Авазбек Жусупбеков: Акылың барда алкымыңды жап!

  • 23.04.2021
  • 3289

АҢГЕМЕ

“Саламатсыңбы, досум Кычкачбай!?

Бул жерде телефон менен сүйлөшүүгө уруксат бербейт. Ошол себептен, почточу сага ушул катты алып келсе, таң калба...

Эми убакыт кенен, ошондуктан, биринчиден, бекер отурбай ушул катты жаздым, экинчиден, сага сабак болсун дедим.

Өзүң билесиң, мурда айылыбызда менден өткөн белдүү адам жок эле. Раматылык, Темирбай эле теңтайлашчу, башкалары чендеп да койчу эмес. Бирок элүүгө чыкпай, темирдей бекем Текең да жарабай үч стакандан кийин тили булдуруктап, эч ким түшүнбөгөн Сомали тилинде өзүнчө сүйлөнүп калбадыбы. Ошентип ал эрте эле “пенсияга” чыгып кеткен. Анан уяттуу конок күткөндөр мага эле келишчү жүгүнүп: “Кел, Асаке, отуруп берсең, суранабыз, өзүңдөн өткөн белдүүнү кайдан табабыз?” деп эшик алдында чөгөлөшүп... Ансайын менин да ичим жылып, кымылдап турсам да сыр билдирбей каадаланып:

— Ай, ушу силердики өттү, жумуш кычап турган убакта, - деп каракүчкө сүйлөнөр элем.

Кудайдын берген бир күнү, кудай деп койом уялбай, кара баскан бир күнү, башым катуу ооруп үйдөн кантип чыгып кетеримди билбей турсам, таң атпай шайтан айдап Жалкыбай жетип келсе болобу.

— Келиндүү болгом, уккандырсың. Жанагы жаман иниң, бачагар, коё тур десем болбой алакачып келиптир. Тим эле Айчүрөктү бөктөрүп келгенсип дырдыят. “Ата, аял алып келдим” деп чыйт түкүрүнөт. Аялың менен аңга түнөгүр! Же үй-жайдын шарты болсочу?! “Катын алсаң, отун ал!” дегендей же, үйгө алып келген бир тыйыны болсочу, жүрөт дардаңдап бекерпоз болуп. Айла жок, эми келген келинди кет демек белек, отургузуп койдук. Кыздын деле кете турган түрү жок. Кайра: “Таш түшкөн жеринде оор” деп какылдап, өзү эле жоолук салынып, жеңелерге кошулуп көшөгө тартышып, маңкайып барып отуруп алды. Кет деп айтсаң мушташчудай түрү бар. Мейли, отурса отурсун, буйрук экен... Андан көрө жаңы кудам кызынын артынан беш-алты машине болуп кууп келип калбасын. Ага да арак алып, кой союп, кийит кийгизип чыгым болуп жүрөмбү? Келелекте озунуп барып ачуусун баса калалык деп шашылыш жөнөгөнү жатабыз. Анан, албетте, өзүңсүз бармак белек? Кудалар менен аркы-беркини сүйлөшүп отурганга да салабаттуу адам керек да. Ал эми алигиден алган жагынан өзүңдөн башка белдүү адам барбы, бу чөлкөмдө? – деп Жалкыбай үйгө кирбей босогодо жалдырап турбайбы. Анүстүнө, жерге-сууга тийгизбей мактабатса анан кантип аткез кылайын.

А бирок атырылып чыккан алтыным Алмашка карадым.

— Бу, ары жокту ар кимиң ары-бери сүйрөп жүрүп алкаш кылмай болдуңар! Же бу тегеректе мындан башка ичкич табылбай калганбы? Айылдын баары алкаш эмеспи, алып кете бер чекесинен бирөөсүн. Талаадагы картөшкөбүз да казылбай жатат... Анысы эми кардын астында калабы? — деп аялым аңкылдады, биздин эле картөшкө казылбай жаткансып.

— Ооба, айланайын Алмаш, чын эле айылдын баары алкаш, бирок, Асакеңден башкасы. Асакең алты бөтөлкө ичсе да тилин чайнабай, чайпалбай барып Чабдар атына минип, чапкылабай, кыйшаңдабай түптүз бастырып кетет. Ошондой сапаты үчүн жүрү деп жатпайымбы, Асакеңди! Ал эми картөшкөңдү кудага барып келгенден кийин өзүм баш болуп бала-чакам менен казып берем, атүгүл, үйүңө жеткизип, жертөлөңө төгүп берейин... Балдарыңдын багын көргүр, Айнаш, алтыным, Асакеңе бер эми уруксат, — деп Жакең акидей асылып атып аялымды да жибитип алды.

...Ошентип кудага жөнөп калдык. Бир чакан “маршуртка” толдук. Жолдо баратып аксакалыбыз Аалыбай баарыбызга кайрылып:

— Келгиле, сүйлөшүп алалык. Куданыкына барганда Асанбайдан башкаңар ичпейсиңер, — деди мени көрсөтүп. — Мына, азыр бир бөтөлкө аракты сен — Араңбай жана сен — Кежеңбай ичесиңер да, кудага барганда тымпыйып созулуп отуруп бересиңер. Калганыңар да ичимиш болуп былкылдабай отурасыңар, — деп бөтөлкөсүн берип жатып.

— Мен макулмун, барганда мен да, Кежеңбай да ичпейт. Сүйлөштүк! — деди Араңбай арактан көзүн албай.

Ошентип ал бөтөштүн ичиндегиси ошол замат тиешелүү ашказандардан ордун тапты.

Бирок кызыктын баары куданыкына барганда башталды.

Алгач, убадага турган болуп баарыбыз созулуп отуруп бердик. Кудалар менен таанышып, бере турганын берип ырымын бүтүргөн соң, алигиден стакандарга куюлду. Анан эле “ал-алыңыз!” башталганда кашайып Кежеңбай убадасын “унутуп” так көтөрүп алып жибербеспи. Аны көргөн Араңбай:

— Ээ, Аалыбай аке, эмне үчүн Кежеңбай ичти? Ал убаданы бузду, мен да ичем! — деп кыйкырбадыбы.

Отургандардын баары, үй ээлери баш болуп жапырт кыраан-каткы күлүп жиберишти.

— Кой, эми, кудалар, ачыкка чыгып алдык, алыңарча алып отургула аз-аздан, — дешип тоскон тарап баарыбызга жапырт куйду.

Биздикилерге эмне, ошол эле керек болчу да, алгач аз-аздан ичтик, анан тигилер адатынча кыйнамайга өтүштү. Биз алгач маалкатымыш болуп, анан төрт-беш стакандан соң кудаларды убара кылбай өзүбүз эле алып кирдик. Отуруш ортологондо, тескерисинче, биз аларды кыйнай баштадык...

Ошентип бири-бирибизди өлө кыйнай берип түн ортолоп калганда эки тарап тең жапырт кыйрап калышты. Албетте, менден башкасы. Чоң дасторкондун тегерегинде баары жатат кыйшайып, мен болсо төрдө отурам атактуу киноактёр Жеки Чанга окшоп, баарын жыга чаап салгандай. Ичпегендер менен башка тамда отурган Аалыбай аксакал эшикти акырын ачып башбакты.

— Бали, Асаке, бали! Эми мынабу акмактарга окшобой аягына дейре отуруп бер, бизди уят кылбай..

— Эч кам санабаңыз, Асакең эч качан жыгылып көргөн эмес! — деп адатымча мурдумду көтөрүп койдум.

Кудалардын да чамасы түгөндү окшойт, бир топко бизге кирген киши болбоду. Тээ бир оокумда, суйкайган сулууча келген, отуздан ашкан, төшү тирелген келин кирди. Эми мага жаш келиндей эле сезилди... Айтат ко, “бирөөнүкү бирөөгө, кыз көрүнөт көзүнө” деп...

— Оу-уу, куда, баарын жайлап салгансыз го? — деди келин кериле басып келип менин жаныма отурду.

— Жайлаган эч ким жок... Өзүлөрү эле алына жараша ичишпей мертинип алышты окшойт, — дедим мен да төшүмдү керип.

— Ап-бали, куда, эми мени да жайлаңыз... күчүңүз жетсе, — деди келин кытмыр күлүп.

— Бир-эки саатка чыдайсызбы? — дедим сынагансып.

— Сиз мени таарынтпаңыз. Күнү-түнү даярмын. Макул, кел куда мелдешелик! Ким биринчи жыгылса жеңилет, мелдешибиз, бир козудан болсун!

Өзүң бил дегенсип ийинимди куушуруп койдум, кол алыштык.

— Кана эмесе, алгач таанышканыбыз үчүн ичелик. Мен кудаңардын бир тууган бөлөсү болом.

— Анда кудача, сиз “бөлөм үчүн өлөм” деп келген турбайсызбы! — дедим стаканды кагыштырып жатып.

Ошентип мелдеш башталды. Мен өз күчүмө ишенген соң тартынбай иче бердим. Тиги төштүү кудача келин да былкылдабай “аппак” алып отурду.

Экинчисин эки жаштын бактысы үчүн ичтик. Үчүнчүсүн кудалар үчүн ичтик. Төртүнчүсүн бөлөлөр үчүн, бешинчисин беш деген баа алган балдар үчүн, алтынчысын алты сандын амандыгы үчүн, жетинчисин жетимдер үчүн, сегизинчисин семиздер үчүн, тогузунчусунда токсонго чыгып токсон граммдан, онунчусунда жүзгө чыгып жүз граммдан ичелик дедик...

Тээ бир оокумда, он алтынчы стакан болсо керек, көзүм тумандап баратканын сезе баштадым. Акыркы элес-булас эсте калганы ушул: тиги кудача келин экөөбүз кучакташып алып куданын ую, кою, ити, тоогу үчүн ичип, мышыгына жеткенде “мыш” болуп, кашайып, мен кыйшайып кетипмин. Андан ары “свет нема, кино өчтү” дегендей эсимде эч нерсе калбаптыр.

... Кызуу уйкуда жатсам бирөө, аялдын назик үнү мени өтө мээримдүүлүк менен акырын ойготуп жатты. Алмашым айкырып ойготчу эле, бу ким болду экен деп шашпай бир көзүмдү ачсам, маңдайымда бейтааныш бийкеч отурат. Экинчи көздү эптеп ачып карасам, кашайгыр, тиги түнкү кудача экен, оң колунда бөтөлкө, сол колунда бир кесе муздак чалап.

— Коңурукту өлө тартат экенсиз. Эми таң атты куда, көзүңүздү ачыңыз, түндө катуу кетиппиз, дарыланып алалык, — деп кытмыр күлөт. Өңү-башы түнү бою ичкен кишидей эмес.

Уялганымдан эмне айтаарымды билбей, унчукпастан стаканга куюлган аракты тартып жибердим.

— Бүттү ишим!.. Кудача, куйчу, дагы... Мени тирүүлөй өлтүрдүң, бөлөң үчүн өзүң өлбөй эле мени курмандыкка чалдың, эми эч кимге көрсөтпөй тирүүлөй эле көмүп сал!.. Же дагы мелдешелиби?..

— Мейли, мелдешели куда! Мен качпайм... Бирок жыгылган күрөшкө тойбойт дечү беле?.. — деп сулуу келин кыткылыктады.

— Анда айтчы, кудача, кантип мас болгон жоксуң? Өмүрү өлүп көрелек элем, ушу сенден өлө жыгылдым, турбас кылдың... Айтчы, ардагым сырыңды?

— Жок, айтпайм!

— Айтпасаң Айтпайга тий!

— Ха-ха!.. Ансыз деле эримдин аты Айтпай! Ичкенди билиш керек да... Жок, куда айталбайм. Кийин убактысы келгенде, макулбу? Тиги уткан козуну жегени барганда... Таарынбай туруңуз!..

Жаным кашайды! Эркектен жеңилсем да эчтеке эмес эле, уялбай ургаачыга уттурат деген не шумдук? Шерменде болдум!...

...Ошол кудалыкка барып келгенден баштап кайгыга баттым. Күйүтүмө чыдабай күнүгө иче берип аракечке айландым. Жүз грамм ичсем эле эсим эңгиреп, мен да Сомали тилинде сүйлөп калдым. Эки саат өтпөй кайра эле ичким келип турат... Үйдөгүлөргө да шүмшүк көрүнүп бүттүм. Алмашым, балдарым түгүл, ит да улуп-уңшуп, мени көргөндө кепесине кире качат...

Өзүм да арактан иттей тажап бүттүм. Бирок ичмейинче туралбайм. Аялым Алмаш алдап догдурга алып барып, зордоп ушул жайга жаткырып салды... “Наркология диспансери” деп аталат экен. Кыскасын айтканда Кыке, мага окшогон аракечтердин, алкаштардын ооруканасында жатам. Эми билбейм, качан чыгам. Кудай мындай жайга туш кылбасын. Акылың болсо сен арагыңды азыртадан ташта! Мен сага дос катары айтып жатам. Уктуңбу, акылың болсо алкымыңды жап!..

Мейли, досум Кычкачбай, аман бол. Аяшка салам айтып кой, сени катуу көзөмөлгө алсын!

Баса, кийин уктум, тиги төшү тирелген суйкайган сулуу келин, сумураң калгыр, мени эле эмес эчендеген белдүүлөрдүн белин бүктөп, менден өткөн балбандардын баарын жыгып жүргөн неме экен да! Көрсө, амалдуу айым, билесиңби, төшүнө эмнени тагынып алганын?.. Тиги, эмени тагынып алыптыр... жанагы жаңы төрөлгөн, атүгүл 3-4 жашка чейинки балдардын аласына тартканчы?.. Чычып-сийип коюп жүрө беришет ко... Ии, эстедим! Бамперди!.. Же бамперс!.. Ии ошону көйнөк ичине, көкүрөгүнө тагынып алыптыр! Ошондо боркогу памперс экен да!.. Ушундай шумдукту уктуң беле?! Дагы уялбай, “Бах! Чиркин, төшү тим эле камаздын бампериндей экен!” деп суктанганымды айтпайсыңбы! Ошентип, байкабай суктанып отуруп сулап калыптырмын. Ал болсо, албетте, отуз стакан аракты “аппак” алса да “сипсвежий” бойдон отура берет да, аппак алкымдын асты жагына аракты акырын агызып коюп...

Ошондуктан, акырында дагы айтаарым, досум, эсиң барда этегиңди жап, акылың барда алкымыңды жап!.. Тезинен кекиртегиңди тыйбасаң, көп узабай, сен да менин кебетемди кийесиң... Же башкы врачка сүйлөшүп бир койка орунду сактап койоюнбу?..

Кой эми, сөзүмдү аяктайын. Антпесем, азыр толгон-токой дарыларын көтөрүп алып “мээримдүү” мээрман айымдар келет, өкүртүп ийнелерин саят... Ишенсең, эки жамбашым тең калбырга айланды, өлөйүн жаман жадап бүттүм! Ажалым ушулардын колунда окшойт...

И баса, ардагым, өлсөм да “музыка” менен өлөйүн, накта дос элең, келсең эч кимге байкатпай, бир-эки... бөтөш алакелчи, досум!.. Суранам! Иттей сагындым! Түнү бою түшүмө кирип, стол үстүндө турган стаканга – аракка жете албай таң аткыча ыйлап чыгам...

Эми арманымды өзүңдөн башка кимге айтам?

Саламым менен, — сенин Асакең”.

АЯГЫ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз