татаал ою деле жок, укмуштай табылган жалтыр-жылтыр көркөм сөз каражаттарына деле койну толо бай эмес, жөп-жөнөкөй гана ыр... Бирок ал жөнөкөй ыр мазмуну жагынан да, көркөмдүгү жагынан да, эмоциялуулугу жагынан да алиги «акылга тунуп турган» ырлардан күнчүлүк өйдө. Ушул ырдан гана жаш автордун эчкимге окшошпогон, өзүнө гана таандык, темпераменттүү, назик лирикалуу акындык үнү бар экени таасын байкалат.

Берекеси төгүлгөн кооз жерибиздин, анын зыйнаты болгон көгүлтүр көлүбүздүн урматына айтылган гимн сыяктуу ал ыр көңүлдү шооладай жарык, жайдары, шатман сезимге магдыратып, боордош ата журтубузга арналган перзенттик мээрибизди тазартат, экилентет, жадыратып жиберет.

Деги туулган жер менен бир боор эл жөнүнөн күү козгогондо Урманбетов бөтөнчө элирип, эргип кетет: ажайып татынакай жерибиздин көркүнө сонуркагандан танбай үстү-үстүнө суктанып, мактоого сөз табалбай калдастап калат; жүрөктөш калкын, анын адамгерчиликтүү расмилерин, толкундуу күүлөрүн, ак калпагын, комузун, кыл кыягын — айтор кыргызга эмне тиешелүү болсо, ошонун баарын чын ыкластан сүйүп, кадырлап ырга кошот. Ошондуктан ушул темадагы ырлардын бир даары («Энеме», «Айылым», «Сага бергем», «Музыка» ж. б.) бир далай таасирлүү, күчтүү чыккан. Бирок элди-жерди сүйүүнүн да, ага үйрүлө түшүп жалбаруунун да, анын аржак-бержагын көтөрө чалып мактоонун да, таазим кылып жүгүнүүнүн да чеги, ылайыгы, даражасы бар го деп ойлойбуз. Патриотизм, элди сүйүү акылга сыярлык, адептүү, нары да алдыңкы көз караштын негизинде болсо гана көркүнө чыгат, антпесе тек гана бейчеки патриотизмге, сокур сүйүүгө айланып кетери бышык. Урманбетовдун урматтоосунда, патриоттук сезиминде жалган пафос, жасалма кулдук уруу көрүнүштөрү учурайт.

«Жел кемедеги» ырлардын жарымынан көбү махаббат лирикасы. Бул анча таңгаларлык окуя эмес, анткени автор али жаш, сүйүү курагында. Ал эми кимди гана жаштыктын зээри учурбаган, кимдер гана «сүйүү чиркин гүлүнөн жыттабаган!» Адамдагы ушул азиз, бийик, татынакай сезимди Саадиден баштап Урманбетовго чейинки акындардын ырдабаганы барбы?! Махаббат — акындар үчүн өлбөс тема, түгөнбөгөн кенч.

Совет адабиятында поэзиянын бул керектүү жанры пастап кеткен жылдар да болгон. Ал «конфликтсиздик» теориясынын мыяттары тарабынан куугунтук жеп, газета-журналдардын бетинен алгылыктуу сыйынт таба алган эмес. Ошол себептен окуучулар чыныгы ашыктык лирикасынан жутап, чаңкап калышкан эле. «Конфликтсиздик» теориясы ашкереленип, поэзиядагы мындай бир беткей абал адилеттүү сынга алынган соң бардык акындар, айрыкча жаштар түп көтөрө ошол жакка тап койду. Натыйжада поэзиябыздын бөксө жери толуп, а түгүл ашып-ташып да кетти. Жаштардын кайсы гана жыйнагын окуп көрбө, теңинен көбү махаббат азаптарына жык толгон. Айрым жолдоштор (бөтөнчө, Медетбек Сейталиев) ашыктыкты адамдын башына түшкөн жоболоңдуу кырсык, айыкпас сүзөктүү дарт же оор бактысыздык катары ырдашат, жер үстүн муңга бастырып, дүйнөнү караңгылатып жиберишет.

Урманбетовдун башкалардан айырмалуу жакшы касиети — ал ашыктык маселесине шайыр оптимисттик көз карашта мамиле кылат, аны эр азаматтын (же дилбар кыздын) ыкыбалына сейрек туш келчү бакыт, терең адамдык мээрим, өмүргө ынтызар кылып шыктанткан зор күч катары санайт. Жаш автордун ашыктыкка болгон көз карашында чыныгы сезимдин каррикатурасы — сентименталдуулуктун жышааны билинбейт. Ырас, Урманбетов да башкалар өңдөнүп ичи бышып зарланат, санаа тартып үшкүрүнөт, жете албай умсунуп калганына муңканат. Күйүтү жок сүйүү болбосу бештен белгилүү эмеспи! Бирок анын муңунда, зарында, күйүтүндө жашоо ышкысын өчүргөн көңүл чөгөттүк, жасалма пафос жок, тескерисинче, жайдары мүнөз, ишенимдүү үмүт, пайдалуу кекенич кызыл сызык менен өтөт.

Алма, жүзүм, акация кыркалап,
Жыпар төгүп гүлү гүлгө ыкталат.
Миң бир түрлүү ушунча жыт ичинен
Жалгыз гана сенин жытың жыттанат, — дейт автор бир ырында.

Бул саптарда жаңыдан ыкылас оту тутанып, махаббатка мас болуп жүргөн бозойлордун наристе сезими, кирсиз таза нээти, тереңден чыккан ишеними таамай берилген. «Биринчи ирет», «Кимде айып?» «Айтпасам да байкаарсың», «Таң атса экен», «Көл менен көңүл алыштым», «Жалгыз гана», «Кеским келбейт» деген ырларда сүйүүнүн азаптары, ачуу-таттуу учурлары, кубанычтары зор поэтикалык күч менен айтылып, окуучулардын жүрөгүнөн жаңырык табышы мүмкүн. Калгандарынын мүнөзү өтө субъективдүү, майда-чүйдө сырдаштык багытта. Акындын коюн дептеринде же арналган адамдын альбомунда калчу, автордун өзүнөн башка кишиге мааниси бүдөмүк, кенедей кызыкчылыгы жок «камералык» ырларды окуучуларга сунуш кыла берген. Китептеги «Караба», «Санаба», «Элкинге», «Салкынга», «Айыпбүбүгө», «Башка экен» дегендей ырлар субъективдүү, примитивдүү чыгармалардын үйүрүнө кошулат. Ырас, лирикада көбүнчө субъективдүү мүнөз (көз караш) үстөмдүк кылат. Чындыгына келгенде «лирикалык каарман» акындын өзү болуп саналат. Ал өзүн толкундаткан ар кыл эмоцияларга, саясий жана коомдук окуяларга, турмуш кубулуштарына, албетте, сүйүү маселесине да биринчи иретте субъективдүү түрдө мамиле кылып, ал мамилесин поэзиянын тили менен айтат. Бирок акын да коомдун бир мүчөсү, ал деле жер үстүндө тирилик өткөрүп жүргөн адам, анын да белгилүү идеалы жана дүйнөгө көз карашы бар, ал деле ар түрдүү себептерге жараша кайгырат, зарланат, ыйлайт, каарданат, ичи элжирейт, жек көрөт, сүйөт, шаттанат, каткырып күлөт. Ушул касиеттердин баары белгилүү даражада коомдун ар бир мүчөсүнө, ар бир окуучуга да таандык. Ушунун натыйжасында ар бир лирикалык ыр субъективдүү мүнөздүн чийининен аттап өтүп, аздыр-көптүр объективдүүлүктүн элементтерине ээ болот.

Акынды бийлеген эмоциялар канчалык терең, күчтүү болсо, анын ички дүйнөсү канчалык мазмундуу болсо, граждандык абийри канчалык таза болсо, дүйнөгө көз карашы доордун алдыңкы идеялары менен канчалык тыгыз айкалышса, акындын идеалы, ою, сезимдери окуучунукуна ошончолук жакын туруп, ошончолук таамай дал келет, б. а., ырдагы объективдүүлүктүн элементтери ошончолук көп болот. Буга тескери болгон учурда субъективизмдин элементтери объективизмдин элементтерин жеңип, акын менен окуучунун арасы барган сайын алыстай берет.

Урманбетовдуп көп ырлары дал ушул субъективизмдин оорусуна чалдыгып, сүйүү сезимин примитивдүү, майда-чүйдө, маанайы пас сезим катары көрсөтөт. «Башка экен» деген ырында лирикалык каарман кызды күтүп, капкасынын алдында акмалап турат. Бир маалда:

Ортосу алыс ойду жоруп жашка тең (?!)
Күлөрүмдө гүлүм чыкты беттеген.
Алдын тосо белги кылып сөйкөсүн
Ай, шашмалык, өөп жиберсем, башка экен!

Бар болгону ушул. Тамашалуубу дейин десең, дегеле күлкү келтирип, жылмайта турган түрү жок, олуттуу ыр дейин десең аздыр-көптүр маанилүү поэтикалык ою жок, көңдөй чалыш ыр. Ушундай неменин китептен орун алганына таң калса болот. Же «Элкинге» деген нукура альбомдук лириканы алалык:

Көңүлдүн сүйгөн эрмеги,
Көп болду катың келбеди.
Жазганың мага чын болсо
Бат эле почто бермеги.

Максаттар кандай сендеги,
Же толкуп беле желдеги (?!)
Күн чыга барам почтого
Түгөмбөй үмүт эртеңи.

Көлдө сүзгөн кеменин
Көрчүмүн издейт тереңин. (?!)
Өзүңдөн кабар болгончо
Өзүмдөй сүйө берейин (?!)

Мында деги не деген идея бар? Куплети куплетине, сабы сабына, сөзү сөзүнө коошпойт, сүйлөмдөрү кыргыз адамына түшүнүксүз. Урманбетов сыяктуу потенциялдуу мүмкүнчүлүктөрү бар, акындык өнөрүнө астейдил караган автор адамдагы эң назик сезим жөнүндө ушундай жансыз, ушундай беймаани ырды жазгандан анча-мынча ыйбаа кылса кантээр эле?

Ошентип, биз «Жел кеме» жыйнагына кыскача токтолуп, анын күчтүү жана чабал жактарын анализдемиш болдук. Мүмкүнчүлүктүн жоктугунан итабар жакшы ырларга, жылт эткен саптарга атайылап көңүл бөлө албадык. Ар тараптан мактаса арзый турган «Буюрбаган насип» поэмасы да ылайыктуу баасын ала албай калды.

Ошону менен бирге идеясы да, көркөмдүүлүгү да төмөн турган чыгармаларга кеңири токтоло албадык, айрым мааниси тайкы, түшүнүгү бүдөмүк куплеттерди, чоң акындардын интонациясы угулган саптарды, улам кайталана берген ойлорду, стилистикалык өксүктөрдү тирмейип издеп, кычаштык кылганыбыз жок. Тек гана жыйнактагы ырларды үч чоң топко бөлүп, алардагы мүнөздүү, урунтуктуу, орчундуу терс жактарды көрсөттүк.

Эми үч топко жалпы, китепке орток кемчиликтерге келелик. Биз жогоруда көрсөтүп өткөндөй, Урманбетов негедир саясий лирикадан, актуалдуу темалардан жаа бою качып, жалаң гана насаат, философия чалыш, сырдаштык лирикасы дегенде жантыгынан жата калат. Китептеги чыгармалардан доордун духу, вкусу, илеби сезилбейт, мезгилдин белгилери ачык көрүнбөйт. Кыязы, жаш автор күндөлүк темага арналган ырлар, саясий лирика заман артка жылып, эскиргенде аны менен кошо эскирип, унутулуп калат, ал эми «түбөлүктүү темаларга» арналып жазылган, дайыма эскирбес көрүнүштөрдү ырдаган лирика качан болсо күчүн коротпойт, анткени адам, анын сезимдери, махаббат, жакшылык-жамандык ж. б. коммунизм толук курулганда деле ошол бойдон калат деген пикирде болсо керек. Эгер мындай пикирдин туткунунда чын эле жүрсө, Урманбетов аябай жаңылышат. Ар кандай китептин, ар кандай чыгарманын, ар кандай акындын салмагы алардагы доордун духун, мүнөзүн, өзгөчөлүгүн чагылтуу даражасы, саясий тенденция, граждандык пафостун курчтугу менен ченелет. Эгер саясий лирика, күндөлүк темадагы чыгармалар ушул касиеттерди жакшы сиңирсе философиялык жана насаат ырларынан алдаганча өмүрлүү болорун дүйнөлүк адабияттын тарыхы айкын далилдейт. Муну макалабыздын «увертюра» өңдүү бөлүгүндө да айтып кеткенбиз.

Демек, «Жел кемеде» граждандык пафос, актуалдуулуктун белгилери аз.

Экинчи бир орчундуу кемчилик — анда турмушка күйүү, жаштыктын дымагы, саясий жалын, жандуу турмуштун, элдик күрөштүн күрдөөлдүү агымы анча байкалбайт. Бул негизги кемчиликтер жалгыз гана Урманбетовго тиешелүү болсо биз анчалык наалыбайт элек, алар жаш акындардын дээрлик баарында бар. Жаштарда мындай кейиштүү көрүнүштөрдүн болушуна кандай себептер себепкер?

Биринчиден, аксакал акындарыбыз өздөрүнүн баштагы жакшы салтын алымсынарлык уланта албай, мурунку темпти басаңдатып жиберишти. Алар доор менен катарлаш кадам шилтей алышпай, өткөн замандарга көбүрөк кылчактап, азыркы күндүн темасына анча маани бербей коюшту. Эгер ушул учурдун маселелерине кайрылышса, илгеркидей тереңге сүңгүп кире албай, үстүртөн кетишет, ушу тапта күчүн жоюп койгон поэтикалык форма аркылуу соктура беришет. Алардын бир даары актуалдуулукту жансыз схематикага, «ач кыйкырык, кур сүрөөнгө», ал эми граждандык лириканы жалаң гана образдуулугу жок, мааниси төмөн, жүүнү бош дата ырларына айлантып ийишти. Булар жаштарга жакшы таалим жана өрнөк көрсөтпөстөн, кайра тескери таасирин тийгизди.

Бирок башкы айып жаштардын өзүндө. Азыр адабият майданына жамырап кошулуп жаткандардын көбүнүн жолу мамындай: мектеп — ВУЗ — борбордогу басма сөз мекемелери, анан биринчи жыйнак. Биздеги мектептер турмушка жөндөмсүз, практиканы билбеген, бар болгону кургак теория менен гана куралданган кыз-уландарды тарбиялап чыгарып келишкен. Ушундай эне сүтү оозунан кете элек жаштар андан ВУЗга келип кабылчу. ВУЗ да мектептерден анча жогору турган эмес.

Биерде жаштардын турмушка жөндөмсүздүгү ого бетер тереңдеп, практикадан ого бетер алыстай берген. Жогорку маалыматы бар, бирок турмуштун элементардык жол-жобосун билбегендер практикада кадимки «китеп курту» гана экенин арийнелеп койчу. Бул өксүктөр эми гана жоюлуп келатат. Азыркы бирин-экин жыйнактарын чыгаргандар дал ушундай абалда калгандар. Анын үстүнө жаш адабиятчылардын бир даары ВУЗду бүтүргөн соң борбордук басма сөз мекемелерине ишке калышып, жандуу коомдун турмушка активдүү аралашпай, турмуштан андан бетер алыстай беришет. Ырас, алар бир айга же бир нече күнгө «чыгармачылык командировкага» чыгышы мүмкүн. Бирок командировкадагы адам элдик турмуштун ички агымын байкабайт.

Белгилүү жазуучуларыбыздын баары негизинен катаал турмуш мектебинен окуп, айыгышкан коомдук күрөштүн арасынан өсүп чыгышкан. Ал эми азыркы жаштардын көбү түз эле мектеп партасынан жогорку окуу жайына өтүп, андан адабият майданына келип киргендер. Аларда турмуштук байкоолордун, материалдардын запасы өтө кедей.

Чыныгы турмуштун кайнаган базарына өзү аралашпай, элдин кайгы-кубанчын бөлүшпөй тек гана сырттан байкоочу болуп турса гениалдуу художник да алгылыктуу эчтеме таба албайт.

Ошентип, турмуштан буту тайып калган жаш акындар андан кийин карандай фантазиясынын шарапаты жана окуган китептердин таасири боюнча жазып калышат. Ушундан улам абдан шыктуу, жөндөмдүү адамдар да кедери кете баштайт. Өзүнүн турмушту начар билгенин сезген жаш адабиятчылар каруу-күчү толуп турганда, тоону омкорор дымагы бар чакта эмне үчүн турмуш кайнаган жактарга барып, турмуш мектебинен окуп келбегенине таң калса болот.

Кээ бирөөлөр: «Эл арасына кетсең чөгүп кетишиң да бар, анын үстүнө жазгандарыңды редакциялар көзүң турмайынча чыгарышпайт» дегендей шылтоо айтышат. Бул — таптакыр тайкы пикир. Өз идеалына ишенген, элди сүйгөн, художниктин жүрөгү бар, максаты чоң адам айыл эмес, Муса Жалилге окшотуп түрмөгө отургузуп койгондо да кайратынан жазбайт, өз позициясынан кайтпайт. Мындай касиети жоктор редакциянын ичинде жүрүп, жалаң назик эстет адамдардын чөйрөсүндө алдейленсе да, жарытылуу эчтеме кыла албайт. Ал эми басмага бастыруу жөнүндө кам санабаса да болот, анткени жакшы чыгарма үчүн жарык көрүү проблема эмес.

1958.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз