Авазбек Жусупбеков: Жолдошуң жолдо калгыр...

Эне тилди бурмалабасак

Эрбол деген жигиттин досу бар эле. Аты Жолдош. Экөө абдан ынак болуптур.  Бала кезден бирге өскөн, бирге чоңойгон... Эрезеге жетип Эрбол үйлөнөт. Жаш аялы экөө бактылуу жашап калат... Анан эле кийинки күндөрү досу Жолдош үйүнө тез-тез келип жүргөнүн байкайт. Эрболго мунусу жакпайт, кээде өзүнчө кыжаалат болот. Дагы бир себеп, жаш аялы курбуларына же башкаларга Эрболду тааныштырганда “менин жодошум” деп көбүрөк айтчу болот. Ансайын кулагына жаман угулат. Аягында чоң чатак чыгат, досу менен урушат, аялы менен ажырашат...

Муну менен эмне айткым келет. Азыркы жаш келиндердин баары, атүгүл улуулар, улгайган аялдар да күйөөсүн “жолдошум” деп айтышат. А неге ошентишет? Түшүнбөйм. Же азыркы айымдар акырындап баары коммунист боло баштаганбы? Анткени, мурда, союз убагында коммунисттер бири бирине “жолдош” деп кайрылышар эле. Алсак, Турдакун Усубалиев партиялаштарына “Жолдош, Шеримкулов, жолдош, Жумагулов, жолдош, Айтматов...” деп кайрылчу. Алар да “Жолдош, Турдакун Усубалиевич!..” деп айтышчу. Атүгүл партияга мүчө эместерге да “жолдош” деп айтуу көнүмүш адатка айланган. Армияда кызмат өтөгөндөрдүн баары – катардагы жоокерден баштап генералга чейин чинине карабастан бири-бирине “жолдош” деп кайрылышкан. “Боевой товарищ” дегенди кандай түшүнөбүз? Согуштан тапкан күйөөсүбү? Жок, бул деген аскерде бирге кызмат кылган жолдошу же досу. “Школьный товарищ” эмнени билдирет? Классташ күйөөсүнбү?.. Азыр билбейм, мурда жоро-жолдоштор, жолдош бала, жолдоштук деген болгон. Ал эми дос деген ал өзүнчө ыйык нерсе! Ал деген жолдоштуктан да кыйла жогору!

Союз убагында бир гана кылмышкердин, соттолгондордун “жолдош” деп айтууга укугу болгон эмес. Ошол кездеги бир көркөм фильмде кылмышкер  “Товарищ, следователь!” деп кайрылса, ачуусу келген тергөөчү “Я тебе не товарищ! Тамбовский волк тебе товарищ!” деп кыйкырганы эсимде...

Мен аны “...Жолбун ит жолдош сага!” деп кыргызча ылайыктап койдум.

Мүмкүн, ажырашкандардын көбөйүп жатканы ошол себептен болуп жүрбөсүн? Анткени, жолдоштук бул убактылуу нерсе. “Жолдош айрылат, тууган кайрылат” деген макал бар эмеспи кыргызда. Жолдоштору  жолдо калып жаткандары ошондондур...

Эгер эки жигит үйлөнүп алышкан болсо (эки голубой), бири бирине “менин жолдошум” деп айтса жарашмак (Айла жоктон айтканым да).

Кыскасы, улуу урматтуу  айымдар, уялбай эле “күйөөм” деп эле, же “байым, эрим, өмүрлүк жарым, жубайым...” деген сыяктуу сөздөрдү айта бергилечи! Айтмакчы, “жарым,  жубайым” деген сөз эки тарапка тең тиешелүү. Орустардын “супруга, супруг” дегениндей. “Мага жар керек” деп акын Майраш эжеңер ырдачу эле го...

Маселен, жаш келин же улгайган айым “Элеман менин жубайым болот!” десе кулакка жагымдуу, сонун  эле угулуп атпайбы...

Негизинен, кыргыздын ар бир сөзүн өз орду менен колдонуп турсак, тилибиздин көркөмдүгү бузулбай, кадыр-баркы жогоруламак...

 Бул тууралуу илимпоздор, окумуштуулар, мугалимдер жана жөнөкөй эле адамдар, тилибиз үчүн күйүп-бышкан катардагы жарандар көбүрөк  үн катып, оюн билдирип турушса жакшы болмок...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз